Кыргыз акын-жазуучуларынын көбү маек курганга келгенде өтө чоркок, өтө мажүрөө, өтө маани-маңызсыз аңгеме-дүкөн курганга көнүп алышкан. Өздөрүнүн чыгармачылык өмүр-жолун таржымалдап берүүдө ымандай сырын анардын ширесиндей чачыратып айтып бергендери чанда. Көпчүлүгү өздөрүнүн кургак насааттары менен окурман журтун карк кылып тойгузганга көнүп алышкан. Кээси оозун ачканда эле кудум илгерки компартиянын кызматкери же дүйнөнүн классик жазуучуларынан бетер чычайып, ошолордун «позасына» кирип, элге акыл үйрөтө башташат…

Ал эми биздин бүгүнкү мейманыбыз – Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин андай сөзү кургак акын-жазуучулардан эмес. Өзүнүн жүрүм-туруму, табияты кандай болсо, дүйнөнү кандай кабыл алса – дал ошондой эч жасалмасыз аңгеме куруп берет. Акын-жазуучулардын окурмандарга айтып берер кеби маани-маңыздуу болуш керектигин Кожокебиз туюп турат. Адабияттагы чыгармачылык өнөркана сыры менен бирге өзүнүн да жандүйнөсүн ачып берүү жагынан окурмандарды ыраазы кылар маек болуптур мунусу да.

Тек, калыстык үчүн кыстара кетели — Кожокебиздин бул маегинде талаштуу да бир маселе туру: төмөндө ал «Кээ бир адабиятчылар Салижан Жигитов Назым Хикметти түрк тилинен которгон деп айта калып жүрүшөт. Ал – караманча калп. Салижан аке түрк тилин билген эмес», – деп кесе айткан жери гана бизди анча ынандырып турган жок.

Мынтип С.Жигитовдун кыргыз адабиятына калтырып кеткен зор мээнетин таптакыр жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Макул, бирин-экин адабиятчынын айтканын караманча калп дейли. А бирок Кожокебиз Салижан Жигитовдун өзүн да караманча калпычы кыла алабы?.. Ал киши өмүр бою ыйманын жеп жашагандардан эмес эле, тескерисинче, өмүрү өткөнчө кыргызды чындыктын тили менен сүйлөөгө тарбиялап келген С.Жигитов Н.Хикметтин «Мажүрүм тал» аттуу ырлар топтомун 1969-жылы жарыкка чыгарганы белгилүү. Чыгарганда да түркчөдөн жана азербайжанчадан. Атүгүл башкыр, татар тилдеринен өйдө мыкты билген Сакебиз кийин башкыр акыны Мустай Каримдин ырларын түпнускадан которуп, кыргыз окурмандарына таберикке калтырган эмгектерин кантип караманча калпка чыгара алабыз?!

Бүгүн эми жарык дүйнөдөн көзү өтүп кеткен С.Жигитовду «түрк тилин билген эмес» деш Кожогелди Култегинге абырой алып келбес дейм… Себеби, кыргыз менен түрк элинин ортосунда рухий көпүрө салып, рухий алака мамиле түзүү саясатын жүргүзгөндөрдүн анабашында турган киши дал ошол С.Жигитов болгонун кантип танабыз да, ал киши түрк тилин билбегендигин кимге ачылыш кылгыбыз бар?..

Агер К.Култегин айтканга ишенсек, демек, Салижан акебиз өмүр бою кыргыз элине мактанып же ыйманын жеп калп айтып келген болобу?!. Сакебиз түркчө билбегени чындык болсо, ал чындыкты Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Салижан Жигитович менен бир кабинетте чогуу отуруп, чогуу иштешип келген кесиптештери менен шакирттери айтса жарашар – Салижан Жигитов түркчө билчү эмес дешип…. Сакебиз бир гана Назым Хикметти түшүнмөк тургай; Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде чогуу иштешкен түрктөрдүн түшүн жоруп, аларга аския, анекдотторду айтып боор эзген окуялары канча?..

Ал эми өзү менен болгон маектерибиздин биринде (“Бишкек таймс” гезити, 2003-ж., 8-февраль №2) түрк тилин кантип өздөштүргөнү туурасында суроо-жообубузга көңүл буруп көрсөк да, андан соң К.Култегиндин маегине кезек берсек…

– Түркчө, татарчаны кайдан жүрүп өздөштүрүп алдыңыз эле?

– Айылдык мектепте окуп жүргөндөле өзбектердин радиосун тыңшап, китептерине кызыгып, алардын тилдерин окшоштуруп сүйлөй берчүмүн. Болбосо биздин айылда өзбектер деле жашачу эмес. Шаарга каттаганда казакча китептерди да сатып алып окуй берип, казакчаны өздөштүрүп кеттим. Кийин жогорку окуу жайга киргенде татарча китептерди өз алдымча окуп жүрүп эле адабий тилинен өйдө өздөштүрүп кеттим. Академияда иштеп жүргөндө болсо Москва аркылуу түрк тилиндеги адабияттар келип турчу, аларды менден башка бир да кыргыз карачу эмес, анан ошентип түрк тилин да китеп аркылуу үйрөнгөмүн.

– Сиздин мээнетиңиз менен колубузга тийген Назым Хихметтин ырлары эркин котормобу же түпнускасына байландыңызбы?

– Эми кыргызча ыр болуш үчүн Хихметтин сөздөрүн камырдай ийлеп, бирок сөздү кесмедей чойбой турган кылып иштедим, түпнускадан алыстаганым деле жок.

– Ыргак, муун-өлчөмдөрүнө келгенде канттиңиз?

– Ыр кыргызча мүнөзгө айланбаса, кыргыздар Салижанды жети атасына чейин сөкмөк. Назым Хикмет сүрөттү кисти эмес, шыбабыра менен дубал бетине балпайтып тарткандай тартып, бирок деталдарын жакшы иштеген эмес. Алыстан жакшы кабыл алынат, а которуп келсең, өксүгөн жерлери көзгө даана урунат. Мен ошол жерлерин кыргызчада жакшыртып койдум. Экинчиден, кыргыз тили – ырдын тили. Ушуну ыр жазымыш болгондордун көбү билбейт. Мисалы, астырдан деп айтса да, астыртадан деп айтса да, маанисин жоготпой турган сөздөр толтура.

Олжобай Шакир

P.S. Бул маектин толук варианты менен ушул шилтемеден>>>>>> же төмөн жактан толук таанышасыздар…

— Кожогелди агай, сиз кичи мекениңизди, тууган жериңизди чыгармаларыңызда кенен чагылдырган акынсыз. Бала чагыңызда аябай уялган же аябай ыңгайсыз акыбалда калган учуруңуз болгонбу?

— Болбой анан…

— Бирин эстеп көрсөңүз.

— Тойдо бир абабыз кошумчага тай жетелеп келди. Итейген арык тай. Эки күндөн кийин атам ошол тайды мага жетелетти да, алпарып бер, кошумчага бир кой эле берсе мен ыраазымын деди. Ой-й ошондогу кыйналганым! Атамдын тилин албай коюшка болбойт. Бирок тиктей албай койдум тиги абабыздын жүзүн! Баягы сөздөрдү айттым да, шарт кайрылып короодон чыгып – жыйрылган боюмду жаза бир-р жүгүрдүм дейсиң!!! Аралык аз болуп калды…

Бирок атам туура кылган окшойт. Бир жумадан кийин баягы тай өлүп калыптыр. Анын ордуна биздин короого килейген кой киргизилген эле.

— Айылда бала кезде эмнени көп ойлончусуз?

— Чоңойгондо кимди алат болдум экен деп эле ойлоно берчүмүн.

— Коюңузчу, агай…

— Чын эле айтып жатам. Маселен, жайлоого атчан же эшекчен жалгыз кетип атсам, азыр ким жолукса ошол үй-бүлөнүн мага жашы туура келген кызына үйлөнөм деп шарт коюп алат элем. Начар кызы бар (начар деген – көбүнчө начар окуган кыз) үй-бүлөнүн өкүлү жолукса баягы шартымды бузуп ийчүмүн. Бул жарабайт, эмдигиси сөзсүз туура болот деп. Жакшы кызы бар үй-бүлөнүн өкүлү жолукса кудуңдап калам, кыялдан кыялга батып…

— Чыныгы балалык дүйнө да… Кожогелди агай, сиздин мындай бир саптарыңыз менин эсимде:

Тууган жердин ышкын жаз, набат күзүн
турган кезде көралбай – таят күчүм,
таштар кулап – апай бет жанчылгандай
жаштар кулап – бырышып барат жүзүм.

Азыр ого бетер Тууган жерден, ал тургай Кыргызстандан алыстасыз. Ого бетер күчүңүз тайып, жүзүңүздү бырыш басып атабы дегеним? Бирок кебетеңизден андай нерсе сезилбейт?

— Мурда, Совет доорунда тууган жерди көрбөй калганымда күч тайып, жүздү бырыш басчу. Азыркыдай байланыш жабдыктары жок эле да. Ыр ошо кезде жазылган.  Азыр болсо алыстан Ата-Журттагы, Кыргыз өлкөсүндөгү ызы-чууларды укканымда ошондой акыбал болот менде. Кыргызстанда ызы-чуу болбой, жайкын жашоо өкүм сүрө баштаса – көңүлүм көтөрүлүп, көрүнүш-кебетим оңоло түшөт…

Бирок беттин баарын саксайган сакал-мурут басып кеткендей, ал иретке келтирилбегендей, тегизделбегендей, мекенибизди самсыган саясатчылар басып турганына кооптонуум күч. Мен Кожо сөздөрүмдө жаздым: “Көбүнчө, саясат – сая кеткен саат” – деп. Анын сыңарындай, саясатчылар канчалык көп болсо – ошончолук жаман. Сөзсүз алардын дээрлик көбүнүн саат-убактылары саяга кетет, өмүрдөн утулушат! Анан ансайын кыжырдангандар, ансайын өкүрүп-бакыргандар, ансайын жер муштап, дубал сүзгөндөр көп болот.

Тынчтык эле болсо, ынтымакчылык эле болсо, түшүнүүчүлүк эле болсо – Кыргызстан эми өнүгөт эле!  Бирок…

— «Бирок» деп келип эмне үчүн токтоп калдыңыз?

— Бирок өнүгүүгө өзүбүз эле үстөккө-босток тоскоол эте бергенибиз өкүндүрөт. Ошондон улам “Бир бүдүр таш” деген ыр жазгам. Бир бүдүр таштын колунан эмне келмек эле деп ойлойсуң. Эгер өтүгүңдүн ичине кирип алса ошол бир бүдүр таш – өкүрөңдөп мөңкүгөн, мөңкүгөн сайын мүйүзү менен бутуңа челип-сайгылаган букадай күчкө эгедер болот! Бастырбайт! Алга жылдырбайт! Бизде да ошол бир бүдүр таштай Кыргызстандын алга жылышына тоскоол эткен кишилер аз эмес.

— “Ата-Журттун жакшылыгын ойлоо – өзүңдүн жакшылыгыңды ойлогондон алда канча таттуу жана таасирдүү!” – деген сөз бар экен.

— Калетсиз айтылыптыр. Мен буга бир далил, иллюстрация берейин. Чыдап угуп тур. Илгери, 1995-жыл болуш керек, Акүйдө – Өкмөттүн аппаратында иштеп жүрөм. Бир күнү эле басма сөздөрдө чуу түшүп жатып калышты –  Кыргызстандын ажылары Сириянын чегарасында талаада калышыптыр деп. Жаңы эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргыз Республикасынын аброюна шек келтире турган эл аралык деңгээлдеги окуя болуп атпайбы. Андыктан бул маселе дароо Жогорку Кеңеште, Кыргыз Өкмөтүндө каралды. Мен Өкмөт аппаратында маданиятты, анан дин маселесин караган кызматкер элем. Жыйынтыгында талаада калган ажыларды алып келиш үчүн мени жиберишти Стамбулга.

— Стамбул аркылуу Сирияга барасыз да?

— Жо-ок, ошо Стамбулга эле. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси а кезде Төлөмүш Океев агай болчу. Ал Сирия чегинде талаада калган кыргызстандык ажыларды ошо күндөрү Стамбулдун аэропортуна алып келип, кармап туруптур. Мага эки самолет беришти. Жардамчы катары бир врач, бир милийса кызматкерин беришти. Килейген эки боппош самолет менен Стамбулга учтук. Сүйлөшүп койобуз үчөөбүз: “Тиги самолетубуз адашып кетпес бекен? Бирибиз ошого олтуруп албай…” – деп.

Маселе мындай экен, көрсө. Тигилердин баарысы ажылыкка Оштон жөнөшүптүр автобус менен. Ажылыкка алып барууну уюштуруучулардын алдынала түзгөн келишимдери боюнча Түркиядан “Мицубиси” үлгүсүндөгү автобустар келип, ажыга барчуларды алып кетиптир. Анан автобус ээлери буга жетпей атат, тигиге жетпей атат деп келишимде көрсөтүлгөн суммадан сырткары утур-утур акча топтой бергенден нааразычылык, уруш чыгып, натыйжада автобусчулар эмне болсоңор ошо болгула дегендей ажыларды талаага таштап кетип калышкан экен. Ажыдан кайтып келатканда.

— Канча киши?

— Ой, азыр так санын билбеймин. Иши кылып эки самолеттук киши да. Стамбулдагы Мустафа Кемал Ататүрк аэропортунун бир чо-оң күтүү залында эки күндөй аларды камап турушуптур. Эч ким менен байланыштырбай. Бир нече күн талаада калса – оору-не жуктуруштубу деп шектенишсе керек.

Бизди тосуп алышты аэропорттон. Ажыларга кирсек – биз ажыдан келгендей айланып-үйрүлүп жүрүшөт баарысы. Мени менен учурашканы тимеле түртүшүп-котолошот. Чын эле жардамга келе турган кишиден көздөрү өтүп бүткөн экен. Байкаганым, көпчүлүгү  өзбек туугандар. Менин келатканымды, менин ким экенимди алдынала балакеттей билип алышыптыр. Өзбек-кыргыз дебей атымды, фамилиямды, атамдын атын саймедирешет тимеле. Кайсы жерлик экенимден бери билишет экен. Кара-Кулжанын кадырман кишилеринин, аксакалдарынын канчасын аташпады: “Кулмамет акени көрүп калган кишимин мен… Эргеш аке менен атам бирге иштешкен… Шамшы акеге туугандыгың барбы?.. Шарип аке менен дасторкондош болгомун… Токтомамет аке менен Курманакун акенин айлынан болот турбайсыңбы?.. Мамады акени тааныйсыңбы?..” Бир маалда байбичелер белек-бечкек көтөрүп келе баштабаспы. Аларга белек-бечкек албай турганымды, андан көрө бир чакан идиш бошотуп, ар бири кичинеден куюп – замзам суу топтоп беришсе, ошого ыраазы болорумду айттым. Ошентишти. Ажылар анан мага бата беришти.

Бул аңгемени, Рыскүл, ушул жерди айтыш үчүн баштагамын. Ажылар жабыла эки мерте бата беришти. Биринчисин өзүмө багышташты. Бакжайган өзбек чал жакшы-ы иреп-жороп, жабыла дуба тартышты. Батаны кадимкидей калбаат туруп кабыл алдым. Экинчи батаны эли-жериң үчүн берели деди. Солк эте түштүм! Бата менин кичи мекеним Кара-Кулжага багышталды. Ыйык ажылардын баарысы алакан жайып, аксакал болсо бийик-бийик сөздөрдү иреп-жороп атат. Көзүм каканактап… каканактап… утуру “Омийин…” – деп бата кабыл алып аткан добушум каргылданып… каргылданып барып… жашып кеттим… Айтайын дегеним, кичи мекенге байланыштуу жүрөктүн толкуусу таптакыр эле өзгөчө болот экен! Өзүмө бата беришсе – калбаат турам да, эли-жериме бата беришсе – жашып кетип атам…

— “Кичи мекен” деген белгилүү ырыңыз бар го.

— Окурмандарымдын кыйласы жатка билет. Эки түрмөгүн айта кетейин:

Кичи мекен, кичи мекеним –
кичинекей, кичинекейим,
бырбылыңдап уктап калдыңбы
бырышына кирип чекемин!

Кичи мекен, кичи мекеним –
кичинекей, кичинекейим,
кыпының да турат кыйкырып
кыргызымдын уулу экеним!

— Кожогелди агай, азыр алыста Ата-Журт ырлары ого бетер жазылып жаткандыр? Сагынчтан…

— Дүйнөдө адам баласынын эки ички сезими өтө жогору, өтө күчтүү, ээ-жаа бербес катары болот экен. Биринчиси – улуттук сезим. Эгерде адамдын  улуттук сезими козголо турган болсо, улуттук намысы ойгоно турган болсо эч нерседен баш тартпайт. Өз чындыгы үчүн өлүмгө дагы өз эрки менен кете берет. Генийлер да аны-муну ойлобой, келесоо барчу иштерге барат. Мунун чеке-белин көрүп калдык ко. Карабак согушунан кийин, башканы кой, азербайжан менен армяндын даңазалуу адамдары деле тийе келген жерде сийе келип чабышып жатып калышчу. Москвадагы адабий, маданий жыйындарда азербайжан улутундагы киши менен армян улутундагы кишини бир семинарга, бир талкууга катыштырчу эмес жаңжал чыгып кетет деп.

Экинчи сезим – адамдын туулуп-өскөн жерине болгон сагыныч сезими экен. Бул ата-энени сагынуудан да, бала-чаканы сагынуудан да алда канча күчтүү, алда канча ээ-жаа бербес болот экен. Адам баласы канча узак жылдар бою көрбөй ата-энесин сагынса же балдарын сагынса – организминде анча өзгөрүү болбойт имиш. Жашоо-турмушу, ичкен-жегени жакшы болсо кадимкидей базылдап жүрө берет. Ал эми туулуп-өскөн жерин ошончолук сагынса керсары тартып, кезерип-солуп калат дейт. Ооба, керсары тартып, ичтейинен кезерип-катып калат имиш!

Биздин алайкулуктар илгери Кытай тарап менен – Кытайдагы уйгурлар, кыргыздар менен байма-бай катташып турган да. Ал жактын таасири кадимкидей сезилчү. Маселен, уйгурлардын Акун деген аты аралашкан аттар арбын.  Мен  – Калакуновичмин. Атамдын колунда калы бар эле. Бир топ алайкулуктар Кытай тарапка барып жашап калган учурлар болгон экен. Кийин Совет өкмөтү чегараны жабат. Кыргызстанга кетүүнү каалаган кыргыздардын акыркылары 1956-жылы кайтышыптыр Кытайдан. Биздин уруудагы туугандар да келишкен экен ошондо. Турмушка чыккан кыздар калып кетиптир. Кечээ эгемендүүлүктүн алдындабы же эгемендүүлүк башталып аткандабы, Алайкудан Кытайга 10 жашында кеткен, ошол боюнча кайрылбаган бир байбиче эжебиз балдары менен келиптир тууганчылап!

Мен өзүм кездешкени жокмун. Жерлерди, жайлоолорду кыдыртып көрсөтүшөт да. Кайсы колотто кандай арча бар экенинен бери, мурда жол кандай кеткенинен бери, кайсыл жерде кимдер менен кайсыл оюнду ойногонунан бери жат билет экен деп таң калып жүрүштү эл-журт. 10 жашына чейинкилерди саймедиреп атат. Менимче, ошончолук эсте тутуп жүрүү дагы – туулуп-өскөн жерге болгон сагынычтын күчү! Кийин ошол байбиче өлүптүр дешкенде дүйнөдөгү эң бактылуу киши өлгөндөй туюмда болдум.

— Кытайда жакшы турмушта жашачу бекен?

— Анысын билбейм. Алайкуну – туулуп-өскөн жерин акыры бир көрүп калгандыгы үчүн чексиз бактылуу да!

— Туура айтасыз. Эми сиздин Тууган жер туурасындагы ырларыңызга келсек?

— Кандай айтсам, тууган жерге байланышкан сезим-туюм эки башка жагдайдан чагылдырылып атат. Биринчиси, айылга барган учурду түз сүрөттөө менен. Экинчиси, ушул Түркиядагы көрүнүштөрдү ырга салып атып, тууган жерди, кыргыз жерин эске алуу, эстөө менен. Мен биринчисине эле токтолойун убакытты аяп. Мисалы, “Балалыктын жайлоосу” деген ыр жазылды. Лирикалык каарман жайлоого барып, балалыгын эстеген маанай.

Бүт-баары мурда шок беле?
Бүт-баары мурда дос беле?
Томолок атып бараткан
тобумду гүлдөр тосчу эле!

Бозүйдүн түбүн айланып –
көлөкө деген бар кайык.
Батчу элек ага, жатчу элек
Балтек, мен, китеп тайрайып!

Ушул сыяктуу сүрөттөөлөрдөн кийин жыйынтыктоочу поэтикалык ой, башкача айтканда, өткөн-кеткенди эстеп кусалануу төмөндөгүчө берилет:

Акбозүй. Тааныш ар кыл жак.
Апам жок… Келин жаркылдап…
Аралап чыгдан тарапты,
алгым бир келди кант уурдап.

— Кандай табигый, кандай көркөм саптар!

— Маселен, дагы бир ырым “Карыялар каякта, карыялар” деп аталат. Өзүм курактагы же менден бир аз улуураак кайсы киши менен сүйлөшпөйүн, айылдын мурдагы аксакалдары карапайым болгонуна карабастан нарктуу, салттуу, каадалуу экендигин баса белгилешет. Мен дагы кудум ошондой пикирдемин. Заман эле өзгөрбөй, аксакалдар да өзгөрүп жаткансыйт. Ошол мурдагы абаларымды көркөм сүрөткө – ырга салдым. Ырдын кыскартылган варианты:

Барганымда айылга – бакылдашып,
балдакчаны баш болуп – бачым басып,
калуучу эле короолоп карыялар
калдайган зор тоолорду жакындатып.

Жалынып да, жалбарса – жашартып ал,
жаркылдатса сакалын – сакайтып ал…
Мал айдаган таягын жѳлѳй коюп,
мага боюн таштачу атам сымал.

Чѳңк-чѳңк этип кээ бири ѳктѳм ана,
чѳбѳрѳсүн жетелеп бѳкчѳңдѳп-аа…
Ал ортодо үлгүрчү кемпири тургай,
арсылдаган иттерди сѳккѳнгѳ да.

Үйгѳ коштоп киришип жалпы баары,
үстү-үстүгѳ кѳтѳрчү баркымы ары.
Шаар тууралу суроону берип коюп,
мал тууралу суйлѳшчү, дан тууралу.

Базарлык жеп, баса ичип чайын ысык,
баары намаз окууга камынышып.
Мен байкагам–  эңкейип бир катарда
мезгилге да турганын багынышып…

Айлыбыздын куту эле дайым алар,
азыр кайда наркы улук карыялар?!
Дайнын угуп, чакырып келүүчүдѳй
дарыялар чамынат, дарыялар…

— Демек, булар Анкарада жазылган ырлар?

— Ооба, Анкарада.

— Эми бир ыңгайсыз суроом бар, Кожогелди агай. Маселен, мындай бир саптарыңыз бар эмеспи:

Жарабастыр тырчыган,
Жараткандын ичи кең –
хиджабыңдын сыртынан-ов,
хиджабыңдын ичинен!

— Ооба.”Тегерандын кыздары” деген ыр.

Жайгын сүйүү этегин
жайнамаздан тышкары,
Тегеренип кетейин
Тегерандын кыздары?! деп бүтөт. Башка өлкөлөргө барсаң – жолугат, албетте, сулуулар. Бирок бириндеп жолугат. Иранда сулуулар топ-тобу менен! Катар-катары, каат-кааты менен! Таңгалычтуу.

— Сиздин куракта ушундай тентек ырларды жазуу ыңгайсыз эмеспи?

— Ай-иий, тыюу салгыңар келип атабы? Эмне үчүн, маселен, менин куракташтарым Кыргызбай Осмонов же Темирлан Сманбеков ашык болгон мажнундун ролун аткарса – жыргап көрөсүңөр, тыюу салуу деген дегеле оюңарга келбейт? Эмне үчүн менин куракташтарым Исирадин Аманбаев, Камчыбек Букалаев сүйүү ырын чыгарса, сыздап-боздоп ырдаса – жыргап угасыңар, дагы чыгарса экен, дагы ырдаса экен дейсиңер? Эмне үчүн менин куракташтарым Юристанбек Шыгаев, Бектен Усубалиев ашыглык, арзуу сүрөттөрүн тартса – телмирип тиктейсиңер, уятсыз дебейсиңер? Анан эмне үчүн мен ашыглык, арзуу, махабат ырларын жазсам – андан адамдык чо-оң айып табасыңар?

Токтосун Самудинов деген жаркыраган акын агайыбыз бар го. А киши дайыма айтып калат – бардык чыгармачылыктын, айрыкча акындык чыгармачылыктын жашоодо болгону үч эле эргүү деңизи, үч эле эргүү тоосу бар деп. Бири – жаратылыш кооздугу! Бири – коомдогу жүрөк толкутаар же жүрөк сыздатаар окуялар! Бири – аялзаты (эркектер үчүн)! Болгону үчөө. Эмне үчүн ошол үч деңизимдин, үч тоомдун бирин менден айыргыңар келип атат?! Кандай ташбоорсуңар?! Америка Кошмо Штаттарында сен айдап жүргөн машинанын ичинде ачылган спирт ичимдиги болсо жазага тартат имиш. Ичкен эмессиң. Бирок ачылган арак бар. Сен муну ичкенге ниеттенип жатасың деп жазалайт экен. Силер дагы, Рыскүл, менин үч деңизимдин, үч тоомдун бирин жоготууну ниеттенип жатасыңар. Баса, мен ырларды өзүм үчүн жазбаймын да. Окурмандар үчүн, эл үчүн жазам. Сенин жигитиң сага окуп берсин деп жазам.

— Анда Анкарада жазылган соңку арзуу ырларыңыздан айрым саптарды окуп бериңиз? Менин жигитим мага окуй турган саптардан?

— Ошондой десең… Шартка жараша үзүндүлөрүн гана окууга туура келет. “Сен мени бийге тарттың” деген ырдан:

Сен мени бийге тартып – селт эттирдиң,
сезимдин алоосунда жер тептирдиң.
Жанагы мага ийкеген канат-колуң
жандооч да, коргооч болуп – элпек жүрдүм.

Бүттү бий. Колдон ѳбѳм деп аткамын,
бүгүлсѳм – бүтүн элеп-желеп жаным.
Кѳрдүм-ов – булдузордун калагындай
кѳз-караш эрин-колго келатканын…

“Мүймүйгөн” деген ырдагы саптар:

Мүнөтү, сааты гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн сулуу, мүймүйгөн!
Утурлап бизди тоскондо
узактан сага үйрүлгөм!

Сен билген тилди мен билбей,
мен билген тилди сен билбей,
тикелей баарын көзгө айткан
тилим бар бирок – телмирмей!

Корейде тура андай жан!
Королдор көрсө – шалдайган!
Балмуздак жечү кашыктай
баскан бир изи шаң жайган!

— Сонун! Бирок сизди чектеп койдук. Ушу ырларга улай бир суроо. Сизде сүйүү темасына көп басым жасалган. Бул сүйүүгө тойбой калгандыктанбы же сүйүүдөн көңүл калып, өч алуубу?

— Шумдуктуу суроо бердиң мен корко турган. Сүйүү сезиминен өч алам деген киши эргип-эзилип ыр жазмак беле? Сүйүү сезиминен өч алам деген киши тактадан чорчойуп чыгып турган жоон мыктын учун өзүнөн-өзү та-арс сүзүп алат… (Мен дагы сенин денең жыйрыла турган жооп айтайын.)

— Жаман болуп кеттим чын эле…

— Эми олуттуу жооп. Математикалык эсептерди жакшы түшүнгөн, жакшы билген адам аларды чыгарып, чыгарган сайын ырахаттанып, дагы-дагы улантып чыгарып, калемсап сыясынын колуна, бетине жугуп калганы менен иши жок, доска борунун кийимин булгаганы менен иши жок, жыргап иштей берет ко. Сүйүүнү жакшы түшүнгөн, жакшы билген, жакшы жаза алган акын куду ошо математиктей…

— Биз сиздин чыгармачылык темаларыңыздын бир үзүмү жөнүндө эле сүйлөштүк. Эргүүңүз күчтүү болуп атканын гезит-журналдардан, фейсбуктан билем. Жаңы китебиңиз окурмандарга качан тартууланат?

— Соңку жаңы китебим 2014-жылы чыккан “Тамырдан канатка чейин” деген ат менен. “Атчан китеп” аттуу жаңы чыгармалар жыйнагымды даярдап жатам. Көлөмдүү. Буюрса, 2019-жылы чыгарсам деген планым бар.

— Сиздин соңку кездери түрк акындарынын ырларын  түркчөдөн кыргыз тилине түз которуп атканыңыз дагы өзүнчө жаңылык болууда. Мурда түрк акындары орус тили аркылуу которулчу эмес беле, туурабы?

— Кээ бир адабиятчылар Салижан Жигитов Назым Хикметти түрк тилинен которгон деп айта калып жүрүшөт. Ал – караманча калп. Салижан аке түрк тилин билген эмес. Орусчадан которгонун, анан азербайжан тилиндеги ырлар менен божомолдоп салыштырып, айрым жерлерин редакциялаганын өзү мага айтып берген. “Кыргызстан” басмасында иштечүмүн. “Жылдар жаңырыгы” деген ыр китебине редактор болгомун. Ошондо көп жолугуп, көп сүйлөшүп калдым.

Орусчадан которгону билинип турат. Мисалы, Назым Хикметтин “Mavi Gözlü Dev» (орусчасы «Великан с голубыми глазами») деген ырында бир Дөө кирбийген Аялды сүйүп калат. Кирбийген Аял килтейген Дөөнүн баркын билмек беле. Андан жүдөп-какап, ал баскан жол менен баса албай, өзүнө ылайык бир кодойгон немени ээрчип кетет. Өзүңдөн төмөндү сүйсөң кор болосуң деген идея! Ырдын финалында тиги кирбийген Аял жана кодойгон эри жашап аткан кичинекей Үй менен Дөөнүн чоң Сүйүүсүнүн катышы сүрөттөлөт. Самойлов которгон орусчасында:

Любовь великана
Не упрятать в маленький дом,
Где растет под окном
Цветущая жимолость…– деп берилет.

Салижан Жигитовдун кыргызча котормосунда ушул жер:

түнөк кылбайт дөөлөрдүн махабаты
бакчасында бир түп шилби
гүлдөп турган чакан үйдү…

Ал эми түркчө түп нускада:

dev gibi sevgilere mezar bile olamaz:
bahçesinde ebruliiiii
hanımeli
açan ev..

Мында тиги кичинекей үй – дөөдөй сүйүүгө күмбөз да болуп бере албайт деген маани айтылып жатат. Түп-нускада күчтүү айтылган! Жигитов орусчага байланып калган.

— Сиз да котордуңуз го ушул ырды. Эске алындыбы тиги кенемте?

— Албетте. Менин котормомдо:

Атаңгөрү-ай, күйгөндүр-күйбөгөндүр,
алп сүйүүгө күмбөз да болмок эмес
анын үйү шилбиси гүлдөгөн бир.–

деп берилет. Салижан аке оручасындагы көзгө байланыштуу айтылган “голубыми глазами”, түркчөдөгү, азербайжанчадагы “mavi gözlü” деген сөздөрдөн улам ырды кыргызча “Көгүлтүр көз дөө” деп атаган. Биз кыргыз окурмандары үчүн иштейбиз го. Кыргыз эч качан “Көгүлтүр көз” дебейт, туурабы? Кыргыз “Көк көз” эле дейт. “Көк көз дөө” деп эле атадым.

Мен өзгөчө урматтаган адабиятчылар бир жолу телевизордон сүйлөп атышыптыр. Башка тилден кыргызчага которулган ырлардын ичинде эң өрнөк тутчу, эң чебер котормо – Салижан Жигитов которгон Назым Хикметтин ырлары деген таризде. Андай эмес айланайындар. Эрнис Турсунов, Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Сүйүнбай Эралиев, Жалил Садыков, Жолон Мамытов жана башкалардын поэзия котормолорунда не деген гана нерселер жатат!

Ал эми, сенин сурооңдо айтылгандай, түркчөдөн түз кыргызчага поэзияны профессионалдык деңгээлде которуу ишин менден мурда Алтынбек Исмаилов баштаган. Ал Юнус Эмрени, Мевляна Румини которгон. Мен Каражаогланды, Назым Хикметти, Нежип Фазылды котордум. Бул тизме, бул жараян дагы уланат бара-бара. Жакшы көрүнүш.

— Кожогелди агай, илгери Москвада окучу экенсиз. Азыр Түркияда иштейсиз. Экөөнү салыштырып көрдүңүзбү?

— Бир чындыкты айтышым керек. Түркияда канчалык узак жүргөн сайын – ошончолук Москваны сагынып атам! Бул жөн жерден эмес. Бирок ары-бери Москва аркылуу өткөн учурлар болууда. Байкаганым, Түркиянын тейлөө маданиятынан кийин Россиянын тейлөөсүнө тушуксаң – көк майса чөптөн кийин көк тикен баскандай эле боло түшөсүң. Анан да түрктөрдөн кийин орустар, өздөрүнүн сөзү менен айтканда,  жестокий көрүнүп калат экен.

Адабият жагына келсек, Түркиянын руханий улуу мурастарынын бир катары ислам менен көбүрөөк чырмалышкан. Ошол себептүү – Бишкектен бир, Москвадан бир жогорку окуу жайын бүтүргөн, эки дипломдун ээси мен экинчи класстын окуучусундай эле сезе түшөм өзүмдү. Аңдагандырсың, исламий түшүнүктөрдү кабыл алуу жагынан экинчи класстын окуучусу сыяктуумун.

Ошол эле кезде опол тоодой орус адабиятын кенен билбеген, демек, Пушкинди, Лермонтовду, Тютчевди, Есенинди, Маяковскийди, Пастернакты, Ахматованы, Тарковскийди, Вознесенскийди, Рождественскийди, Евтушенкону, Кузнецовду жакшылап окубай туруп  ыр жазып жатышкан азыркы түрк акындарын аяп да кетем. Аларга үстүртөн да карабай койо албаймын!

Биз, кыргыздар жолдуу элбиз!

— Ырахмат, Кожогелди агай, сонун маегиңиз үчүн.

Маектешкен Рыскүл ИЗАТОВА

Салижан ЖИГИТОВ: «Желмогуздай болуп көп нерсени билип алыпмын»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.