…Как жүрѳккѳ кадалып
Кайнап ичке толгон сѳз», (“Манас” эпосунан)

Акылдын эчен тайгак жолунан адашпай баскан Чыкем ошондо эмнени түшүндү экен деген суроо ѳзүнѳн-ѳзү келип турганы кызык кеп. Кѳрсѳ, Чыкем  «Манас»  эпосу деген тѳкмѳ ырчы же  жамакчылардын ѳзүлѳрүнүн эле оюнан чыга калган бир баатырдын баяны эмес — жалпы кыргыз журтунун кѳп кылымдап ар кайсыл  баскынчыдан кѳргѳн  кордугунан, ызасынан, теңсиздигинен, аларды кууп чыгып мекениме ээ болсом деп  зар какшаган арман муңдан  улам келип жаралган чыгарма тура. Б.а. эпос — бүткүл элдин  атынан берилген социал-патриоттук, тагыраагы саясий патриоттук темага берилген «буйрутма»  тура. Ошол ченемсиз күйүт ой-санаа эпостун дал ѳзүндѳ:

…Как жүрѳккѳ кадалып
Кайнап ичке толгон сѳз», — деп  дапдаана айтылып турганынын ѳзү не деген укмуш сѳз!

Мына ошол эбегейсиз зор буйрутманы түшүнүп кабыл алган, аны белсенип аткарууга киришкен элдик таланттарга миң ирээт тан берип курсант болосуң. Ѳзгѳчѳ  эпостун эпилогундагы чындыкты чындай, кара кылды как жарып, элди (заказчыны) алдабай, калпты чын дебей, ар нерсени атынан ачык айтып, угуучунун ишенимин ѳзүнѳ тартып алгандыгында. Дүйнѳдѳгү  бир дагы элдик эпос «Манас» сыяктуу чу дегенде эле ачык айтып, ак сүйлѳбѳйт. Кѳбү жалган кѳбү чын…деп башталган сегиз сап эпилог чынында алтынга бергис реалдуу саптар.

Азыр эч кимибиз айта албайбыз, бул гениалдуу сегиз сапты кайсыл  манасчы ойлоп кошконун.  Менимче Ырамандын Ырчы уулу болбосо керек. Анткени ал Манастын  40 чоросунун бири  катары баатырдын окуяларын ѳз кѳзү менен кѳрүп, угуп жүрдү дейли. Ал азыр тирилип келип Манас  эпосун окуса  чалкасынан кетээр бейм. Катыгүн Манас дегеле мындай эмес болчу деп.  Андан дагы Манас баатырды  отузунчу жылдары  Кѳк асабасын  кызыл туу кылып туруп Компартиянын катарына алып коё жаздаганда кайран Сакем (Саякбай)  арачалап калганын укса Жайсаң бабабыз  жинди болуп кетмек беле. Ошондо ыраматылык Сакем:

Атаңдын кѳрү эр Манас
Ошондо айгакты салып ааламга
Партияга ѳтѳм деп,
Парт билетке жетем деп,
Аккуласын теминип,
Качырып сала бергени…
Бирок  жазууну билбейт экен деп,
Партиянын чоңдору
Кысталак, кызыл билет бербеди! — деп  Манасты чоң балээден сактап калган экен. Опуза жалганды эл эч убакта  кабыл алмак эмес, ал эми:

Кѳзү кѳлдүн быткылдай,
Кѳрүнгѳндү  жуткудай,
Кашка тиши каалгадай… — деген эпикалык апыртууну жалган болсо да эл  кудай деп кабыл алат.

Манасты Чыңгыз көтөрдү, Чыңгызды Манас көтөрдү. Ооба, атам ушинтип кеп кылып калар эле. Бул терең философияны түшүнүш кайда?

Атам дагы мени СССРдин илеби кайта элек кезде Чыңгыз чакырганда, Сагынбай Орозбаковдун  вариантын чыгарып тааныш кез экен. Мага: «Өзүм ушул үч жеринен келише албай турган, такташ керек,  сизден сурай турган нерсе бар”- деди деген эле. Анда эмнеге эмнени сураганын, атамдын жообун сурабадым экен…. Аттиң, дүйнө.

Кийин Мунабия каза болуп, Казат агай кызынын жанынан жер алдым дегенде чочуп, досуңуз Чыңгыз Айтматов жөнүндө чындыкты сиз билесиз, китеп жазам, суроолорума жооп бериңиз деп, “Ачуу чындык, акыйкат сөз” жазылды эле. Анда да мен азыркы абалым болсо “Манас” эпосуна тийешелүү көп нерселерди тактап алмак экем. Каап.  Казат агай дагы кайтпас сапар алды (бирок Аалы Токомбаев ушул Сагынбай Орозбаковдун вариантын Ч. Айтматов чыгарганы үчүн кутулбас куяга калып, асылып Кыргызстан КП БКнын пленумдарынан карап, төбөсүнөн залкар жазуучуну басуу аракети,   өмүрдөн өткөнчө уланганын, жазуучунун чыдагынын көп айтты).

Бирок мендеги окурманын таппаган кол жазма, (Казат агайдыкы) ал китепте Чыңгыз Айтматов жөнүндө көптөгөн эл билбеген, асыл сапаттары менен тирүүчүлүктүн түйшүгүндөгү тарткан азаптары жазылган эле. Эл ойлойт: жыргап жашап өткөн деп, мен ошол китептен кийин, балалыгынан баштап, өмүрү өткөнчө күрөшкөн, кайраттуу, акылдуу, сабырдуу адамдын элеси жан-дүйнөмдө жашап калган. Китебибиздин экинчи бөлүгү жалаң “Манас” эпосуна арнаган өмүрү, жан-дүйнөсүндөгү касиетти сезген руху, ошол кездеги эпостун тегерегиндеги интрига, залкар жазуучуга койулган чабуулдар эле. Казат агайдын кол жазмасы массалык маалымат каражаттарына “Манас” эпосу боюнча ошол кезде чыккан, материалдардын топтому менде турат. Бет маңдайымда ошол тарыхтын тирүү күбөсү,  асыл досу Айтматовдун жанында болгон Казат агай жок, кагаздар турат.

Казат агай жазат: “Ошентип Аалыкемдин “Манас” (Сагынбай варианты) эпосун катуу сындаган каты КП БКнын экинчи катчысы (Москванын улуттук республиканы тескеп туруш үчүн атайын жиберген өкүл) Киселев дегенге багышталган соң чатак чоң чыгат экен деп биз, жазуучулар үрпөйүп калдык. Ал жокто Жолон (Мамытов) экөөбүздү баса калып жок кылсак деген ой Аалыкемдин жасоолдорун дөгүрсүтүп турат. Аалыкем өзү болсо бизге окшогон майда чабактарга кызыкпайт, анын максаты “Манастын” ошол басылышын атайын башкы редактору болгон академик Ч. Айтматовдун өзүн, илгерки Сталин заманындагыдай эле, толорсуктан алып ташка чапсам деген тилек”, — дейт.

Кыргыз элинин руханий кенчи, байлыгы “Манас” эпосуна башкы редактор болуп кызмат кылганы үчүн алган сыйын, жогорку Казат агайдын айткандарынан көрүүгө болот.

“Манас” эпосунун Сагынбай Орозбаковдун варинтына 1978-жылы чыккан Чыңгыз Айтматов “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” деген аталышта баш сөз жазган. Ошол афоризмге айланып, бүгүнкү күнгө чейин эч ким андан артык сөз тапкан жок, көчүрүп жазып келе жатабыз. Ошол жазган баш сөзүндө  Чыңгыз Төрөкулович  бизге окшогон манкурттардын талашына да, тактык киргизип мындай деп жазып кеткен: “ “Манас” эпосуна бүгүнкү күндүн адабиятынын көркөм жана идеалык максаттарын коюга,  ага бүгүнкү күндүн адабиятынын закон ченемдери менен мамиле жасоого болбойт. Ошондой болсо да эпос биздин күндөргө жеткирген тарыхый чындыкты жана көркөм  чындыкты бүгүнкү күндүн тили менен, түшүнүктөрү менен түшүндүрүүгө жана  аныктоого  толук болот. Эмне үчүн, кеп ушунда[1] деп жазат.  Бүгүнкү күндөгүдөй ар түрдүү маалыматтык  жыштыкта ар кандай түшүнүктө ар түрдүү тарамдарга бөлбөшү үчүн, тактык киргизип, кыргызга гана таандык дөөлөт экендигин айткан.

Ошол эле баш сөздө Чыңгыз Төрөкулович  мындай дейт “Албетте, эпос деген эпос. Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет[2]

Залкар акын Нурмолдо айткандай “асти эле адам жарыбайт, сыйынаары болбосо” дегендей, баардык манасчы, деги эле кыргыз тарыхында жашап өткөн манасчылардын бардыгы, окуя өзгөртүүгө дааган эмес, себеби бардык манасчынын сыйынганы бир Манас болгондугун касиетин сезген, урпактарга сыйынаар, сактаар, “Манас” дегендей эле айткан экен. Өзгөрбөй бүгүнкү күнгө жеткен тирүү эпостун абалына кабатырланганбы, ошол эле жерде мындай мисалы бар: “Мисалы дейли, жер жүзүндө китеп аттуунун төл башы байыркы “Библияда” биздин коомдук  көз карашыбызга  шайкеш келбеген жерлери толуп жатат. Ошого карабай, бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар “Библияны” адабий эстелик катарында биз танбайбыз.  Биз аны кайсы доордо, кандай тарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катарында биз аны баалайбыз.

Ошонун сынарындай байыркы кыргыздын оозеки “библиясы” – “Манас” татаал жана улуу нерсе. Замандан заман өтүп, жер үстүндө кыргыз тили жашап тургуча “Манас” биздин улуттук туу чокубуз катарында тура бермек[3] бүгүнкү биздин китеп окубаган заманда алда кандай болбосун десе керек, заманбап тил менен айтканда, азыркылардын “куранды” танбагандай, “Манас” эпосунан да танбагыла деп жатканын сезгендерибиз, окугандарыбыз аз.

1980-жылкы 2-китеп, 1981-жылкы 3-китептин башкы редактору болуп өз көзүнөн, жан-дүйнөсүнөн өткөрүп чыккан залкар жазуучунун “Манас” эпосуна достугу тээ Мухтар Ауезовдун 1920-30-жылдары изилдеп, ошол кездин алдыңкы изилдөөсүн жүргүзгөн окумуштуу менен жолугушкан учурларында көп аңгемелешип, “Манас” эпосу боюнча баардык кырдаалдар менен тааныш болсо керек. М. Ауэзовдун  “Ар жылкы ойлор” аттуу китебине кирген “Манас” кыргыз элинин баатырдык поэмасы”,  өз убагында биринчилерден болуп, кыргыз манасчыларын изилдеген фундаменталдуу эмгек болгон. Чыңгыз Төрөкулович ал китеп менен сөзсүз тааныш болсо керек. Биринчи манасчынын өнөрканасына кирип, дүйнөгө орус тили менен тааныштырган да, ушул Мухтар Оморханович болбоду беле.  С. Орозбаков менен С. Каралаевдин айткан «Манасын» биринчи талдап окумуштуу катары изилдеп эле койбостон, орус тилдүү окумуштууларга кыргыз элинин керемет эпопеясы жөнүндө кабар жеткирген.  Айтматов ааламга “Манас” эпосун, Манастын тукуму катары айтып өттү. Талдап эмгегин ушул быйыл маарекеси өтүп жатканда “Манас” эпосуна кылган кызматын өзгөчө изилдегендер чыкпады окшойт….

Ошондой эле  залкар манасчы Саякбай Каралаев менен кошуна жашаганы, экөөнүн ата-баладай мамилеси жөнүндө эл ичинде көп айтылат. Албетте, “Манас” эпосуна, манасчыга болгон астейдил мамиленин өзгөчөсүн көрүүгө болот.  Ким гана кошуна болбогон, жакын жүрбөгөн, касиетти сезе билгенби? “Манас” эпосу кимге кандай орунда? “Манас” эпосун ким кандай кабыл алат — кеп ошондо болуп жүрбөсүн?

“Манас” эпосу Саякбай Каралаевдин варианты боюнча “Турар” басмасынан 2010-жылы чыккан китепти караңыз. “Асман жана сөз” (Алардын кош жаңырык үндөштүгү) Чыңгыз Айтматов жазган баш сөз ирээтинде берилген жерде “ХХ кылымдын тынчы жок сансыз күндөрүндө деле көп нерсеге жетишип, көп нерсени жаратса болмок, бирок “Манас” эпосуна окшогон кайталангыс үлгүлөрдү, улуу шедеврди жаратууга мүмкүн эмес”[4] “Манас” эпосун кайра жаратуу мүмкүн эмес деп так таамай айтып койгонуна күбө болосуз. Залкар манасчы Саякбай Каралаевди гений манасчы, залкар талант дүйнөдө дагы кайталанар бекен… деп түйшөлгөнүн жазат.

“Манас” эпосундагы каармандардын духу менен турмуштагы кыйынчылыктарды азап-тозокту көтөрүп, жеңишке умтулуп, кыргыз эли эгемендүүлүгүн, элин-жерин коргоп келгенин, мындан кийин дагы ушул дух, рух менен күн сайын адам болуу адамга кыйын экенин айтып кеткенин туйдук бекен?  Сезип “Манас” эпосуна залкар жазуучудай кызмат өтөгөн урпактын жүгүн көтөргөн замандаштарым барбы? Кимдер? Унчукпай балким Чыңыз Айтматовдой кызмат кылып жатышкандыр…

Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосун популяризациялоого чоң үлүшүн кошкон. Башка тилдерге которулса, башка улуттарга тараса деген изги тилегин ишке ашыра баштаган. Дүйнөлүк адабиятка чет тилдери менен тааныла турганына көзү жетип, англис тилине Уолтер Мэй аттуу англис котормочусуна С. Орозбаковдун вариантын 9 жыл котортконун,  1995-жылы “Манас” эпосунун 1000-жылдыгына ЮНЕСКОнун колдоосу алдында чыкканын айтып жүрүшөт. Бирок китеп бир дагы  Кыргызстан боюнча китепканаларда жоктугу өкүндүрөт.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасында жашап өткөн залкар манасчы Жүсүп Мамайды да биринчи Чыңгыз Айтматов тааныган. Анын кыргыз рухун сактаган, асыл эмгегин баалаган адам болгон. Кыргыз рухун сактаган, “Манас” эпосун сегиз урпакка жеткире айткан манасчыга өз урматын көп жолу көрсөткөнүн айтып отурчу. Залкар манасчы Жүсүп Мамай “Чыңгыз Айтматов кыргызга келген кут, таалай болчу”- дээр эле. Мен Чыңгыз менен “Манастын” 1000 жылдыгында жолуктум. Алты мамлекеттин президенти катышты. Ошолордун катарына мени ээрчитип барып отургузуп, өзү элдин арасына түшүп кетти. Бүгүнкү күндө да Чыкемдин сөзү өтүмдүү. “Манас” анан “Чыңгыз” деп Жуңгодогу кыргыздар сыймыктанып жашайбыз”- деп атам көп айтчу. Залкарды залкар ушундайча таанып, экөө бирдей “Манас” эпосуна кызмат кылып, элдин рухун, улуттун жүзүн, ааламдык (космический) алкакка чейин даңазалап өтүштү.

Эгер атамды (Жүсүп Мамай) залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов таанып, урматын билгизип айтпаса, залкар манасчы ушул даражасын алат беле? – деген ойлор мага келбей койбойт. Анткени азыркы күндө да залкар манасчы кыргыздын рухун сактаган, кыргыз элинин руханий казнасын байыткан адамдын 100 жылдык мааракеси белгиленбей жыл бүтүп барат.

“Манас” эпосуна Чыңгыз Айтматовдун кылган кызматын бир макала менен жазып бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Бул жерде учкай китептерге гана кайрылуу болду. Кыргыз киносу менен кыргыздын дүйнөгө көрсөткөн  паспорту “Манас” эпосуна залкар жазуучунун кылган кызматын кийинки макалаларда жарыялайбыз.

[1]  [С. Орозбаков.Манас 1-китеп “Кыргызстан 1978; 9б]

[2] [Манас 1-китеп “Кыргызстан 1978; 9б]

[3] [Манас 1-китеп “Кыргызстан 1978; 13б]

[4] 4[ С. Каралаев Манас  “Турар”,2010;6б]

One Reply to “Чолпон Субакожоева: Манасты Чыңгыз көтөрдү, Чыңгызды Манас көтөрдү”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.