АҢГЕМЕ

Эч жерге батпай турду көңүл…Тигил жакка барса ал жактан кагып силкишет, бул жакка өтсө бул жактан түрткүлөшөт, такыр жок дегенде байкамаксан тейде  жөөлөп кетишет эй. Айтор кай жакка барбасын, бары эле кагып силкип, Көңүлдүн жан дүйнөсүн оорутушту. Жакшы эле кыпчылып бир бурчка жайгашарда ары жактан бирөө чыга калып түрткүлөп сыртка чыгарып салды. Мына эми деп жайлуу орундук тапканда, бирөө келип тебелеп кетти. Көңүл байкушту болушунча жөөлөштү, сындырышты, тебелешти…

Көңүл, кай жакка барып башпаанек издээрин билбеди. Сыртка чыгайын десе аба ырайы да бир башкача суз, Көңүлдү сүйбөгөндөй. Дайыма кабагы ачык асмандын да кабагына кар жаап калыптыр. Айлана-тегерек баары эле мурчуйуп, эч нерсени сүйбөй тургандай сезилди Көңүлгө… Айла жок илкий басып сыртты көздөй бет алды. Назик, анан өтө эле үлбүрөк денесин корумакка жакшы эле кымтыланганы менен күзгү шамал бир булкуп кетти алсыз денени. Аярлай басып, жол жээктеп келатты. Бир кезде бактын саргайган жалбырагы да жөн калбай, алсыз Көңүлдү серпип өттү.

Канча убакыт мурун бары башкача эле. Көңүлдү бары тегеректеп кубанып турушкан. Жада калса асман да чайыттай ачык, сыдырым жел Көңүлдүн назик денесин аярлай сылап өтсө, бак-дарактардын жалбырактары аста ийиле салам айтып жатышкан. Анан эмне болду… Көңүл өзү да түшүнбөй турду. Жапырт баары аны мыскылдап жаткан шекилдүү. Бир жылуу мамилеге баш калкалагысы келди. Кандайдыр бир калкалоого муктаж болуп турду ушул убакытта. Айлана болсо үнсүз тунжурайт. Көңүлдү эч ким капарына албаган сыяктанат. Көңүлдү кой, өздөрү менен өздөрү алпурушуп айлаларын таппай жаткандай.

Көңүл оор улутуна, үнсүз, ары карай жолун улады. Жолдон бир катар тоскоолдуктарга урунду. Эки буттуу жандыктар бири-бирине ачуу, кулакка жагымсыз кыйкырып-бакырып жаткандары Көңүлдү ого бетер бүшүркөттү. Жадырап жайнап, жакшы эле алардын көңүлүн алганга умтулган сайын, алар тескерисинче, кабактарын түйүп, ороңдошу анын шаабайын суутту. Жулунуп-жулкунуп бир гана өз кызыкчылыктарын ойлогон эки аяктуу жандыктардын бул кылыгы Көңүлдүн зээнин кейитти. Алар Көңүлгө өтө эле орой, ташбоор, мерез сезилди. Көңүлдүн жолунда мындай ырайымсыз, мындан да катаал окуялар бир топ ирет кайталанды. Ар бир окуяга өз көзү менен күбө болгон Көңүл күчүн жоготту. Чалынды, чарпылды, мүдүрүлдү, алдан тайды, алсыз болуп баратты. Бул аралыкта, Көңүлгө үңүлүп, “Сага эмне болду?” — деген бирөө-жарым чыккан жок. Бирок анын жашоого деген үмүтү өчпөстөн, аз-аздан жанып турду. Үмүт шооласы Көңүлдү андан ары жетеледи…

Назик денеси оор тартып, мындан ары жол улоого дарманы келбей баратты. Башынан сылап, эркелеткен жагдайга муктаж болуп турду. Канчалык өзүн бек кармап далбас урганы менен жолдон чыккан тоскоолдуктар Көңүлдүн алсыз, назик денесин бир топ эле алсыратып койгон экен. Үмүттүн шооласы Көңүлдү канчалык сүйөп-таябасын – алсыз дене бара-жүрө эс-учун жогото берди. Көңүл, асмандан каалгый жааган ак бүртүктөрдүн назик денесине урунуп баратканын сезди. Улам барган сайын алардын саны көбөйүп, жер айланкөчөк болуп, Көңүл ак бүртүкчөлөр менен каалгый берди. Анан барып туман аралаш белгисиз бир туңгуюкка сиңип жок болду…

Канча жатты – ким билсин, тээ бир топтон кийин эсине келди Көңүл. Жумшак анан кичинекей алакан башынан сылап эркелетпегенде ушул боюнча түпсүз туңгуюкта калат беле, ким билет. Оозу кургап, жаны жер тартып турду. Бирок кичинекей алакандын жылуу илеби, анын улум-улам баштан сылашы Көңүлгө жан киргизе берди. Бир убакта кенедей алаканга аралаш жылуу анан өтө эле жумшак ысык нерсе тийип өткөндөй болду. Бул нерсе жумшак, кенедей алакан менен кошо бир канча ирет кайталанды. Көңүл көзүн ачууга аракеттенди, алсыз дене жанчылып калгангабы, көзүн ачуу да оңойго турган жок. Бир канча убакыттан кийин барып көзүн ачты, ага дейре сулк жата берди. Жумшак алакан анын артынан өтө эле жумшак анан ысык нерсе Көңүлдү сылаганын токтоткон жок.

Көзүн ачаары менен эки нерсе тең токтоп калды. Үрүл-бүрүл шоола, өзүнө мээримдүү караган бакырайган көздөр, анан куйругун ары-бери шыйпаңдаткан кичинекей бир жандыкты көрдү. Көзүн жакшылап ачты. Күнөөсү жок бакырайган көздөрдүн өзүн элейе карап турганын баамдады. Маңдайында, жол катары ого эле көп жолу анын алсыз, назик дүйнөсүн ооруткан жандыктардын кичинекейин көрүп турду. Бирок бул кичинекей жандык таптакыр башкача эле, түк окшошпойт жанагы чоң жандыктарга. Алардын көздөрү өтө эле ташбоор, мээримсиз болсо, а мунуку мээримдүү, күнөөсүз көздөр.

Ачуу айкырык, жаман уу сөздөрдү чыгарган жери жок. Жөөлөп, түрткүлөп тепселеген да жок. Тек гана Көңүлдүн башынан сылаганы сылаган. Жанатан бери үзгүлтүксүз башынан сылашы Көңүлдүн жан дүйнөсүнө кандайдыр бир жылуу учкундарды сээп жатты. Андан соң төрт аяктуу кенедей жандыкты көзү чалды. Ал дагы Көңүл сыяктуу алсыз, бирок чыйрак денелүү экен. Эртеден бери ысык, жумшак нерсе ушул кичинекей жандыктын тили болуп жүрбөсүн.

Бул үчөө бири-бирин элейе карап, эмне болгон нерселер экенин аңдай албай, бир гана ички туюмдар аркылуу түшүнүшүп жатышты. Көңүл акырындап өзүнө келе баштады. Бир канча убакыт мурун аны көздөй каалгыган ак бүртүкчөлөрдөн да дайын жок. Тегереги мемиреп тынч, ызы-чуу, кобур-собур үндөр да билинбейт. Болгону тээ алыста жаркырап бир нерсе илинип турат. Бул жанагы өзүн жол катары ээрчитип, жол чырак болуп келген үмүттүн шооласы бекен… Ал эми айланасында эки буттуу жана төрт аяктуу жандыктан башка эч ким көрүнбөйт. Көңүлдүн көзүн ачып, жан кире баштаганына берки экөө да кубангандай. Тиги бакыракай көздөр Көңүл кыймылга келе баштаган сайын ого бетер жадырап мээрим төгүп турду, бир кезде ал алаканын чапкылап, секирип-секирип алды. Бул анын кубанганы окшоду Көңүлгө, анын жанындагы андан кем калбай куйруктарын сербеңдетип улам-улам шыйпаңдап, кез-кезде Көңүлдү жумшак, ысык тили менен сылап кетип жатты. Эки жандыктын ортосунда мындай мээримге бөлөнгөн Көңүл бара-бара баштапкысындай боло баштады.

Бираздан соң тегерегине баам салмакка башын өйдө көтөрдү Көңүл. Анын бул кыймылы жанындагы эки жандыкты кубанычка бөлөдүбү, айтор экөө тең жарыла кубангандай Көңүлдү айланчыктай башташты. Эки жандык бири-бирине өтө ынак сезилди Көңүлгө, эки буттуусу ары басса ары, бери басса бери басып жатты жанындагы төрт аяктуу. Айтор жанынан түк жылгыс, анын колдорун тили менен улам-улам жалагылап, айланчыктап эркелей берди. Берки да ага жооп ирээтинде аны кулактарынан кармалап, башынан сылап, кээде кучагына алып бекем кысып, кайра жерге түшүрүп, айтору, бири-бирине өтө жакын. Бирок Көңүлдү да унутушкан жок, бул убакта Көңүл алардын көңүл чордонунда эле. Экөөлөп аны сылап, бирөөсүнүн ага баёо бакырайган көздөр менен жылмайып тиктеши, экинчисинин куйруктарын сербеңдете тили менен эркелетүүсү Көңүлдүн маанайын көрккө бөлөдү. Мындай жылуу мамиле Көңүлдүн жашоого болгон каалоосун ого бетер шыктандырды. Көңүлгө бир гана ушулар керек болуп турган, алардын жумшак мамилеси, көңүл бөлүүсү Көңүлдүн жандай көргөн жан азыгы эле.

Бул эки күнөөсүз жандыктын Көңүлгө тоодой тирек болуп тургандыгын сырттан караган киши аңдамак да, билмек да эмес. Дал ушул үч бурчтук мамилеси жер жүзүндөгү жандыктардын жупуну, бирок өтө керектүү байланышы эле. Үчөөнүн табияты таптакыр үч башка болгону менен алардын бири-бирине болгон аяр мамилеси, баёо сезими, ортолорундагы билинбеген жылуу жакындык бул үчөөнү ажырагыс деңгээлде бириктирип турду. Башкалар этибарга албастыр, а бирок бул нерселер жандүйнөсү назик жандардын табылгыс дарысы экендигин, бул купуялык өзүнө тоодой маанини камтый тургандыгын үчөө гана туюп жана сезип турду!

Б.А.С.А. Көпчүлүгүбүз, көр тириликке берилип, көөдөндөгү көксөөнү канааттандырарлык деңгээлде кандыра албай келебиз! Кенедей көр тириликтен тоодой Көңүлдү оорутуп коёбуз! Бул кыска жашоодо Көңүлдөн артык не бар дейсиң! Жалпыбыздын жадыбызда байлык, бийлик, мансап, акча, көр оокат калбайт, бир гана бийик турган нерсе бул – Көңүл! Көңүл, бул – ГҮЛ. Биз анын назик экенин унутпасак!

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

One Reply to “Нурзада Кубанычбекова: Көңүл (конкурска)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.