Булак менен дарыя жөнүндө уламыш

Токойдон бир тунук, муздак, күмүш үндүү булак агып чыкчу, ал өзүнө өзү суктанар эле. Ал башка булактар менен кошулгусу келчү эмес, өзүн күчтүү сезип, токой аралап жалгыз агып жүрө берем деп ойлочу. Анан ал капысынан эле түз талаага туш келип, алсырап калды. Шыр акканга күчү жетпей жерге сиңип, бир топтон кийин жер астындагы тешиктер менен жылып олтуруп, азайып жана капкара чалчык суу болуп дарыянын жээгинен чыга келди. Ал дарыяга датын айтып жатты:

— Эгерде, жанагы түрү суук талаа болбосо мен чоң дарыя болмокмун!

Муну уккан дарыя толкундарын жээкке шарпылдатып мындай деди:

— Эх, акылы жок булак! Сенин жерге сиңип капкара чалчык болуп чыгышыңа талаанын эч күнөөсү жок! Башка сууларга кошулбаган булак эч качан дарыя болгонго алы жетпейт.

Бирге экини кошсо канча болот?

Монастырдын мектебинде өзүнүн катаалдыгы менен белгилүү болгон мугалим иштечү. Анын окуучуларынын арасында эки бала бар эле: иштерман Сута жана жалкоо Бало. Иштерман Сута өзүнүн аракетчилдиги, эмгекчилдиги менен башкалардан айырмаланып турчу. Ал бардык балдар эс алып жаткан кезде да тыным албай, монастырдын короосун шыпырып, өскөн чөптөрдө жулуп, суу ташып, мугалиминин кийимдерин тазалап жууп жүргөнүн көрөр элең.

Жалкоо Бало тескерисинче, жеңил ойлуу бала катары таанымал эле. Сабак учурунда уктап олтурчу, жооп бергенде бирөөлөрдүн шыбырын тыңшачу, монастырды жыйноого чыгышканда, ал жашынып барып бир жерде уктап жатчу. Кийимин тазалап кийүү оюна да келчүү эмес. Бир жолу жалкоо Бало бакта иштеп жүргөн Сутаны көрүп, ага мындай суроо берди:

— Кана айтчы, Сута, бирге экини кошсо канча болот?

— Үч, — деп жооп берди Сута.

— Сен дайыма мугалимге шыйпаңдап кошомат кылып жүрсөң да, андан эч пайда таппайсың, — сөзүн улантты жалкоо Бало, — сен эч нерсе билбейсиң. Бирге экини кошсо эки болот.

Иштерман Сута өзүнүн туура айтканын далилдей баштап, акыры  экөө мушташа кетишти. Ошол убакта аларды мугалим көрүп калды.

— Эмне болуп кетти? — деп сурады ал.

— Агай! — дейт анда иштерман Сута. — Бало менден бирге экини кошсо канча болот деп сурады, мен ага үч десем, ал эки болот деп талашып жатат. Анан экөөбүз урушуп кеттик.

— Сутанын айтканы туурабы? — деп Балону сүрдөнө карады мугалим.

— Ооба, — Сутанын айтканын аныктады жалкоо Бало.

Мугалим пальманын ийилчээк көк чыбыгы менен иштерман Сутаны жазалап кирди.

— Мен туура эсептесем деле эмне үчүн мени жазалап жатасыз? — деп онтолоп жатты иштерман Сута.

— Жөн эле жаңылышкан адамдар болот, — деп түшүндүрө баштады мугалим. — Айтканын бербеген терсаяк, макоолор да кезигет. Ошолорду талашып утам деген накта акылсыздын иши. Мына сен, өзүңдүкү туура экенин билип туруп, Бало менен талашка түшүп жатасың. Кимиңердин акылыңар кем?

Иш жана тажырыйба жөнүндө

IBM компаниясыны жакында эле менежердик ишке алынган жаш адисти жетекчинин иш бөлмөсүнө чакырышты. Чакырбай анан! Ал жакында түзгөн келишим фирмага 10 млн. доллар чыгым алып келген.  Жаш адис катасын түшүнүп, аны оңдогуча кеч болуп калды, акча колдон чыгып кеткен. Жетекчинин бөлмөсүнө киргенде эле өзүнүн кетирген катасы жазасыз калбасын түшүнгөн жаш адис, жетекчинин чечимин күтпөй эле даярдап алган сөзүн айта баштады:

— Мен сизди жакшы түшүнөм, мени иштен алууга толук укугуңуз бар, мен ал чечимиңизге макулмун.

— Иштен бошотойүнбу? — дейт анда жетекчи, — биз сенин окууңа жаңы эле 10 млн. доллар сарп кылдык, ушундай баалуу кызматкерди көчөгө кууп салмак белек. Бар иште!

Которогон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.