Дүйнө эмне дейт?

Маалымат технологиясынын акыркы кабарларына кулак салганда, жүрөктүн үшүн алган мына бул дүйнө жаңырыгы окурманды ойго салбай койбойт ко, чиркин. Түштүк Африканын бир университетинин кире беришиндеги маалымат тактайга  жазылган экен: “Кандай гана улут болбосун, аны жок кылуу үчүн сөзсүз эле атомдук бомбаны же алыскы кыймыл радиусу бар ракетаны колдонуунун кереги жок. Болгону – билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү жана окуучуларга жалган экзамен тапшырууга уруксат берүү жетиштүү. Ошондо:

  • доктурлардын колунан адамдар өлөт;
  • инженерлердин колунан имараттар кулайт;
  • экономист, бухгалтерлердин колунан акчалар жоголот;
  • радикал динчилердин колунан адамзат айыпсыз каргашага учурайт;
  • укук коргоочу, соттордун колунан чындык чыркырайт;
  • мыйзам чыгаруучулардын колунан башкаруунун башы байланат;
  • билим берүүнүн кыйрашы – улуттун кыйрашы”.

Сөз эмес бекен, замандаш. Бул сөздөр Африкада эмес, биздин Билим берүү министрлигинин[1] эшигине жазылса болмок экен. Өткөн жылы эле кыргыз адабияты боюнча министрлик бекитип, гриф берген окуу куралына Манас менен Каныкейдин биринчи нике түнүндөгү эротика кирип кетип[2], окуучуларга улуулар шерменде болдук эле. Бул уятсыздыкты ата-энелер чыркырап айтып, үндөрү эч кимге жетпей, алардын арыз-арманы жоопсуз калганы коомчулуктун эсинде. Анткени байкуш ата-энелер чындыкты коомго жеткирүү үчүн башы көрүнгөн улуу-күчүүнүн электрондук дарегин таап, ошол уят эпизоддун текстин жөнөтүшкөн.

Үйрөнгөн адат калабы болуп (ырас мурунку кылмыш жазасыз калган соң) эми табият таануу, география китептериндеги орфографиялык гана эмес, теориялык каталар кайрадан ата-энелерди гана эмес, бүтүндөй коомчулукту бушайман кылып жатса дале сүттөн ак болумуш болуп  актануулар… актануулар.

Өлсө да кемчилигин мойнуна алып, элден кечирим сурап, арызын жазып кетчү чиновник табылбайт, Кыргызстанда. Андайлар же ХХ кылымда калган, же кийинки кылымдарда карааны бүдөмүк көрүнөт. Биздин кадрларга креслону сактоо баарынан кымбат, бийлик креслосу үчүн “сөөктү аттап өтүү” кеп бекен. Кечээги жакшы мамилени, адамгерчиликти, негизгиси – адистин баа-баркын жөн эле сатып жибермей. Жогорку окуу жайлардагы акчага жазылган дипломдор[3], пара алып жаткан окутуучу гана эмес, колго түшкөн профессор…, мектептердеги окуучулар рекети, оозу-мурдун талкалаган мушташ[4]… биздин чиновниктерди чымын чакканчалык сезимине таасир этпейт.

Гүлдөгөн кайдыгерлик гүлдөй берет. ММКлар кантсин, айтып-айтып тилдери тешилип, дале көңүл бурчу бирөө-жарым чыгып калабы деп ак үй, көк үй тарапты алаңдап карашат. Ал жакта ар ким өз креслосу менен папкасынын “чаңын арчуу” менен алек…  Бала бакчаларда бир керебетте үчтөн уктап, биттеп жаткан балдардын убалын, бир класста 40-50 окуучу олтурган 45 минутада татыктуу билим берүүгө убакыт калбай калып жатканын   ойлогон жан жок. Билим берүүнүн бүгүнкү абалы эртеге улутубузга кесепетин тийгизсе кантебиз?! Жараткан, улуттубузду сактоонун аргасын өзүң эле бере көр, арманды өзүңдөн башка кимге айтабыз?!

[1] Билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү качан чечебиз?// Булак: NazarNews.kg, 24-май. 2018.

[2] Каныкей менен Манастын нике түнүн сүрөттөгөн окуу куралы шашылыш жактырылган
Жаңылыктар | 12:37, 21 ноябрь 2017 | 12 194. Толугураак http://bilim.akipress.org/kg/news:335458/?f=cp ж.б.у.с. Окуу китептериндеги каталар: ким күнөөлүү? / 22.10.18 / НТС ТРК НТС. ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕГИ КАТАЛАР. NewTVNewTV KG; Кудай ургандай шалаакылыкка жол берген Кудайбердиеванын жоопкерчилиги каралбайбы? Жума, 26- Октябрь 2018. Булак Де-факто.

Жаңы чакырык: Диний сектага кирип балдарын мектепке жибербеген түркөйлөр чыкты. 22-октябрь, 2018. Булак Фабула.

[3]Взятка в КНУ: https://vesti.kg/proisshestviya/item/51418-korruptsiya-v-knu-prepodavateli-vzyatochniki-obmanuli-studentov-video.html; Студентка КНУ обратилась к президенту, в прокуратуру и Минобразования с жалобой на свой вуз Новости | 15:16, 31 июля 2018 | 13 7381; Коррупция в КНУ. Преподаватели-взяточники обманули студентов (видео) ; Студенты КНУ недовольны условиями обучения в вузе https://24.kg/obschestvo/73842/ 10:20, 22 января 2018. Пресс-центр Акипресс. 18-сентября, 2018, 14.00. Обращение Президенту КР сотрудников Кыргызского Национального Университета им. Ж. Баласагына

[4] 12-октябрда саат 12:30да Бишкек шаарынын  №47-мектебинде 9-класстын окуучулары   8-класстын окуучусунан  акча талап кылып, баланы  ур-токмокко алышкан. Булак Kyrgyz today. Мектептеги рекет. Чоң класстын окуучулары өзүнөн кичүүнү сабап жатат: видео. 23-октябрь Ноокатта окуучулар дале чатырларда окуп жатышат. 26.09. 2018. Булак Майдан.ж.б.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.