АҢГЕМЕ

Кечке маал Мариновканын жанынан замбиректердин «тарсылдаган» үндөрү угулду. Капчыгай ичин жаӊырткан добуш бир топко чейин кулак кужурун алып, андан ары тынчып калды.

Түн катып бул Ырдыктан айланып өтүүнү көздөгөн Мырзабек, добуш тынчыганы узунунан кыйшайып жаткан чоӊ таштын капталынан сойлоп чыкты да, эки жагына абай салып карады. Суук мунарык тартып, дем аптыгат. Замбиректи кармаган колдору селейип тоӊуп калганын, ал ушул добуш тынчыгандан кийин билди. Күн батышка оогону менен караӊгы толук кире элек. Бирок капчыгай ичи кыйла караӊгы болуп калды. Дагы бир аз күтө туруш керек.

— Азыр айылдагылар жайбаракат жатса керек. Биздин айыл четте, эч ким деле маани бербеген айыл эмеспи? – деди өз алдынча кобуранып. — Эстегенде, айылда эрдемсинген Зарлыкбек бар. Ал азыр элдин тынчын алып, согушка үндөп жатса керек. Ак падышанын аскерлери аны аяйт бекен? – ал ушундай ойлор менен жатып кантип уктап кеткенин да сезбей калды.

«- Мырзабек көпөс. Мырзабек көпөс»… кимдир бирөө кулак тушка шыбырагандай болуп, үргүлөп уйку тартып кеткен Мырзабек чочуп кетип, башын өйдө көтөрө калды да, алды-артына бурула карап, оодарылды. Түшүндөбү же өӊүндөбү, айтор жанында жүргөн Акбардын үнү даана угулгандай болду.

— Ал бул жерге кайдан келсин? – улутунуп койду да, мындан тогуз ай мурун Ферганага малк-мүлк алып барып сатып, ордуна зер буюм алып келатканда орустардын талоонуна калганын эстеди. Ошондо жардан учуп кетерде Акбардын сунган колуна жете тургандай абалда болсо да, тээ төмөндө жетип келген орус аскерлеринен чочуп, аны таштай салып безип жөнөгөн.

— Мындай согуштан аман калуу оӊой эмес, — деди кимдир бирөөгө актанып жаткансып. Анын жаак эттери шимилип арыктап, куркуйган кокосу бери чыгып, көздөрү иреӊ тартып, жүдөп чачтары сапсыйып өскөн. Семиз мал-жандыкты Ферганага алып барып, ал жактан алып келген жылтылдаган зер буюмдарды тоолук байларга сатып, ортодон оӊбогондой пайда көргөн бейкапар жашоосу – мына минтип тогуз айдын ичине Теӊирден тетири кетти. Курсактын курулдаганы да жанга батып бараткандай. Каниет кылууга чамасы калбай калды. Фергананын базарындагы түркүн-түрлүү азык-түлүк, тамак-аш даамын, жытын эмнегедир мурда айырмалап, так-даана айталбаганына азыр башы жетпей маӊ. Эми болсо, ошондогу тамак-аштын ар бирин көз алдынан өткөрүп, ар биринин даамын, жытын айырмалап отурат. Шилекейин «кулк» этип жутуп алды да, бир капталы узунунан айрылган чапанынын ичине колун салып, ички кийимдин чөнтөктөрүн сыйпалап кирди. Ал сыйпалаган сайын тилин эрдине кымтып, көзүн үӊүрөйтүп, элестетип издеп аткан сыяктуу үмүттөндү.

Кыбырап чөнтөктөрүндө жүргөн оӊ колу бир жерге барып тык токтоду да жана дагы бир жолу бир нерсени кармалап көрдү. Жегенге болобу же болбойбу, айтор ал азыр маанилүү эмес, болгону даамы болсо, көздү жуумп оозго салып жиберип, өзүӊдү-өзүӊ алдашыӊ керек. Анткени бул чөнтөктөр бир аптадан бери казылып атып, жыртылып калмай болду. Эч нерсе жок болсо да.

Караӊгы өкүм сүрдү. Айрыкча капчыгай ичи арсак-торсок жарлардын көлөкөсүнөн ого бетер көөдөй караӊгыга чүмкөнгөн. От жагып жылынууга эрк кайда! Анда эле колго түшө бер. Суук уламдан улам күчөдү. Муздак аба тамагына чейин жетип, ашказандын боштугунан, бүтүн дене бойду чыйрыктырып барат. Мындайда жакшы ойго гана жетеленүү керек. Андан башка арга бар беле?

Эстегенде, кийинки жаӊы алган жаш катыны “келгениӊизде жакшы кабар угаарсыз” деп калды эле. «Эмне болгон жакшы кабар болду экен» деди ичинен. Андан бери тогуз ай өттү. Менден кабар жок, байкушум жол карап атып каректери катыды го. Бирок оюнкарааксыӊ! Өтө эле жаш экениӊди эстегенде ичим ачышып кетет! Түнү канттиӊ экен? – ал чалкасынан бар салмагы менен оодарылды да, асманда кара сур тартып жылып бараткан тумандарды, анда-санда жылт этип чыга калган жылдыздарды карады:

-Аз калды. Мен мына барамын!

Күргүштөп аккан сай жээгиндеги караӊгы иӊиринен аттардын желип баскан дабышы угулду. Мырзабек, баштапкы абалына оодарыла калып, таштын түбүнөн дабыш чыккан тарапты карады. Караӊгыда бир нерсени айрып таануу кыйын. Айрыкча сай бойлогон бак-дарактын, киши боюндай өскөн камыштардын ары-бери желге сыдырылган карааны кандай адам келатканын ачыкка чыгара койбойт. Карап турган көздү алдап, ар нерсенин сөлөкөтүн тартат. А бирок аттардын дабышы жакындай берди. Жүрөк болсо кулак тушта түрсүлдөйт. Ак кийимчен экен. Этектери да чолок. Асынган мылтыктары да бар. Булар экөө экен. Мырзабек демин ичине катты да, жанында узунунан жаткан ташка бекинди. Башты өйдө кыла көрбө. Жаныӊдан өтүп кетишсин.

Алар өздөрүнүн тилинде бакылдашат. Мырзабекке түшүнүксүз. Аттарын бастырып келип, так эле анын жанына келип токтошту да, биринчиси бериле сүйлөп, экинчиси коштогон болуп күлүп койду.

Аӊгыча кулак туштан замбиректин ачуу үнү жаӊырып, алдыдагысы чалкалап барып сулады. Экинчиси артынан замбирегин колуна кайрып алып, комдонуп тургуча, аны да Мырзабектин артынан, жакын эле жерден кимдир бирөө сулата атты.

Жерге тулку бою менен тырыша жабышкан Мырзабек, ким кимди атканын билгиси келген жок. Кимиси болсо да байкабай өтүп кетсе эле.

— Өйдө тур. Болбосо атып салам! — ок чыккан тараптан сүйлөдү. Турбай койгонго арга жок. Акырын гана колдорун жерге таяп, карышып калган тулку боюн четинен жазып, ташты таяп өйдө болду. Сол тараптан дүпүйгөн камыштын арасынан алгач узун бойлуу киши, анан эле артынан жапалдаш бойлуу бирөө ээрчий чыкты.

— Кыргыз экен, — деди алдыдагысы. Арткысы унчуккан жок.

Алар менен таанышкан соӊ, таӊды атырып, андан кийин Чүйдөгү көтөрүлүштөн азап чегип, бери качып келаткан кыргыздарга жардам берүү үчүн бара турмай болду. Муну өзү айтпаса да, ал үчүн узун бойлуусу айтты. Кыйын мезгил болуп турат. Жалгыз сенин же анын башына эмес, жамы журттун башына келди. Анан душманга каршы барууга макулдугуӊдун эмне кереги бар. Кишинин саны керек!

Бир аз куш уйку салгандай болду эле, заматта чыгыштан күн көтөрүлүптүр. Жер агарып, күндүн мамылары желип-жорткон тумандардын жыртыктарынан тоо бооруна келип урунуп турду. Ал эми капчыгай ичи көлөкө.

Эртеӊ мененки сууктан эч кимди жактырбагандай, иреӊи өчкөн өӊү менен башты жерге салып отурду. Эч ким менен да сүйлөшкүсү келген жок. А бирок узун бойлуусу жаагын жаппай сүйлөп жатты. Ал сүйлөгөндө, башкаларга эмес, так ушул Мырзабекке сөөмөй кесеп айтып жаткандай сезилди.

— Үйгө бара турган жолду унуталы. Душмандын мизин майтармайын эч ким кетпейт. Азыр биз баарыбыз биригип, бир муштумга чогулушубуз керек! — анан ал атка минип жатып:

— Бул дунганды көрдүӊбү? Биз менен чогуу көтөрүлүшкө аттанды, – деди да ээрге кыйшайып отуруп, камчы сала берди. Анын кеӊ далылуу, мурду кырдач, тебетейчен жана ошол тебетей алдындагы куш канатындай түйүлгөн кабактын алдынан кишини сая караган көз карашынан улам жүрөгүндө өртү бар экен дейсиӊ. А бирок азыр жүрөктө өрт болгондун кандай пайдасы бар. Ал жүрөктү бат атаар замбиректер менен жарып салат. Анан баатыр болуп көр! А баса, мунун аты да өзүнө жарашып – Баатырбек экен.

Баатырбек жанындагы дунгандын тарых-таржымалын, 1877-жылдары Кытайдын Чэньсу провинциясынан ооп келгендигин жол катар айтып баратканы менен Мырзабектин ойлоп баратканы, көздөгөн санаасы башка болуп турду. Анын Кытайдан ооп келгенин угуп башына урат беле? Кандай болсо да үйгө кетүүнүн амалын көрүш керек.

Кытайдан ооп келген дунган болсо түндөн бери бир да ооз ачып сүйлөгөн жок. Өз тилинде колун жаӊсап бир нерсени кыска гана сурап коюп атты. Мунусу да түшүнгөндөй башын ийкеп, ишарат кылып же башын чайкап, колу менен ар нерсени көрсөтүп, ошол эле маалда кыргызча сөздөрдү салмак менен муундап айтып жатты.

Жакын жерден өткөрө күйгүзгөн эттин жыты “бурр” этип мурунга келди. Асманга чубалган узун ичке түтүн бөксө адырдын наркы бетинен чыгып аткандай. Мырзабектин ичи туйлап, кан жүгүрө түштү. Тишинин киринен сыгылып чыккан шилекей таӊдайына кармалып, анан «кулк» этип кекиртектен нары секирди.

Бир маалда алдыдагы экөө аттан секирип түшүп, бүкчүӊдөп адыр тоонун бүтүп бараткан тарабындагы дөӊдүн капталына жата калышты.  Алар баштарын дөңдөн көтөрүп, уурданып карашканда Мырзабек да алар менен чогуу көрдү: тигине, сол жакта шишке сайылган устукан эттер оттун үстүндө куйкаланып атат – кызарып бышып да калган, майлары сарыгып агып отко түшкөндө «тыз» этип кайра өйдө чок чачыратат. Отту тегеректеген эки орус аскери, андан нары үч аскер жамбаштап жатып жайбаракат кеп курушууда. Аттары ары жакта тушалуу же байланып тургандай.

Алдыраак, жантак таштын жанында жаткан Баатырбек жанындагы дунганга белги берди. Кыязы адырдын ары жагы менен айланып келүүсүн буюрду окшойт. Ал эми ал Мырзабекке ишенбегендей түрү менен «сен мени менен жүр!» деди акырын гана шыбырап.

Экөө арты менен кетенчиктеп ылдый боло беришти да, замбиректерин камдап, Баатырбек ушул жаткан дөӊдүн оӊ тарабынан, Мырзабек кайра эле жанагы ордунан орун алды. Баатырбек кимисине ок чыгарат ким билсин, айтор сүйлөшкөн боюнча Мырзабек от жагып аткан орустун бирөөсүн атмак. Аӊгыча тигил жакта жаткан орустун үч аскеринин артындагы калыӊ чийдин арасынан дунган аты менен атырылып чыкты да, келатып эле замбирегин койберди. Ана, бирөөсү жыгылды! Орустун байланып турган аттары кишенеп үркүштү. Баатырбек да ордунан тура калып ок чыгарды. Буйдалап аяк-башын жыйнай албай калган орустун аскерлеринин жанына жакындап кирип келген дунган кылычы менен дагы бирин чаап өттү. Мырзабек тарап тынч. Ал азыр качып кетсе болот эле – ыӊгайлуу учур. Бирок шишке сайылган эттер кызарып турат, шилекейди агызып. Анан ал дагы атты: курган кекиртек үчүн, кызара бышкан эт үчүн атты! Дунган жерге жата калып эт бышырган аскердин экинчисин атып калды.

Сууктун күчү кетип калгандай же булар кызуу мүнөттөрдө сезбей калышты. Дене бою ысый түшкөндөй. Күндүн көзү ар жерде желип жорткон тумандан бирде чыга калып, бирде бекинип батышты көздөй ооп барат.

Мырзабек замбирегин колунан ыргыта салып, түз эле бышып жаткан этти көздөй чуркады. Экөө болсо орус аскерлердин жансыз денелерин бир жерге көтөрүп барып жыйнап, мылтыктарын чогултуп коюшту. Мырзабек токтоно албай кызарып бышкан эттерди жулмалап жеп баштады. Жерге жата калып жулмалап, кимдир бирөө колунан тартып ала турчудай болуп, ырылдап, тап берип жей баштады. Көрүп турган адамдын үрөйү учат!

Баатырбек дунганга “бышып жаткан эттин жарымын алып кел” дегендей көзү менен ишаарат берди да, өзү дөӊгө чыгып, эки жакка көз чаптырды. Анын көз алдында адыр ылдыйлап барып, боз чаптуу талаага, андан ары ирмелиштен учу чыгып турган көлдүн аркы беттеги ак кар баскан тоолорду көздөй чубалып жатканы көрүндү.

Дунган колу менен бышкан эттин устуканын сунуп жатып өз тилинде бир нерсени айтты. Баатырбек мыйыгынан күлгөн болду да, көзүнүн кызарган кыйыгы менен Мырзабекти карап койду. Экөө ошол эле жерге малдаш токум отура калып, ак чүпүрөктү жерге жайып устукандарды койду да, шашпай, даамын, жытын сезип, чокко кызара бышкан эттерди бычактары менен кыя кесип, ооздоруна салды. Мм, даамдуу!

— Укчу, Мырзабек. Биз береги мылтыктарды бир жерге чогулталы. Сеникин да бер, – Баатырбек колун сунду.

Айлана караӊгы түн. Мырзабек колундагы замбирегин мыкчый кармап, жерди ойлуу тиктеди да, ичинен үшкүргөн болуп Баатырбектин колуна карматты.

— Азыр жатып эс алалы. Эртеӊ бир топ жолду арбытыш керек. Жол катар жарым-жалгыз чыккан эр жүрөк жигиттерди өзүбүз менен ээрчитип алабыз, – деди ал чепкенин айкарасынан жамынып жатып.

Дунган мемиреп уйкуга кеткен. Суук күндүзгүдөн кыйла өзгөрдү. Үшүгөнүнөн тондун жеӊдерине тумшугун каткан Мырзабек Баатырбектин башына жазданып жаткан мылтыгын карады. Жула качып, өзүн атып салсаӊ! Бул өлсө дунган ким эле? Ал өзү эле качат.

Ал акырын оодарылып, тамагынан жөтөлүп койду да, көздүн кыйыгы менен экөөнүн жүзүндөгү өзгөрүүнү күттү. Дунган ойгоо өӊдүү, ал бери оодарылды да, Мырзабекти маӊдайы менен карап жатып алды. Чоӊ чепкенге бүрүшүп бекинген башынан анын көздөрү ачык же жабык турганын билүү кыйын болуп турду. Дагы бир аз күтө туруш керек!

Асманда жылып бараткан туман акырындан суюла берди. Ал суюлган сайын тээ түбү жок караӊгы асманда сансыз жылдыз биринин артынан бири жылтылдап чыга баштады. Мырзабек боз үйдүн түндүгүн ачтырып, жаӊы алган катыны менен ушул эле жылдыздарды карап жатканды жакшы көрчү. Анда анын жашоосу – бейкапар, бактылуу жашоо болчу. Атасы бир урууну башкарып, агалары аӊ улап, душман менен беттешке чыкканда, ар дайым Ферганага соодага кетчү. Атасынын баркы менен анын соодасы да түзүк болгон. Ал ушинтип өткөн өмүрүн эске салып, улам бир окуяларды көз алдынан чубуртуп өткөрүп жатып уктап кетти.

Бир маалда байланып турган аттардын кошкурган дабышы угулду да, Мырзабек кокусунан чочуп ойгонду. Азыр деле караӊгы түн. Жана ойгоо жаткандагы жымыӊдаган жылдыздарга толгон түн азыр деле калыбынан жазбаптыр. Кыязы, таӊ сөгүлөрүнө дагы бир чай кайнам убакыт бар. Ал акырын оӊ тарабына оодарылып, анан нары карап тизесин кучактап бүкчүйүп уктап жаткан дунганды көрдү. Көзүнүн төбөсү менен баш жакта жаткан Баатырбекти карады. Ал чепкенди курсагына жаап, чалкасынан, керилип кенен жатат. Мурду коӊкоюп, улам коӊурук тарткан сайын барбая калып, кайра калыбына келип турду. Ордунан акырын башын көтөрүп, сактык үчүн дагы бир жолу экөөнү карады. Чынында экөө тең таттуу уйкуда жатышат. Бул маалда аттар дагы кошкурунушту. Булар жөн кошкурунбайт эле, жакын жерде ит-куш бар го. Тигине, бир жерде жанаша өскөн чийлердин арасынан дабыш чыкты.

Шагыл таштарды жөө басып келаткан кишинин дабыштары чыкты. Бирок үн-сөзү жок. Акырын, уурданып келаткандай. Мырзабек Баатырбекти ойготууга чакырайын деди да, кайра колун тартып алды. Замбирек калса калсын, акырын качып кетиш керек. Ал отурган ордуна кайра акырын жатып солго бир жолу абайлап тоголонду. Дабыш чыгарбай! Анан дагы бир жолу тоголонду. Тигил калыӊ чийдин арасынан дабыштар жакындап келатат, бирок караандары көрүнбөйт. Ал дагы бир-эки жолу тоголонду да, дөӊдөн ылдыйды көздөй бир топ чаӊ ызыгытып кетти. Дөӊдө аттар кишенеп, кишилердин айкырганы, мылтыктын тарс эткен үнү угулду да, жатып калды. Камыштан камышка, таштан ташка бекинип, улам бир чуркап чыгып, улам бир отура калып, Мырзабек келген тарапты көздөй бет алды. Артта Баатырбектер колго түштү же ажал табышты деди ичинен.

*     *     *

Көз жеткен жердин баарында кар жатат. Тоолор, талаалар, жолдор бүтүндөй ак карга жамынган. Тээ токой тараптан чапанынын жакасына кардын катып калган муздары ылдый тартылып, этек-жеӊи карга сүйрөлгөн бир караан илкий басып араӊ келатты. Иреӊи баягыдан кара тартып, сапсыйып эпсиз өскөн сакал-мурутуна жылтылдап ар жеринен тамчы муздар жабышкан. Анын көлбүп, өзүнө чоӊ болуп калган бул сый чапаны, алыстан арык абышканын элесин берип турду. Мурда билгендер, мунун азыр Мырзабек экенин алгач аӊдап билишпесе керек.  Бери жактан атчандар карды жиреп чаап барып, Мырзабектин алдын торой чыгышты. Анын кайраты бошой түшүп, колунан таягы кулады да, кар үстүнө чөгөлөп калды. Атчан караандардин бири жерге секирип түшүп, Мырзабекти колунан кармап, далысынан таптады. Бул анын бир тууган агасы болчу.

— Үйгө шашылбай туралы. Кары-картаӊ, катын-калачтын баарын өйдө, жогоруга көчүргөнбүз. Биз эми согушка аттандык. Азыр айылда жалаӊ эркектер калды,- деди агасы ат үстүндө сүлкүлдөп баратып. Анан да, дагы бир нерсени айтчудай болуп, эриндери билинер-билинбес титиреп кетти да, жүзүн ары бурду.

— Бизге сени, досу Акбар экөө жардан учуп кетти деп кабарлашкан. Кийин Акбардын сөөгү табылып, сенин сөөгүӊ табылбай калды деп да кабар келген, – ал муну айтып жатканда бир нерсени аябай катуу ойлонуп атканы жана Мырзабектин тирүү калганына эмес, башка бир нерсеге кейип атканы билинип турду.

— Сен орто жолдон Баатырбек балбанды таштай качып, душмандын колуна салып берипсиӊ. Аны уккан атам, сенин тирүү калганыӊа кейип, андан көрө өлгөнү жакшы болмок, эми үйгө келе турган болсо, айылга жеткирбей мууздап салгыла деген! – ал тигил жигиттерин бир сыдырып карап алды да: — Атамдын айткан буйругун аткарганы келдик! -деди тиштерин кычырата тиштенип.

Мырзабек ичинен муздап, үрпөйө түштү. Эки жагында ээрчип келаткан жигиттердин ырайын ошондо түшүндү. Баарынын ырайы бузук, үрөйлөрү суук болчу. Тили тамагына буулду. Ичине чок салгандай, туйлап жиберди.

— Анан сени биз акка моюн сунду деп, керектүү тажияны жасап, кырк күндөн кийин жаш токолуӊду инибизге баш байлаганбыз. Ал арадан сегиз ай өтүп көз жарып, эркек уул төрөдү. Анын атын Мырзабек деп койгонбуз. Ошол маалда сени тирүү экен деп уктук. Баарыбыздын айлабыз куруган, – анын кызарып кан талаган көздөрүнөн жылтылдап жаш кетти: – Сени эми аман келсе кантебиз?- деп бөлүнүп кеткен мал-мүлкүӊдү кайра чогултуп, атамдын буйругу менен токолуӊ менен инибизди кайра ажыраштырып, башын бош койгон. Келгенде, никеӊерди кыйдырмакпыз. Кантсе да, төрөлгөн бала сеники болчу экен. Биз сени соода кылып, Ферганага чейин барат деп сыйлачубуз! – деди да кызарган көзү менен нес болуп жалдырап калган Мырзабекке тигиле карады:  -Жок дегенде Акбарды куткара келсеӊ эмне?!

Алыстан жай бараткан атчан караандар кокусунан токтоп калды. Карга көмүлгөн айдыӊ талаада желп эткен жел жок, күчү кеткен күндүн нуру муздак абада үӊүрөйөт. Мырзабектин агасы көӊүл кош кынынан кылычын алып чыкты да, бир колу менен мизинин курчтугун текшерип сыдырып койду. Эки капталынан, артынан калбай ээрчип келаткан жигиттери да колдорунун жеӊин түрүп, кандайдыр бир белгини күтүп турушкансыйт.

— Атам сенин чыккынчылыгыӊды кечирбейт. Биз экөөбүз анын мүнөзүн беш колдой билип чоӊойдук. Темирдей тартип болмоюн, элден ырк кетет. Ырк кетсе – бак-дөөлөт кетет деген. Эл арасындагы мите курттарга жол бербеш керек. Алар көбөйсө, алардан укум-тукум чыкса, кыргыздын келечегин, жерин-элин сатат деген! Сени атам ошол мите курттарга теӊеди. Сен айтылуу балбан Баатырбекти сатып кеттиӊ! Сен досуӊ Акбарды душманга салып берип, өз башыӊдын амандыгын көздөп кеттиӊ! Мунуӊ кечирилгис! — деди да, жылтылдаган кылычын эки колу менен мыкчып кармап, өйдө көтөрдү. Мырзабектин жаны көзүнө көрүндү. Өлөт деген ушу тура!

Бир кездерде атасы айылдагы эӊ кары адамдын жалгыз уулун чыккынчылык кылгандыгы үчүн дарга асып, жазасын берген. Жүздөн эбак ашкан карынын нуру өчкөн жүлжүйгөн көздөрүнөн жаш кетсе да, анысын элге көрсөтпөй, боз үйдөн чыккан эмес. Ичинен айтып бүткүс арман менен миӊ жолу толгонсо да, эл көзүнө кайратын жазбай, башын жерге салган эмес. Ушуну ойлогондо Мырзабектин эси чыкты. Чын эле, өлдүм деди. А бирок азыр тирүү кайтып барганда эмне өзгөрөт эле? Жаш токолуна кайра кантип баш кошот. Башкалар үчүн андан маанилүү Ата-Журттун сүйүүсү турганда, Мырзабек үчүн иниси менен бир төшөктө жаткан токолун кайра койнуна жаткыруу өлүмдөн да жаман болмок. «Ал эми энемчи? Ал кантип мени кучактап, эркелетип саамайыман сылайт. Атамдын заары кайнап турганда, энемдин эт жүрөгү мен барсам жарылып кетет ко!» — ал азыр ушуларды ойлонду да, үстүндөгү тонун чечип, муздак абада жылаӊач мойнун созуп, көк асманды карап, өлүмгө даяр болуп туруп берди. Тээ чокуларын ак кар баскан тоодон муздак жел келгенде, ичиркенип кетти.

— Мырзабек, иним – агасы кылычын ылдый кылып – Мени кечир! Жок дегенде ажалга тик кара, – деди да, көздөрү менен Мыразбекти жалооруп карады. Ананчы, башкалардан экөө ынак эле. Тээ, баёо кыял бала кезде чогу уктап, чогу туруп, чогу аӊ уулап, эгиз козудай ээрчишип чоӊойушканычы.

Агасынын сөздөрүнө эреркеп кеткен Мырзабектин көздөрүнөн ысык жаш чыгып, жаак ылдый куюлду. Анан барып ичине от менен жалын түтөп, кандайдыр бир улуу күч анда пайда болгондой, эми ал азыр өлүмдөн да коркпой тургандай болду. Өзүнүн кетирген күнөөсүнө моюн сунуп, аны менен чогуу тиги дүйнөнүн түбөлүгүндө күрөшө тургандай болуп жеӊдерин түрүндү.

— Мен жерге кирейин! – ал азыр ушул кейиштүү үнүн чыгарды да, алаканын жайып, көккө карап, Кудайга жалынып кирди. Анын эриндери кыбырап, бир нерселерди шыбыраганы менен мында тургандардын бирине да угулган жок. Өз ичинен дуба окуду. Өзүнөн өзү итиркейи келип, жаны кейиди. Баары кеч болгонун билип турса да, баарын кайра баштан оӊдогусу келди.

— Жигиттер, силер алдыга бастыра бергиле. Артыӊардан кууп жетем! – агасы үнүн бийик чыгарып буйрук кылды да, анан акырын: — Мен инимдин жазасын өзүм берем… – деди угулаар-угулмаксан кылып.

Карды кыртылдата бастырып атчан жигиттер алдыга озо беришти. Өзүндө мурда болуп көрбөгөн кайратка келе түшкөн Мырзабек алдында атын ойдолоктотуп нарыдан-бери башын буруп турган агасын тигиле карады:

— Эп көрсөӊ, мени кечир ага! Мен өз жазамды өзүм тартайын. Душмандын уюгуна барып, жардыргыч заттарын жардырайын. Өзүм менен кошо ала кетип, акыры катамды оӊдоп кетейин, -деди да, башын жерге салып шылкыйып: — Өлтүрсөӊ мына, башым тартуу! – деди.

Ак кар баскан кеӊ талаанын учунда кетип бараткан атчан караандар бирин-серин токтоп бери карап, анан ылдыйды көздөй жарымына чейин, кээси толугу менен кирип, караандары көрүнбөй калды. Алар айылга бараткандагы сайды жээктеп кетишти.

Батыштагы тоолорго Күн акырын чөгүп баратат. Айлананы тегиз баскан кар көздү уялтып, алыстан эки караан төшүнө төштү тийгизип, кучакташып, кол алышты да, экөөнүн бири жөө жалаӊдап айылды көздөй, экинчиси атка минип, жылуу чапан жабынып, колуна замбирек кармап качып келген тарабына жөнөдү.

Ат үстүндө сүлкүлдөп бараткан Мырзабектин жүзүнө кан жүгүрүп, кайраты курчуду. Ал ушул айлананы суктануу менен карап, эч бир капарсыз, дээрлик бактылуудай, көӊүлү ток кетип баратты… Ээх, Ата-Журттун жүгүн көтөрүү кандай сыймык!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.