Марий эл жомогу: Аары кайтарганда

Мурда менин атам аары бакчу. Жөн бакчу эмес ар бир аарысына Майра, Тайра, Анна деген сыяктуу өзүнчө аттарды коюп, баардыгын сылап-сыйпап эркелетип турчу. Бир ирет атам мени бал челектерди кайтарууга жиберди. Алар дарыянын аркы жээгинде болчу. Ошентип дарыяга жеткенимде наркы өйүздө өгүздөй болгон чоң аюу Тайра аттуу аарыбызды жара тартып жеп жатканын көрдүм. Эмне кылыш керек? Тиякка-биякка чуркап, кайык же көпүрө таппаганымда акыры өзүмдү-өзүм желкеден алып ыргыттым эле, бир заматта наркы өйүздө болуп калдым. Бирок аюу Тайраны жеп, сөөктөрүн гана […]

Василий Бартольд: Енисей кыргыздары x кылымдан кийин

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок. Балким, кыргыздардын начарлашынан алардын эски душмандары, Кара-Кожо менен Бешбалык шаарлары кирген аймакты ээлеп турган уйгурлар пайдаланып кетишсе керек. 981-жана 984-жылдардын аралыгында аларга кытай элчиси Ван Янь-дэ (кытайлардан эмес, улуттук Сун сулалеси башкарган Түштүк Кытайдан) келип […]

Ырысбай Абдыраимов: Кыйын күнгө кайыкпа

АҢГЕМЕ 1997-жыл. Күздүн соңку айы. Ал көнүмүш адатындай  Альберттин кеңсесине барган. Укукчу менен анын туугандары, кеңсесинин кайратмандары  жер сатууга каршы  жыйынга үндөп, күн мурунтан айыл-кыштактарга чакыруу барактарын таркатып жүрүшкөн. Кеңсе алдында жүдөө орус кемпир кетерин же кимдир-бирөөнү күтөөрүн билбей, эки анжы ойдо буйдалып турган. Сакадай андан жөнөкөй кийинген эки киши “баш аламандыкка үндөдү” деген күмөн менен алдуу-күчтүү Альбертти кармап, убактылуу кармоочу жайга жетелеп кеткенин укту. Алардын милиционер экенин кийин көчөдө атайын форма кийимчен жүргөн кезинен тааныды. Кызыл шапкечендер укукчунун сары […]

Дүйнө лидерлери канчадан маяна алышат?

Эмнегедир бийлик ээлери мамлекетти башкаруу чынында эле татаал жана жоопкерчиликтүү жумуш экенин сезе беришпейт. Ошенсе да, президенттин эмгеги өйдө бааланышы керектигине бардыгыбыз эле макул болобуз. Анда эмесе кайсы элдин президенти канча айлык аларын карап көрүңүз. Дональд Трамп — АКШ Президенттин маянасы болгону 1 доллар. Ага чейинки америкалык президенттердин маянасы жылына 400 миң долларга жакын болгон. Дональдын байлыгы 3 млрд долларды түзгөндүктөн, 400 миң доллар ага майда тыйын эле болуп калса керек. Айтмакчы, АКШда минималдуу айлык — 1 160 $. Петр […]

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (1-маек)

«Элиңе адилеттик кааласаң, чыныгы ниетиңди төшөп, кеменгер адамдар менен тилектештикти чыңда. Арийне, адамдардын табият буюрган көрөңгөсү аралашканда гана ошол коомдо ар дайым жалпы кызыкчылык жаралат». Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ Адаттагыдай «РухЭш» сайты жана «Сармерден» ресторанынын өнөктөштүгү менен уюшулуп келген интеллектуалдар альянсынын бул жолку меймандары – экс-генпрокурор, экс-эл депутаты Аида Салянова, мамлекеттик жана коомдук ишмер Орозбек Молдалиев о.э. юридика илиминин доктору, саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев менен улуттук саясат туурасында «Сармерден» ресторанынын сый тамагы үстүндө кеңири сөз козголду. Олжобай Шакир: Биринчиден, атайы убактыңыздарды […]