Эмнегедир бийлик ээлери мамлекетти башкаруу чынында эле татаал жана жоопкерчиликтүү жумуш экенин сезе беришпейт. Ошенсе да, президенттин эмгеги өйдө бааланышы керектигине бардыгыбыз эле макул болобуз. Анда эмесе кайсы элдин президенти канча айлык аларын карап көрүңүз.

Дональд Трамп — АКШ

Президенттин маянасы болгону 1 доллар. Ага чейинки америкалык президенттердин маянасы жылына 400 миң долларга жакын болгон. Дональдын байлыгы 3 млрд долларды түзгөндүктөн, 400 миң доллар ага майда тыйын эле болуп калса керек. Айтмакчы, АКШда минималдуу айлык — 1 160 $.

Петр Порошенко — Украина

Президент болгуча Порошенко деле ийгиликтүү бизнесмен катары таанымал эле, бирок ал маянадан баш тарткан жок. Украиналык лидер жылын 12 220 $ алат. Бул айына миң доллардан ашык. Ал эми өлкөсүндө минималдуу айлык болгону 133 доллар.

Си Цзиньпинь — КНР

Жолдош Цзиньпиндин бизнес кылган туугандарынын байлыгы — 400 млн. долларга бааланат, ал эми төраганын өзү жылына 20 миң доллардан ашык маянага иштейт.  Кытайда орточо айлыктын көлөмү ар кайсы провинцияда —  150 $ дан 300 $ долларга чейинки сумманы түзөт.

Саули Ниинистё — Финляндия

Финляндия президенти жылына 147 миң доллар алат! Минималдуу айлык өлкөдө официалдуу түрдө айтылбайт, бирок аналитиктердин эсебинде болжол менен 2 000 $.

Владимир Путин — РФ

Россия  Финляндия эмес дечи, бирок Путин жылына 150 миң доллардан ашык маяна алат, ошол эле убакта өлкөдө минималдуу айлык акы болгону 140 $.

Тереза Мэй — Великобритания

Учурдагы премьер-министр туфлилерди коллекция кылганды жакшы көрөт, жылына алган 200 миң доллар, анын бул хоббисине жакшы эле көмөк болсо керек. Британиялыктардын минималдуу маянасы — 1 569 $.

Эммануэль Макрон — Франция

Президент болгуча Макрон жылына миллион доллардан ашык иштеп тапчу экен. Азыркы айлыгы болгону 211 миң долларды түзөт. Францияда эң төмөнкү маяна — 1 758 $.

Жимми Моралес — Гватемала

Жимми эң кызыктуу адамдын бири, ал шайланарда өз маянасынын жарымын кайрымдуулукка жумшайм деп убада кылган. Ал азыр Латын Америкасындагы эң жогорку маяна алган адамдардын бири. Ал жылына 232 000 $ айлык алып, убадасы боюнча анын жарымын ар кандай уюмдарга которот! Эң кичине маяна өлкөдө болгону 200 доллар.

Ангела Меркель — ФРГ

Немис канцлери кызмат квартирасынан баш тартып, өзүнүн Берлиндин борборундагы үйүндө жашайт. Анын маянасы жылына 263 миң доллар. Минималдуу айлык Германияда  — 1 780 $.

Жастин Трюдо — Канада

Канадалыктардын эле урмат-сыйына татыктуу болбостон, башка элде да жакшы атагы бар, башка жаш саясатчылардан өзгөчөлөнгөн Жастин өз эмгеги үчүн жылына 267 миң доллар алат. А бул өлкөдө орточо минималдуу маяна 1 400 $.

Малкольм Тернбулл — Австралия

Дагы бир корпорациялык башкарууну мамлекеттик башкарууга алмаштырган бизнесмен  Тернбулл да ага сунушталган маянадан баш тарткан жок. Ал ага таза жеңиш аркылуу жеттим деп эсептейт жана ал жылына 400 миң доллардан бир аз көбүрөк табат. Минималдуу айлык өлкөдө салыштырмалуу аз — болгону 900 $.

Ален Берсе — Швейцария

Швейцария президенти — бул өлкөдө жөн гана формалдуу кызмат, анткени ал өзгөчөлөнгөн укуктарга ээ эмес, кадимки депутаттын айлыгын алат— жылына 437  доллар. Бул жашоочулар саатына орточо 20 $ доллар алган өлкөдө өтө деле таң калыштуу нерсе эмес.

Ли Сянь Лун — Сингапур

Бул дүйнөдөгү эң бай лидер. Легендардуу атасы Ли Куан Юдан мураска калган премьердин креслосу, ага, жылына 2,2 млн доллар маяна берет! Бул дагы эки жыл мурда айлыгы  36 % төмөндөгөндөн кийинкиси. Ал эми минималдуу айлык өлкөдө 1 000 $.

Ким Чен Ын — КНДР

Алибетте, Кимдин маянасы эч кимге белгисиз, бирок анын диктатордук мүнөзүн эске алсак, аз алат деп айтууга болбойт, балким, Ли Сянь Лундукунан да көп болушу мүмкүн. КНДРдын  ички дүң продукциясынын көлөмү 12 млрд долларды түзөт, демек акча бар.

Албетте, өлкөнү башкаруу— бул эч бир талашсыз чоң жоопкерчилик, бирок адамдар ушундай чоң сумма үчүн эле кызмат талашып жүрүшөбү?  Качандыр бир убактарда бул кызматка татыктуулардын татыктуусу шайланат деп эсептешчү. Мени менен көп адамдар макул болушат деп ойлойм, бизде ойдогудай иштегендер деле жок.

Бирок актрисалар баары бир алардан көп алышат! А сен кандай деп ойлойсуң, алар ушундай маяна алууга татыктуубу?

Автору Андрей Безуглый

Которгон Абийрбек Абыкаев

Булак: http://hronika.info

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.