Махамадсабирова Жаркынай: Танабай жана Гүлсарат (өспүрүмдөр конкурсуна)

“Айтматовдун мен окуган чыгармасы” конкурсуна №1 дилбаян Ч. Айтматовдун “Гүлсарат” повести Чын айтамын, балким жалган туюлар, Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар. Окшоштурам мен Чыңгызды тоолорго, Оркойгон тоо улам көзгө урунар – деген экен бир акын. Чындыгында Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу жазуучусу, залкар таланттын ээси болуп эсептелет. Анын кайсы чыгармасы жөнүндө айтпайлы ар дайым анын улуулугу далилденип турат. Кыргыз эли байыртадан эле колуна жылкы тукумун асырап келет. Ар бир кыргыз баласы ат үстүндө камчы ойнотуп жылкы менен тагдыры туташ болгон. […]

Зарина Кулбаракова: Сүрѳт (конкурска)

АҢГЕМЕ Франциянын Париж шаарындагы «Лувр» музейинин кѳргѳзмѳ аянты. Бирин-экин баскан ар түрдүү улуттагы адамдар. Сүрѳттѳрдү тигиле карап, ѳз ара маектешип, кээси жылмайса, кээси кабагын чытый түшүп шыбыраша кетишет. Аянттын кире беришинде «Кѳчмѳндѳр цивилизациясы» деген жазуу, ал жазуунун алдында конокторду утурлап кѳргѳзмѳнү уюштурган башчы, жанында котормочу жана музейдин мүдүрү ийкемдүү жылмайып, келгендер менен саламдашып аларды аянтка узатууда. Жаңы эле учактан түшүп башы айланган Канай саамга токтоп, бир катуу үшкүрүп алып, кѳйнѳгүн түзѳп, тепкич менен шашыла чыкты. Кѳргѳзмѳ аянтынын оозуна келип, эки […]

Арген Шабданов: XXI кылымдын студенти (конкурска)

АҢГЕМЕ Күз айы. Жалбырактарынан айрылган жылаңач бак-дарактар. Күн чыгышка карай учкан куштар. Боз булутка толгон асман. Жамгыр жаасамбы же жаабасамбы деп тургансыйт. Мунун баарын күтүрөгөн күз мезгилинин акыркы жана көпчүлүктүн ою боюнча депрессия айы болгон ноябрда көрүүгө болот. Азыр туура ошол мезгил. Ноябрь. Жолдор ным, сары жалбырактардын айрымдары ылай аралашкан болсо, айрымдары жамгыр алдында калып, суу болуп калган. Жаңы эле сабактан чыккан тогуз студент шатыра-шатман болуп сүйлөшүп келе жатышат… — Анча болду бетиме эле айтпайбы. Кыйытып кыйыр мааниде айтпай! – […]

Кеменгерлер эмне дейт?

Отто фон Бисмарк Түбөлүккө жашоочудай окуп үйрөн; эртең эле өлүмүң келчүүдөй жаша. *     *     * Эч качан согуш убагындагыдай, мергенчиликтен кийин жана шайлоолордун алдындагыдай көп калп айтылбайт. ♦ ♦ ♦ Артур Шопенгауэр Ар бир адам башка бирөөдөн өзүндөгү нерселерди гана көрөт жана аны өз дареметине жараша баалайт. *     *     * Адамдын ички дүйнөсү, анын тапкан байлыгынан алда канча маанилүү. *     *     * Көпчүлүк адамдар өз алдынча ойлонууга жөндөмсүз, алар дайыма бирөөлөрдү  ээрчип жүрүшөт жана акыл-эске эмес, күчкө баш ийет. *     […]

Жетиген Асанбек: КСДПдагы кыйсыпыр

Кысыдыпыдагы кыйсыпырдын азыр чаңы ызгып турган кез. Так ушул чаңы асманга сапырылып аткан партиянын депутаттары Кыргыз Республикасынын эң жогорку бийлик бутагынын бири – Парламентте эң көп орунду, бакандай 31%ын ээлеп, мамлекеттин дээрлик бүт тараза ташын ары-бери калчап келатышат. Жыйынтыгында, мамлекеттин бекемдигине доо кетип атканы аз келгенсип, адамзаттын мыкаачы колу Ала-Тоону алмустактан Ала-Тоо кылып келаткан ак мөңгүгө чейин жетип, сапырылган саясат санаага салып турат. Бул жыйынтык – жумуруңа жук болбогон 1000 сомго берген добушуңдун жыйынтыгы, өз шорун өзү ичип аткан шоркелдей […]

Абдывахап Нурбаевдин эстафетасын вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алды

Акыркы убактарда күнүмдүк жаңылыктарды окугандан башыбыз чыкпай калган кезде руханий жактан биздин көөдөнүбүздү ачып, тил байлыгыбызды, дил байлыгыбызды өстүрүп келе жаткан маалымат булагы катары «РухЭш» сайты сап башында турат. Бул сайтты негиздеген Олжобай Шакирдин таамай жана курч жазгандарын окуп, ностальгия менен улам-улам Салижан Жигитов эсиме түшө берет… Ар бир доор өз дербиштерин талап кылат дейт. Олжобай Шакир да бул ишин дербиштик кадам катары сыпаттап, өз күчү менен чоң бир мекеменин ишин аткарып келет. Бул сыяктуу агартуу багытындагы долбоорлор коомчулук тарабынан […]

Саул Абрамзон: Кыргыз элинин чарбалык уклады

Кыргызстандын территориясынан табылган археологиялык көп сандаган эстеликтер бул жерде байыркы мезгилде эле бай жана ар тараптан өнүккөн маданият болгондугун айгинелеп турат, ал маданият Орто Азия кош өзөнүнүн аймагында, ага канаатташ жаткан тоо-талаа жерлеринде жашашкан уруулардын жана элдердин маданияты менен тамырлаш. Байыркы мезгилде жана орто кылымдарда Тянь-Шанды жана Памир-Алайды мекендеген уруулардын урпактары тигил же бул даражада кыргыз элинин курамына кирген, ушундан улам бул территорияларда мурда жашап өтүшкөн элдин чарбачылык турмуш, тиричилик жана маданият салттары менен азыркы кыргыз калкынын бул жагынан белгилүү […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын медери – Бала

«Балалуу үй – падышалуу үй». Бул макал элибиздин бала жана анын коомдогу орду тууралуу кеменгер ой тыянагы десек болот. Биз анын кызматчысыбыз. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген нусканын төркүнү ошол жакта. Демек, падыша жакшы болуш үчүн, биз жакшы болушубуз керек. Бирок бүгүн коом да, бала да, ага кызмат көрсөткөн тармак да оору. «Биринчи байлык – ден соолук» деген менен, дал ошол билим берүү тармагы баланын ден соолугун да, жан соолугун да көп жагынан өксүтүп жатканын тана албаспыз. Демек, аны […]

Жек Лондон: Мартин Иден

XXX ГЛАВА <<<<<<<<<<< Башы Күздүн күнү мээримдүү ачык күнү, мындан бир жыл мурда эрте күздө экөө алгачкы жолу бирин-бири сүйөрүн билдиришкен күнкүдөй эле Мартин Руфка өзүнүн «Сүйүү жөнүндөгү сонеттерин» окуп берип жатты. Экөө далай татуу ирмемедерди өткөргөн баягы көзгө тааныш жакшы көргөн дөңсөөлөрдүн арасында отурушту. Мартиндин окуп аткан ырын Руфь бир нече ирет шаттанган доошу менен токтотту. Мартин окуп бүтүп, кыз эмне деп айтар экен толкундана күтүп калды. Руфь азыр айта турган сынын бир аз жумшарта турган керектүү сөздөрдү издегендей […]

Олжобай Шакир: Улуттук баш кийим Байпакбаевдин да, Калпакбаевдин да колдоосуна муктаж эмес

Ак калпактуу канча макта бабаңды, Ак калпактын алды бирок караңгы! (Автордон) Немистин улуу философу Артур Шопенгауэрдин таамай айтканы бар: «Улуттук сыймыктан өткөн куру сыймык жок». Оо качанкы сөөгү сөпөт болгон Шопенгауэрдин бул айтканы бүгүнкү реалдуу турмушубузда жүзөгө ашып турган кезең. Парламент депутаттарыбыздын саларга кушу, кыларга иши жоктон бетер жакында эле ЖК депутаты Экмат Байпакбаев («Республика-Ата Журт» фракциясы) тарабынан кыргыздын улуттук баш кийими – калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Минтип эл өкүлдөрү коргоого ала турган […]

Алтай эл жомогу: Кой менен ит

Тоого кыйын чыгып, дүйүм чөптүн түрүн жеген кой тимеле куйругун көтөрө албай укмуштуудай семирет. Адамдын көзүн кубантат. Ал эми аны көргөн ит арданат: — Ушул койчо жокмун,  кожоюндун жугундусун аңдып, курсакты күнгө кактап жаткандан башканы билбейм, тукумдарым да ушундай болушат, андан көрө койдун башын айландырып, кожоюнга жаман көргөзөйүн, — деп ага кайрылат: — Аа кой курдаш. Сенин козуларың барбы? — Бар, болгондо да экөө, — деп мактана жооп берет кой (баардык эле семиздер мактанчаак келишет). — Жакшы экен. Каалайсыңбы, мен […]

Өскөн Даникеев: Добул өтүп кетти

АҢГЕМЕ — Ырыскул, эми мен үйгө кетейин. Мал, короо-жай эмне болду. Чал каягына жетсин. Жүдөп жаткандыр. Кудаанын дегени экен, эми эс-акылыңды жыйып, оокат-тиричилигиңе кара, — деп Гүлсайра жоолугунун бир учун ийнине арта ыргытып койду. Жапкактанган көгүлтүр көздөрү бетмаңдайында отурган Ырыскулга «Ата байкуш ай күйөт имиш» дегендей жекире карайт. Ырыскул лам дебеди. Көз кыйыгын төрдөгү эч нерседен капарсыз, эриндерин бүлтүйтүп, таттуу уйкуда жаткан перзенти — Айгүлгө жиберет. Ан сайын ичи тызылдап, заманасы куурулат. Анан кантсин, тигинин «кетемин» дегенинде далай сыр жатпайбы. […]

Гүлзада Станалиева: Өлүм аркылуу өмүр маӊызын ачкан чыгарма

Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести терең философиялык чыгарма. Повестте төрт (үч эркектин жана бир кичине баланын) кишинин улуу деңизге балык ууга чыгышы жана табияттын катаал кырсыгына туш болушу адамдын өмүр сүрүүсүнүн маанисин, нравалык тандоо процессинин маңызын, өлүмгө болгон мамилени иликтөө үчүн трагедиялык жүйөө болуп берген. Жазуучуга калемдеши Владимир Санги айтып берген нивх элинин уламышы повестте ушул маселелердин тегерегинде ой жүгүртүүгө негиз берет. Чыгармада жай турмуштан суурулуп, деңизден олжолуу кайтабыз деген илгери үмүт менен чыккан мергенчилердин биринин да капарына […]