Абдил Шерматов: Көңүл өйүгөн ойлор (1-макала)

Жаңы президентибиз бир жылдан бери шайлоо алдындагы платформасын ишке ашыруу менен алектенип келатканын көрүп-билип турган элдин: “Арты кандай болор экен?”-дегени калбас болду. Бул “Жакшыраак болсо экен дегенбиз, кайра эле баягыдай болуп калды”, — деп көзү өткөн орус премьери В.Черномырдин айткандай, мурдагы президент А.Атамбаевдин экс-президенттер А.Акаевден жана К.Бакиевден айырмасы болбой калганын көрүп, бийликтен көңүлү калган коомдогу абал экени түшүнүктүү. Ал аз келгенсип, алардан калган мурас, атап айтканда, каран түн түшүрчүдөй калыңдаган карыз, өлкөнүн чүйгүн жерлерине жөргөмүштөй желелеп алган коррупция жана угулар-угулмаксан […]

Кыргыз эл жомогу: Сулуу келин

Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табылбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын», — деп камчысын бүктөп олтура калып: — Экөөбүз баш кошсок кандай […]

Жозеф Эссбергер: Жүзүм сыкма

АҢГЕМЕ Чарльз де Груз Парижде чет элдик меймандарды коноктоп жатканда: «Чыныгы кызыл шараптын даамынан ыракат алуу үчүн сѳзсүз Француз болуунун кажети жок» — деп айтаар эле. «Бирок бир нерсени билүү Француз болууну талап кылат» — деп күлүп кошумчалап коёр эле. Француз дипломатиялык корпусунда кызмат ѳтѳгѳн граф де Груз жубайы менен  Вольтер кѳчѳсүндѳгү кооз үйлѳрдүн биринде жашачу. Ал жагымдуу, албетте, маданияттуу киши боло турган, ошондой эле берешен кожоюн жана таң калтырган аңгемечи катары ѳзгѳчѳ кадыр-баркка ээ болучу. Бул кечедеги меймандардын баары […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын булагы – Билим, чырагы – Илим

Илим-билим – таанып-билүүнүн тамырлаш эки салаасы. Бири жаңы маалыматты жаратуу ыкмасын билдирсе, экинчиси ошол маалыматтын натыйжасын туюнтат. Адатта бул түшүнүктөрдү араб тилинен кирген сөздөр катары кабылдап келебиз. Акыйкатта алар эне тилибиздеги «бил», «ил» деген этиш сөздөрдөн -ым мүчөсү аркылуу жасалган эле зат атооч сөздөр: ал+ым, сал+ым ж. б. сыяктуу. Кыргыз тили улама (агглютинативдүү) тил катары уңгуга мүчө уланып, жаңы сөздөр жасалуучу касиетке ээ. Мисалы, «бил» деген уңгу сөздөн жасалган түшүнүктөрдүн баарына аң (акыл) күчү (когнитивдүүлүк), ал эми «ил» деген сөздөн […]

Харуки Мураками: Импанемалык кыз

АҢГЕМЕ Күнгө күйгөн, аркар мүчө келишкен, О! Импанема шаарындагы сулуу кыз. Самбонун ыргагында чайкалып, Байкамаксан өткөнүңө жүрөк тыз. Сен мага жагасың деп айта берем, Сулуу кыз, жүрөгүмдү арнап келем. Бирок сен мен байкушту элес албай, Барасың көк деңизден көз айырбай. Импамелалык кыз 63-жылы чалкыган деңизди карап турган. Бүгүн да 82-жылы деңизди так ошондогудай карап турат. Жылдар таасир бербептир. Образда катып, мезгилдин деңизинде унчукпай гана калкып келет. Же жылдардын таасири тийдиби – ал кырктарга барып калды болуш керек. Балким  ал азыр […]

Жалалидин Жээнбай: Мамлекет кароосуз калтырган окумуштуулардын абалы…

Орусиянын «Диссернет» коому 2018-жылдан тартып, Тажикстан менен Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштаган. А дегенде эле көчүрүп алуу фактылары аткаминерлердин илимий иштеринен табылган. Плагиаттын издери чыккан аткаминер Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болду. Мындан тышкары, уюм Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) деканы Данияр Жумалиевдин кандидаттык диссертациясынан плагиат тапкан. Анда 132 беттен турган диссертациянын 96сы көчүрүлгөнү аныкталган. Бул окуялардан кийин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун илимий иш плагиат менен жазылганын […]

Бактыгүл Сексенбекова: Адашкан карек (конкурска)

АҢГЕМЕ Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бара жаткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде… Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп: — Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп кой Баку, — дегенинен ала койдум. Жагымдуу, көтөрүңкү маанайдагы жаш жигит жакын адамындай сүйлөп жатты. Мен аны тааныбагандыгымды билдирбөөмдү ымдады […]