АҢГЕМЕ

Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бара жаткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде…

Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп:

— Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп кой Баку, — дегенинен ала койдум.

Жагымдуу, көтөрүңкү маанайдагы жаш жигит жакын адамындай сүйлөп жатты. Мен аны тааныбагандыгымды билдирбөөмдү ымдады жолдошум. Ал-абал сурашып, бир аз сүйлөштүк. Мына ушул күндөн баштап мен Аман аттуу баланы тааныдым.

Угушумча, Амандын ата-энеси эки жолго түшүп, атасы башкага баш кошот, апасы болсо балдарын балдар үйүнө тапшырып, Казакстанга иштеп кетип калат. Балалыктын бал күндөрүн татуунун ордуна, балдар үйүндө ата-эне мээримине зар болуп, “балам”, “берекем”, “жарыгым”, “көлөкөм” деген сөздөрдү укпай, ый-муңун жаздыгына төгүп, апасынын жуурканын кымтыганын көрбөй, өз жашоосу үчүн күрөшө башташат. Аман шоктугунанбы же илгери жакшы үмүткө жетелениппи, айтор, интернаттан качып, Чолпон-Атага бирөөгө малчы болуп иштегени келген экен. Ушул жактан жолдошум менен таанышып калыптыр.

Малын бактырган адам дагы оңой эмес чыгаар. Өзү жетим болсо, багаар-көрөөр эч кимиси жок болсо, айлыгын эле айына берип жатыптырбы… Интернаттын тартибинен качып келип кыязы бул жактан деле чекеси жылып, келечекке шам, күнүмдүгүнө кененирээк нан таба албаптыр. Анда Аман 15-16 жаштардагы эле өспүрүм экен да. Ошентип жүргөндө интернаттан издеп келишип, шаарга алып кетишиптир. Андан кийин анда-санда телефон менен жолдошума байланышып  турчу экен.

Жол жүрүп олтуруп Петровка айылына барып, түрмө каякта экенин билбей, сураштырып жүрүп араң таптык. Дарбазасынан кирээр замат жүрөгүм шуу дей түштү. Кудайыма шүгүр келтирип, эч кимге ушул жайда калууну каалабай турдум. Башка дүйнөгө түшкөндөй, чала салынып бүткөн эски дубалдарды, көгүчкөндөр кирип-чыгып учуп жүргөн сынык терезелерди карап алайып турдум. Баштыгыбызга Аманга деп чай-чамек, керектүү буюмдарды алган элек. Көтөрүнүп алып тизме тактоочу жерге барып, түрмөчү кызматкерге жолуктук. Биринчи жолу келгенибизди айттык. Ал бизге:

— Бул жактан азыр фамилиясы менен издейбиз. Ар бир камактагы адамга жакындары менен жолукканда китепче ачылат. Ошол китеп бар болсо жолугасыңар, болбосо баштыгыңарды берип, кете бергиле. Же азыр арыз жазып койсоңор кийинкиге китепчесин ачып койобуз,- деп жолугуунун шартын түшүндүрүп жатты.

Сулуучумак келген, орто жаштардагы эже көптөгөн кагаздардын арасынан Касымов Аман деген китепчени издеп жатты.

— Ал бала силерге ким болот?- деди издеп жатып.

— Алысыраак инибиз, — деди жолдошум.

— А мурда башка туугандар келчү беле?

— Билбейм эже, туугандары деле жок. Балдар үйүндө чоңойгон. Бизге деле жакында кабарлады.

— Каап, жок дегенде бүгүн силер жолугуп койсоңор жакшы болмок экен байкуш балага. Китеби да жок экен. Камалганына эки жыл болоюн деп калыптыр, эч ким келбептир да, — деп үшкүрүнүп койду эже.

Анан бир барак кагаз берип, толтуруп бергиле деди. Жаныбызда башкалар да  улам биринин китебин каратып жатышты. Ушунча келген соң жолугуп кетиш керек эле. Жолдошум жолугуу үчүн түрмөчү байке менен сүйлөшүп жатты. Бир убакта түрмөчү жолугууга келгендердин баарын ошол мен алайып тиктеген дубалдардын ортосундагы сүрдүү каалгадан киргизип, жалгыз аяк асфальтталган жол менен кийинки имаратка алып барып, кире бериште күткүлө деп, өзү кирип кетти. Жарым саатттай убакыт күттүк. Оюма тумандаган ойлор келип, кирип-чыгып жүргөн автоматчан жаш аскер балдарды карап, эне катары аларга да боорум ооруп, тынчсызданып койдум.

Мындай кооптуу жерде аскер кызматын өтөө деле абдан оор болсо керек. Кеч күздүн ачуу күн нуру тийип, ысытып жиберди. Колумда үч айлык баламды алып, биз карап күткөн каалгага жетпей, бактын көлөкөсүндө турган олтургучка олтура калдым. Балам тынч уктап жатты. Бир убакта алдыдагы балдар коридорго кирип башташты, күткөндөрдүн баары темир каалганы жарданып карап калдык. Түрмөчү ошол жерден чыгып, бир фамилияны айтты эле,  эки-үч киши баштыктарын көтөрүп кирип кетишти. Бир мүнөт убакыттан кийин дагы башкалары кирди. Бир убакта кызым чырылдап, ыйлап калды. Жолдошум түрмөчүгө:

— Бала менен келдик эле, биз жолугуп алсак кантет?- деди. Түрмөчү олуттуу үн менен:

— Силерге жолугууга болбойт, берчүңөрду таштап кете бергиле,- деди. Ошол учурда темир каалга чала ачылып турган эле. Каалганын бери жагында биз турсак, орто жерде тоок кепедей кичине жерден кийин тор эшик бар экен. Ошол жерде шыкалып турган көп кишилердин алайып үмүт кылган, жакшылык күткөн көздөрү менин көзүмө урунуп жатты. Арасынан бирөө:

— Ава, кетпегиле! Азыр жолугабыз. Байке, бала менен келишти эле, жолуктуруп коюңузчу, — деп чырылдап ийди.

Жанатан бери сүрдүү көрүнүп жаткан түрмөчү жибип кетти бейм, же жаш балалуу деп мени аядыбы, же Аманды аядыбы, айтор:

— Киргиле анда, — деп бизди киргизди.

Ак жүздүү, арыкчырай, көздөрү тоголок 19 жаштагы талдай жапжаш бала темир тор артынан колун сунуп, жолдошум менен саламдашты.

— Жеңе, бөбөгүмдү көрсөтүңүзчү! — деп тордун тешигинен сөөмөйүн чыгара калып, кызымды колунан сылады.

Каректери жанып, көзүнөн сүйүнүү сезилип турду.

— Кандайсың Аман? – дегиче эле түрмөчү түрткүлөп,

— Болду, болду, чыккыла! – деп калды.

Бир мүнөт… Кайда калбаган БИР МҮНӨТ… Адамга балким эки жыл тартуулай албаган кубанычты тартуулаган БИР МҮНӨТ… Бир өмүр сезилбеген сезимдерди тартуулаган БИР МҮНӨТ… Ушундай учурда бир мүнөттүн баасы кол жеткистей сезилет тура. Жаныбызда жүргөн жакын адамдарыбыздын бизге болгон мамилесин, убактысын кээде баалабай калат эмеспизби. Ошол баалуу БИР МҮНӨТ…  Баса, түрмөчү үчүн бул бир мүнөт эки жүз сом менен бааланыптыр. Аттиң, канчалаган күндөр, айлар, жылдар шамалга сапырылгандай учуп жок болду…

Чыгып бара жатып жолдошум үстүндөгү курткасын чечип, көтөрүп келген баштыгыбызга кошуп:

— Муну сага алып келдик, жылуу куртка, кийип ал, — деп тапшырды.

Темир каалгадан чыгып бара жатып, артымды карадым. Колуна бир көк пакетти кыса кармап, жалооруп караган көзү улам жылтылдап:

— Ава, кетпей тургула, азыр бирдеке бердиртем, күтө тургула, — деп кыйкырды.

Ичимен бир нерсе чогулуп келип, моюндан кысып муунтуп жатып, бышактап ыйлап ийдим. Жолдошум ийинин тосуп:

— Болду жаным, ыйлаба. Азыр кызым сага кошулуп ыйласа, мен экөөңөрдү кантип сооротом? – деп тамашага салып сооротуп койду.

Эч кандай сөз сүйлөөгө дарманым келбей бук болуп ыйлап жаттым. Качкым келди, бул жерден качкым келди.

— Сен барып бала менен машинага олтуруп тур. Бул жерде шамал экен. Мен азыр артыңан барам, – деп жолдошум машинанын ачкычын берди.

Жанагы асфальт жол менен келе жатып корктум. Билбейм, бирок корктум. Эки жагы дубал болгон жол менен келип, сыртка чыгаарда чалынчудай сезилип, эртелеп чыгайын деп, келмемди айтып кетип бара жаттым. Ушунчалык оор аура. Машинага келип олтурганда, баягы жылтылдаган карек көз алдыма тартылып, мээрим, жакшылык күткөндөй сезилип жатты. Ошол жылуу көз караш, ошол карек, үмүттүү көздөр, мен качып чыккан дубалдын артында калса дагы, көз алдыман кетпей турду. Бул күн мен үчүн өтө маанилүү күн болду. Убакыттын, эркиндиктин, сүйүүнүн кадырын дагы бир аңдап, адамдагы жакшылык, боорукердик, сагыныч сезимдеринин жүрөгүмдү жулкулдатып, козгоп жаткандыгын сездим.

Жолдошум артыман бат эле келди. Колундагы пакетти мага сунуп:

— Аман сага анан кызыбызга деп белек жасаптыр, ачып көрчү, — деди.

Ичинде жыгачтан жасалган эки кутуча бар экен. Ички бетине кызыл кездеме чапталып, капкагына бажырайган роза тартылып, сыртына да  ачылган кооз розалар, капталдарына жалбырактары төгүлгөндөй кылып кесилип, лак чачылып, абдан мыкты жасалыптыр. Машина жылып, бул айылдан акырын узап бара жаттык.

— Келгенибиз жакшы болгон турбайбы, жеңилдеп калдым,- деди жолдошум.

— Ооба, байкушка буга чейин эч ким деле келген эмес турбайбы. Ата-энеси, туугандары жок болсо кайдан…- дедим кубүрөнүп.

— Иниси бар болчу, ал дагы бир жыл мурун асынып алыптыр, — деп кабагын салып башын чайкады.

Жашоо… кимдин башына тагдыр эмнени салбайт… Жашоонун жакшылыгын көрө элек жатып, темир тордун артына камалган он тогуз жаштагы жигиттин талкаланган балалыгына, жаштыгына ким күнөөлүү? Жаңы чыккан жаш бүчүрдү сабагынан сыйрып алып, жат чөйрөдө өстүргөн балалык, таң заарда эми гана чыгып келе жаткан күндүн нуруп капка салып камагандай жаштык! Эч кандай туугандыгы жок бизди эмнеге нурлуу кареги менен тосуп алды? Күйүп-жанган карек эмнеден жаңылды? Ал карек кимге керек?Эртелеп тузун таттырып, эшиги темир, терезе тор түрмөгө жаткырган тагдыр. Жаман жолго түшүп, канатын кайрыган жаш баланын тагдырына ким күнөөлүү? Өзүбү? Жан дүйнөсү жабыркап, сүйүүнү, мээримди көрбөй чоңойгон баланын талкаланган жаштыгына ким күнөөлүү? Өзүбү?

Бардыгына өзү күнөөлүүбү? Эртең ал эркиндикке чыкканда, ысык нанын жайып, ысык чайын кайнатып, кубанычтан көзүнүн жашын көлдөтүп тосуп алаар энеси жок. Келечегине кам көрүп, аруу тилегин улантат деп, кайрат-күч берээр атасы жок. Ишенген тууганы жок, досу жок. Аны турмуштун ачуу-таттуусуна толгон, ак-караны, жаш-карыны ылгабаган, жакшы-жамандын баарысына чыдап, көтөрүп келе жаткан кара жер, анан көк асман тосуп алат. Туурмуштун оор сабагын, тарбиясын өз жон териси менен сезди, эми жолду өзү тандайт, өз тагдырын өзү жасайт…

…көп сырды өзүнө каткан карек,
Көлөмсүз, кичине чакан карек.
Ааламды адамга таанытып,
Адамдын көзүнө баткан карек…

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.