АҢГЕМЕ

Күнгө күйгөн, аркар мүчө келишкен,
О! Импанема шаарындагы сулуу кыз.
Самбонун ыргагында чайкалып,
Байкамаксан өткөнүңө жүрөк тыз.

Сен мага жагасың деп айта берем,
Сулуу кыз, жүрөгүмдү арнап келем.
Бирок сен мен байкушту элес албай,
Барасың көк деңизден көз айырбай.

Импамелалык кыз 63-жылы чалкыган деңизди карап турган. Бүгүн да 82-жылы деңизди так ошондогудай карап турат. Жылдар таасир бербептир. Образда катып, мезгилдин деңизинде унчукпай гана калкып келет. Же жылдардын таасири тийдиби – ал кырктарга барып калды болуш керек. Балким  ал азыр мурдагыдай күнгө тотуккан, татынакай болбой калса керек.  А балким андай эместир. Анын үч баласы бардыр, күнгө күйгөн,  татынакай эледир, бирок андан бери жыйырма жыл өттү да. Мезгилге арга барбы, эч нерсе кыла албайсың. Бирок пластинкадагы кыздын үнүнө, арийне, жылдар таасирин тийгизе албайт. Импамелалык бул кыз тенор-саксофон Стэн  Гецтин коңур ыргагына кошулуп келе берет, эч нерсе болбогондой, назик… мурдагыдай эле 18 жашта. Мен пластинканы бошотуп, ийнесин коё берер менен анын түспөлү көз алдыма тартыла берет.

Сен мага жагасың деп айта берем,
Сулуу кыз, жүрөгүмдү арнап келем…

Ушул ыргакты уккан сайын мектептин коридору эсиме түшөт.

Күңүрт, ным жыттанган, шыбы бийик, бетон полдон баскан кадамың жаңырып турган биздин мектептин коридору. Бир нече терезе түндүк тарапты,  мектепти капталдап турган тоого карайт. Ошондуктан коридор дайыма күңүрт. Анан да дайыма жымжырт. Кандай болсо да  менин эсимде мектептин коридору ошондой сакталып калыптыр – күңүрт жана жымжырт.

Кызык, эмне үчүн “Импамелалык кызды” уккан сайын мектептин коридору эсиме түшөт? Билбейм… Байланышы деле жок. Алтымыш үчүнчү жылдагы Импамелалык кыз менин эс тутуумдун кудугуна эмнеге таш ыргыта берет?

Ошол коридор эсиме түшкөндө көз алдыма жашылчадан тууралган салат тартыла түшөт. Салаттын жалбырактары, помидор, бадыраң, мурч, спаржа, пияздын шакекчелери жана “Миң арал”  аттуу күлгүн соус. Биздин мектепте, коридордун акырында, албетте, салат-ашкана жок эле деңизчи. Анда кадимки эле эшик, а эшикти ачсаң, кадимки эле жыйырма метрлик бассейн бар эле.

Анан эмнеге эле мектептин коридорун эстесем, көз алдыма салат тартыла түшөт?  Бири бирине тиешеси деле жок да.

А салатты эстегенде качандыр бир мезгилде анча-мынча тааныш болгон кыз эсиме түшөт.

Мына ошонун өзүндө кандайдыр бир иленчик бар. Анткени мен тааныган кыз жашылча салаттан башка, эч нерсе жечү эмес.

— Сен… кырт-кырт… англис тилинин сочинениесин… кырт-кырт… жаздыңбы?

— Кырт…кырт… жо-о…кырт…кырт…бүтө элекмин, кырт-кырт-кырт.

Мен да жашылчыны жакшы көрөм, ошондуктан, кезиккен сайын андан башка  нерсе жегенибиз эсимде жок. Ал бир ишенимге берилип алса анысынан оңой менен баш тартпаган  кыз эле.  Турмушундагы бардык ийгиликтерге  жашылча диетанын жардамы менен жетишсе болот деген терең ишеними бар болучу. Бардык адамдар жашылча-жемиштер менен тамактанса дүйнөдө сулуулук жана бейкуттук орнойт,  оору-сыркоо жоюлуп, адамдардын бири-бирине  сүйүүсү күчөйт, —  деген ишенимде эле. Кудум эле “Бүлдүркөн декларациясы”[1] киносу көрсөткөндөй.

“Илгери-илгери кайсы бир убакта, —   деп жазган бир философ, —  эс тутум менен материяны метафизикалык тунгуюк бөлүп турган мезгилдер болгон”.

1963/1982-жылдардагы Импанемалык кыз мурдагыдай эле ысык метафизикалык пляжда үнсүз басып бара жатат. Пляж узакка созулат, жоош, ак көбүктүү толкундар кумга жумшак урунат. Үп эткен жел жок, күн ачык. Деңиздин туздуу жыты келет. Аптап, күн куйкалайт.

Пляж чатырчасынын алдына жатып, баштык – муздаткычтан пиво алып чыгам. Ачам. Канча ичтим? Беш банкабы?  Же алтыбы? Тер менен чыгат да.

А кыз болсо токтолбой өтүп баратат.  Үч түстүү ичке бикини  күнгө күйгөн көрктүү денесине чыпталышып.

— Салам,- дейм мен.

— Саламатсыңбы, -деп жооп берет.

— Пиво ичесиңби?- деп сунуш кылам.

— Жакшы болот, — дейт ал.

Экөөбүз менин чатырчамдын алдында пиво ичебиз.

— Билесиңби, экөөбүз мурда да жолукканбыз, алтымыш үчүнчү жылы. Так ушул жерден, ушул убакытта.

— Чын элеби? Андан бери узак убакыт өтпөдүбү!

— Узак убакыт өттү, – мен макул болом.

Ал жарым банканы жутуп, банканын тешигинен ичиндеги  пивонун калганын карайт.

— Мүмкүн. Алтымыш үчүнчү жылы. Хм-м… алтымыш үчүнчү жылы… балким чын эле жолуккандырбыз.

— Сен өзгөрбөптүрсүң.

— Түшүнүктүү эмеспи. Мен метафизикалык кызмын да.

— Анда сен мени байкаган да эмессиң. Деңизди эле карап отургансың. Көзүңдү албай.

— Толук мүмкүн, — дейт кыз күлүп. — Дагы пиво барбы?

— Ананчы, — мен банка ачып берем. – Сен ошондон бери эле пляжда жүрөсүңбү?

— Оба.

— Таманың ысыбайбы?

— Жок . Тамандарым да абдан метафизикалык да. Көргүң келеби?

— Келет.

Ал келишкен буттарын сунуп таманын көрсөтөт. Жакшынакай метафизикалык таман. Муздак да эмес, ысык да эмес. Колум менен кармалап, толкундардын акырын шыбырын тыңшайм. Бул жерде жада калса толкундар да метафизикалык үн чыгарат.

Биз унчукпай пиво ичебиз. Күн асмана кадап койгондой катып калган.

Убакыт күзгүнүн артына жашынып калгандай токтоп турат.

— Мен сени ойлогон сайын мектебибиздин коридору эсиме түшөт,- дейм мен.  Кызык, эмнеликтен ошондой?

— Адамдын натурасынын маңызы — анын татаалдыгында жана көп түрдүүлүгүндө, — деп ой жүгүртө баштайт ал. Адам тууралуу илим объекти эмес, адамдын денесине камтылган субъекти изилдейт.

— Хм-м.

— Эмнеси болсо да, сен жашашың керек. Жаша, жаша жана жаша! Болду. А мен болсо жөн эле метафизикалуу тамандуу кызмын.

Ушул сөздөр менен санына жабышкан кумду күбүп, 1963/1982-жылкы ипанемалык кыз ордунан турат.

— Рахмат пивоңо.

— Эч нерсе эмес.

Кээ бирде мен ал кызды метронун вагонунда жолуктуруп калам. Мени көргөндө “Баягыда сыйлаган пивоң үчүн рахмат”, — дечүдөй болуп,  мага жылмаюу тартуулайт. Биз пляжда жолуккандан башка, биз бири бирибизге бир да сөз айткан жокпуз, ошентсе да мага — биздин жүрөктөрдү бир нерсе байланыштырып тургандай сезиле берет. Эмне байланыштырып турганын  билбейм. Балким байыркы бир, белгисиз дүйнөдө бирге болгондурбуз. Ошол түйүндө мектептин коридору, жашылча салат, “Бүлдүркөн декларациясы” көрсөткөндөй, вегетариан принцибиндеги кыз биригип жаткандыр. Ошондой ойлордон улам айлана-чөйрөгө көз карашың өзгөрүп, башкача — жылуу мамиле кыла баштайсың. А кандайдыр бир дүйнөдө, мени — өзүм менен өзүмдү байланыштырып турган бир түйүн бар болуш керек.

Качандыр бир мезгилде, алыскы бир белгисиз дүйнөдө мен өзүм  өзүмө жолугаарым шексиз. Ал жакта жылуу болсо жакшы болот эле. Анан да бир нече банка муздак пиво болсо, андан башка эч нерсени деле каалабайм. Мага ошол эле жетиштүү болот. Ал жакта мен өзүм менен өзүм болом, а  мен өзүммүн деп ойлогон мен, мага биригип калат. Ошентип биздин айырмабыз жоголот. Кандайдыр бир дүйнөдө ошондой керемет жай болушу керек да…

А 1963/1982-жылкы импанемалык кыз аптапту пляжа бүгүн да басып баратат. Дагы да, акырына чейин бара берет, акыркы пластинканын акыркы жиги жешилип бүткүчө.

Орусчадан которгон Марсел Исаков

[1] “The Strawberry Statement” – режиссер Стюарт Хэгмандын1960-жылдардын акырындагы америкалык студенттердин жана жаштардын бунту тууралуу киносу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.