Орусиянын «Диссернет» коому 2018-жылдан тартып, Тажикстан менен Кыргызстандагы илимий иштерди текшере баштаган. А дегенде эле көчүрүп алуу фактылары аткаминерлердин илимий иштеринен табылган. Плагиаттын издери чыккан аткаминер Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков болду. Мындан тышкары, уюм Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) деканы Данияр Жумалиевдин кандидаттык диссертациясынан плагиат тапкан. Анда 132 беттен турган диссертациянын 96сы көчүрүлгөнү аныкталган. Бул окуялардан кийин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Көзөмөл мекемеси 40тан ашуун илимий иш плагиат менен жазылганын билдирген.

Илим чөйрөсүндөгү бул окуялар эл аралык аренада кыргызстандык окмуштуулар үчүн чоң коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Дубайдагы Зайд университетинин кыргыз профессору Жалалидин Жээнбай elgezit.kg менен маектешип жатып билдирди.

Жалалидин Жээнбай АКШнын Монтана университетинде жана Рожерс мамлекеттик университетинде (Охлакома штаты) да эмгектенген. Ал эмгек жолун Ош технологиялык университетинде баштап инновациялык окутуу системасын демилгелеген.

Кыргызстандык илимпоз-математик Жалалидин Жээнбайдын уникалдуу тажырыйбасы — СССР мезгилинде жактаган илимий даражасын АКШда толук тастыктап, ал жактагы илимий чөйрөдө өзүнүн даражасын кынтыксыз кабылданышына жетишкен.

Elgezit.kg соңку кезде талкууга түшүп, чуу жараткан илимий плагиаттар жана анын кесепеттери боюнча профессор Жалалидин Жээнбай менен маек курду.

– Жалалидин агай, сиз өлкөдөн сыртта жүрөсүз. Акыркы кездери Кыргызстанда илимий диссертацияларда башкалардын эмгектерин көчүрүп алуу сыяктуу көрүнүштөр аныкталып жатат. Башка өлкөлөрдүн илим жана билим берүү тармактарында иштеп жүргөн адис катары бул көрүнүштөргө кандай карайсыз?

– Тилекке каршы, Кыргызстанда плагиатты колдонуп илимий даража алуу көбөйүп кетиптир. Мындай фактылар Кыргызстанда эле эмес Россиянын да илим тармагында кээде аныкталып калып жатпайбы. Бирок бул аларда сейрек болсо, бизде масштабы чоңоюп кеткен.

Мындай осол практика Кыргызстанга ар түрдүү зыяндарды алып келип жатат жана алып келет. Бул өтө эле жаман тенденция. Мындай жагдай окумуштуулар чөйрөсүн дүйнөлүк илим жамаатында изоляцияга алып келет, бара-бара биздин илимий даражаларды башка өлкөлөр таптакыр тааныбай калышат. Азыркы заманда илим эл аралык интеграциясыз өнүгүшү мүмкүн эмес. А плагиат практикасы жайылган жер менен өзүн сыйлаган чет элдик окумуштуулар кызматташкысы келбейт.

Мындан Кыргызстандын ичинде илимдин өнүгүшү андан ары дагы төмөндөйт. Илимдин престиждүүлүгү жоголот. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө илимий кызматкерлер башка тармактарга салыштырмалуу эң жогорку маяна алышат. Ал жактарда окумуштуунун образы билимдүүлүк, жогорку интеллект, адилеттүүлүк, моралдык тазалык сыяктуу түшүнүктөр менен ассоциацияланат. Ушундай мамиле университет жана илим тармагына эбегейсиз көп таланттарды тартып келет. Ал эми биздин окумуштуу жамаатыбыздын ичинде өтө пас, а кээде ыплас иштер да орун алып жатса, мындай терс репутациялуу тармакта кандай келечек болот?

– Буга коом кандай мамиле кылышы керек. Кылмыш жазасына тартууну практикалаш керекпи? Же бара-бара оңолуп кетеби?

– Мурда, СССР кезинде илимдүү болуу престиждүү болуп жана илимий даражага жетүү кыйын болчу. Ал жогорураак интеллектуалдык статустун белгиси эле. Азыр ошол инерция боюнча чыныгы илимге тиешеси жок адамдар деле, мисалы чиновниктер, доктордук даража менен өздөрүнүн жогорураак статуста экендигин белгилегенге аракет кылып калышты. Алар ошол статус илимдүүлүктүн белгиси эмес, бийлиги бардыгын, коомдо таасирдуу адам экендигин, колунан келе тургандыгын көргөзгөн белги экендигин билишет жана ошондой максат менен эле даража жасатышып атышат.

Демек, бир жагынан чиновниктердин чөйрөсүндө ушундай “оорукчан” суроо-талап жаралып жатат. Ал эми экинчи жагынан мамлекет кароосуз калтырган окумуштуулардын материалдык абалы начар, ошондуктан анча-мынча пайда үчүн эптеп-септеп даража сатып күн өткөрүшүп жатышат.

Эң оболу илим-билим чөйрөсүндө моралдык нормаларды калыбына келтириш керек. Бул аны коомдо тынымсыз талкуулоо менен болот. Азыркы убакта туура эмес иш жасагандар көбөйүп кеткен. Көп адистер профессионалдык эле эмес, жөнөкөй эле жүрүш-туруш маданиятынан да аксап жатышат. Мектептен баштап мыйзамсыз акча топтоо, студенттерден пара алуу, илимий эмгектерди көчүрүп алуу, акчага бир-бирине илимий даража жасап берүү сыяктуу иштер көнүмүш болуп калгандай. “Көп суур ийин казбайт” дегендей, туура эмес иш жасагандар элден уялбай калышты. Бирөөнүн жазганын көчүрүп алуу сыяктуу иш батыштын академиялык маданиятында өтө эле уят иш болуп саналарын жана ал илимий жазмада эмес, студенттердин үй тапшырмаларында да кабыл алынгыс нерсе экендигин таптакыр билишпегендей.

– Мамлекет бир нерсе жасай алабы? Эмне кыла алат?

Мамлекет дайыма ар бир тармактын системасынын эффективдүүлүгүн аныктап, ага баа берип, иштин жаңы формаларын колдонуп турушу керек. Союздан калган илим системасы Кыргызстанда эффективдүү иштебей калды. Ошого карабай бизде дагы эле “советтик система дүйнөдөгү эң күчтүү система” дей беришет экен.

Илимий кадрларды даярдоонун биз колдонгон аспирант-илимий жетекчи модели устаз-шакирт формасында. Мунун чоң кемчилиги бар. Анда аспирантты системалуу түрдө илим изилдөгө киргизүү программасы жок. Даража издөөчүнүн аракеттерин толугу менен илимий жетекчиси гана координациялайт. Жетекчилердин өздөрү педагогика боюнча системалуу билимге ээ эмес, көп учурда үйрөтүүчүлүк жөндөмдөрү кыйла чектүү адамдар болушат. Эптеп докторлук жактап алайын деп өмүр бою убактысын илимдин абдан тар бир тармагы менен чектеп, кээде жалпы маданиятын да көтөрбөгөн, кругозорлору чектүү, гуманитардык билимдерден четте калгандары да кездешет. Аспирант убактысын туура уюштуруу, күнүмдүк аткарган жана аркарбаган иштерин контролдоого өзгөчө муктаж. Ага күнүмдүк тайм-менеджемент, арбир саатын эффективдүү колдонуу жана адистиги боюнча илим изилөө методикасын үйрөнүү аба менен суудай керек, а буларды жетекчиси уюштуруп бере албайт.

Бул системада аспиранттын келечеги толугу менен жетекчисинен жана ал адамдын байланыштарынан көз каранды. Мындай жагдай кыргызчылык менталитетте өтө начар, адам уяларлык формаларга өтүп кеткен кездер болот. Аспиранттарын жеке тиричилик иштерине жумшап алышкандары бар. Илимий даража алгандан кийин да аспирантын өмүр бою карыз кылып койгондой мамиле кылып, эч качан жетекчисинкине каршы пикир айтпоого милдеттүү дегендей мамиле кылгандар да жолугат.

Ооба, бул модел Россияда дале колдонулат. Аларда бул моделди пайдалануунун чоң тарыхый тажрыйбасы, традициясы бар жана алардын илимий маданияты жогору. Ошондой болсо да анын эффективдүүлүгү күмөндүү экендигин көптөгөн изилдөөчүлөр белгилеп келишет. Россияда да батыштын илимге даярдоо методологиясын жактагандар көбөйүп келатканы чындык.

Батыштын өлкөлөрүндө илимий кадрларды даярдоонун принциптери биздегиден кыйла башка. Аларда Градуейт Програм деп аталган моделди колдонушат. Мындай даядоонун чоң академиялык компоненти болот. Ал компонент илимий изилдөөнүн методикасын үйрөтүүчү өтө кылдат жана өтө катуу талаптуу эки жылдык окутуу планы. Градуейт-студент эң жогорку, 500дөн 900үнчү деңгээлдердеги адистик предметтерди алышат. Алар бул курстардын жардамы менен илим изилдөөнү кантип баштап, кантип уюштуруп жана кантип макала жазууга чейин үйрөнүшөт. Кыргыз окумуштуулары мындай курстар менен тааныш эмес, ошондуктан түшүндүрүш максатында кошуп айталы: сабактардын деңгээли, талабы ушунчалык чоң болгондуктан студенттер жумасына 70-80 сааттан иштешке туура келет. Мындай стресске докторлук программага киргендердин жарымы гана чыдап, программанын аягына чыга алышат. Ушундай даярдыктан кийин гана градуейт-студент жетекчиси менен илимий изилдөөгө кирише баштайт.

– Плагиат же сапатсыз диссертацияларды кантип токтотуш керек? Бул илдеттен арылуунун биздин өлкөгө туура келген жолдору кандай деп ойлойсуз?

– Илимдин сапатын илимий коом гана аныктайт, а илимий коом азыр эл аралык болуп калган. Ошондуктан илимий даражаларды берүүнү эл аралык интеграциялык талаптар менен байланыштырыш керек. Булардын негизгиси — чет тилдерди билуусун катуу талап кылуу керек. Мисалы, англис тилинде өз тармагындагы илимий макаларды окуй албаган адис ал артта калган адис, себеби бардык окумуштуулар табылгаларын көбүрөк адистерге жеткириш үчүн англисче жазышат.

Эң мурда өнүккөн өлкөлөрдүн адистери менен байланышты өстүрүшүбүз керек. Биринчи кадам: биздин илимий даражаларды илим өнүккөн өлкөлөрдө таанышына жетишишибиз керек. Бул үчүн аларга биз кандай негизде илимий даражаларды ыйгарышыбызды ачык-айкын кылып беришибиз зарыл. Бардык диссертациялар интернетте ачык турушу керек.

А биздин окумуштуулар өтө эле терең изоляцияга кетип баратышат. Окумуштуу жамааты өнүккөн чет өлкөлүк илим чөйрөлөрү эмес, жакынкы эле Казакстан, Өзбекистан, Россия сыяктуу өлкөлөрдө кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгынан кабардар болбой калышыптыр. Кээ бир илим жана билим кызматкерлери англис тили эмес эле, орус тилин деле жакшы билбей калышыптыр. Профессионалдык кызыгуу ушунчалык төмөндөп кеткендиктен илим-билим кызматкерлери өздөрүнүн канчалык деңгээлде башка элдерден артта калганын аңдай албай жатат.

Аспирантурадан сөзсүз түрдө, мүмкүн болушунча эртерээк, батыштын Градуейт программалрына өтүшүбүз керек. Андай программалардын элементтерин өздөштүрүү күнүмдүк иштин чоң бөлүгү болуп калышы керек.

– Бул иштерде коомчулуктун кандай ролу бар? Коомдук ишмерлер кол кабыш кылалабы илим-билимдин пробеламарын чечүүгө?

– Эң мурда илим-билимдин өлкө үчүн маанисин таануу жана аны маданиятыбызга сиңирүү керек. Илим-билим тармактарынын негизги милдеттеринин бири – коомдо ойлонуунун сапатын көтөрүү. Азыркы экономика барган сайын көбүрөк билимге негизделип баратат. Эл мындай экономиканы өздөштүрүшү үчүн ага жогорку интеллектуалдык деңгээл керек. Аны жасалма илимий даражалуу окумуштуу-агартуучулар менен камсыз кыла абайбыз.

Коомдо эң деструктивдүү күч – адилетсиздик. Адилетсиздик илим-билим тармагын да жараксыз кылып коёт. Эгер алдамчылык, уурдоо, паракордук илим-билим тармактарында болбо берсе, татыксыз адамдар илимий даража ала беришсе, а система билимдүү менен билимсизди айырмалай албаса, анда бул тармак өлкө турмушундагы ролун толугу менен жоготот.

Бирок азыр канчалык начар абалда болуп калгандыгыбызга карабай бизде үмүт арта турган нерселер көп. Ал өлкөбүздөгү азыр даана көрүнө баштаган анти-коррупциялык маанай. Ошондой эле элибиздин улам-улам таланттуу жаштарды жаратуу, өстүрүү касиети бар. Азырынча өз билим берүү системабыз аларды жакшы байкай албай, баалай албай жатканы менен, ал жаштарыбызды эл аралык мекемелер, ишканалар аныктап берип жатат. Ошондуктан келечекте илим-билим тармагыбыз да оңолуп кетишке толук мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм.

Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизде ийгилик болсун.

Elgezit.kg

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.