Тарыхчы-окумуштуулардын сынына кабылган китеп

“Байыркы доордон ХIХ кылымдын аягына чейинки Кыргызстандын тарыхы” бөлүмү тарабынан кытайлык кыргыз Төлөк Төрөкан уулунун “Кыргыз элинин санжырасы” (Зар-заман) китеби боюнча илимий талкуу тарыхчы-окумуштуулардын катышуусунда өткөрүлдү. Иш-чара коомчулукка жарыяланып жаткан “Кыргыз элинин санжырасы” («Зар-заман») китебинин илимий баалуулуктарын жана анда жазылган тарыхый фактыларды  талкуулоого арналганын Тарых жана маданий мурас Институтунун илимий кызматкери Азамат Алагөз уулу «РухЭш» сайтына билдирди. Анын айтымында, бул китеп менен адис окумуштуулар 1996-жылдан бери тааныш. Айрым окумуштуулар китептин авторунан изилдөө учурунда атайын интервью да алышкан. Китеп таланттуу инсан […]

Казак эл жомогу: Чынчыл атчы

Бир хандын үч күлүк аты болуптур. Хан аттарын абдан жакшы көрүп, аларды багууну бир гана өзүнө катуу берилген кулуна ишенип тапшырчу экен. Бир ирет хан баш вазири менен маектешип отуруп, атчысынын чынчылдыгын мактайт. — Мындай болушу мүмкүн эмес, таксырым. Бул дүйнөдө калп айтпаган жан жок. Жөн гана сиздин кулуңузга калп айткыдай учур жарала элек болсо керек, — деп жооп берет вазир. — Бирөөдөн жөн жеринен эле күмөн санаган болбойт, — дейт хан. — Эгер мен бул атчыңыздын калпын кармасам эмне […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<<Башы XXI ГЛАВА Эрте күздүн Калифорнияда бат-бат кайталанчу мээрими көлбүгөн, жанды жыргалга батырган керемет күндөрү келип турду. Күн жука түтүн менен курчалгандай, шамалдын алсыз соккон илеби ойго чөккөндөй тымтырс каткан абаны араңдан зорго термеп тургансыйт. Түркүн-түс жиптерден согулгандай жеңил кызгылтым туман дөңсөөлөрдүн этегинде жаткансыйт, алардын чокуларында болсо түтүндүү темгилдер өңдөнүп Сан-Франциско калаасы жайыла чалкып жатат. Ортодо болсо эритилген темирдин тилкесиндей болуп булуң жалтылдайт, анын бетинин кээ бир жеринде токтоп турган же агым менен жай жылжып бараткан кемелердин парустары агарат. Тээ […]

Элдияр Элчибек: Биздин үй

АҢГЕМЕ Төбөдөгү шыптан куюлуп аккан жаандын суусу кире бериштеги цемент тепкичти жыртып бүткөн экен. Сыры кеткен каалганын жанында аял кишинин чоӊ бут кийими, андан ылдый кичинекей баланын эки бут кийими эки жакта жатат. Мен ичимен токтоно албай «Биздин үй!» — дедим, ырсыйып күлүп: ортоӊку тиштерим да түшүп калган жана күлгөнүмдө, ошол тиши жок кемтиктен ышкырык үн чыгып турат. Бул мага аябай жакса керек. Кудум эле ушул үйдү жакшы көргөндөй! — Сиз ошондо акыркы жолу келдиӊизби? – деди жана мени ушул […]

Дилазык: Бактылуулук жана бактысыздык жөнүндө уламыш

Айылда бир абышка жашаптыр. Ал эң бактысыз адамдардын бири экен. Андан айыл элинин баары жолобой жаа бою качышчу: ал дайыма кабагын ачпай түнөрүп,  болбогон нерсеге наалып, дайыма жаман маанайда жүрөр эле. Улам карыган сайын анын наалыганы көбөйүп, тили заар боло баштады. Ага жакындагандан да коркушчу:  бактысыздык жугуштуу эмеспи. Анын жанына барып бир аз сүйлөшкөн кишиге бул дүйнө жалаң кайгы менен муңдан, түйшүк менен азаптан тургансып, жашоодон түңүлүп өлгүсү келчү. Анын жанында туруп, бактылуу болуш да ыңгайсыз эле. Ал тегерегине бактысыздык […]

Уланбек Ашырматов «биз, жерди тиктебей, ааламды, асманды тиктейли» дейт

Бүгүнкү маектешибиз Уланбек Ашырматов учурда Туркияда «Эржиес» университетинин социалдык билимдер институтунун Ислам философиясы багытында магистрдык билим алып, учурда ал «Ислам философиясында ахлак жана экономиканын байланышы: Ибн Халдун мисалында» аттуу диссертациясын изилдеп жаткан илим-билимдүү жаштарыбыздын алдыңкы өкүлү. Төмөндө ал окурман журтун ойго салаар олуттуу ойлору менен бөлүштү… – Уланбек мырза, сен экөөбүз бүгүн илим-билим жаатында маек курсак дейм. Эгемендик доорунда өз алдыбызча улуттук саясат жүргүзүүнү жолго коё албай келдик. А улуттук саясат жүргүзүүнүн негизи илим-билим, маданият экенине мамлекет анчейин көңүл бурбай […]