АҢГЕМЕ

Төбөдөгү шыптан куюлуп аккан жаандын суусу кире бериштеги цемент тепкичти жыртып бүткөн экен. Сыры кеткен каалганын жанында аял кишинин чоӊ бут кийими, андан ылдый кичинекей баланын эки бут кийими эки жакта жатат.

Мен ичимен токтоно албай «Биздин үй!» — дедим, ырсыйып күлүп: ортоӊку тиштерим да түшүп калган жана күлгөнүмдө, ошол тиши жок кемтиктен ышкырык үн чыгып турат. Бул мага аябай жакса керек. Кудум эле ушул үйдү жакшы көргөндөй!

— Сиз ошондо акыркы жолу келдиӊизби? – деди жана мени ушул жерге жеткирип келген айдоочу жигит. Аны башка кардарлар күтүп турса да, менин баштап койгон окуямды аягына чейин уккусу келип, айланчыктап кете албай турду.

— Э-эӊ акыркы жолу! Мени ооруканадан чыгарып коюшту. Ушул азыр бүтүн республика боюнча менин оорумду жеӊе турган бир да доктур, бир да дары жок экен. Менин оорум менен ооругандар ашып кетсе бир айга жетпей четинен кетип жатышат.

— Каякка кетип жатышат? – ал билип турса да, оюндагысы чын экенине ынангысы келди.

— Чыныгы дүйнөгө!

Ушул тапта Бишкек түнөрүп, суукта нары-бери өткөн киши караандары бүрүшүп, ийиндерин куушуруп, кыбырап жүрүшөт. А мен жаздын күнкүдөй сергек дем алып, ак көйнөк кийип, галстугумду тагынып, майрамга камдангандай келдим. Өткөн өмүрүмдөгү өксүгөн тагдырыма «кош» деп айтканы келдим!

— Ава, унаага отуруӊуз, – деди айдоочу бала жылуу машинеден суукка чыкканына ичиркенип, колдорун ушалап.

Авто-унаанын эшиги ачылганда, анан кайра жабылганда «дыӊк», «дыӊк» этип кулакка жагымдуу үнү чыкканына көӊүлүмдү саамга буруп, ойлонуп калдым да, оӊ колумду отургучтун чыгып турган таянычына койдум.

— Заман оӊолуп калды!

— Ава, анан эмне болду эле? Ушул үйгө эмнеге жылда бир маал келип турасыз? – деди айдоочу жигит колундагы чөнтөк телефонун чукулап, кимдир бирөөгө «азыр эмес, бир аздан кийин барам!» — деген үнүн акырын чыгарып айтып.

Анын суроосуна дароо жооп болгон жок. Мен авто-унаанын айнегинен «биздин үйдү» эбак нуру өчкөн, мусаапыр көздөрүм менен карадым.

– Ээх, кайран күндөр!

Мен ушундай мусапыр көздөрүм менен сот залында тагдырым чечилген убакта да, сыртынан темир тор капталган чоӊ айнектүү терезеден сырттагы көчөнү, жол бойлой өсүп турган күпүйгөн бактарды, андан өйдө көк асманды карагам. Көздөрүмөн ысык жаш куюлуп, ичимен туйлап жибергем.

… Андан көрө өлүп калганым жанга тынч болмок!

*     *     *

Куюп койгондой тыкан кара муруту менен тергөөчү кайрылып:

— А балким алыска кеткен жок. Туугандардын баарынан сурадыӊызбы? – деди кызарган көздөрү менен.

— Сурадым, сурадым дедим го…

Мен муну бир канча жолу кайталадым. Жаным кашайды. Болбогон суроолор берилип жатты. Бекер убакыт! Андан көрө издеше калышса эмне?

— Хмм, де. Жоголгонуна эки күн болсо, демек дагы бир күн күтөлү. Бир жерден телефон кагат же кимдир бирөө кабарлайт. А болбосо ошондон кийин издейбиз.

Ичимен муздай түштүм. Эки күн бою наар албай, калаанын булуӊ-бурчун тегиз тинтип чыккандан кийин кадимкидей шылындым. Өӊүм купкуу тартып, тергөөчүнүн алдында башымды жерге салдым да, үйдө калган жалгыз уулумду аяп кеттим. Томсоруп жол карап калды эле!

Мурутунун алдынан бир нерсени күбүрөнүп, тергөөчү алдындагы кагазды толтуруу менен алектенип калды. “Кете бериӊиз” деп да айткан жок. Дагы суроосу бардай түрү менен отурат. Мен анда дагы бир нерсени унуткансып, эстей койдум, бүгүн башка батирге көчүш керек болчу. Үйдүн ээси Москвадан биротоло келишет имиш. Жубайым экөөбүз баш кошкондон бери жашап келаткан батир эле. Уулубуз да ушул жерде жарык дүйнөгө келди. Эки бөлмө, эки терезе, бир эшик жана бөлмөлөрү ушунчалык тар, кууш салынганынан үйгө конок чакыруу ыӊгайсыз болчу. Бирок жети жыл ушул үйдө жашадык. Жети жыл ысыгы менен суугубузда ушул үйдө чогуу күн көрдүк! Биз ошол үйдө чексиз бактылуу болчубуз!

Биздин үй эки күндүн ичинде көркүнөн кетип калды. Үйдүн босогосун аттап киргенимде эле, бөлмөлөр аӊгырап бош калгансып, кунары учкан жана Асылымдын ар бир буюму көзгө урунат. Дасторкондун үстү болсо эртеӊ мененки бойдон жыйналган эмес. Төркү үйдө уулумдун уктап жатканын сездим да, акырын бут кийимимди чечип, буттун учу менен басып бардым. Чарчаган экен. Барбайып уктап жатат. Ийнимен ылдый салмак баскансып, өзүмө өзүм оор боло түштүм. Мен да чарчадым! Каяктасыӊ Асылым!?

*     *     *

Тээ чыгыштан күндүн нуру чачырап, калаанын бийик имараттарынын арасына шооласы созулуп, таӊ сөгүлүп баштады. Эки жакты алаӊдап карап келаткан уулумду колума жетелеп, бир колум менен ийниме кытай баштыгын асынып жол четинде илкий басып баратам. Артыбызда «биздин үй» улам бир кадам сайын алыстап кала берди. Жүрөк этимдин бир тилими, жанымдын жартысы, өмүрүмдүн эӊ сонун күндөрү ошол үйдө калып, артыман зар какшап боздоп жаткандай сезилди.

— Ата, биз кайда баратабыз? Апам качан келет? Биз кетсек, апам бизди үйдөн таппай калбайбы?

Жол катар ар кайсы суроосун берип келаткан уулум өз дүйнөсү менен алек болсо да, апасынын дайынсыз жоголуп жатканын, биз чогуу жашаган батирди тапшырып, эми башка батир издеп жөнөгөнүбүздү анчейин деле түшүнө берген жок. Ал үчүн биз кайрадан ушул үйгө кайтып барып, түбөлүк жашап калчудай болуп турду. Ижарага алып, убактылуу жашаган батир экенин ал кайдан билсин?

*     *     *

Бүгүн да тергөөчүгө жолугууга камданып, бут киймимди шашыла кийип чыгайын деп жатып, каалганын илгичинен чыгып калган мыктын учуна кокусунан колумду тилип алдым. Убактылуу батир тапкыча таежемдин үйүнө келгенбиз. Дал ушул маалда короодо бир топ кишинин кобураган үндөрү, кейиген кемпирдин ыйы угулду. Эмне балээ болуп кетти?

Короого баш багып чыга калсам, айылдан чоӊ эжем, Сокулуктагы Турат байкем, жеӊем, инилерим чогулуп калыптыр. Өзөгүмдү чок менен кайрыгандай, алдастай түштүм. Тынччылыкпы? Баарынын көздөрүндө ый менен кошо жарыла албай турган армандуу муӊдун кабары тургандай сезилди. Каран күн э-эй, Асылыман айрылып калган экем ээ?!

— Сабыр кыл уулум, Асылдан айрылып калдык!

Улуу эжем калтыраган колдорун мага созуп, купкуу эриндерин кыбыратып келип, ботодой боздоп жиберди.

— Оо Асылы-ым! — жерге чөк түшүп, эки колум менен башымды мыкчый калып жыгылдым.

— Ошондо сизге аялыӊды өлтүрдүӊ деп жалаа жабыштыбы? – айдоочу бала тынчсызданып кетти. Мен кайрадан «биздин үйдү» авто-унаанын айнегинен карадым да:

— Шашылбай тур иним, шашылбай тур, — деп тереӊ улутунуп койдум.

Ушунчалык сулуу, чырайлуу, анан да ички дүйнөсү таза, шаардык билимдүү кызды айылдан келе калып… окууга эмес, акча таап кара жумушка иштегени келген кара тору жигит өзүн сүйдүрүп, аялдыкка алат деп эч кимдин оюна келбесе керек. Андай болушу мүмкүн да эмес болчу.

— Бул жакта иштегендердин эӊ алды ушул Ашырбек,- деди авто-унаанын алдында бакылдап бараткан жумушчулардын бири жөн турбай. — Керек болсо, бир күндө бир гектар жерди өзү жалгыз түптөп койгон!

Мунусу ашыкча болуп калды. Бирок бир гектарга тете иш кылчумун.

Зуулдап бараткан жеӊил авто-унаанын арткы терезесинен көйкөлүп өсүп турган эгин талаанын сыйкырдуу көрүнүшүн дайым карап, суктанып өтчүмүн. Анда саргарып калган эгиндер күнгө чагылышып, ачык асмандын алдында күмүш нурланып, кулпунуп турчу.

Биздин бүгүн иштей турган жерибиз – ошол эгин талаанын ары жагында. Анда биз помидордун эӊ акыркы түшүмүн жыйнап беребиз. Жыйнаганыбыз үчүн ар бир мүшөгүнө жыйырма сомдон төлөшөт. Мүшөк менен жыйнаганыбыздын себеби, бул эзилген акыркы помидорлор томат жасаган заводдорго кетет имиш.

Сокулуктун кеӊ талаасы көйкөлүп жатат. Алыстан караган адамга тарам-тарам эгиндер, солдон солго кеткен жашылча-жемиштер алаканга салып бергендей даана көрүнөт. Баштарына чоӊ шляпаларды баса кийип алып кыз-келиндер помидорду ар жерде чокчоюп турган мүшөктөргө чогултуп, бүкчүӊдөп-бүкчүңдөп ар бир солдо баратышат. А биз помидор толгон мүшөктөрдү ийинге бир силкип асып алып, четте турган чоӊ авто-унаага ыргытып беребиз. Кыпкызыл болуп эзиле бышкан бир помидорду кокусунан «былч» этип бутум менен матыра басып алдым да, жылаңаяк бутумду тазалаш үчүн ылдый эӊкейип баратсам, маӊдайыман шылкылдап күлүп жиберген жагымдуу үн көӊүлүмдү бурду. Башымды көтөрө калсам, артындагы күндүн нурунан чагылышып ак көйнөкчөн, узун кара чачтуу бир кыз турат.

— Ашырбек сизби? — чын эле анын үнү жагымдуу экен.

— Ооба мен, – шашылып жооп берип оӊ колумду күндүн нурунан калкалаш үчүн кабагыма алып бардым. Ак көйнөгүнө төп жарашып өӊү да ак жуумал, көздөрү бакырайган кара мончок болуп, күлгөндө ачык өӊгө боёлгон эриндери даана көрүндү. «Чырайлуу экен»,- деп ичимен эзилип кеттим.

Ушул жерден айдоочу бала каткырып жиберди да:

— Ава, сиз кыздардын баарын эле ушинтип сүйүп кала берчү белеӊиз? — деди санын чаап.

— Сулууларга суктанчумун. Бирок Асылым башкалардан өзгөчө болчу. Суктануу менен сүйүүнү бир карабаш керек. Экөө эки башка! Сүйүү келип калса, өӊүнө, сулуулугуна да карабайсыӊ. А мен Асылды анда сүйгөн эмесмин. Күнгө күйүп тер тепчиген кара денем, үксүйүп өскөн чачым уйпаланып, кара жумуштан кесилип кеткен буту-колумдун ырайынан улам ал кыздын жанында ыӊгайсыз боло түшкөм. Анан кайдагы сүйүү. Экөөбүз асман менен жердей болуп турдук.

— Ал го мейли дейли. А жеӊем ал жакта эмне кылып жүргөн?

— Бизди ошол талаага алып барып жалдап иштетип аткан ишкердин кызы экен. Эӊ кызыгы ушунда!

Ак көйнөгүн көйкөлтө серпип басып алдыда жанагы кыз кетип баратты. А мен арык жана тер тепчип жүдөп артынан ээрчип баратам. Атасы чакырткан экен. “Сүйлөшө турчу сөз бар”,- деди.

— Ашырбек, сен биздин үйгө эле жаша. Бизде дагы жумуш көп.

Атасы жол тандабас унаасынын тумшугуна белин таяп кайкая турду – эки колун кайчылаштырып төшүнө кондуруп алган. Мен дароо башымды ийкеп макул болдум да, кечинде жумуш бүткөндө жанагы сулуу кыз жашаган үйгө барып жашамай болдум.

*     *     *

Алардын үйү чынында кооз жана эки кабат экен. А бирок мен ал кооз үйдө жашаган жокмун. Мен жаткан бөлмө дарбазанын жанында, көчөнү карай салынган чакан үйдө жайгашкан. Ал мурун дүкөн болгон экен. Кийин иштетпей жаап салышыптыр.

Күндө кечке маал дарбазанын түбүнө кимдир бирөөлөр келип, ар дайым бир добушту билгизген мукамдуу ышкырыктын үнүн чыгарышат. Бүгүн да ошентип ышкырык угулду эле, чоӊ үйдөн кыздын атасы атырылып чыкты. «Жоголгула!» деген сөзү менен кошо бир нерсе колунан ыргыды. Таяк окшойт, ал дарбазага барып бир тийди. “Ырас эле болду”,- дедим ичимен өз бөлмөмдө ойлуу жатып.

Ошентип күндөр өтө берди. Мен аларга бир үй-бүлөнүн мүчөсүндөй болуп калдым. Баарынын ишенимине кирдим. Асылым да мага аябай ынак болду. Ал мени агасындай көрүп жатат, жалгыз кыз болсо дечү элем, жаӊылыпмын. “Сүйүүнүн көзү сокур” дегенге ошондо ишендим. Жайдын жылуу, мелүүн жели соккон айлуу түнүндө кокусунан чоӊ үйдүн экинчи кабатынын жарыгы күйдү. Эстегенде, ошол түнү үйдөгүлөр тойго кетишкен болчу. Чоӊ үйдө кыз жалгыз калган. Бир маалда мен жаткан бөлмөнүн терезеси акырын, абайлата чертилди да ага удаа:

— Ашырбек байке,- деген Асылдын үнү угулду.

… Окуяны ирээти менен айтып келатып, тык токтодум да, айдоочунун жанымда отурганын көз ирмемге унута салып:

— Мен куруп кетейин. Ошол түнү эшикти ачпай койсом, балким мунун баары болбой, сен өзүӊдүн бактыӊды башкадан таап, азыр тирүү жүрөт белеӊ? — деп кобуранып жибердим.

— Анан. Анан эмне болду? Уласаӊыз… – айдоочу бала берилип бери карады.

… Уйкулу көздөрүмдү ушалап, үстүмө жеӊил киймимди кие салып эшикти калдалактап ачып калдым. Короонун ар кайсы жеринде илинген чырактардын жарыктарына чагылып, Асылдын айдай жүзү мурдагыдан да чырайлуу боло түшүптүр. Баягыдан да бир топ чоӊойду. Дене мүчөсү келишип, бойго жетип калганын билгизип турду. Мендеги жабык бойдон, ички сезимимде гана туйлап жүргөн бир сырдуу сезим анда да бар экенин көздөрүнөн окудум. Эриндери купкуу тартып, жалжылдаган көздөрү менен мени тигиле карай албай, эки бети албырып кызарып кетти. “Аа де, сүйөт экенсиӊ ээ!..”

— Аа байкуш жеӊем, тартипти катуу кармаган атасынын айынан бой жеткендеги оргуштап чыккан сезимин кимге билгизээрин билбей, күндө көрүп жүргөн үйдөгү жумушчуга арнаган турбайбы, – деди айдоочу рулга сол колунун чыканагын таяп, алаканын ээгине коюп жатып.

— Анысын ким билсин? Иши кылып, атасы жалгыз кызынын тандаган турмушуна айласыз, ичинен миӊ толгонуп, миӊ кайгырып атып баш ийди да: “Кызымды кор кылба, үйгө ыйлап келе турган болсо, түбүӊө жетем”, – деп акырын кулагыма шыбырап койгон атасы.

Ошентип биз баш кошуп, түтүн булатып жашап калдык. А бирок атасынан бир да жардам албайбыз деп сөз беришкенбиз. Баарын  башынан баштамакпыз экөөлөп. Анан жанагы «биздин үйгө» ижара акысын төлөп жашап калдык.

— Жеӊемди угузганда атасы келдиби? Эмне деди? – ал дагы кызыкты.

— Ал ошол күндөрү кайын энем менен чогуу Туркиянын Станбул, Анкара шаарларын түрө кыдырып, эс алып жүрүшкөн. Кабар аларга келгенден кийин айтылды. Туугандар ушундай кылууну туура көрүшкөн. Бирок бекер кылыптырбыз! Ошондогу ачуусу келген атасы менин соттолуп кетишиме түздөн-түз салымын кошту. Кылмышкерлердин бири — “бийлиги” бар кайсы бир чоӊдун эрке-талтаӊ жалгыз уулу экен. Ошол каргаша күнү достору менен ичимдиктен тоё ичип, жолдо дүкөндөн чыгып, кайрылыш жолго жетип калган сулуу келинди көрүп, авто-унаасына салып кетишиптир. А дегенде соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгында ыплас иш аракет кылынганы менен бычактын сабында колунун изи калганы аныкталып, бирок чоӊдун уулу болгону үчүн мыйзамды оӊой эле буруп коюшту.

Бул эркиндикке караганда тигил жакта угуп (түрмөнү айтканы), көрбөгөн нерсеӊ калбайт. Кээ-кезде аӊ-таӊ болуп уккан кулагыӊа ишенбейсиӊ! Мисалы, врачтар эмнеге чанда гана соттолот? Алардын колунан көп эле бейтап одүйнөгө аттанып кетип атышпайбы, туурабы? А бирок суудан кургак чыгышат. Анткени соттук медициналык эксперттер алар менен коюун-колтукташ! Анын жыйынтыгына ыӊгайлуу жерден тергөөчү да, пракурор да, сот дагы көзүн жумуп коёт. Анан эр болсоӊ талашып-тартышып көр! Ошону менен колунда жок бир байкуштун шору шорподой кайнайт. А менин окуямда – тергөөчүлөр чыныгы кылмышкерди кантип жашырып-жаап кетүүнү ойлонуп турган маалында, каардуу жүзү менен кирип барган Асылымдын атасынын жазган арызы тигилер үчүн энеси эгиз төрөгөндөй эле кеп болгон. Андан ары оӊой эле. Соттук медициналык экспертизанын бурмаланган жыйынтыгы. Тергөөчүнүн иш бөлмөсүндөгү башыӊа желим баштык кийгизип алып кыйнаган кордуктары жана башка ыкмалар биринин артынан бири кете берет. Алар түгөнбөйт. Керек болсо жалгыз уулуӊду да айланып өтүшөт. Алыстан акмалап карап келгендерин айтышат. “Уулуӊ Сокулукта, Турат байкеӊдин үйүндө экен” – дешет ырсыйып күлүп. Акыры барып мойнуӊа аласыӊ да, тергөөчү менен бирге аялыӊды кантип өлтүргөнүӊ жөнүндө окуяны кайра баштан ойлоп табасыӊ!

— Кызыгыӊ түшкү-үүр, – айдоочу бала оозун жарым жартылай ачып калды.

Башыӊа келбесе кайдан билет элеӊ!? Кайсы бир гезитте окудум эле, элдин жан-тени менен сыгылып чыккан миллиондорду жеген кайсы бир министрди пракурору баш болуп соту, милициясы менен чогу чегарадан дасторкон жайып, жакшынакай ыр-күлкү менен узатып коюшкан экен. Анысын суудан аттап өтүп Баткен тарап менен Америкага качып кетти дешти. Күлкүӊ келет, бирок күлө тургандай деле эмес.

*     *     *

Ошентип Асылды жерге берип, уулум экөөбүз кайрадан көр тирилиги кайнаган шаардын быкылдап жашоочуларга толгон көчөлөрүнүн бирине кайтып келдик. Аптаптуу күндө жолдордон, короолор менен курулуш кылып жаткан үйлөрдөн чаӊ сапырылып жатты.

— Ата, «биздин үйгө» качан барабыз! Ал үйдө мага жакшы болчу. Апам дагы бар болчу, – деди уулум көзүнөн жаш айлантып.

Ичиме ысык чок түшүп кеткендей, алдастап кеттим. Чынында ошол үйгө мен дагы баргым келет. Ал үйдө бир нерсем калып калгандай, эмнегедир бассам-турсам да эсимен кетпей койду. Ал –  биздин бакытка кучак жайган кичинекей дүйнөбүз болчу.

— Биздин үй алыс. Ал жакка кийин барабыз, – дедим уулумдун шагын сындырбай.

Ал мостоюп калды. Уулумдун апасына болгон кусалыгын анын купкуу өӊүнөн сезип турсам да, ушул азыр керектүү сөз таппай калдым. Алдастап барып, жол четинде турган жол чыракка таянып калдым да, ичимди кармап бүк түштүм. Көптөн бери ичим ооруп жүрөт. Бир нерсе эле дүпүйөт. Анысы эмне экенин ким билсин, барган сайын салмак басып баратат. Карасаӊ, азыр да ачыштырып барып, тартылып кетти.

— Сиз жакшы элесизби? Тез жардам чакырталыбы? – жолдо өтүп бараткандар жарданып туруп калышты.

— Жакшы эле, азыр өтүп кетет, – жол чыракты таянып өйдө турдум да, уулумдун чочуган көздөрүн көрүп, белимди түзөдүм, – жакшымын, коркпо, уулум!

Бул оорум кийин темир тор артында да күчөй берди. Өмүрүмдү четинен кертип, акырындан убакыт-саатымды жакындата берди.

Ушул жерден жанагы айдоочу дагы сөзүмдү бурду:

— Ава, катуу тийсе кечириӊиз, жеӊемди кантип кыйнап өлтүрүшкөн экен? Үч күн каякка салып кетишкен? — суроонун артынан суроо берип шашып калды.

Мен ушул жерден ичимен сыздап жибердим да, өзүмдү бекем кармап, адатымча оор үшкүрдүм.

— Иним, мунусун жөн коёлучу! Ансыз да мага жетиштүү, – дедим да авто-унаанын эшигин ачып сыртка чыгып, муздак абадан тереӊ дем алдым. Айдоочу артыман түшкөн жок. Кыязы абалымды сезип, андан ары кыйнагысы келген жок окшойт.

Бишкектин абасы улам барган сайын муздап баратат. Күндүн күчү кайтып калды. Кара киргилт туман чалган калаанын көчөлөрү түнөрүп бир калыптан жазбай турду. Мен акыркы жолу «Биздин үйдү» бурула карадым да, көзүмөн аккан ысык жашты жеӊим менен жаш балача шыпырып салып, илкий басып бир аяк жолго түштүм. Артыман авто-унаасынан түшө калып карап туруп калган айдоочунун суроолуу көздөрүн сезип турсам да, Асылымдын сулуулугуна көз арткан мыкаачылар аны кантип кыйнап өлтүрүшкөнүн, анысы аз келгенсип күнөөсүз жерден он жыл темир тордун артында отуруп, көрбөгөн азап-тозогум калбаганын айтууга дарманым жетпей баратты…

Үстүмдө оор жүктү жүктөнүп алгансыган менин илмийген карааным эл аралап, калаанын бир бурчунда баратты да, жүрөк этимдин бир тилими, жанымдын жартысы, өмүрүмдүн эӊ сонун күндөрү артыман зар какшап боздоп «биздин үйдө» кала берди…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.