Бир хандын үч күлүк аты болуптур. Хан аттарын абдан жакшы көрүп, аларды багууну бир гана өзүнө катуу берилген кулуна ишенип тапшырчу экен.

Бир ирет хан баш вазири менен маектешип отуруп, атчысынын чынчылдыгын мактайт.

— Мындай болушу мүмкүн эмес, таксырым. Бул дүйнөдө калп айтпаган жан жок. Жөн гана сиздин кулуңузга калп айткыдай учур жарала элек болсо керек, — деп жооп берет вазир.

— Бирөөдөн жөн жеринен эле күмөн санаган болбойт, — дейт хан.

— Эгер мен бул атчыңыздын калпын кармасам эмне бересиз? – дейт вазир.

— Калпын кармачу болсоң мен сага хандык тактымды бошотуп берем, а эгер кармай албасаң башыңды алдырам, — дейт хан ишенимдүү түрдө.

Экөө ошентип кол алышат. Буга катуу кубанган вазир хандан үч күндүк мөөнөт алып үйүнө кайтып келип бүлөсү менен кеңеш курат. Вазирдин ай десе аркы, күн десе көркү жок үч кызы болот.

— Эгер силер мага жардам берсеңер кыздарым, Кудайдын кудурети менен хан болом, жардам бербесеңер анда башым кетет, — дейт кандай кылышты алдын ала ойлонуп койгон вазир.

— Сизге жардам бербегенде кимге жардам бермек элек! – деп жарыша жооп беришет кыздар.

— Андай болсо мени уккула. Бүгүндөн баштап силер бир бирден хандын атчысына барып, кезектешип аны менен бирден түн өткөрүп келесиңер. Эртең менен кетериңерде ал силерди кантип ыраазы кылууну билбей алдастайт, ошондо силер хандын аттарынын биринин башын сурайсыңар, ал мындан баш тарта албай, айтканыңарды аткарат.

Буга кыздар макул болуп, ошол эле күнү тун кыз жарашыктуу кийинип, атканага жөнөйт. Ал түнү бою бактысынан өзүн жогото жаздаган атчы менен болуп, эртең менен кетеринде, атасы айткандай алдастап ыраазычылыгын кантип билдирерди билбеген атчыдан хандын күлүктөрүнүн биринин башын сурайт. Атчы бул суранычтан баш тарта албай дароо эле күлүктөрдүн биринин башын кыя чаап, сулуунун айтканын орундатат.

Экинчи күнү атчы менен түнү бою болууга ортончу кыз жөнөйт. Перидей болгон өзүнөн башы айланып, өз атын унута жаздаган кулдан кумарлуу түнү үчүн хандын атынын биринин башын кестирип алат.

Үчүнчү күнү бул тапшырманы аткарууга кенже кыз жөнөп, ал да эртеси жолдуу болуп кайтып келет.

Ошондон кийин гана байкуш кулдун сүйүүдөн айланган мээси ордуна келип, эмне кылып жибергенин түшүнүп, бул жоругунун айынан өмүрүнөн айрыларын аңдап, түрдүү амалдарды табууга далбастай баштайт, көп шылтоолорду ойлонуштурат. Бирок ханды ынандырчу бир да жакшы амал таба албайт. Ошентсе да алардын арасынан бир жөндүүсүн тандап ханды ишендирмей болот.

Эртеси аны хан чакыртып сүйүктүү күлүктөрүнүн абалын сурайт. Атчынын калп айтарына ишенген баш вазир хандын жанында болот. Кул баягы ойлоп таап койгон амалын айтмай болот, бирок калп айтып көрбөгөндүктөн тили бурулбайт. Ошондо гана эмне болсо да чындыкты айтып өлүүнү туура көрүп, болгонун болгондой кылып жая салат. Бул акыйкатты мурда эле баш вазирден уккан хан ошол замат кынынан кылычын сууруй калып шилтеп жиберет. Бирок күнөөлүү кулдун башы кетпей мелдеште утулган баш вазирдин башы ыргыйт. Ушундан кийин хан атчыны чынчылдыгы үчүн мурункудан да жакшы көрүп калат жана көп өтпөй өзүнө баш вазир кылып алат. Ошентип чынчылдыгынан улам кул бактыга жеткен экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.