Бүгүнкү маектешибиз Уланбек Ашырматов учурда Туркияда «Эржиес» университетинин социалдык билимдер институтунун Ислам философиясы багытында магистрдык билим алып, учурда ал «Ислам философиясында ахлак жана экономиканын байланышы: Ибн Халдун мисалында» аттуу диссертациясын изилдеп жаткан илим-билимдүү жаштарыбыздын алдыңкы өкүлү. Төмөндө ал окурман журтун ойго салаар олуттуу ойлору менен бөлүштү…

– Уланбек мырза, сен экөөбүз бүгүн илим-билим жаатында маек курсак дейм. Эгемендик доорунда өз алдыбызча улуттук саясат жүргүзүүнү жолго коё албай келдик. А улуттук саясат жүргүзүүнүн негизи илим-билим, маданият экенине мамлекет анчейин көңүл бурбай келгенинен улам бүгүнкү күндөгү арабөк абалга кептелгенибизди көрүп аткандырсың. Арийне, али да кеч эмес. Андыктан эң башкы приоритеттүү маселебиз кайсы дээр элең? Экономиканы көтөрүүбү же илим-билим жаатына көңүл буруубу?

– Агай, маалым болгондой эле өлкөбүз өзүнүн экономикалык өнүгүүсүндө ар түркүн өзгөрүштөргө туш келди. Экономикалык системалардын салттык түрүнөн баштап борборлошкон пландоо экономикасына чейин жол басып өтүп, азыркы учурда аралаш экономиканы башынан кечирүүдө.[1] Тоо-кен иштетүү тармагын улутташтырууну жана айыл чарба тармагын адистештирилген заманбап технологиялар менен камсыздай албагандыгыбыз экономикабызды алсыз кылган негизги факторлор деп айтсак болот. Экономиканы көтөрүү, адистешкен координациялуу иш алып барууну жөнгө салуу, илим-билимге көзкаранды го. Ошондуктан илим-билим жаатына көңүл буруу эң башкы приоритеттүү маселебиз болушу зарыл.

– Жаш муундун өкүлү катары – баарыбыздын жалпы мүдөөбүздү канагаттандырар приоритеттүү негизги маселе эмне деп ойлойсуң?

– Агай, учурдагы өлкөбүздөгү социо-экономикалык, саясый, диний маселе, талкууларды дүйнөдөгү саясый-экономикалык жана илимий-технологиялык өнүгүү, өзгөрүүлөр менен биргеликте күзөтүп анализ жасап, сырткы миграциядагы мекендештерибиздин көйгөйлөрүн да эске ала турган болсок, жаштарды, келечек муунду илим-билим жана технология жаатына кызыгуусун, таңгалуусун, изилдөөсүн ойготуучу талкууларды мамлекеттик жана коомдук деңгээлге алып чыгуунун учуру бышып-жетилди. Андыктан дал ошол план программаларды иштеп чыгуубуз зарыл. Анткени күнүмдүк кара талаш саясатка ашыкча аралашуу, диний, жамааттык, партиялык идеялогиялык жаат-жаатка бөлүнүп алып, тараптар бири-бирин укпай, түшүнбөй эле көңүл калтыруучу акаарат сөздөр эч кимге абийир алып келбестигин аңдай турган мезгилге келдик.

Ошондуктан улуттук, диний, партиялык идеялогиялык иденттүүлүккө таянган, негизделген кара талаштардан арылып, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарынын тегерегинде биригүүчү, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу үчүн илим-билимге жана инсандын онтологиялык (болмуш, барлыгы), аксиологиялык (баалуулук) негиздерине таянган коомдук пикир, талкуу жарата алсак, иррационалдуу жаат-жаатташып энергия, убакыт коротуп көңүл калтыруучу, жек көрүүнү тереңдетүүчү сөгүнүп-сагынган ээн баштыктан арылууга кадам таштайт элек деп ойлойм.

Бул үчүн саясат, экономика, соода-сатык, билим берүү жана медицина тармагындагы эки жүздүүлүк, шалаакылык, жоопкерчиликсиздик жана талап-тоноочулук менен жасалган мамилелердин өзөгүнө, пайдубалына канткенде абийир, адеп-ахлак жана принциптерди жайгаштыра алабыз деген суроолорго баш оорутушубуз керек. Мына ушул суроолорго жооп издөө экзистенциал (чыныгы, бар же жок болушубузга чечим чыгаруучу, чекит коюучу) приоритеттүү маселелерибиз болушу керек деп ойлойм.

– Бул айтканыңдын жүйөөсү терең, дал ушул маселе боюнча биз да жакында экс-генпрокурор Аида Салянова, белгилүү саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Бекбосун Бөрүбашев менен болгон «Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз» аттуу баарлашуубузда да кеңири токтолдук. Тилекке каршы, коомчулукта да, бийлик башында отургандар арасында да ушул айтылган сунуш-идеяларга, жаңычыл көзкараштарга олуттуу мамиле кылынбай келатканы абыдан өкүндүрөт. Керек болсо мындай өңүттөгү материалдарга коомчулук тарабынан көңүл да бурулбай калды, менимче, бул да улуттун аң-сезим сапаты жетиле электигинен болсо керек?..

– Айтор, ар кандай формадагы аракеттер менен прогрессивдүү көзкараштарды байма-бай калыптандыра бергенибиз – өз натыйжасын бербей койбойт. Мен да «РухЭш» сайты менен бул багытта тилектештигимди билдирген долбоорумду ишке ашыруу максатында жакындан баштап сиздер менен тыгыз кызматташсам дейм…

– Мен сенин бул демилгеңди кош колдойм, Уланбек! Себеби сен ислам философиясы менен Батыш философиясы, жалпы эле илимий-технологиялык революция багытында жуурулуштурулган долбоорлорду ишке ашыруу ниетиңди, демилгеңди билдиргениңе кубанычтамын. Себеби биз бүгүн ушул сен айткан жалпы кызыкчылыктар жана орток баалуулуктар туурасында алака мамиле курууга үйрөнүшүбүз керек…

– Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарынын тегерегинде биригүүчү жарандык иденттүүлүктүн кыргыз мамлекетинин бардык жарандарынын аң-сезиминде жана жүрүш-турушунда орун алышынын деңгээли – коомдук саясый жана руханий биригишинин, ошондой эле анын бекем ынтымагынын кепилдиги болуп эсептелет.[2]

Мындай консолидацияга келечек үчүн ар дайымкыдан да муктаж экенибизди эртерээк түшүнүүбүз зарыл. Мындай биримдик жана ынтымакка болгон зарылдыкты планеталык маселелерди дүйнөлүк деңгээлде талкуулап, адамзатты биримдик жана ынтымакка чакырган Ювал Ноах Хараринин «21-кылым үчүн 21 сабак» аттуу китебиндеги төмөндөгү сөздөрүнөн да түшүнсөк болот. «Информациялык технология (IT) менен биотехнологиянын биригүүсү, адамзаттын орток баалуулуктарын, эркиндик жана тең укуктуулукту астынүстүн абалга кириптер кылып жатат. Технологиялык өнүгүүнүн натыйжасындагы башаламан туңгуюкту жөнгө салуу үчүн глобалдык деңгээлде бирдиктүү иш алып баруу зарыл болуп жатат. Бирок дүйнөдөгү улутчулдук, дин жана маданияттар адамзатты бирибирине душман кылган блокторго ажыратып, глобалдык деңгээлде бирдиктүү иш алып барууну татаалдаштырууда».[3]

– Йе, бали, биз бүгүн дал ушул маселеге басым койсок дедим эле, ага өзүң сөз тизгинин кайрып келди.. Эми мынча болду жарандык иденттүүлүккө кенен токтолсок…

Ювал Ноах Хараринин жогорудагыдай билдирүүсүнөн кабарыбыз болбосо да, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарынын тегерегинде биригүүчү жарандык иденттүүлүктү калыптандыруунун зарылдыгын, маани-маңызын түшүнүп, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруучу улуттук жана элдик көрөңгөдөн уучубуз куру эместигинен шегибиз жок. Болгону куру намыс жана дүйнөпараздыктан алыстап, коом катары өтмүштү улуулап, ар түрдүү өксүктүк психологиядан арылып, жасалма, көргөзмө талкуулардан илим-билим жана изилдөөлөргө таянган реалдуу талкуу жана бирдиктүү иш алып барууга өтүүбүз керек.

Сурооңузга жооп берүүдө окурмандарга жеткирүүгө аракет кылган максатым – мүдөөнү коомдук жана мамлекеттик деңгээлде эриш-аркак ишке ашыра алсак, адамзаттын учурдагы туш болгон башаламан туңгуюк абалын жөнгө салууга салым кошуучу бийик максатка ээ болобуз деген үмүттөмүн. Мындай үмүт-ишенимдин астында гана нукура элдик жана ислам дөөлөтүнүн рухий кенч казынасындагы кең да, терең да маани-маңыз жатат дээр элем.

Жашоо маңызын табуу жана баалуулук кризисин башынан өткөрүп жаткан адамзат, нукура элдик-ислам дөөлөтүнүн рухий кенч казынасындагы кең жана терең маани-маңызын технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен айкалыштырууга тийиш. Жана да аны абыдан жуурулуштурулган жаңы терминологиялык система, түшүнүктөрдү калыптандырып, риторикага абдан зор муктаждык бар экенин учурдагы батыш жана ислам философиясындагы изилдөөлөргө, практикалык жашоодогу тажрыйбаларга карап ушундай тыянакты айта алабыз. Мындай жоопкерчилик жана көлөмдүү долбоордун аткарылышын ишке ашыруу үчүн, мамлекет тарабынан жигердүү, эрктүү, бирдиктүү иш алып баруучу изилдөөчү жумушчу топ түзүлүп, жетиштүү каражат ажыратылуусу керек.

Адамзаттын учурдагы туш болгон башаламан туңгуюк абалын жөнгө салууга салым кошуучу жогорку максатка ээ болуп,  ал максатты ишке ашырууга жетиштүү потенциялга ээ болуудан артык сүйүнүч болушу мүмкүнбү? Адамзаттын учурдагы туш болгон башаламан туңгуюк абалын жөнгө салууга салым кошуучу жогорку максатка ээ болуу түшүнүгү, кыргыз мамлекетинин бардык жарандарынын аң-сезиминде болгондо ар бир жаран башын жерден көтөрүп асманды, ааламды карабайт беле? Кыргыз мамлекетинин бардык жарандары жерди, мурдунун учун карабай асманды, ааламды караганда кыргыз мамлекети эчак эле өнүкпөйт беле?..

– Жаш болсоң да улуттук мүдөөгө төп келер ой-пикириң менен бөлүшкөнүн үчүн ыракмат, иним! Илим-билим жолундагы мээнетиңдин дөөлөтү да кайтсын…

Маектешкен Олжобай Шакир

[1] Аттокур Жапанов, Экономикалык Энциклопедия,  Бишкек., 2015,  3-бет.

[2] Кусеин Исаев, Кыргыз ооматы чыгышта, Бишкек., 2016, 125-бет.

[3] Yuval Noah Harari, 21 Lesson for the 21st Century, Түркчөгө которгон: Селин Сирал, Стамбул., 2018, 88-бет.

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (1-маек)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.