Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (2-маек)

<<<<<<<<<< Башы

О. Молдалиев: Совет мамлекети 70 жыл өмүр сүрүп, адилеттиктен четтегени үчүн кыйрап калды. Бир эле киши кыйратып койду. Мамлекеттик түзүлүш мындай экен, аны тамаша-чыны аралаш айтып берейин. Ленин мамлекетти эл башкара алат экен деп, Советтер Союзунда далилдеп берди. Сталин далилдеди – мамлекетти бир эле киши башкара алаарын.  Хрущев далилдеди – илибой киши эле башкара берерин. Брежнев далилдеп берди – мамлекетти башкарбай деле койсо болот экен. Горбачев болсо мамлекетти бир эле киши согушу жок кыйратып коёорун далилдеп берди. Биздин элита ошонун артынан калыптанган элита да, жаңы нукка түшө элекпиз.

Атамбаевдин катасын азыр деле кайталап атабыз. Тажрыйбасы жок адамдарды алып келип эле коюп баштадык. Бул башкаруу системасында тажрыйба болбосо болбойт. Таптакыр тажрыйбасы жок жаштарды министр кылып коюп, кийин кандай болот деп ойлонгон киши жок. Эч болбосо министрдин орун басарлыгынан баштап, ушул системаны көрсөтүп, үйрөтүп туруп анан кийин жасаш керек да.

Ж. Асанбек: Ким үйрөтөт? Коррупцияны эле улап кетип атышпаса, иш кылып, ордуна ордун баса турганды ээрчитип даярдап, иш үзгүлтүк болбосун деп кетип атып коюп кеткендей система эчактан бери жок да. Анан, мисалы Улукбек Кочкоровду алсак, тажрыйбасы болбосо да, абийирдүү көрүнүп атпайбы.

О. Молдалиев: Туура коюлган системадан абийирдүүлүккө да үйрөнүшөт. Мисалы, тышкы иштер министрлигине жаш жигит коюлду. Өзү жакшы жигит, мен аны жакшы билем, маселе жок. Кыйналып калабы деп атам да, кейип атканым ошол. Улукбек Кочкоров болгонун болгондой айтып, түз сүйлөгөн жигит. Бирок башкаруу системасында бир да жолу иштеген эмес. Тажрыйба деген чоң нерсе.

О. Шакир: Сиз айткан ушул олуттуу маселеге жогору жактагылар жүр-нар мамиле кылган үчүн мамлекеттик мекемелердин жүгүн тартып кетер кадрларды тандоого жоопкерчиликтүү мамиле кылынбай жатпайбы. Ооба, Улукбек Кочкоров буга чейин парламент трибунасынан бийликке ачуу сындарын батыл айткандыгы үчүн эл сүймөнчүгүнө айланган саясатчылардын бири болуп калды. А бирок ал аткаруу бийлигинде эч бир тажрыйбасы жок экенине көңүл бурулбады, буга чейин ал мамлекеттик ишмердигин көрсөтө элек фигура. Анан эми парламентте бийликке сын айтуу оңой экен, мына эми аткаруу бийлигине келген Кочкоров өз ишинде камчы салдырбай кетеби-жокпу – чоң суроо…

О. Молдалиев: Мына ушул жерден жана биз шайлап алган элитанын жоопкерсиздигин көрүп атпайбызбы.

О. Шакир: Ии, кеп ушунда болуп атат да. Убагында баарыбыз билебиз го, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов деле Улукбек Кочкоров сыяктуу эл сүймөнчүлүгүнө айланган саясатчылар болчу. Карапайым элдин таламын талашса, тилдери кандай такылдачу эле. Кийин кандай жек көрүндүгө айланышты, тез эле… Себеби бизде мамлекеттик системанын өзү таптаза деген адамды заматта булгап коёт экен да…

О. Молдалиев: Бүт баары эле бирине бири байланыштуу чырмалышкан система. Бийлик бөлүштүрүлгөн менен, жоопкерчилик бөлүштүрүлбөй атпайбы. Эч ким жооп бербейт эртеңки күнү. Мисалы, Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды, парламент бекитти, а бүгүн ал кылмыш иши каралып, камакта жатат. Ушундай кырдаалдарда ким жооп бериш керек? Макул, Атамбаев жооп берсин деп атабыз. А парламент эмне үчүн жооп бербейт? Ошол жоопкерсиздиктен, адилетсиздиктен ушундай кырдаал болуп атат.

Көзүнчө, унута электе айтып коёюн, Аида Жеңишбековна коррупция менен күрөшкөндө сөз болду, Атамбаев сурады: «Байке, реакция кандай болуп атат?» — деп. «Алмаз Шаршенович, бу кызыңыз кылычты жалаңдата сууруп алып эле кетти, Кудай сактасын, жан сакчы бербесеңиз болбойт ко», — дедим. «Ал жагынан кам санабаңыз, коопсуздукту камсыз кылабыз» деди. Бүгүнкү күндө унутуп атышат, коррупция менен аёосуз күрөштү ким баштаганын. Аида Жеңишбековна боюнча да ар кандай сөздөр болгон, биз териштиргенбиз, эсиңиздеби?.. Бу кишиге да жалаа жабалы дегендер болгон, парламенттин өзүндө. Кийин далилдегенбиз тууралыгын. Аида Жеңишбековна жакшы эле баштаган, аягына чыгартпай, башкача болуп кетти. Кийин, жогору жактан колдоо болбосо, мен бул иштерди жасай албайм деп айтты, туура айтты. Мен деле андай кырдаалга капташтым. Олжобай ошондо дароо эле айтты: «А, байке, тиги жак колдобой калган экен», — деп. Колдосо, жанагы иштердин көбүн Аида Жеңишбековна жасап коймок.

О. Шакир: Аида Жеңишбековна, азыр деле ушул жагдайга басым жасасак болот, себеби бул мамлекеттик түзүмдөгү эң айкын мисал болгонун Орозбек байке туура белгиледи.

А. Салянова: Мен бир нерсени айта кетейин. Социалдык чөйрөгө бюджеттин 50дөн кичине ашыгыраак пайызы кетет. Башында биздин бюджетти айтып өтпөдүмбү, 140 млрд сомдон ашык деп. Ошондо эң кеминде 70 млрд сом, бюджеттин жарымы. Жетекчини коюп атканда, талап ченемдеринин ичинде ошону иштетип кете алабы деген да талап болушу керек. 70 млрд каражатты багыттуу, туура, орто жолдон жедирбей-ичирбей өз даректерине жеткире алабы? Анткени эң аялуу катмар ошол жак. Кочкоров аны өздөштүрө алат, өздөштүрө албайт деген маселени айткан жокмун. Негизи эле талап коюлушу керек дегенди айткым келип атат. Ушунчалык чоң мекеме, 100 миңдеген адамдар, калктын эң жабырлуу катмары ошол жакта. Бюджеттин жарымы кетип аткан тармакты иштетип кете ала турган адам болушу керек.

Бекбосун агайдын сөзү элитага келип токтоду, ошол тууралуу айткым келди. Президентти Конституция боюнча алты жылга шайлап атпайбызбы. Бул бир жагынан карасак аз, бир жагынан карасак көп. Бирок алты жыл ичинде көп маселелерди чечсе болот, эгерде багытты убагында туура таап алып, ага көп убакыт кетирбесе. Жана да айтылды, алты жыл бою деле багыт аныктап жүрө берсе болот экен. Алты жылдык жолду, маршрутту аныктап атканда баары эле керек, карап турсаң бир оң болгон тармак жок бизде. Баарында эле көйгөй бар, баарын камтыш да мүмкүн эместей. Бир орчундуу маселени бөлүп алып, ага жанаша эле берки маселелерди да чечип кете бергендей болушу керек. Мисалы, билим маселесин, аны чечиш үчүн курал катары коррупция менен күрөшүү маселеси, бул чечилсе, башка маселелер деле чечиле берет.

Ал жакта да көптөгөн маселелер бар… Ошонун биринчи катарларында турган маселеге өзгөчө басым керек деп ойлойм. Ошондо убакыт азыраак сарпталат эле. Элитаны чындап эле өзүбүз аныктап, өзүбүз шайлап алып келип атабыз. Башка жактан келип калган жок да алар, өзүбүздүн арабызда жүргөн адамдар баары. Элитада өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келген, бирок укмуштуудай хансарайларда жашап, кымбат машиналарды айдаган адамдар бар. Ошону баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Бирок өзүбүз ошондой адамдарды сыйлап, төргө өткөрүп, уча тартып, көптүрүп, көкөлөтүп алып атабыз. Элде коомдук пикир деген катуу курал болушу керек деп ойлойм. Андай адамдар менен башкалар саламдашкандан да уялгандай болуш керек. Коррупционер, жеп-ичкендер менен коридордо учурашып туруп калганда – бирөө-жарым мени көрүп калат деген коркуу аң-сезими калыптанышы керек элде. Андыктан элдин аң-сезим деңгээлин өстүрүүгө тийишпиз.

Ар бирибиздин аң-сезимибизде революция болмоюнча эч жылыш болбойт. Кайсы маселени талдабайлы, акыры аң-сезим маселесине келебиз. Анын көп жолдору тууралуу мен көп нерсеге токтолуп отурбай, бир эле нерсени айткым келет: ага элиталык катмар үлгү болушу керек. Бизде үлгү боло турган ошондой элита барбы? Эл да бирөөдөн үлгү алышы керек да, азыркы элита деген катмарыбыз элди эмнеге үйрөттү? Бири-бирин сатканга, тоногонго, калп айтканга, туруксуздукка, эки жүздүүлүккө! Ушундай жагдайда элге кантип нааразы болобуз, мародерство кылып атат, тоноп атат, талап атат деп. Эмне үчүн биз элге ушул күнөөнү коюшубуз керек? Революция болгон сайын мародерство болгону элитадан болуп атат. Ушунун баарынын башында биринчиден элита турат, экинчиден өздөрүнүн жүрүм-турумдары менен көрсөтүп келишет.

Эми биз каалагандай жакшы элита кантип келет? Бийликке таза адамдарды алып келүү керек. Маселенин 99%ы ушул жол менен чечилет. Сталин туура айткан: кадрлар баарын чечет. Бул жөн жерден айтылган сөз эмес. 120 депутат, президент, өкмөт болуп 200 киши деп коёлучу, 200 дагы эмес. Өлкөнү жакшы багытка салып кетүү, ашып кетсе 10-15 кишинин эле колунан келет. Бирок ошол 10-15 киши тазалык жагынан кынтыксыз болушу керек.

Эгерде мен жумушка келсем, менде тандоо болсо, бирөө чындап эле мыкты кесипкер, бирөө иш тажрыйбасы жагынан анчалык деле мыкты адис эмес, бирок мыкты адам болсо, абийири таза болсо, мекенчилдик сапаттары, өлкөгө болгон сүйүүсү күч болсо, ошол ишти алып кете алат. Ошол адам артыкчылыкка ээ. Анткени андай адам сөзсүз түрдө үйрөнөт, кесипкер болот. Ал эми кесипкер адам абийири жок, адамдык сапаты болбосо, кесипкерлигин туура эмес колдонот. Бизде ошондой. Жалаң кесипкөй, тажрыйбалуу адамдар келиши керек дегенибиз менен, ары жагын калтырып коюп атабыз. Эми ошондон башташ керек деп ойлойм. Ар бир тандоодо, ошол жагынан бери текшерип, тээ башынан, мектепте окуганда жүрүм-туруму кандай болгон, университетте жүргөндө кандай эле, иштеп жүргөндө кесиптештери менен кандай мамиле куруп, кимди сатты, кимди алдады эле дегенден бери териштирүү керек, мен 10-15 киши жөнүндө эле айтып атам. Ушулар жакшы тандалса эле, ары жагын өздөрү тандайт эле да. Аларга ошондой жоопкерчиликти, укукту бериш керек.

О. Шакир: «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дейт эмеспи кыргызда, жогорку окуу жайда мугалимдер пара алып атса, аны көргөн студенттер кийин мансапка жеткен күндөн тартып сиз айткан адамдык сапаттарга ээ болбогон үчүн кадрлар арасында жеп-ичкендер четтен табылып атпайбы…

А. Салянова: Бул илим, келген адам ошол жердеги, жамааттагы атмосфераны өзүнө тез кабыл алат, көп учурда ошол нук менен кетет. Өтө коррупциялашкан жамаатка кошулган киши да ошол жол менен кетет, он учурдун тогузу ушундай бизде.

Сөздүн дал ушул жеринен «Сармерден» ресторанынын айтылуу афган куурдагы булоолоп алдыга келип калды.

Б. Бөрүбашев: Сиздер тамакка карап отуруңуздар, мен өз сөзүмдү ушул жерден кыстара берейин. Жакшы отурабыз, Олжоке, силерге дагы бир жолу рахмат.

Эмне үчүн ушундай абалга келип калдык деп атпайбызбы. Элита жөнүндө сөз болуп атат. Коомдо баалуулук деген болот. Ошол баалуулукту элита тандайт. Элитанын эң биринчи милдети – анын деңгээли, мекенчилдиги ошол баалуулукту тандаганында. Мисалы, мен үчүн акча баалуулук, мен элитамын, ошон үчүн мен олигархтык мамлекет куруп койдум деген түшүнүктөгүлөр жок эмес бизде. Кыргызстандагы элитанын баалуулуктары негизинен ушул ролду ойноп кетти. Силер өткөндө Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгын ыраматылык Уланбек Эгизбаевдин апасына тапшырганыңарда, ошондо депутат Садык Шер-Нияз айтпадыбы: «Туура түшүнгүлө, биз эле жаман эмеспиз, коом жаман, биз ошол коомдун көрүнүшүбүз», — деп айтты, ээ Орозбек байке… Ушундай мааниде айтты. Көрдүңүздөрбү, коомду ошондой баалуулуктарга алып барып коюшту, ошондой баалуулуктарга ылайык мыйзамдарды кабыл алып, ошондой баалуулукту идеология кылып алышты. Элита элдин элегинен өтүшү керек. Элдин элеги – шайлоо. Шайлоо жакшы болсо, шылуундарды өткөрбөйт. Эгерде шайлоо начар болсо, мен акчамды бергем, кечээ да депутат болгом, эртең да болом, бүрсүгүнү да болом, керек болсо элүү жыл депутат болом дейт. Анткени бизде баалуулук акча болуп калды.

Эми биз бул жерге чогулуп эле, мындай болуп калды, андай болуп калды деп ыйлакташтын кереги жок. Чыгуу жолун карайлы, чыгуу жолу барбы? Бар. Бизде шайлоо деген жок, туура айтасыздар. Мына, бул жерде мен сыйлаган адамдар менен ак дасторкондо отурам, өзүмдүн оюмду айттым. Кыргызстанда шайлоо деген жок. Депутаттык мандатты сатып аласыз. Акчаңыз барбы, мандатты сатып аласыз. Акаевди урушабыз, үй-бүлөлүк, кландык система кылды деп. Акаев бир эле үй-бүлөнүн бийлигин орноткон Кыргызстанга, Майрам апче, Айдар, Бермет, ж.б…

О. Молдалиев: Күйөө бала ха-ха…

Б. Бөрүбашев: Ха-ха… “Кыргыздардын күйөө баласы” жанагы, ким айткандай… Азыр бүт Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк система болуп калды. Бирөө аялын, бирөө балдызын көтөрөт, бирөө бир тууганын көтөрсө, бирөө шоопурун дегендей. 2005-жылы эл көтөрүлгөндө Бишкекте эле нааразылык болгон, азыр ар бир айылда бар. Бир айылды беш-алты үй-бүлө эле басып алган, колунда бар адамдар. Жергиликтүү депутаттарды ошолор шайлашат, тактап айтканда, жергиликтүү саясатты ошолор өткөрөт. Мисалы, мен айылдын күркүлү болсом, таякемди айыл өкмөтү, инимди депутат кылам, дагы бир досумду бирдеме кылам, ушундай… ушундай. Ушул система баратат. Аша-чаап кетти дешиңиздер мүмкүн, туура түшүнүңүздөр, ушинтип жүрүп отурсак, бизде катмарлар пайда болот. 18-19-кылымдардагы бай-манап, ак сөөк, каратаман, томаяк деген катмарларга кайра баратабыз.

Орозбек байкем жана абдан туура накыл сөздү келтирди, коом адилетсиздикке чыдабайт. Ачка болсок чыдап жүрө беребиз. Мобунун баарын жыйып алып, калгандарын каратып коюп бир эле киши жеп атса, ага чыдабайт. Бул сөзсүз социалдык конфликтке алып келет. Байлар тынч уктабай калат. Мына, эмне үчүн мамлекет укук коргоо органдарынын гана айлыгын көтөрөт, турак жайын берет? Анткени Акаевдики, Бакиевдики сабак болду, кой, буларды колго алыш керек экен, ме үй, ме тигиндей-мындай… ушинтип атпайбы. Эмне үчүн врач байкушка бербейт, эмне үчүн мугалим байкушка бербейт?

Менин айтайын дегеним ушул, элита жакшы болуш үчүн шайлоо таза болушу керек. Шайлоо жакшы болсо, элдин кызыкчылыгын коргогон элита келет. Кеп шайлоодо болуп атпайбы, элдин кызыкчылыгын коргогон элита келгенде, элдин бакубаттыгына алып келе турган баалуулуктарды, идеологияны көтөрө турган мыйзамдарды кабыл алат. Шайлоонун алдында биз шайлоо салыгын гана көтөрөбүз, мисалы мурда 1 млн болсо, азыр 5 млн болсун дейбиз. Кыргызстандын 70-80%ынын чөнтөгүндө тыйыны жок. Мына ушундан сазга батып баратабыз.

Негизинен, бүт системаны реформа кылыш керек. Мен да ИИМдин академиясында 5-6 жылдай иштегем, мени да кошуп коюптур. Мен айттым, адамдын бүт денесиндеги кан бузулуп, гангрена башталса, анын чыпалагын эле дарылагандан пайда жок деп. Чыпалагы – милиция, башбармагы – сот.

Мындан чыгуунун жолу бар. Эң биринчи, шайлоо системасын оңдош керек, ал жакка акчаны жолотпош керек. Акча жолодубу, мен баймын деп коёлу, анда мен гана шайланам. 70-80% бай адамдар, бизнесмендер келет. Бизнестин өз кызыкчылыгы бар да – бир тыйынды эки тыйын кылыш…

О. Молдалиев: Менчигин коргоп калышы керек.

Б. Бөрүбашев: Ии, анан эми интеллигенциянын өкүлдөрү, таалимдүү, тарбиялуу кишилер ошонун жолун көрсөтүшүбүз керек. Эл деле эмне кыларын билбей калды, Акаев жакшы дедик, Акаев жаман чыкты. Бакиев келди, аны да айдадык. Роза Отунбаева келип, бир жарым жыл отурду. Баш мыйзам тигиндей болду. Анан Атамбаев келди, эми мына бешинчиси келип атат, элдин деле башы айланып калды, эмне кыларын билбей. Мен өзүм элитага кирейин деген оюм жок, ага алым да жетпейт, биз илимий интеллигенция, чыгармачыл интеллигенция, жок дегенде жолун көрсөтүшүбүз керек. Ачык эле айтып коёюн, биз 4-5 жылдан бери иштеп, “Өнүгүүнүн стратегиясы” деген программа жазып чыктык. Программабыз чоң эмес, кыска.

Убагында Ленин болгону сегиз эле сөз айткан: Элге – тынчтык, дыйкандарга – жер, жумушчуларга – завод, фабрика, советтерге – бийлик деген. Элге тынчтык дегени, 1-дүйнөлүк согуш болгон, эл тынчтыкты эңсеген. 55 томду (О. Молдалиевге карап) сиз экөөбүз окуп калдык, ал аны оппоненттерине жазган да. Ошо сыяктуу биздин лозунг мындай: «Байлык-бийлик – элге, адилеттүүлүк – коомго, жоопкерчилик – мамлекетке». Мурун байлыгы жок болчу, бийлик эле элге деп келгенбиз. Байлыкка биз эки жылда барып жеттик. Көрсө, мындай экен да, дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөңүз, кимдин чөнтөгүндө акча болсо, ошол сөзсүз бийлейт экен, дүйнөлүк тарыхта. Эң биринчи элге байлыкты бериш керек экен. Бай адам жана сиз айткан 1000 сомго сатылбайт. Сенин 1000 сомуңдун кереги жок, каалаганымды шайлайм дейт. Ачка отурсам, жан багышым керек, биологиялык затмын, тамак ичишим керек. Ошон үчүн байлыкты бериш керек экен, ошондо гана адилеттүү жол менен, иштеген – тиштейт.

Көйгөй көп, мисалы үчүн, курултай келсе эле бүт баары ордуна келет деп курултайчылар айтып жүрүшөт. Мен айтам, силердин курултайдын мобу Жогорку Кеңештен айырмасы жок дейм.

О. Молдалиев: Аты эле өзгөргөн болот анда.

Б. Бөрүбашев: Ии, мына силер сүйлөп тургандар шайлоого барбайсыңар дейм, ким барат дейт. Акчалуулар барат ал жакка. Акчасы менен келгени акчаны сүйлөйт, сенин сөзүңдү, менин сөзүмдү сүйлөбөйт дедим.

Улуттук саясаттын туу чокусу – улуттук мамлекет. Мамлекет улуттук болушу керек, экономика улуттук болушу керек. Улуттук коопсуздук болушу керек, ошолордун түбүндө улуттук идеология бекийт.

Эки жыл мурун бир китеп жазгам. Ошону жаңыртып атам, өзүңөргө берем, таанышып көргүлө. Чарбанын же жашоонун бир тармагын реформа кылалы, мисалы, медицина тармагын, же милицияны, же сотту деген болбогон нерсе. Биз бүт баарын, түп-тамырынан реформа кылышыбыз керек. Кеп президенттик башкарууда эмес, парламенттик башкарууда да эмес. Андай болсо эмне үчүн Америка президенттик башкарууда турат? Сопсонун башкарылып атат, анткени ал жыйнактуу башкаруу системасы. Сооронбай Шарипович да айтып атпайбы, парламенттик башкаруу деп. Парламенттик башкарууга барыш үчүн, парламенттик башкаруунун базасын ким түзүп атат? Саясый партия түзүп атат. Кыргызстанда мына бүгүн 236 саясый партия бар.

О. Молдалиев: Саны боюнча.

Б. Бөрүбашев: Ооба, саны боюнча. Эң күчтүү, классикалык партия деген КСДП эмне болду, «Ата Мекен» эмне болду? «Акжол» эмне болду? «Алга Кыргызстанчы»…

Ж. Асанбек: «Ата Мекен» парламенттин абийирин жаап туруп атпайбы.

Б. Бөрүбашев: Ха-ха. Аида жакшы билет, саясый партиялар боюнча мыйзам 99-жылы кабыл алынган. Андан бери моралдык жактан канча өзгөрдү? Дагы бир кызык нерсе бар. Биздин Башмыйзамдын, мен көп айтам, Аида деле билет, 4-беренесинин 4-пункту бар. Кыргызстанда мамлекеттик, партиялык жана муниципалдык институттар бирикпесин, чогуу иштебесин, мамлекеттик мекемелерде, муниципалитеттерде партиялар түзүлбөсүн дегендерчи. Түзүлүп атпайбы, иштеп атпайбы, карабайсыңарбы. Эми мунун өзөгү кайда калган? Менде 7-8 варианты бар. Бир убакта КПССти талкалайбыз деп, №1 душман ошол КПСС болуп калбады беле. Ошондон бери жүрөт. 2010-жылы мен да конституциялык реформага катышып калдым. Ушуну алып коюңуздар дедим. Жакшы, жакшы дешет деле алышпайт. Беренени бузуп алып Жогорку Кеңеште отуруп атат фракциялар, шаардык кеңеште отуруп атат фракциялар. Андай болсо, бир калыпка келсин да. Кыргыздын бир жакшы сөзү бар, «айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман» деген. Айтсаң сынды көтөрө алышпайт, илимде болобу, саясатта болобу – сын айткан кишини душман көрүшөт.

О. Молдалиев: Ошон үчүн университетиңер мени чакырбай калды азыр.

Баары күлүштү.

Б. Бөрүбашев: Менин оюм ушу, Олжоке. Чоң иш баштап алыпсың. Ушул боюнча иштесек, бизге жакшы экономисттер керек, жакшы юристтер керек, жакшы социолог, политологдор керек. Мен мурун деле айттым эле, бүгүн деле айтып коёюн, колуман келишинче кызматташканга макулмун силер менен. Бул жерде жакшы нерсе бар да, таңууламай жок, оюбузду айтабыз. Кабыл алынса, кабыл алынат, кабыл алынбаса жок. Дагы бир жолу рахмат.

О. Шакир: Ооба, эркин баарлашуу.

А. Салянова: Таза шайлоо боюнча эки ооз сөз айтып коёюнчу. Негизи көп мамлекетте президент эки мөөнөткө гана шайлансын деген норма бар. Бизде болсо бир гана мөөнөткө шайланат. Мисалы, Атамбаевден кийин Жээнбеков келди да, Жээнбековдон кийин Атамбаев кайра келе албайт. Адам өмүрүндө бир гана мөөнөткө президент боло алат. Ушул норма жазылып атканда, бир ой камтылган, идеологиясы мындай болчу, эки революция башыбыздан өтүп, экөөндө тең узурпация болду, экөөндө тең өз бийлигин күчөтүү болду, тегерегине жакын тааныш-туугандарын жыйноо болду. Бир эле мөөнөткө, алты жылга гана боло алат деп койсок эле, отурукташып калууну көздөбөй, элди ойлойт деген ой болгон.

О. Молдалиев: Идея жакшы.

А. Салянова: Ооба, идея жакшы болчу. Биз кыргыздар баарын бузат экенбиз да, ал идея иштеген жок. Ортодо уруш-талаштар болуп кетпегенде, балким илгерилеп кетмектирбиз… Аягына чейин баарын биле бербейт экенбиз. Атамбаевдин жеке өзүнө тиешелүү маселелер болду окшойт. Атамбаевде бийликте калууга, президент болбосом да, мен башкарам деген аракеттер болду да. Бул кыргызда боло берчү көрүнүш экен баары бир. Эгерде президент, мына мен алты жылга шайландым, дагы калганга аракет жүргүзбөйм, ушул алты жыл эле жакшы иштеп берейин десе, башкача болот эле. Таза шайлоо дегенди мен абдан колдойм. Бардык саясатта эң негизги көзөмөлдөөчү бул – эл. Эң эле негизги көзөмөлдөө учуру – бул шайлоо. Ошондо баарына баа берилет. Алты жылда бир эле баа берчү күндү эл колдон чыгарып ийбеши керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Эл туура баа бериши үчүн, элди жайына коюш керек.

Эгерде президент, мен калбайм, татыктуу талапкерди шайлап алгыла, мен да барып өз добушумду берем десе, эл арасында бийик кадырга жетмек… Канча шайлоо башыбыздан өтүп атат, эл акча алганы менен каалаганына салып коёт экен баары бир. Кээси анткенден уялса, кээси добушун сатып, ошол ыплас саясатчыларга добушун берет экен. Ошол себептен эл бийликке каршы чыкпайт экен. Атамбаев кыдырып жүрдү, мисалы… Атамбаевден башка бийлик деле менин талапкериме шайлагыла деп кыдыра турган болсо, эл ошону угат. Эгерде президент мен кийлигишпейм, каалаганыңарды, татыктуу деп тапканыңарды шайлагыла дей турган болсо, бийлик кийлигишпесе, эл сөзсүз түрдө татыктууларды тандайт. Сөзсүз болбосо да, таза адамдар бийликке келишине мүмкүндүк болмок. Ошого келишибиз керек деп ойлойм. Конституция ага толук мүмкүнчүлүк берет. Президент алты жыл гана иштейт. Алты жылдан кийин калганга аракет кылбаш керек.

О. Молдалиев: Бекбосун айтып атпайбы, эл байымайын таза шайлоо болбойт деп, бул жаңылыштык. Элдин баары бай мамлекет болбойт. Мамлекетте жардысы да болот, уурусу да болот, кылмышкери да болот. Элдин 10%ы активдүү болот, 19% кылмышкер чыгат. Элдин баарын бай кыла албайбыз. Бирок жанагы Аида Жеңишбековна көтөргөн маселе эң туура, элдин аң-сезими болушу керек, жардыга да, байга да бирдей болгон улуттук аң-сезим калыптаныш керек. Ушу жерде менин добушум маанилүү, мамлекеттин келечеги үчүн алты жылда бир жолу боло турган тандоо ушул жерде деген түшүнүккө жетиши керек. Немистерге таң калам, «стукач» деп жаман көрөбүз да, немистерде тууган-уруктарыбыз да бар, башкалар да бар, ал жакта алты ай окудум. Эмнеге силер баарын жеткирип турасыңар десем, биз кылмыштын алдын алып турбасак, полиция көбөйөт, полиция көбөйсө, салыктар көбөйөт, биздин турмушубуз начарлайт дейт. Биз ошону түшүнбөйбүз. Мен бир экономистке таң калгам, Акаевдин убагында иштечү, кийин деле иштеп жүрдү. Ал минтет: Коргоо министрлигине чабандарды бекитип берип коюш керек деп. Эмнеге десем, алар чабандарды жайытка көчүрүп барат, кирза өтүктөрүнөн, формаларынан берип коёт дейт. Чабандардын кыйналганын көрсө керек. Коргоо министрлиги каяктан алат аны, ушул эле бюджеттен алат да дедим. Өзү экономист, бюджеттин акчасы каяктан келет түшүнбөй атат, анан жөнөкөй элге нааразы болобуз. Бюджет десе эл ойлойт, бир казына бар экен хандын казынасындай болгон, ошого колун салып эле бере берет экен деп. Бюджеттеги акча кайдан келет, ошону түшүндүрүп айтыш керек. Айланайын эл, бул сенин акчаң, жакшы кишилер келсе, салык дагы төмөндөйт, сен ошондо жакшыраак жашайсың деп. Ошондо байыйт эл, болбосо байыбайт. Айтылгандай, маселе аң-сезимде, элдин аң-сезимин көтөрүшүбүздө. Албетте, материя алдыда, эч нерсе дей албайбыз, бирок аң-сезим деген чоң маселе.

О. Шакир: Ушу сиздердей элитанын азыркы озуйпасы мындай го дейм: 2020-жылы боло турган шайлоого чейин элдин аң-сезимин даярдап, шайлоо инструменти эмне экенин түшүндүрүп, калктын калың катмарына шайлоонун маани-маңызын жеткиликтүү айтуу керек ко дейм. Мунүчүн журналисттер да коом агартуу маселесин колго алып, сиздердей коомдук катмардын пикирлерин кеңири жайылтса эле, эл ак-караны ажырата баштамак…

О. Молдалиев: Бул жерде дагы башка маселе бар, шайлоодон кийин эч нерсе өзгөрбөйт экен, булар баары бир өз билгендерин жасай берет, бергенин ала берели деген пикир жаралып калды.

Б. Бөрүбашев: Эл ишенбейт шайлоого, анткени элитабыз ошондой эрежени киргизип койгон. Баягы выбирай, не выбирай, баары бир келет Сооронбай деген кеп чын болуп атат да.

О. Молдалиев: Бизде, 27-28 жылдан бери кадр маселеси жолго коюлбаган. Резерв кадров деген формалдуу түрдө бар, бирок иш жүзүндө резервде ким бар экенин эч ким билбейт. Мамлекеттин эң негизги функцияларынын бири ошол – саясый социалдашуу. Элитаны даярдаган ошондон башталат. Бекбосун туура айтат, баланчанын балдызы баланча жерге министр болот, түкүнчөнүн кайнежеси баланча жерге министрдин орун басары болот деп эле, ушундай принцип менен иштеп атышпайбы. Аны алып көрүңүз, фракция макулдук бербей коёт. КСДП Рыспаевди чыгаргыла деп көрсөтмө берди эле, фракция жок, чыгарбайбыз деп койду, иштеп атат. Адистештирип, тажрыйбадан өткөрүп, аттестациядан өткөрүп, даярдоо керек эле. Союз убагында  улам карап, ии бышып жетилиптир, ушуну коёбуз деп резервге жылдырып турчу. Азыр болсо айланайын, бийлик алмашса эле, десант түшкөндөй болуп келип калып атпайбы. Өспөй атканыбыз ошондон. Бир мисал айтып беришкен, Бакиевдин убагында бирөө бажыга келет, арызын көтөрүп алып. Арыздын бир жери туура эмес жазылып калыптыр, ушуну оңдоп коюңуз десе, кетип калыптыр да, барып албай атат деген го. Премьер-министр албайсыңарбы деп чалыптыр, арызын кайта жаз десек кетип калды десе, бул жакта менин башымды чагып атышат, арызын жаздырып, алгылачы дептир. Премьер-министрге көрсөтмө бердирип атышпайбы. Арыз жаза албаган кадр кантип иштейт анан?

Б. Бөрүбашев: Кадрдык саясат деген бар, бирок ошол кандай саясат, ал башка маселе. Кадр даярдоо деген бар, кадр резерви деген бар. Депутат баласын даярдап атат, олигарх баласын даярдап атат, анан небересин даярдайт, бирок мамлекеттик кызыкчылык менен эмес, жеке адамдын кызыкчылыгы менен даярдайт. Билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу өтпөйт, анткени ал анын кызыкчылыгына жооп бербейт. Мен Улукбек Кочкоровду жакшы тааныйм, абдан жакшы жигит. Мавлян да жакшы жигит, бирок экөөнү алып барды, экөөнүн оозу басылды. Бир адамдын колунан келбейт, система өзгөрмөйүнчө… мисалы үчүн мен барсам да ошону кылам. Жана сиздер келгичекти Жетиген экөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен ушуну айтсам, Жетиген ойлоду окшойт, Олжоке кимди чакырып койгон деп.

Ж. Асанбек: Менимче, кептин баары ошол жерде жатат. Адам өз адилеттигинде солк этпес бек болушу керек. Акыйкаттыгынан тайып алып, анан ага шылтоо таап жамынган адам адилет, таза адам эмес. Таза адамдар болбосо, таза система кайдан түзүлөт?

Б. Бөрүбашев: Мен жооп берейин, азыр баарыбыз Жээнбековду апенди кызын мактагансып мактап атабыз. Ал куда-сөөгүн коюп атат… Сооронбай Шариповичти эл президент кылган жок, акча президент кылды, куда-сөөк, жакын достор, Раим миллионго окшогондор президент кылды. Мисалы, ушу тургандар эртең мени бийликке алып барсаңар, мен силерге кызмат кылам да. Олжобай айтат, ой байке, сизди ким ал жакка алып барды эле, унутуп калдыңызбы деп. Аны да туура түшүнүш керек, алар мага кызмат кылып жүрсө, анан мен бийликке келип алып, мен силерди тааныбайм десем, бетке түкүрөсүңөр да. Чынбы? Ошон үчүн системаны өзгөртүү керек. Жээнбековду коррупциялык система алып келип койсо, ошол системага каршы күрөшө алабы, күрөшө албайт. Бизге реформатор керек, Петр 1-дей болгон…

О. Молдалиев: Ден Сяопинди эле айтчы…

Б. Бөрүбашев: Ии, Лениндей, керек болсо, Сталинге окшогон реформатор керек.

О. Шакир: Реформатор деген биздин менталитеттен алганда адамгерчиликтен ажыраган адам болуш керек. Тууган-уругумду урганым жок, мага мамлекеттик, улуттук саясат бийик деген. Биздикилерде андай эрк жок да, бир тууганын камап коё албайт. Адамгерчилиги жок экен деп достору таарынат, туугандары андай адамга каршы чыгат. Менимче, Кыргызстандын шартында андай реформаторлукка барууга эч кимисинин эрки жетпейт. Баары тууганчыл, жердешчиликтен өйдө ойлоно алышпайт…

Б. Бөрүбашев: Кыргыздар эмне үчүн эки жолу бийликти алды? Туура алды, анткени адамдар көрдү, мыйзам жолу менен, мыйзамдуу шайлоо менен эч качан ак үйгө кирбестигин. Бийликти алды, бирок олигархтар аны уурдап кетишти.

Ж. Асанбек: Эмне кылыш керек дегенде, мына Аида Жеңишбековнадай, бийлик борттун сыртына чыгарып койсо да, алдыга жүрө бериш керек деп ойлойм. Бул саясатчыларга, элита болууга дымактуу да, дараметтүү да жарандарга үлгү жана элге, коомчулукка чоң пайдалуу иш болуп атат. Аида Жеңишбековна азыр элге депутат болгонунан да жакын. Укуктук сабаттуулукка жеткирүүгө долбоорунун салымы чоң болот деп үмүттөнсөк болот. Азыр маалымат согушу окуялардан ыкчам жүрүп турганда, элге акты актай, караны карадай жеткирүү, менимче аябай чоң роль ойнойт. Ошону менен катар элдин укуктук сабаттуулугу, өз укугун билиши да коомчулуктун аң-сезимин көтөрүүнүн зарыл өңүтү деп ойлойм.

«Сармердендеги» саресептин меймандары кобурашып отурган кезде ишинен саамга бошогон ишкер, ресторандын кожоюну Дүйшөн Орозалиев кирип келди.   

Дүйшөн Орозалиев: Ассалом алейкум!

О. Шакир: Мына Дүйшөн… Бул менин досум, баятан сый тамагын жедик. Мына, жакшы ишти баштап койсоң, колдон-буттан алып, Дүйшөнгө окшогондор демөөрчү боло баштайт экен. Буга сайт ачылган күндөн бери жүгүмдү артып койгом. Адабиятчылар сын жазсын үчүн бул досумду далыга таптап, адабий сынга ай сайын 3000 сомдон гонорар төлөттүрүп атам сынчыларга. Сынчылар учур адабиятынын көзгө көрүнүктүүлөрүн тандап башташты. Сын – китеп окуунун, пропаганда кылуунун эң жакшы жолу эмеспи. Ошол, ошону менен иш илгерилеп келатат. Бул жерге сиздерге окшогон акыл-чөйчөгү толук инсандарды чакырып маектешүү өткөрүп турганыбызга да ушул досум жарап келет, сый тамагын берип, бильярдын ойнотуп. Бирок сиздер оюнкараак эмес экенсиздер.

Б. Бөрүбашев: Сизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

О. Молдалиев: «Сармердендин» кожоюну дайым колдоп, бильярд ойнотуп, дасторконун жайнатып, Олжобайга шык-дем берип жүрөт, азамат экен! Кайсы динде болбосун, бул жакшы нерсе. Берсең берем деп айткан Кудай. Ошон үчүн сиз Олжобайга канча берсеңиз, андан көбүн аласыз. Бербей кысынган кишилерди деле көрүп жүрөбүз, айласы кеткенде салыкчыларга, караларга берип жүрүшөт. (Баары күлүштү) Эми Олжобай, Дүйшөн ишиңер ийгиликтүү болсун, каалаган максатыңар аткарылсын!

Жазып алган Жетиген АСАНБЕК

Өзөгү өнбөгөн улуттук саясат жөнүндө сөз (1-маек)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.