“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аттуу адабий-философиялык этюддардан

Адабиятчы Виктор Левченко бир ирет жазуучу менен маектешип жатып, мамындай бир собол койгон эле: “Жамийла менен Даниярдын айылдан кетиши Адам ата менен Ава эненин бейиштен куулушун эске салат. Бул ой сизге кайдан келди болду экен? Балким, кайсы бир чыгарма менен таанышкандан улам пайда болгондур? Же мен муну сизге жөн   эле окурмандык туюмум менен таңуулап жатамынбы?”

“Сиздин бул ойуңуз мага кызыктуу сезилип жатат, -деп жооп берген жазуучу буга. – Христиан мифологиясын билүү, мүмкүн, “Жамийланы” ар түрдүүчө, терең жана кенен түшүнүүгө мүмкүндүк берер, бирок ал чыгарманы жазып жатканда менин башыма сиз айткандай ой түк да келген эмес”. (“Вопросы литературы”,№ 8,1976.).

“Жамийланы” башка бир өңүттөн караганга огожо болор дагы бир миф бар, ал эзелки апокрифтерде кезигет, бирок белгилүү себептерден улам диний ыйык китептерге – Торага, Библияга жана Куранга кирбей калган. Апокриф – жашыруун китеп дегенди туюнтат. Биринчи мындай китептер еврейлер Вавилон туткунунан кайтып келгенде пайда болгон дешет. Өзгөчө Кабаллада – иудаизмдеги диний-мистикалык, эзотерикалык агымда – апокрифтер арбын. Алардын бири — арамей тилинде жазылган “Сефер ха-Зоар” (Sefer ha-Zohar)  —  Зохар китеби.

Мартин Лютер өз заманында Бибилияны которуп жатып, “апокрифтер Ыйык Жазмага тең келбей турганын, бирок алар окуганга пайдалуу жана жакшы экенин” моюнга алыптыр. Атактуу Клод Гелвеций: “Акыйкатты бир гана тыйылгы салынган китептерден тапса болот, калгандары калп айтат”,- дегенде, балким, ошол апокрифтерди эске алгандыр.

Айтор, жалпы массага жабык делинген жанагы “Зоар” китебинде Адам атанын Евадан мурда да аялы болгон деп айтылат. Кудай адегенде ылайдан эркекти, андан соң аялды жаратып, аны Лилит деп атаптыр. Көп өтпөй экөөнүн ортосунда талаш чыгат. Үйдө ким кожоюн болушу керек, ким кимге баш ийиш керек – маселе ушундан башталат.

— Сен болгону мага жардамчы катары жаралган макулуктардын бирисиң,- дейт эркек.

— Андай эмес, -деп каяша кылат ага аял.- Экөөбүз тең ылайдан жаралганбыз, демек теңбиз. Мен сага баш ийгим келбейт.

Алардын талашы төшөк маселесинде да басылбайт. Акыры тажап, Лилит Кудайдын жашыруун атын билип алган экен, аны оозанып, көккө учуп чыгып, Эдемден (бейиштен) жерге баса берет. Эркек айласы куруп, жараткан эгесине арызданып барат. Кудай дароо Лилиттин артынан үч периштесин жиберет. Алар аны Кызыл деңиздин үстүндө кууп жеткен экен. Бирок Лилит Адамга кайтпай койот, Кудай каарданып, аны түнкү азезилге айлантып салат. Ошондон бери ал түндө эркектердин, айрыкча үйлөнө элек бойдоктордун түшүнө кирип, аларды азгырып, таң аткыча ал-күчүн алып, кыйнап чыгат имиш.

Ушундан соң Кудай тил алчаак болсун деп Адамга анын кабыргасынан Еваны жасап бериптир. Адам аны менен ташпишсиз жашаптыр, бирок түндө дайым Лилитти эңсеп, куса болуп жүрүптүр. Баази бир тапсирчилер Адам Евадан кетип, Лилит менен жүз жыйырма жыл жашаган деп айтышат.

Адам атанын биринчи аялы жөнүндөгү улама кеп байыркы Месопотамиядагы – евроазия цивилизациясынын бир “бешиги” аталган аймактагы — элдердин көбүндө болгон экен. Кийин иудаизм, христианчылык, алардан соң ислам анын атын бардык ыйык китептерден алып, Лилитти шайтандын аялы деп жарыялап салышат. Бир топ заман өткөн соң, өзгөчө Кайра жаралуу доорунда бул уламышка кызыккандар көбөйүп, сүрөтчүлөр Лилитти бир укмуш тейде керемет сулуу кылып тартышат, акындар ага поэтикалык саптарын арнашат.

Биз өйдөдөгү этюддардын биринде (“Батыш мизогинизми жана кыргыз гинофилиясы”) Библияга апостолдун атынан кошумча киргизип, аялдарга эркекти башкарууга укук берилгенде Эдемде эмне болгонун эстен чыгарбагыла деп эскерткен белгисиз автор жөнүндө айткан элек. Эдемдеги адиса (инцидент) деп ал дал ушул Адам менен Лилиттин  талашын айтканы шексиз.

Азыркы кездеги бир катар диний тапсирчилердин (толкователи, интерпретаторы) жоромолдоруна таянсак, Адам атанын биринчи аялына караганда экинчи зайыбынын күнөөсү оор болгон. Кудай Лилитке ырайым кылышы ыктымал эле, ал эми Еваны Жараткандын жарлыгын бузуп, жебе деген жемишти жегени үчүн кечирген эмес дешет алар. Лилит бейиштен өз эрки менен кетсе, Ева күнөөсү үчүн куулган.

Бул уламыштын ибааратын “Жамийладагы” окуянын оролуна которсок, чыгармадан төмөнкүдөй картинаны көрөбүз:

“Аялдардын баары эле Жамийланы жамандашып жатты.

— Акмак да! Болбосо ким эле өзүнүн ырыскысын тебелеп, тентиген мусапыр менен ээрчип кетсин!

— Ошону айт, жеңе! Эмнесине кызыкты дейм да! Жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси жок эле го!

— Анан эмне, короо-короо малы бар беле! – деп дагы бирөө коштой чыгат. – Үйү жок, жайы жок тентиген неме да! Мейли, өз убалы өзүнө, тим кой, өкүнүп бармагын тиштер али… Көрөрбүз, ошондо ал сулуусунган немени!

— Аны айтасың, кайненесичи? Ошондой пайгамбардай болгон кайненени кайдан табат экен ал!”

Ошентип, Жамийла пайгамбардай кайненесине карабай, кан күйгөн казатта жүргөн күйөөсүн чанып, бейиштей болгон кайын журтунан өз эрки менен кетет.

Жазуучу өзү бул окуяны мындайча эскерет:

“Жамийла менен Данияр талаада эгин ташычу. Кээде үчөөбүз чогуу да иштеп калчубуз.

— Бир аз мурда Даниярды базардан көрүпсүң да! Балким, азыр темир жол стансасына баратышат. Тур, батыраак аттанып, Жамийланы тап! Аларга иштин жаман аяктаарын айт! Жамийла кайра кайтсын! Аны биз кечиребиз! – деп бакырды эжем мага.(Жазуучу Каракыз апасын айтып жатат.- Э.Н.).

Мен аларды кууп станцияга чейин бардым. Экөөнү станциядан таап да алдым. Кол кармашып кетип баратышыптыр. Артынан барганга аябай уялдым, уялгандан эмне деп айтарымды да билбей элейдим.

Жамийла дароо мени байкап, уялганымды да көрдү:

— Эмне болду? Сени аркабыздан жибердиби?

— Ооба, сени кайтсын дешет! — дедим жер карап.

— Бекер эле убара болбо. Силерди да түшүнөм… Бирок мен эми кайра кайтпайм. Мен бул киши менен жашаймын. Ал каякка барса мен да ошол жакка кетем…

Ушундай жооп берди. Ооба, ошентти.

Муну эжеме айтып келдим. Ал ачуусуна чыдабай Жамийланы каргап жатты…” (“Балалыгым”. 5-том. 2008).

Азыркы илимпоздор жалпы ургаачылар журтун эки генотипке бөлүп, аларды шарттуу түрдө лилиттер жана евалар деп аташат. Алардын тыянактарына ишенсек, генетикалык деңгээлде алар үй-бүлө, сүйүү, жеке эркиндик маселелеринде бир-биринен кескин айрымаланышат. Евалар демейде жакшы күйөө издейт, үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болгонго, аларды чоңойтуп-өстүргөнгө умтулат, күйөөсүнөн эч качан кетпейт, ал өл десе өлөт, тирил десе тирилет.

Лилиттерге колунда бар, байгер күйөө эмес, биринчи кезекте ышкысын жандырган, болгондо да өзү чындап ынтыгы түшкөн өнөк керек. Кокус күйөөсүнөн көңүлү калса, “кечтим байдын баласынан” деген принципке салып, баарын таштап баса берет. Алар үчүн өз алдынчалык, эркиндик башкы орунда турат. Ошонусуна жараша өктөм келет, үй-бүлөдөгү бардык жумушту өз колуна алат, күйөөсүн тескеп, башкарып турат. Айрым учурларда айлана-тегеректеги адамдар түшүнө алгыс, күтүүсүз кадамдарга баргандан кайра тартпайт.

Жамийла генотиби жагынан лилиттерге жакын экенинде талаш жок. Жалжактап тийишкен Осмонго ал мындай дейт: “Көзүм катмак турсун миң жыл так өтсөм да сага окшогон шүмшүккө кесиримди артканым арткан!” Анан бирткеден кийин Сейитке кайрылып: ”Сен жанагыны оюңа албай эле кой, кичине бала, — дейт. – Ушул Осмонго окшогондор да кишиби? Дөбөттөр да ал бир…”

Жамийла унчукпай калып, күндүн кылтыйып үзүлүп бара жаткан четин ойлуу карап, Сейитке эмес, өзүнө угуза минтип койот: “Андайлар адамдын черин жазмак кайда… Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да. Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?…”

Жамийла ошентип көңүлүндө чоң сүйүү күсөп, камыгып жүрөт. Акыры ага туш келгенде, ошол сезим үчүн баарын таштап кетет.

Ал Сейит менен Даниярды биринчи күнү эле кадимкидей башкарып алат. Орокто жүргөн жеринен араба айдаганы келер замат: “Ай, кичине бала, менин аттарым кайсы, бери жетеле! Камыттары кайсы эле?”- деп машыккан арабакечтен бетер дөңгөлөктөрдүн шалкылдагын буту менен тээп көрөт. Анан тиги экөөнү шаштырып: “Болгула! Урушта туруш жок, эртерээк салкында жөнөй берели!” — деп аттарды булкулдата кетенчиктетип, арабага өзү кошот. Данияр оолактап, каптарды өзү көтөрүп, арабага жүктөп киргенде: “Ал эмнеси экен? Ар ким эле өзүнчө далбастай береби! Келе колуңду, колдошконду кудай колдойт! Ай, кичине бала, чык арабага, каптарды жаткыр!”- деп буйрук бергенге киришет.

Карала каптын окуясынан соң аны тигишинен тытып айрып, таразачынын алдына ыргытат: “Ме, ал алдагы таарыңды! Бригадириңе да айтып кой, экинчи мындай капты берчү болбосун!”

Евалардын түрүнө кирген келин болгондо Жамийла минтмек эмес, эки эркектананын көлөкөсүндө калып, алар эмне кылса, ошону жасамак.

АКШнын Канзас штатындагы популяциялык генетика иниститунун профессору Жорж Тренгтон аялдардын ушул эки генетиби илимий чындык экенин бөркүндөй көрөт. Аталган институтта миңдеген мтДНКларды (митохондриаль гени) атайылап изилдеп чыгышкан, анткени бул ген адамзаттын бүткүл эволюциясында бир да өзгөрүүгө учураган эмес, ар бир ирет баштапкы үлгүсүндө энеден кызга өтүп турган. Ошондуктан ал генетиктердин чоң кызыгуусун пайда кылып, натыйжада бүткүл ургаачылар эки энеден тараганын аныкташкан. Алардын ысымы Ева жана Лилит болгонун жанында турбаган соң эч ким так айта албайт. Бирок “Библияда адамзат бир энеден тараган деген ырастама жалган,- дейт молекулярдык популяция генетиги Тренгтон. — Адамдын чын эле эки аялы болгон”.

Жорж Тренгтондун болжолунда адамзаттын эртеги доорунда евалар басымдуулук кылган, ал эми биздин эранын экинчи миң жылдыгына чукул лилиттердин саны өскөн. Алар ашкере сулуулугу, эркектерди магниттей өзүнө тарткан таасири, эрктүүлүгү жана өз алдынчалыгы менен айрымаланышкан. Тилекке каршы, дал ушул сапаттары аларды орто кылымдардагы инквизициянын бутасына айланткан. Католик өлкөлөрүндө лилиттер иш жүзүндө кескин кыскарып кеткен, чиркөөнүн “аңчылыгынан” аман калгандарына коңулдан чыкпай, койдон жоош болуп жашаганга туура келген.

Өткөн кылымдан тартып алар кайра жандана башташты. Буга эркиндик, адам укугу сыяктуу маселелерге коомдук пикирдин өзгөрүшү себеп болду. Лилиттердин кемчилиги делинген сапаттар эми алардын артыкчылыгына айланды.

Илимпоздун бу божомолдору бизге “Жамийла” эмне үчүн башкаларга, айрыкча биздин кыргыз коомуна караганда европалыктарда бат алынып кеткенин түшүнүүгө жардам берет.

Чын эле, эмне үчүн жазуучунун элүүнчү жылдардын этегинде жазылган, анын ичинде “Тоолор жана талаалар повесттерине” (М.,1961) кирген чыгармаларынан дал ушул “Жамийла” гана москвалык, андан соң европалык адабий билермандардын назарын буруп, дароо эле француз тилине которулуп, бир нече ирет басылып кетти? Ошо кездеги идеологиялык жүйөөдөн алганда европалыктарга алда канча кызыктуу материал болуп бере алар чыгармалар, мисалы,“Бетме-бет”, “Биринчи мугалим” бар эле да!

Кеп, сыягы, мында окшойт: “Жамийла” жарыяланган кезде жалпы Батышта, анын ичинде эски материкте феминизмдин экинчи толкуну көтөрүлүп келаткан болчу. Бул жолу аялдардын кеңири чөйрөдөгү укуктары, алардын ичинде ургаачылар журтунун жеке эркиндиги жөнүндөгү маселелер күн тартибине кабыргасынан коюла баштаган. Буга бир катар ойчулдар менен интеллектуалдар, айталы, Жон Стюарт Милль (“Подчиненность женщины”, 1869), Симона де Бовуар (“Второй пол”, 1949), Бетти Фридан (“Загадка женственности”, 1963) жана башкалар саясий-идеологиялык, философиялык “кыртыш” даярдап бергенге үлгүрүштү.

Иши кылып, коомдук ой-пикир, массалык аң-сезим, ири саясий партиялар акырындап либералдык феминизмге ык койо баштаган маал эле.

Мына ушундай шартта адабий аренадан жаркырап кыргыздын тентек келини Жамийла көрүнө калып атпайбы! Европалыктар андан дароо эле жаңы типтеги аялдын образын көрүштү. Ал ырастан эле бир катар мүнөздөмөлөрү жагынан байистүү феминизм көздөгөн идеалдарга бап келет эле. Айрыкча одоно сүйүүдөн, “аялдарды тек гана эркектерди сексуалдык жактан тейлөөчү тап катары караган” (Жудит Батлер.Gender Trouble) өнөкөттөн өлөрчө тажап, назик, ийменчээк, кол тийгистей таза, аруу сезимдерге толгон махабат дегенге суусап калган коом үчүн “Жамийла” чаңкоону баскыдай эле көркөм –эстетикалык “суусундук” болуп берди.

Андан бери феминизм бир чети аялдардын тең укугу үчүн күрөшкөн саясий кыймыл, экинчи жагынан интеллектуалдык, философиялык агым катары бардык дурус-бурушуна, өйдө-ылдыйына карабай дүйнөнү, адамзат маданиятын өзгөрттү, жада калса диний чөйрөлөрдө феминизмди колдогон жаңы мазаптар, багыттар пайда болду. Бир кезде демондоштурулуп, шайтандын аялы атыктырылган Лилиттин образы феминизмдин бурканына (идолуна) айланды, оң маанидеги күчтүү архетип катары таанылып, “аялдардын көркөм өнөрүнө”, интеллектуалдык чыгармачылыгына түрткү берди.

Лилиттер биздин кыргыз коомунда да көбөйүп баратат. Алар турмуштун бир катар чөйрөлөрүндө, коомдук, саясий аренада кадимкидей активдеше баштады. Келин-кыздар арасынан көркөм адабиятта, айрыкча поэзияда кысынып-кымтынбаган, атүгүл эростун элдик аң-сезимде өрөскөл делинген өңүттөрүнө чейин кирип барган “тентек” авторлор чыкты.

Мындайга аный дебеш керек, анткени маданиятта, өзгөчө адабиятта жөнтөктөр менен бирге тентектер да керек экенине “Жамийланын” тагдыры эле тана алгыс танык болуп турат. Мындан жарым кылымдан ашыгыраак илгери улуттук көркөм корифейлердин токонаалатына калган тентек Жамийла тарыхка XX кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөлүк тенденцияны аныктаган адабий каармандардын бири катары кирбедиби.

Муну бүгүн эч ким тана албайт.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.