Ман эл жомогу: Эмне үчүн коёндун кулагы узун болуп калган?

Жан-жаныбарлар алгач жаралганда алардын башчысы багыш болуптур. Бир жолу анын аялы менен сүйлөшүп турганын көргөн коён сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билгиси келип, бадалдарга жашына акырын жылып жакын барып, тыңшай баштайт. — Мага Кудай жаныбарларга таратып берсин деп мүйүздөрдү жибериптир. Бирок алар аз экен, баардыгына жеткидей эмес, кимдерге берсек? – деп багыш аялынан сурайт. “Мүйүздүү болсом кандай жакшы болот эле! Башкалардан менин эмнем кем?” — деп ойлонот муну уккан коён. — Мына бул мүйүздү кимге берели? – деп сурайт багыш […]

Самат Көчөрбаев: Агымга каршы сүзгөн «калмак» да керек кыргызга

Акыркы 10 жылдан бери  мамлекетибиздеги социалдык маселелерден тартып,  илим-билим, маданий,  саясий,  жаатта  болуп аткан окуяларга, интернет булактары аркалуу такай көз салып, баардык жаңылыктарды  калтырбай  окуп келем. Ушул аралыкта бир нерсеге толук көзүм жетти. Азыркы коомдо адамдар  ММКлар аркалуу акты кара, караны ак деп, адилеттүүлүктөн тайып, жалган жалаа жаап,  адам тагдыры менен ойносо деле, мыйзам  алдында ошол адамдын жоопко тартылуусуна ишеним жок. Жеке адам эмес,  Мамлекеттик жана Улуттук кызыкчылыктарга каршы иш алпарган ММКлар  деле четтен табылат. Ошол  эле учурда, салыштырмалуу караганда  […]

Үмүт Култаева: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында ЭНЕЛИКтин көркөм концепциясы

Энелик – тирүүлүктүн чен-өлчөмүн шарттап турган улуу био-социологиялык жана нравалык руханий баалуулук. Жашоонун учугун улап турган  өзгөчө категория катары энелик  генетика, биология, психология, педагогика, философия, социология сыяктуу бир нече илимдин  объектиси. Көркөм адабиятта көбүнесе энеликтин нравалык баалуулугу иликтөөгө алынат. Адамзаттын баалуу бул феномени Ч.Айтматовдун чыгармаларында  аӊдоого алынышы бир нече илимге таандык мыйзам-ченемдерди камтыйт. Анткени жазуучунун чыгармаларында «жаратуунун туу чокусу –  адамды» (Ч.Айтматов)   төрөп өстүргөн Толгонай Энеден баштап, маңкуртка айланган уулунун колунан ок жеген Найман Эненин ак жоолугу башынан шыпырылып баратканда, […]

Акылбек Атабаев: «Көк-Бөрү» оюнунун жаралышы

Болгон окуянын негизинде жазылган жомок Илгери-илгери  өткөн бир заманда,  Манас баатырдын  дооруна чейин, Алай тоолорун ары жагы, Тибет тоолорун бери жагында, Акбалта, Жакып*  жердеген,  дүйнөнүн чокусу аталган, Сарыкол* өрөөнүндө, төбөсү асман  тиреген, Опол-Тооснун* этегинде, кой үстүндө торгой жумуркалаган бейпил заманда, санаса сан жеткис малы бар, Жанузак деген бий жашаган экен. Өмүрү узун болсун деп, атасы мазар тайып жүрүп тапкан жалгыз уулунун атын Жанузак койуптур дешет.  Жанузак бий күздөөгө Опол-Тоого көчүп келген кезинде адамды таң калтырган бир окуя болуптур. Кеч күүгүм […]

Дилазык: Өлүм жөнүндө уламыш

80 жаштагы багбанга Жаналгыч периште келет: абышка жалынып-жалбарып жиберет: — Оо кудай, мага дагы бир аз жашоо бер! Өлүм периштеси унчукпай чыгып кетти. Дегеле, ал бул үйгө кирбеген сыяктуу жок болду. Абышканын кулагына аңгыча сүрдүү үн жаңырды: — Дагы канча жашагың келет? — Бул алмада канча жалбырак болсо, дал ошончо. — Жок, болбойт, ал көп. — Анда, бул түптө канча алма болсо ошончо болсун. – Бул дагы көп, — дейт Жараткан. — Мен сага канча досуң болсо ошончо жаш берем. […]