Болгон окуянын негизинде жазылган жомок

Илгери-илгери  өткөн бир заманда,  Манас баатырдын  дооруна чейин, Алай тоолорун ары жагы, Тибет тоолорун бери жагында, Акбалта, Жакып*  жердеген,  дүйнөнүн чокусу аталган, Сарыкол* өрөөнүндө, төбөсү асман  тиреген, Опол-Тооснун* этегинде, кой үстүндө торгой жумуркалаган бейпил заманда, санаса сан жеткис малы бар, Жанузак деген бий жашаган экен.

Өмүрү узун болсун деп, атасы мазар тайып жүрүп тапкан жалгыз уулунун атын Жанузак койуптур дешет.  Жанузак бий күздөөгө Опол-Тоого көчүп келген кезинде адамды таң калтырган бир окуя болуптур.

Кеч күүгүм жакындап, жандыктар короого кайткан кезде, бир короодогу койдон кыш туума улак ээн талаада бөлүнүп калат. Аны көргөн  жолоочу атчан киши,  айылга бурулуп жалгыз улактын бөлүнүп калганы боюнча кабар берет.  Жаштыктын күчүнө толуп турган, жоон билек, чымыр денелүү койчу жигит, үзөңгү теппей атына дароо секирип минип, атылган жаанын огундай бөлүнүп калган улакты көздөй сызып жөнөйт.

Бөксө тоодон өткөн кезде күн кызарып, уясына бата баштаган  кез болот.  Жигит ээн талаада  жалгыз турган улакты көрүп, жайылып жаткан шиберге  карай аттын башын бура бастырат.

Бир кезде аска зоодон улакты көздөй жортуп келаткан көк бөрүнү көргөндө  жигиттин денеси дүр дей түшөт.  Адамдын сүрүнөн  айбанаттын падышасы Арстан да коркчу эле, бул кандай макулук болду экен деп, көргөн көзүнө ишене албаган жигит, бөрүдөн мурда жетип улакты илип кетүүнү самап атына «чу» деп камчы салат.  Чымын-куюн болуп, чаң чуурутуп  келаткан жигиттин караанын көзүнө илбеген Бөрү* дагы, улам ылдамдай  улакты көздөй жорто баштайт. Эки тоонун эки жагынан чимирилип чаң  ээрчитип келаткан эки караан бир-бирине улам  жакындай берет.  Улак ордунан жылбай, казык менен жерге кагылгандай, бир чаап келаткан  атчанды, бир өмүрүнө ажал болуп көрүнгөн Бөрүнү карап жалдырап ордуна  туруп калат.

Асманда  имерилип  жүргөн бүркүт, экөөсүнүн талашына  калыстык кылып көз салып турсамбы же куушурулуп абаны жиреп барып улакты илип кетсемби дегенсип жай айланып учуп жүрдү.

Тоодон жорткон Бөрү түз талаага түшкөн кезде, жигиттин жүрөгүнө кандайдыр бир коркуу сезим пайда боло  баштады. Жигит, бир жагынан көк жалга улакты алдырып коёмбу деп кооптонсо, бир жагынан коркуткусу келип, «айт-ууйт» деп үн ката атына камчы сала баштады.  Бөрү дагы  “сен ким элең” дегенсип, аттын дүбүртүнө, койчунун кыйкырыгына көңүл бурбай,  улам улакка жакындай келе берди.  «Ат менен бастырып, көк жалды олжого алам» деген жигиттин ою санга бөлүндү.  Таноосу керилип, аттын буту жерге тийип-тийбей сызып, улам улакка жакындап келатты.

Жигит далай жырткычтарды көрдү эле, мындай  адамдан коркбогон Бөрүнү биринчи жолу көрүшү болду.  Ошентип, бөрү менен жигит бир кезде улакка жетип,  жигит улакты эңип алам деп аттан эңкейгенде,  бөрү да жетип улакка тиш салды.  Ажал көзүнө көрүнгөн улак бүжүрөп, казык менен жерге кагылгандай ордунан жылбай көзү жалдырап туруп калды. Карышкыр жигиттен бир аз оозунуп улакты тиштей бергенде, жигит да аттан эңкейген бойдон көк жалга жетип, бөрүнүн оозундагы улакты жулуп кетти.

Ызалангандай көк бөрү,  ат менен тең жарышып барып, так секирген бойдон жигиттин алдында, ээрдин кашында бөктөрүлүп бараткан улакты кайра жулуп кетти.  Улакты алдырганга арданган жигит, кайра атына камчы салып барып, бөрүнүн оозундагы улактын башынан кармайт.  Ошентип экөө талашып отуруп күчкө толуп турган жигит менен Бөрү улакты эки бөлүп алат.  Жигиттин колунда улактын башы, Бөрүнүн оозунда улактын тулку бою жулунуп кетет.  Жанатан бери жер бетине жарык берген ай, заматта булутка кирип, көзгө сайса көрүнгүс  караңгылык болуп,  коюуланган түнгө бөрү кирген бойдон көздөн кайым болот. Жигит эмне болгонуна түшүнө албай,  аттын башын үйгө карай тартат. Улактын  башын алып айылга жеткен кезде, асмандан күмүш шооласын чачкан, топтоголок болуп толгон ай көлкүлдөп кайра чыгат.

Койчу жигиттин сөзүн уккан бий, жигиттери менен боору эзилгенче күлүп, шылдыңдашат.   Улакты союп, таш куурдак кылып этин жеп койдум деп эле ачык айтпайсыңбы? Бөрү кантип эле аттын үстүнө секирип улакты жулуп кетсин, кара башыңды жеп калп айтпай эле койбойсуңбу?- деп  жигиттер туш тараптан койчуну жемеге алышат. Мейли, ошол улак жетимге аш болсун деп, бий “чыйт” түкүрүп басып кетет. Эртеси  кудум кечинде койлор үйгө кайткан кезде, дагы бир улак талаада жалгыз калганы боюнча башка бир  жолоочу айтып келет. Таң калган бий, жигиттери менен камынып, кандай сыр болду экен деп талаада калган улакты көздөй аттанышат. Кудум ошол кечээки кезде, бий, жигиттери менен белди ашып, ээн талаада жалгыз турган улакты көрүшөт.

— Тигине  көк жал! — деп аңгыча жигиттердин бири кыйкырып жиберет.  Эч кимди көзүнө илбей, улакты көздөй жортуп келаткан бөрүнү көргөндө, жигиттердин оозунан келмеси түшүп, көргөн көздөрүнө ишене албай, аттары туйлап, каны ойногон жүрөктөрү тарсылдап сого баштайт.

— Айтпадым  беле силерге,  тигине Бөрү!- деп койчу жигит жандана актана кыйкырып жиберет.

Кечээ күнү койчуну шылдыңдаган жигиттер;  эми жоо менен беттешчүдөй даярдыкта, тынчы кете баштаган күлүктөрү жер чапчып, бийден кандай буйрук болот экен дегенсип күтүп туруп калышат.

— Карышкырды тирүүлөй кармагыла, терисин тетири сыйрыгыла! — деп бий буйрук берет.

Ач кыйкырык, ураан менен жигиттер жер чапчып койкоңдогон аттарына камчы салышат. Белден ылдый жамырап, артынан сапырылган чаң ээрчитип, чаап келаткан топ аттардын дүбүртү жоонун жүрөгүн алмак, бирок  Бөрү аларды көзгө илбей,  жалгыз турган  улакты көздөй бир калыпта жортуп келатты. Ошентип,  дал бир кезде, күчкө толуп турган топ атчан жигиттер менен бөрү беттешип, улакка жетип барышты.  Бөрү  жигиттерден бир аз оозунуп  улакты илип алдыга чыгат.  Артынан кочураган топ атчан жигиттер жетип келишип, көк жалды ар тараптан камчы менен бастыра сабай баштайт.

Оң капталдан кирген жигиттердин бири аттан эңкейип, көк жалдын куйругунан алып көтөрүүгө аракет кылганда, сол капталдан кирген жоон билек жигит, көк бөрүнүн оозунан улакты жулуп кетти. Ошентип, топ жигиттер менен Бөрү улам биринен бири жула качып, акырында бөрүнүн оозунда улак, ал эми топ жигиттердин биринде улактын башы калып кетет.  Бөрү заматта коюуланган караңгы түнгө сиңип, көздөн кайым болот.

Ошентип, Бөрүгө жигиттери улакты алдырып жибергенине  арданган бий:

— Кимде-ким улакты Бөрүнүн оозунан жулуп мага алып келсе, он  үйүр жылкы берем, — деп жар салат.

Ошентип эртеси бийдин  жигиттерине башка айылдын жигиттери да кошулуп көк бөрүгө каршы аттанышат. Бул күнү жигиттер Бөрүдөн улакты талашып жатып, улактын тулку бою жигиттерде, ал эми улактын башы Бөрүнүн оозунда кетет. Он үйүр жылкыны ойлогон  жигиттер эми өз ара улакты талаша баштап, таң сөгүлүп атканда кызыл жая кан-жини чачыраган атчан жигиттердин бири бийдин боз үйүнүн алдына башы жок улакты алып келип таштайт. Андан кийинки  күндөрү  бөрү дагы келбей, улак дагы талаада калбай калат.

Жигиттер жети күн көк бөрүнү издеп жер кезип, изин да таба алышбайт. Ошентип күз бүтүп, Жанузак бий кыштоого көчөт. Мезгил өтүп, жыл айланат. Кайра кийинки жылы  күзүндө так ошол күздөөгө “Опол-Тоо” тоосунун этегине көчүп келишет. Бийдин жигиттери менен башка суу-суудан келген жигиттер түнү-күнү бир нече күн улакты талаага аркандап коюп көк бөрүнү күтүшөт. Бирок бөрү келбегенинен чыдамы кеткен жигиттер, улактты ырым кылып, канына кан, жанына жан бердик деп мууздап, башын “Көк Бөрүгө” калтырып, өз ара ээн талада улак тартышат.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин улак тарткан жигиттерди “Улакчылар” деп, союлган улактын башын бөрүгө деп талаага калтырышып, тулку боюн улак берген кишинин үйүнө алып келип таштап кетип калышкан экен. Кийин бир далай убакыт өткөн соң, Сарыколду жердеген кыргыздар, Манас баатырдын атасы Жакып бай баштаган эл Алтайга көчүп, улак тартыш Моңгол, Энесай жерлерине кеңири тарап, “көк бөрү” оюну көчмөндөрдүн арасында кызыктуу ат оюнуна айланап калган экен.

Түшүндүрмө:

Бөрү (Карышкыр)*- кыргыз эли көк жал, карышкыр деп негизинен Бөрүнү каймана аты менен айтып келишкен. Мал-жандыкка тиш салбасын үчүн каргыш түрүндө жаагы карышсын деп тергеп, эл арасына каймана аты менен карышкыр деп атылып калган.

“Сарыкол”- топоним. (Памир) Азыркы Ооогандыстандын түндүк чыгышы – Индия, Пакистандын түндүк жагы, Кытай эл Республикасынын түндүк батыш жагында жайгашкан Памир тоолору ээлеп жаткан жер.   Манастын чоң атасы — Ногой, атасы — Жакып, Акбалта жайлаган жер деп берилет. (Сагымбай Орозбаков)   [ 3.53.бет.]

Опол-Тоо*- топоним. Ооганстан, Индия, Пакистан, Кытай жана Алай тоолоруна чектешкен Памир тоолорунда жайгашкан азыркы аталыша “Музтаг-Ата” тоосу. Бийиктиги  7546 м. 1895-жылы Кытай империясынын карамагына өткөн. Манас эпосунда адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт.

Чоң атаң аты Ногой деп,
Картып турду Кашкарды.
Кара шаарга жеткенче,
Кан атаң Ногой башкарды.
Санатын алган Сары-Колду,
Аны самаган душман сап болду.
Ордо кылган Ополду,
Даң-Дүң тоонун оюна,
Далай журтун которду. (Сагымбай Орозбаков)  [ 1.50.бет]

Акбалта, Жакып*- Манас эпосундагы Манастын атасы бай Жакып, авасы Акбалта.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.