Жан-жаныбарлар алгач жаралганда алардын башчысы багыш болуптур. Бир жолу анын аялы менен сүйлөшүп турганын көргөн коён сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билгиси келип, бадалдарга жашына акырын жылып жакын барып, тыңшай баштайт.

— Мага Кудай жаныбарларга таратып берсин деп мүйүздөрдү жибериптир. Бирок алар аз экен, баардыгына жеткидей эмес, кимдерге берсек? – деп багыш аялынан сурайт. “Мүйүздүү болсом кандай жакшы болот эле! Башкалардан менин эмнем кем?” — деп ойлонот муну уккан коён.

— Мына бул мүйүздү кимге берели? – деп сурайт багыш аялынан. Мүйүздүү болууну аябай каалаган коён ооз ачкыча ургаачы багыш жооп берет:

— Муну эликке берчи, алсызыраак байкуш душмандарынан коргонсун.

— А мына бул эң чоңун кимге берели?

Бул жолу коён кечикпестен кыйкырып жиберет:

— Мага! Мага бериңизчи бул мүйүздү!

— Алаң көзүм, сага мындай чоң мүйүздүн эмне кереги бар? – деп таң калат багыш.

— Эмнеге болмок эле! Муну менен мен бүт душмандарымдан өч алам, аларды коркутам, баардыгы мени көргөндө титиреп турушат! – деп безилдейт коён.

— Мейли, алсаң алчы, — деп багыш мүйүздү коёнго берет. Ал абдан кубанганынан ары-бери секирип, токойду жаңырта кыйкырыкты салат. Мындан улам карагайдын башындагы тообурчак кулап коёнго тийгенде ал чочуп кетип качып жөнөйт, бирок көп узабай мүйүзүнөн чөптөргө чалынып жатып калат. Коёндун жосунсуз жоругуна каткырып күлгөн багыш:

— Жок, тууганым. Сен коркок экенсиң, ал эми коркокторго чоң мүйүз жардам бере албайт. Андан көрө сага узун кулактарды берейин, баардыгы сөз тыңшаганды жакшы көрөрүңдү билип жүрүшсүн.

Ошондон кийин коёндун кулагы узун болуп калыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.