Акыркы 10 жылдан бери  мамлекетибиздеги социалдык маселелерден тартып,  илим-билим, маданий,  саясий,  жаатта  болуп аткан окуяларга, интернет булактары аркалуу такай көз салып, баардык жаңылыктарды  калтырбай  окуп келем. Ушул аралыкта бир нерсеге толук көзүм жетти.

Азыркы коомдо адамдар  ММКлар аркалуу акты кара, караны ак деп, адилеттүүлүктөн тайып, жалган жалаа жаап,  адам тагдыры менен ойносо деле, мыйзам  алдында ошол адамдын жоопко тартылуусуна ишеним жок. Жеке адам эмес,  Мамлекеттик жана Улуттук кызыкчылыктарга каршы иш алпарган ММКлар  деле четтен табылат.

Ошол  эле учурда, салыштырмалуу караганда  калыстыкты карманган, кандайдыр бир саясий топтун кызыкчылыгын коргобогон,  коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын элге жеткирген, коммерциялык максатты көздөбөгөн, маалымат булактары да  бар. Ошолордун бири баардык ишмердүүлүгүн коом агартууга жумшаган азыркы «РухЭш»  сайты. «Мындан эки жыл мурун  «Коом  жана мен» деген ат менен сайт ачылыптыр, (кийин «РухЭш» болуп өзгөрдү) аны Олжобай Шакир жетектейт экен», — деген маалыматты укканда, көпчүлүк учурда жеке менчик  теле-канал,  радио,  гезит-журнал, сайттардын  ачылуу максатын көрүп-билип жүргөндөн улам,  «Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет»-  демекчи, ымандай сырым айтайын: Олжокем каржы булагын кайдан тапты, эми бул сайт  аркалуу кайсы акчалуунун кандай саясатын, эмне болгон идеологияны, жүргүзөт болду экен деген түкшүмөл ой келди эле…

Олжобай байкем беттегенинен жанбай ошол күндөн тартып адабият, маданият, илим-билим, дин туурасында илимий макалалардан  тартып, адабий сынактарды коомчулукка байма-бай жарыялап  жатты. Өзгөчө, коомдогу эң  көйгөйлүү делген маселелерге кайдыгер карабастан; дин кызматкерлеринин, маданий интеллегенциянын ишмердүүлүгүнө жана массалык маданияттын өкүлдөрүнө,  күйөрмандарына ачуу сын-пикирлерди айтып, агымга каршы сүзүү аркылуу интернет желесинде чуулгандуу талкууларга жем таштап,  коомдогу рухий жакырчылыктын кесепетинен бир нече каршылыктарга дуушар болду…

«Ушул жерден айта кетүүчү жагдай, айрым учурда кыргыздар өзүбүз эки жаатка бөлүнүп, маселенин маңызын, тереңин аңдабастан, адам акылына сыйбаган сөздөр менен бир-бирибиздин үстүбүзгө жугунду куюп иймейибиз бар. Өзүңүздөр көрүп-билгендей, дүйнөдөгү согуштардын көпчүлүгү, адам өлтүрүүдөн кайтпаган ашынган диний фанаттардын жана мурдунан алысты көралбаган шовинисттик көзкараштагы  улутчулдардын айынан чыгып,  бейкүнөө адамдар жабыр тартып жатат. Биз ушуну ар бирибиз түшүнүүбүз абзел.

Андыктан глобалдашуунун арааны жүрүп турганда ар улут өзүнө таандык өзгөчөлүктөрдү  сактап, эң ириде адам  баалуулуктарын таанып, илим-билимге умтулуп, коомдогу көйгөйлүү маселелерди чыр-чатагы жок ачык  диалогго баруу менен чечип,  Чыңгыз Айтматовдун «Биз баарыбыз бир кемедебиз»- деген улуу сөзүнөн сабак алып жашообуз учурдун талабы. Кыйын жагдайларга тушукканына карабастан «РухЭш» сайты Олжокемдин  өжөр мүнөзү жана талыкпаган эмгекчилдиги менен калыстыктан тайбай,  коомду рухий жактан агартып, маданий элитаны,  диний сабаттуулукту, улуттук мүдөөнү (идеология) калыптандырууну максат  кылып түзүлгөнүн, иш  жүзүндө күйөрмандарына  далилдей алды.

Арийне, ашкере улутчулдар Олжокени жүйөөсүз жөөлөп, ага «калмак» деген жарлыкты канчалык жабыштырбасын, Олжокебиз бирок андай жарлыктарды чымын чаккандай көрбөгөн өжөрлүгү менен беттегенин бербей келатканынын өзү – кыргызга рухий дөөлөттүн жерпайын түптөө баарынан маанилүү экенин түшүнгөндүгүндө жатат кеп…

Айтор, кандай дебейли, сайттын күндөн-күнгө  окурмандарынын саны арбып, илимдин кандидат,  докторлорунан  тартып,  дин таануучулардын,  маданий интеллегенция өкүлдөрүнүн  макалалары,  дүйнөлүк философтордун  ой-берметтери, акын-жазуучулардын баалуу котормолору, чыгармалары, сын макалалары жайгаштырылып,  иши күргүштөп жылып жатканында кеп…

Бир күнү  эле, «Мындан ары коомчулуктан жардам болбосо, каржы маселелеринен улам  «РухЭш» сайты  ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болот»,- деген маанайда Олжобай байкемдин коомчулукка жар салганы,  мен үчүн күтүүсүз жана таң калыштуу болду. Көрсө, мени терең ишенимимде: мындай  мыкты  ишти кыргыздын дагы  бир  мекенчил, акчалуу уулу колдоп жатса керек деген пикир көкүрөгүмө бекем орноп калыптыр… Ошондо колундагы баалуу буюмунан ажырап калчу ара жолдогу  кишидей, абдан кыжаалат болдум. Аңгыча адатынча (акындык  менен манасчылык өнөрдүн ушул деңгээлге жетишине эң зор  салымын кошкон) кыргыздын мекенчил уулу Садык Шер-Нияз агабыз депутаттарды  «РухЭш»  сайтын материалдык жактан колдоого чыкырып, өзү баштап, артынан Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Эмил Токтошев, Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев өңдүү депутаттар  улап кеткенден улам: эми мындан кийин каржы тууралуу көйгөй жаралбаса керек дедим эле… Тилекке каршы, ал саамалык көпкө узабады көрүнөт. Эл өкүлдөрүнүн саналуу гана күйөрмандары колдоптур…

Аталган сайт учурда да коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин билген соң,  «РухЭш» сайтынын туруктуу окурманы, кыргыздын катардагы мекенчил атуулу катары  «илим-билимге, агартуучулукка, өнөрдү өстүрүүгө, тарбияга  салган акчанын акыбети сөзсүз кайтат» деген терең ишенимимдин арты менен өз аракетимди жасоону туура көрдүм. Эмесе  адабият, маданияттын анык күйөрмандары  манасчылар, акындар, дастанчылар, комузчулар, ырчы-чоорчулар баштаган  жалпы эле өнөрпоздордун баарын «РухЭш» сайтынын ишмердигинин уланышына моралдык жана  материалдык жактан (өз мүмкүнчүлүктөрүнө  жараша) колдоо көрсөтүүгө  чакырам. Бул ишти колдоону өзүмдөн баштап  «РухЭш» сайтынын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине  өз чөнтөгүмдөн 2000  (эки миң) сом жөнөттүм!

Бул эстафетаны ар бир жума сайын өнөрпоздордун колдоп кетишин каалар элем. Мен ушул  эстафетаны мындан ары улап кетишет деген изги тилегим менен кыргыздын бычакка сап, туу көтөрөр сыймыктуу уулдары: Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев,  Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев  аттуу  ак таңдай акындарына  узатам. Ушул эстафета ар бир жума сайын уланып кетишине ак жол каалайм!.

Урматым менен, Самат Көчөрбаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.