ЭТЮД

Үйүмө конок келди. Мен үчүн абдан кадырлуу конок — бул менин иним Аман. Талант байкемдин улуу баласы. Талант байкемдин атына заты жарашкан таланты бар эле. Тирүү уйду же буканы канча килограмм эт берерин рентген сыяктуу так айтчу. Менден он жаш улуу болгонуна карабай, Жалилге кошуп инимдей эле жумшачумун. Түнкү саат үчтө Бишкекте жылуу үйдө жатып алып, Нарындын суугунда телефон менен төшөктөрүнөн тургузуп, мал базарга айдаар элем. Жалил экөө ээрчишип алып мал жүктөп келчү. А мен саткандан түшкөн пайданын 50 пайызын алып, экөөнө 25 пайыздан берип, кийинки базарга жөнөтөр элем. Байкемдин бою кичине келип, өтө элпек болчу. Баласы да так эле атасындай чыкты.

Талант байкемдин армияга кетер кези болуп калды. Анан атам Ырсаалы:

— Бул жердин битиндей болгон байкушту орус менен чечендин өгүздөй балдары өкүртө сабап, өпкөсүн үзөт ко… — деп өзүнүн мандайына отургузуп алып дем салып, анан жумуртканын көлөмүндөй Кочкордун кара тузуна кошо дем салып, үйдү эстеп сагынганда ушул тузду жалап коюп жүр деди да, – Кудайга аманат! – деп армияга узаттык.

Армиядан кайтып келип, айылда тракторист болуп иштеп калды. Бирок каз таман оор тракторду башкарганга күчү жетпей, аял алып, мал бакмай болду. Аял алмайга келгенде, кыздар да тийбейт боюн чанып. Акыры, толгондон айылдын атактуу дүкөнчүсүнүн кызын ала качып келди… Отурбай убара кылып жатканда жеңелери кууп келип, жулуп кетти. Аябай ыза болду. Баарылап издеп жатып, Кочкордон кабелтең келген нур жүздүү кыз таап келишти. Аты Айнура деген олбурлуу, бирок назик кыз экен.

Узун-кыскалуу болуп ээрчишип, колхоздун козусун багып калышты. Бечелден мээнет кетпейт болуп, Малабек-Коо деген жерде козуларын сарайга камап коюп конокко кетишсе, короосуна карышкыр тийип, 83 башын кырып кетти. Ызы-чуу эле болуп калышты. Ал убакта, «колхоздун козусу өлгөнчө балаң өлбөйбү» деп опулдаган райкомдордун заманы. Талант байкем соттолгону калды. Элден айланса болот, айыл чогулуп, алы жогу бирден кой, колунда бары 5-6 кой берип, соттон куткарып калды.

Анан элдин малын багып тирлигин өткөрүп жүрдү. Мен чоңоюп шаарга келип, алып-сатаарлык кылган күндөн тартып, мен эмне чогулт десем ошону чогултту. Жүн алдык, тери алдык, темир алдык, тыбыт алдык… анан тыңый баштадык!

Ошентип жүргөндө Талант деген өзүнө аты уйкаш классташы менен ымалалашып калды. Анысы бир күнү караңгыда мас болуп келип, үйүнө чакырып кетип, арак алдырат. Ичкенде чыр неме:

— Арак ич, — десе байкем болбойт. – Сен мени теңиңе албай, кыйын болосуң! – деп бөтөлкө менен башка чабат. Чаап эле тим калбай, байкушту баса калып сабап салат. Үйүнө келип бир жумадай жүргөндөн кийин, башында «гематома» пайда болуп, ал мээни басып кетет. «Башым ооруп жатат» деп жата берип, «ооруну жашырса — өлүм ашкере кылат» болду.

Шаарга келгенде эсин жоготуп калыптыр. Миталип Мамытов өзү операция кылды. Бирок ажалы жеткен экен, ойгонбой калды… Артында 4 баласы калган. Улуусу ошондо 14 жашта эле. Кичүүсү 3 жашта, төрт жетимди кучактап жеңем кала берди. «Өлгөндүн өзүнүн эле шору» деген чын экен. Бүгүн Аман «24 жашка чыктым» десе, мен абдан таң калдым. Акча топтоп, аял алайын деп келиптир. Аябай сүйүндүм. Өзүм аял алчудай сүйүндүм. Аманчик экөөбүз көп нерсени пландап, келечекке чоң максаттарды койдук!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.