АҢГЕМЕ

Так төбөдөн ачуу тийген апрель күнү ал илкий басып келаткан. Анын кол чатыры күн нурунан  коргогону менен ысык аптабына алсыздандырган күндүн илебинен эч нерсе коргой алмак эмес. Какыраган жерди жалмалаган бир нече буйвол  кокостун астында байланып турган. Маал-маалы менен суу үстүнө из калтырган кораблдей авто-авто-унаалар эриген асфальттын бетине из калтырып өтүп жатты. Болбосо тымтырс, жан киши көрүнбөйт.

Жекшемби күн үчүн кийинген узун, ак көйнөкчөн Жинни Наринди он беш, он алты жаштагы кыз деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында ал он эки жашта эле, белине жеткен кара чачын кооздоп турган кызыл гибискустай ачык, жөнөкөй жана бактылуу кызбала болчу. Анын ата-теги Тринидаддан Индияга кант плантациясына көзөмөлчү катары келген. Анын атасы Рио Кристалинонун айланасындагы жерди сатуу, тазалоо жана кофе айдоо жолу менен ийгиликтин көзүн тапкан.

Чаң ызгыган жол жээгине Жинниден эки чакырым алдыда авто-авто-унаа токтоду. Мурда бул авто-авто-унааны байкаптыр, бирок кайсы экенин, авто-авто-унаанын түсүндөй жылтылдаган капкара болгон айнектеринен айдоочунун ким экенин тааный алган жок. Кыз авто-унаанын жанынан өтө бергенде айдоочунун айнеги ачыла баштады.

«Салам, Жинни» деген үн аркадан угулду.

Ал саамга токтоп, бурулду. Кара тору жүзү бир аз албыра түштү. Шыңга  бойлуу, арыкчырай Рави Кирьяни дайым жарашыктуу кийинип жүрөр эле. Анын кара көздөрү жана чоң, аппак тиштери ал сүйлөп жатканда күнгө жалтылдап турду. Рио Кристалинодо Равини баары билчү. Турмушка чыга элек эжелери ал тууралуу, алардын атасы тирүү турганда, дагы жерлери болгондо, алардын бирөөсү Равиге турмушка чыкмак деп үшкүрүнүп сүйлөшүп атканын Жиннинин кулагы чалган. Анан кимибиз чыгабыз деп ич ара кыжыңдашып, Жиннини шылдыңдашмак, анткени анын жөнөкөйлүгүн деги эле эркектана жактырмак эмес.

«Менин атымды кайдан билесиң, Рави?» — ал толкундана сурады.

«А сен меникин кайдан билесиң?»

«Бардыгы билишет. Сен Кирьяни мырзанын баласысың да».

«Туура. Жинни, сен кайда баратасың?»

«Чиркөөгө» — ал жылмайымыш болуп жооп берди.

«Бирок Жинни, индустар храмга барышат» «Же храмдагы пандиттердин түсү сенин табитиңе ылайык келбейт ко» — деп күлүп кошумчалап койгондо анын жумшак жагымдуу үнү аны шылдыңдагандай сезилди.

Оливье патерди эстеткенде ого бетер жүзү албырып чыкты. Ал эмне дээрин билген жок. Күлкүлүү акценти бар, көк көздүү жаш француз ыйык кызматкерди жакшы көрөрү  ырас эле, бирок Жинни ал келе электе эле айлап католик чиркөөсүнө барып, сыйынып жүргөн. Үйдөгү эжелери сымал өз ара кыжыңдашкан Хинду кудайларынан бир топ айырмаланган бир кудайга сыйынууну жана шайыр гимнди аябай жактырчу. Ага кошумча Равинин орой сөзү аны уялтып койду, анткени анын үй бүлөсү маданияттуулугу менен белгилүү эле. Рави да атасындай асыл адам болот деп эл көп айтчу.

Күтүүсүздөн Рави олуттуу боло түштү. Анын каралжын териси ого бетер караргансып кетти. Сыягы ал айткан кебине өкүнгөндөй. Мүмкүн ал Жиннинин бакыракай кой көздөрүндөгү уялууну байкагандыр.  Эмнеси болсо да ал жоопту күткөн жок.

«Жыйырма бир жаш туулган күнүмө белек катары сени чиркөөгө жеткирип койбоймбу?» — көз айнегин кайра кийип сурады.  Анын алкактарынын жоондугун байкады. Билегиндеги чоң, калың саатындай эле чыныгы алтын болуш керек деп ойлоду.

«Бул мерседес атамдын белеги. Жактыбы?» – көңүлкош кошумчалап койду.

Жинни кол чатырынын көлөкөсүнөн көктө каалгыган жалгыз булутчага карады.  Күн ачуу аёосуз тийип турган, илеби кайта турган эмес. Жүз аарчысы менен чекесиндеги терин аарчыды.  Рави жакасын оңдоду.

«Авто-унаада желдеткич бар, Жинни.  Чиркөөгө да кечикпейсиң» – анын оюн окугансып сөзүн улантты.

Ыргылжың болуп жатып сунушун кабыл алганда чиркөө Равинин акылына келген эң акыркы амалы болсо керек. Ал аны  чиркөөгө алып барбастан шаардын чекесиндеги бал камыш айдалган ээн талаага алып барып, камыштардын арасына мерседесин жашырып коюп, өзүн жакындан тааныштырды. Жинни эс-мас абалда эле. Жаш болгондуктан эмне болуп жаткандыгын түшүнгөн деле жок. Желдеткичтин муздак илеби тизесине уруп жатканда калипсо музыкасынын ыргагы кулагына жаңырып, бал камыш заңкайып турду. Кийинчерээк чачынан алган уйпаланган гүлдү кармаган боюнча тропикадагы күүгүм коюу жылдыздуу түнгө айланганга чейин бийик, жыттуу камыштын арасында өксүп ыйлап жатты.

Бирок ал бул жөнүндө эч кимге, жада калса Оливье патерге да айткан жок.

Эки жумадан кийин Рио Кристалинодогу шаар-базарча ушак айыңга толуп чыкты.  Рави Кирьяниге  Сунита Мурпаланинин колун сурашыптыр. Кирьянилер сыяктуу эле Мурпаланилер да Карибдеги эң бай, оокаттуу индиялык үй бүлөлөрдөн эле. Кирьянилер дипломаттар болсо, Мурпаланилер соода сатык менен алектенчү. Алар мунайзаттын баасы арзандаганга чейин аны чекене баада сатып, кардарлардын чөнтөгүн кагып, дүнүйө топтошкон; азыр Мурпаланилердин дүкөндөрү Тринидаддын жана башка аралдардын булуң-бурчунда бар. Алар тапкан акчаларын банк иштерине, камсыздандырууга жөндүү жумшашты, жыйынтыгында алардын таасири өтө бийик деңгээлде байкалып турду. Алардын Порт офф Спейн, Тобаго жана Барбадосто, Англияда жана Индияда үйлөрү бар эле, негизги жашаган жери Рио Кристалинонун түндүгүндө жайгашкан чоң колония стилиндеги особняк эле.  Макулдашылган нике келерки жылдын коомдук окуясы болмокчу. Равинин никелешүүсүн укканда Жиннинин ага болгон жек көрүүсү күчөп чыкты. Мерез, бой көтөргөн айбандан өч алуу тилеги Жиннини биротоло ээлеп алды. Аны кемсинтүү жана менменсиген күлкүсүн жүзүнѳн жок кылуу үчүн бүт нерсесин бермек. Сыртынан караганда кайдыгердей болуп жүрдү. Жума ичи мектепке, ал эми жекшемби күндѳрү түштѳн кийин ибаадат кылуу үчүн Оливье патерге барып жүрдү.

«Кызым, тиги апакайыңа айта турчу нерсен кѳп» — ар дайым чиркѳѳдѳн кеч келгенде апасы ушинтип ага айтчу.

«Ал апакай эмес, ал Кудайдын адамы».

«Ошондой болушу мүмкүн, балам, бирок унутпа, ал биринчиден – эркек».

Айлар ѳтүп жатты, ал Равини башка кѳргѳн жок.

Андан кийин жаан жаады. Август ичи жаан кескин токтоду. Ал цинктелген чатырды токтоосуз, сени жинди кылып жибергенге чейин дыбыратып жатты. Жаан токтогондо аба сироптой жабышчаак болгондо кайра жаан жааса экен деп тиленесиң.

Бир күнү октябрь айында жаанчыл мезгилдин аяк жагында анын жалгыз агасынын он бешинчи туулган күнүн Жиннинин үй-бүлѳсү белгилеп жатканда аны жумалап азапка салган бир окуя болду. Ал балкондо алты жаштагы жээни Пиннини ойнотуп асма керебетте жаткан.

Кокустан Пинни кыйкырып жиберди: «Жинни, эмне мынча семирип кеткенсиң?»

Жыгач үйдүн ичинде майрам токтоп калды. Балкондо баарынын кѳздѳрү Жинниге бурулуп калды. Бала эмнени айтканын сиз деле түшүнмѳксүз.

«Кудай ѳзү кечирсин, Виржиния! Ичиң кантет» – Нарин айым кулак түргѳн коңшулардан далдалап,  кызын үйгѳ сүйрѳп кирип, ачуусунан жарылып, кыйкырды. Үнү ачуу жана ѳктѳм эле, кѳздѳрү күн күркүрѳрдѳгү асмандын ѳңүндѳй карарып чыккан. Анын кѳзү кантип кѳр болуп калды экен? Ал ѳзүн каргап-шилеп, катаал суроолорун жаадырып баштады.

«Кантип бизди уятка калтырдың? Кандай уятсыздыкка бардың? Эми сени ким алат? Албетте, адептүү киши албайт. Ушул жашыңда атаңдын атын эмне үчүн булгайсың? Ал байкуш сенин бул жашоого келгениңди кѳргѳн жок. Анын бул тууралуу билбей калганына шүгүр. Балам, эми кудайдын сүйүктүү кишисине  накта айтчу кебиң бар.»

Акырында анын сѳздѳрү алсызданып, ѳзү оорлошуп отуруп калды, алсыз жүрѳгү коркунучтуу согуп турду, ачуусунун күчѳгѳнүнѳн кѳкүрѳгү ачышып чыкты.

Андан кийин Жинни апасына Рави Кирьяни менен болгон ишти айтып берди. Узакка жымжырттык болуп турду, андан кийин Нарин айымдын кышылдаган гана үнүн угууга мүмкүн болчу. Акыры ал сүйлѳгѳндѳ анын сѳздѳрү оор, түшүнүксүз эле.

«Каргыш тийсе, Кирьянинин баласына тийсин» — деди ал.

Жиннинин эжелери делдиреп калышты.

«Апа, ден соолук борборуна алып барабызбы?» — Индра сурады. «Акушер айым бүгүн келет»

«Кыз, сен соосуңбу? Ал ѳрдѳктүн бир жериндей оозу менен эмне кыларын баарыңар билесинер да. Бул ишти ѳзүм бүтүрѳм».

Ал түнү Нарин айым  кичүү кызын күйѳѳсүнүн эски досу, ишеничтүү, акыл кошчу доктур Кханга алып барды.

Кыздын кош бойлуу экендигинде шек жок эле.

«Бизге эмне жардам кыла аласыз, доктур Кхан?» – Нарин айым сурады.

«Мүмкүн болушунча эртерээк күйѳѳгѳ бериш керек», —  арык, кары доктур так кесе жооп берди.

Нарин айым мыскылдады:

«Эми муну ким алат, Доктур? Суранам сизден. Башка жолу жокпу? Бизге эч нерсе кыла албайсызбы?»

Хирургиянын терезелеринен жагымдуу жел согуп турду. Сыртта цикадалардын тажатма үндѳрү угулса, кадимки партанын үстүндѳгү ачык лампанын жарыгы түшкѳн экрандарга москиттер үймѳлѳктѳшѳт. Доктур Кхан үшкүрүнүп, кѳз айнегинин үстүнѳн карады. Анан ал үнүн басаңдатып, бир эле нерсени кайра-кайра кайталагандан чарчаган кишидей айтты.

«Бала тѳрѳлгѳндѳн кийин бир нерсе кыла алышым мүмкүн. Урматтуум, ал тѳрѳлүшү керек. Сенин кызың арыкчырай, ал жаш, дале бала. Ал сага үч айлык боюнда бардай сезилип жатат. Ал айткан дата туура болсо, ал үч айдан кийин кѳз жарат. Эми бардыгы татаалдашып кеткендей».

«Эгер тѳрѳлсѳ» – Нарин айым үзүл кезил сурады, – «Эгер тѳрѳлсѳ, эмне болот?»

«Жок, апа, эмне болсо да тѳрѳйм, мен аны сактап калгым келет» — Жинни жайбаракат жооп берди.

«Келесоо болбочу, бала».

«Бул менин балам, апа. Мен тѳрѳйм. Жарык дүйнѳгѳ келишин каалайм»

«Ким сага  каралашат, балага ким тѳлѳйт? Кирьяни тѳлѳп берүүгѳ макул болгон күндѳ да ким сага үйлѳнѳт?»

«Мен турмушка чыгам, кабатыр болбоңуз».

«Турмушка чыгам! Сен келесоосуң. Кимге чыгасың?»

«Кирьяниге, апа. Мен Кирьяниге турмушка чыгам».

Доктур Кхан бүлкүлдѳп күлдү.

«Аа, кызың сен ойлогондой жинди эмес экен» — деди ал. Айттым го, турмушка узат деп. Кирьянинин баласын кѳргүлѳ. Кызың эмне жоготмок эле? Ал ѳтѳ, ѳтѳ акылдуу!»

Ошентип Кирьянини кош бойлуу Жинниге жолуктуруп, жекшемби күнү түштѳн кийинки бал камыш бышкан кургак мезгилдеги окуяны эсине салышты. Нариндерди таң калтырган нерсе – ал такыр талашып-тартышкан жок. Ал дароо Жинниге үйлѳнүүнү сунуштады. Же ал үчүн ѳтѳ каалабаган, макулдашылган никеден баш тартуу мүмкүнчүлүгү болдубу, ким билет? Сунита Мурпаланинин билими болгону менен анын кебетесинен анын колун эч ким сураган эмес. Же мүмкүн ал эккен жемиштин мѳмѳсү бышып жетилген күнү жооп берүүгѳ оңтойсуз кылуучу полициянын ыңгайсыз  суроолорун алдын ала сезгендир. Нарин айым калчылдап калды. Жада калса анын каршылык кѳрсѳтпѳгѳнүнѳ Жинни таң калды.

«Балким» – жылмайуу менен ойлоду, – «ал анча деле жаман эмес окшойт».

Анын кандай гана себептери болбосун, сиз Равинин адилеттүү иш кылганын мойнуңузга алышыңыз керек. Сызга отуруп калган Мурпаланинин үй бүлѳсү да ошондой кылды. Мындай шылдың аларга катуу тийсе да эл кѳзүнѳ бир калыпта алып жүрүштү, алардын үй бүлѳсүндѳгү бир аялзатын шылдыңдап, жүрѳгүн ооруткан адам менен дагы деле сүйлѳшүп жүргѳндүгүнѳ эл таң берип жатышты.

Сунитанын беш агасы Майародогу деңиз жээгиндеги вилласында чогуу бир күн ѳткѳрүүгѳ Равини чакырышты. Рави бул үй бүлѳнүн досу болгондугу үчүн баш тартууга негиз жок болчу.

Мурпалани ага-инилер шейшемби күндү тандашты – жумуштагы адамдар пляжды булгаган аптанын аягында баруудан жана  Рио Кристалинодон жыйырма чакырым алыстыкка Лэнд Роверлеринин бирѳѳсүн айдоодон пайда жок, – деп айтышты. Алардын маанайы кѳтѳрүңкү эле, үй кызматчылар тоок этин, салатты арткы орундуктун астына коюп, пиво жана ром менен пуншту муз менен ороп салып жатышканда алар Рави менен тамашалашып турушту. Андан кийин алар кѳктѳгү булуттарга карап, ушундай жакшы күндү тандашканына бири-бирин куттукташты. Ага-инилердин эң улуусу Сураж саатына карады, ал сүйлѳп жатканда  буттары тынчсыздана кыймылдады.

«Жолго чыгууга убакыт келди».

Инилери каткырышты да, машинеге отурушту. Бул башкача, ачуулуу каткырык эле.

Хардтоп кузовдуу лэнд ровер Рио Кристалино аркылуу шаар борборундагы кесилиштерге баратты. Базардагы сатуучулар жол жээгине текчелерин, күндѳн же жаандан коргоочу брезент чатырларды орнотуп жатышкан. Соода-сатыктын жакшы болору сезилип турган, текчелерди жаңы бышкан манго менен толтуруп жаткан же селофандын астындагы ширелүү, жылтыраган чоң коондорду коюп бүткѳн сатуучулар кѳптѳн үмүттѳнгѳндѳй кѳрүнүшѳт.

Лэнд ровер Майарону кѳздѳй чыгыш тарапка бурулду, бир аздан кийин шаар четиндеги күмбѳздѳрдѳн ѳтүп баратышты. Жээкке алып барчу жолдун эки тарабы тең базарга жаңы бышкан жашылча-жемиш ташыган машинелер менен жык жыйма болчу, чукул бурулуштар жана жолдогу чуңкурлар жолду жайлатып жатты. Акыры Майародон алты чакырым алыстыкта гана ѳйдѳлүштѳ Лэнд ровер ылдамдыгын тездете алды.

Анын протекторлуу дѳңгѳлѳктѳрү багыт кѳрсѳтүүчү линияларды барабандай ургулап баратты, эртең мененки күн кокос пальмалары аркылуу тийип турду. Кокустан ойго келбеген нерсе болуп кетти. Лэнд ровердин арткы эшиги шарт ачылып, Рави Кирьяни ыргып кетти да, оор жүктѳлгѳн жүк машинанын дѳңгѳлѳктѳрүнүн астында калды.

Тергөөчү Равинин алган жаракатынын табияты жана даражасы ыргып кеткенден мүрт кеткенби же жүк машинеден улам болгонун аныктоого мүмкүн эмес болгондугун тергөөдө айтып чыкты. Ленд роверден ыргып кеткен учурда тирүү болгондугу айдан ачык экенин тергөөчү деле сезип турган. Тергөөнүн чечими — кырсыктан болгон өлүм деп табылды.

Үч күндөн кийин Равинин калдыктары Хиндунун эрежелерине ылайык өрттөлдү. Адаттагыдай эле Тринидаддагы болгон эл: алыскы тууган-туушкандар, эски классташтар, маркум менен ылым санаалаш адамдар Майаронун чет жакасындагы дарыя жээгине  акыркы сапарга узатууга келишти. Кээси Равинин өлүмүн кудайдын буйругу деп ынанып жатышты, ага далил катары бозоргон асман менен мезгилсиз жаанды айтып жатышты. Бирок жалын жаанга карабай күйүп, өрттөнүп жаткан дененин сасык жыты келип турду. Кээ бирлери ал киши колдуу болгонун айтып жатышты. Мурпаланилердин мотиви күчтүү болгон жок беле? Мүмкүнчүлүктөрү жана каражаты болгон үчүн барын калчап жатышкан. Бирок көбүнчөсү мунун кырсык экендигине макул болушту. Равинин эсебин тапкан жүк машина Мурпаланиге таандык экендиги аларды ойлондурган жок. Мурпаланинин жүк машинелери бүт жакта бар эле.

Андан кийин анын күлүн Атлантика океанынын жылуу суусунда жок болсун деп Отоэр аттуу суусу кир дарыяга ыргытышты.

«Эмнеси болсо да» – тажияга келген кары киши ийнин куушуруп айтты – «биз кимбиз суроо бергидей? Полиция анын денеси сууй электе бул ишти жаап салды». – Ал  кол чатырындагы жаандын акыркы тамчыларын силкиди да, москитти бир чапты.

Равинин күтүүсүз ѳлүмүнѳн Жинни ай-күнүнѳ жетпей кѳз жарды деп ойлодуңуз болуш керек. Бирок теңирден тескери болду. Ал суракка да барды, тажияда аза да күттү. Кѳптѳн күткѳн убакыт да келип жетти. Ал он үч жашка чыкканча дагы алты жума ѳттү, Жинни Сан Фернандодогу коомдук тѳрѳтканада эркек бала тѳрѳдү. Медайымдар  ымыркайды кѳргѳндѳ бири-бирин тынчсыздана карап калышты. Анан алар аны Жинниге  кѳрсѳтпѳcтѳн алып кетишти.

Акыры алар Жиннинин баласынын дени сак экендигин айтып ишендирет деп чоң креол доктордун коштоосунда кайтып келишти.

«Кымбаттуум, ал чындап эле бир аз кубарып турат» — медайым баланы Жинниге берип жатканда доктур айтты, «бирок унутпа, сен али жашсың… экѳѳңѳрдүн тең башыңардан оор күндѳр ѳттү. Бир күн … үч күн чыда… анын кѳздѳрү жана ѳңүнүн түсү ѳзгѳрѳт».

Жинни баласынын кѳк кѳздѳрүнѳ карады да ѳѳп койду, ошондо ал чарчаганын сезди. Анын кѳздѳрү кудум Оливье патердикиндей кѳпкѳк эле. Ал болбогон кепке, убаракерчиликке үшкүрдү. Чындап эле креол доктур ушунча келесообу? Кубарган  кѳз караш эч качан ѳзгѳрбѳсүн Жинни түшүнгѳндѳй эле билет да.

Которгон Алтынай Токтоматова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.