АҢГЕМЕ

Бейшен бул айылда согуш ортолоп калган кезде пайда болду. Бирөөлөр баласын жаңы эле узатып жатса, бирөөлөрү мурдараак кеткен уулунан «кара кагаз алып» арманы аттан күч болуп, көзүнө жаш, көкүрөгүнө муң толуп, дагы бирөөлөрү кан күйгөн жакка эртели-кеч уулун же бир жакынын жөнөтүүнүн кайгысын тартып жүргөнгөбү, бир бутунан сылтый басып, ошол жактагы колу да серейген сенек 12-13 жашар, шилекейи токтобогонго ар убак чапан көкүрөгү шакмарланып, оозу эми гана сүйлөөгө камынган неменикиндей аңырая ачылып жүрчү баланы мындагылар а дегенде байкашкан деле жок.

Көргөнүн-көрүштү дечи, бирок ага көңүл бурушпады. Жаңы айылдын адамдарына тезирээк аралашып, тезирээк үйүр алышып кеткиси келгендей ал өзү аерден деле, биерден деле ар кимисине жолуга берчү. Жанагы сенек колун чыканагынан бүктөй бирөөгө учурашканы жаткансып, алдыга сунгансыган калыбында эки ууртунан арык, кир мойнуна, төшүнө шилекейин агыза кеңкейген Бейшен мүйүштөн деле, жолдон деле ар кимисинин алдынан чыгып, жийиркентип жүрдү. Анын тили жок дудук экенин, акылы жок кеңкелес экенин деле а дегенде байкашкан жок. Сүйлөшпөсө, кайдан билишмек эле. Анын кебетесин көргөндө эле жүрөгү айланып, жандан өтүп кеткиче шашчу кимиси болбосун. ъ

Бу баланы биерге алып келген – анын атасы менен туушкан эжеси Зейне. Бейшендин апасы мурдараак өлүп, атасы али үйлөнө элек кезинде согушка кетет. Ошентип, кароосуз калган тигини алып келүүге Зейне аргасыз болгон. Анын үстүнө өзүнүн жалгыз уулу Эсенкул да андан үч-төрт ай мурда урушка кетип, анын аңгырап бош калган ордун эмне менен, ким менен толтурушун билбей алдастап турган кезде бул жалгыз калып отурбайбы. «Жинди болсо да караан эмеспи. Эртели-кеч үйгө кирип-чыгып жүрсө да эрмек. Колунан иш келбегени менен адам баласы эмеспи», – деп ичинен өзүн соороткон Зейне бир жагынан аны эш тутса, экинчи жагынан боордошунун перзентине боору ооруп ушул ишке барган.

Бейшендин өзүнө жараша төшөнчү-орун белендеп, ага ылайык идиш-аягын даярдап жатып да ыйлап алган Зейне. Быртыйган эткээл, кепшек, али кыска колдорун-буттарын тарбаңдатып, чакырганды, эркелеткенди туюп, ыржактап күлө баштагандан тартып эки бутуна, эки колуна көз мончок тагышып, мойнуна тумар байлашып өзү отуздан ашып, күйөөсү Мурат кыркка келип калган кезде араң көргөн жалгыз уулга, бар тапканын кийинтип, ичирип, куштун балапанындай бапестеп чонойтушкан Эсенкулга ушуну алмаштырып алганга ыйлаган.

Эсенкул Зейне менен Мураттын туну да, кенжеси да эмес беле. Үйлөнбөй жайланбай туруп, онунчуну бүтөрү менен тигинтип кан майданга кетип калбадыбы. Сурап-тилеп алган баланын түйшүгү, күйүтү белгилүү го. Мурат каза тапкан. Октябрь майрамына карата райондо өткөрүлгөн улак чабышта аттан жыгылып өлгөн эле.

«Өл-өл! Бир өлмөктөн миң өл! Туф! Туф», – деп анын мүрзөсүнө түкүргөн күйүтүнө чыдабаган Зейне ал жерге коюлгандын эртеси башына барып жоктоп, узакка ыйлаган соң ордунан тура келип. Табалагандыктан эмес, күйгөнүнөн. Тулку боюн өрттөп, жүрөгүн сыздатканга чыдабай ошенткен. Кошо барган катын-калачтын кой дегенине болбой ошентип, «табалоо» менен бүтүргөн ыйын. Эсенкулуна айланып-кагылгандан, жалынып-жалбаргандан тажабаган Мураты атайлап өзүн-өзү өлтүргөндөй туюлчу ага. «Антпесе эмнеге улак чабат? Канча марта какшадым: бай болгур, кой-кой, ошол улагыңы! Кишинин өлгөн-тирилгенине, башы-көзүнө карабай чапкылайт экенсиңер, тытышат экенсиңер койгунуң, бай болгур», – деп нечен жолу жалынып-жалбардым.

Аман-эсен ушул жалгызды чоңойтолу. Кудайдын казынасы кемип кала тургансып сурасак-тилесек да башка бербей койду го? Жараткандын ушунусуна да шүгүрлүк келтирейли. Ушуну үйлөп-жайлап алгачкы баласын сүйсөк, анан мейли, ээрчиштирип алып кетсе да жаратканга ыраазыбыз», – деп нечен какшадым, той-ашка камынган сайын. Жүрөгүм алдын ала бир жамандыкты билгендей ал аттанганда эле корко берчүмүн. Башкармага да барганмын бир марта. Эрим колхоздун айгырын чапчу эмес беле улакка. Ушуга ат бербеңиз деп барганмын. Барс-барс күлүп, анан жонуман таптап жөнөтүп койгон а киши: «Зейне, жамандыкты оюңа алба, жигиттин илгертен келаткан иши бу. Көз чыкса, бут сынса, ада жигиттиктин белгиси. Колхоз деген чоң уруу журт. Мураттай улакчыбыз жок колхоздун ар-намысын чоң топтон улак менен кошо ат жалына салып көтөрүп чыга турган. Кудай сактасын. Андан көрө жанагы жаман Эсенкулуңу да мындайда атасынын артына учкаштырып жиберип жүр той-ашка. Көрүп, көзү каныга берсин. Атасын тартып калса ажеп эмес», – деп жөнөтүп койгон. Өзүндө бар да. Башкарма урмак беле барбайм десе. Ушуну көрмөк. Чала болду өлгөнү. Бир өлмөктөн, миң өлсүн!» – деп.

Мураттын өлүгү чыкпай жатып эле, солкулдаган ийиндерине колдорун коё, башка катындар анын ыйын араң токтоткондо кардыккан үнү менен Зейне ушул нааразылыгын айтып мостойгон. «Жалгызыңын убайын көргүң келбеди? Маа десең бир өлмөктөн, миң өл!» – деп бир-эки жылга чейин ыйлап жүрөт. Ошол атасынын ордуна ата, эне болуп араң эрезеге жеткирип, өзү айткандай «ажалынан мурда өлүп калган Муратынын да кайгысын эми унутуп, жалгыз уулдун убайын көрүүгө энелик улуу тилек-максат ашып-ташып турган кезде жанагыдай каргаша чыгып, Эсенкулу кетип отурбайбы. Анын ордуна Бейшендей келесоонун караанына каниет кылып отуруп калган Зейнеге айылдаштарынын мамилеси ар башка. Бири аяса, бир айыптап жүрүшөт. Анын: «Жок дегенде караан эмеспи» дегенин уккандар: «Андайдан көрө улагасында иттин жатканы жакшы эмеспи». «Андайдын төшөк четинде жатканынан көрө көкүрөгүнөн кырылдап мышыктын жатканы өйдө эмеспи». «Жийиркенбей-нетпей ошого кантип кийим кийгизип, кантип тамак берет ботом. Туф, Туф! Кебетеси менен жерге кирсин. Байкуш энесинин эртелеп өлүп калганы жакшы болгон экен. Өмүр бою ошондой уул төрөгөнүнө арман кылып жүрүп, өкүнүп жүрүп, ичкени – ириң, жегени – желим болуп жүрүп көзү ачык өтмөк бу дүйнөдөн. Ушундай бала төрөгөнгө эле арданып өлүп калса керек байкуш. Атасынын деле кеткени бир эсептен жакшы болгон экен. Мунусунун бары кайсы, жогу кайсы. Жүргөнүнөн өлгөнү артык эмеспи».

Бейшенди көргөн сайын же Зейне менен беттешкенде ачык да, көмүскөдө да ушундай ойлорун айта беришчү болду мындагылар. «Мен жөнүндө сенин пикириң кандай?» дегенсип кимисине жолукса да Бейшендин оозунан шилекей агызып, аппак тиштерин бажырайта (тиши гана таза болчу анын) капкара көздөрүн жагымсыз кадалтып туруп алганына эмне бересиң. «Нары барчы ыржайбастан?», «Нары турчу, кишини жийиркентпестен» деген өңдүү суук, жаман сөздөрдү укканга курсант болгонсуп, ал ого бетер ыржайып, ого бетер кир шилекейин текенин көбүгүндөй шакмарланып катып калган чапан көкүрөгүнө агызып тура бере турган.

Кээде андай кездешүүдө жанагы соо киши ага болгон жийиркенүүсүн ачык билдирип, түкүрүп басып кетсе, Бейшен соо колу менен соо бутунун санын «шак» чаап, каткырып күлүп алат. Анысы эмнеси экенин ким түшүнсүн. Жиндинин соону шылдыңдаганы го кыязы. Бейше келгенден бери Зейнеге да айылдаштарынын ыкласы сууй түшкөнсүдү. Ооруну алып келип, башкаларга да жуктура тургансып, ага салкын карап калышкансыды. А дегенде биердегилер жийиркенбесин дегендей Бейшендин кийимдерин Зейне тез-тез алмаштырып, (Эсенкулдун эски кийимдерин), эрте мененки тамагынан кийин оозу-башына чейин атайы ысыткан суу менен кир самындап таза жууп-чайып, анан сыртка чыгарып жүрдү.

Түшкө жетпей эле баягы карала-торола, шакмарланып кирип келер эле. Тажадыбы, Зейне бара-бара аны жууп-чайганын, кийим-кечесин алмаштырып кийгизгенин азайтып койду. Муну колу-коңшулары да байкады. «А байкуш оңолбосуна көзү жетти бекен, коё берди жиндисин андалатып-сандалатып» деп калышчу болду.

…Бара-бара Бейшен «жинди» ушул айылдагылардын бир адамына айланып кетти билинбестен. Бир күн анын карааны биерден көрүнбөй калса, жоктоп калышчу болду. «Баягы Бейшен жинди көрүнбөйт да?» деп бири-биринен сурай турган болушту. Мындай сурамжылоодон: «бир нерсе болуп калбады бекен?» деген анын тагдыры үчүн кооптонуу сезилчү болду бара-бара. Келесоо немени казанга колун салып жиберген жеринен чөмүч менен башка коюп жиберген кемеге боюндагы катын деле өлтүрүп коюшу мүмкүн.

Адамды аттан оодарып алчу иттери бар кээлердин. Сандалып ошол кебетеси менен чоочун короого кирип барса, ичин айра тартыштан таябы андай иттер. Башы ооган жакка басып кетип, ачкадан өлүп калышы да ыктымал. Жанагыдай анын маңыроо, аяр баскан карааны аер-биерден бир күн көрүнбөй калса эле, жанагинтип сурагандардын көздөрүнөн ушундай суроо билинип турчу болду.

Бу колхоздун контору, сарайы Бейшендин эжеси Зейненин үйүнө жакын. Эртели-кеч жумуштап, жумушсуз деле элдин топтолор жери ушер. Коргондун бир жагында узун аткана. Анда кеч күздөн тартып эрте жазда кошко кошулуп, араба тартчу күч аттар багылат. Экинчи капталындагы узун там – эгин кампасы. Кана-канага бөлүнүп, аларда мамлекетке саткандан, элдин эмгегине бергенден калган, келерки жылдын үрөнү үчүн сакталган буудай, арпа, жүгөрү, таруу, конок турат.

Коргондун оозунда машина, араба жүгү менен кире бергидей кош канат чоң жыгач дарбаза. Анын сыртында эки супа бар. Бекерчи кишилер ошол супаларга отуруп кеп-кеңеш куруша турган. Кээде талаага иш башына жөнөөрдө же аяктан кайткан соң раис баш болуп, активдер да аркы-беркини сүйлөшүп, ошол супаларга отуруп калышар эле.

Эртеден-кечке аңкая баскан Бейшен да акыры жүрүп ушу адамдар көбүрөк топтолчу контордун жан-жакасына, анан алиги чоң коргон дарбазасынын жанындагы кыдырата кишилер отуруп калчу супаларга үйүр алып кетет. А дегенде анын көрүнүшүнөн жийиркенген айрымдар: «Кет! Жогол! Тур, нары, сенсиз деле ишибиз бүтөр!» – деген какшык-катаал сөздөр менен кууп да жүрүштү аны. Сол бутунун согончогун көтөрө баскан, ал ошол жактагы колун жараттан кийин ак даки менен мойнуна асып койгон жоокер колундай сенейткен бойдон нарыга акырын басып барып, кайра эле бериге бурулуп карап тура берчү.

Тигилердин жийиркенип жатканын түшүнгөндөй тандырга нан жабыштырганда кийилчү жеңчедей каткан соо колунун жеңи менен оозун ары-бери сүрткүлөп коюп, нарыдан үтүрөйүп карап тура бере турган. Айланчыктап өздөрүнөн алыс кетпеген жүдөө балага акыры биердин адамдары билинбестен отуруп көнүп кетишти. Кийинчерээк «жинди» деген кошумчасын алып ташташып, анын атынан аташа турган болушат. «Бейшен, тигини алып келчи. Муну жеткирип берчи. Баланчаны чакырып келчи», – деп а түгүл аны жумшаша баштайт.

А дегенден аны өзүнө үйүр алдырган колхоздун эткээл, сары балгыр раиси Бабакул болду. Эрте менен ушул дарбаза жанына аттанып, ушул дарбаза жанына ире-ширеде келип аттан түшчү ал бир жолу адатынча эрте келсе, сенек колун соо колунун жең ичине кийирип, эски көрпө тебетейин (атасыныкы эле, ошондуктан кулактарын жапырып турчу) үрпөйгөн каштарына жеткире кийип Бейшен туруптур. Мунусу раиске ызаат көрсөтүп, кол куушургандай көрүнүп кетти.

Бейшен тиги жакындаары менен түшүнүксүз үн чыгарып, сөзү жок, алиги колдорун ажыратып жиберип, соо колун ага узатты. Биринчи жолу кишиге кол сунганы ошол эле анын. Мында эртели-кеч жолуккандардын баары ооз кыбыратып, үн чыгарып, анан кол берише учурашып жүргөнүн көрүп келатпайбы. Ошолорду туураганы. Раис жылмая берип, жийиркенбей-нетпей эле колун сунду. А түгүл тигинин илмейген арык, нары муздак колун атайлап сыга кармады. Бейшен ийиле калды. Колу ооруп кеткен эле. Бирок ага таарынбастан, ошондой капшыра кармаганы үчүн кубанып кеткен эле, каткырып күлүп жиберди.

Ансыз деле тиштери кашкайып ачылып жүрчү оозун ого бетер аңырайта ачып, башын тизесине жеткире ийилип жатып күлдү. Аябай кубанганы, «Жиндинин» мынчалыкка жараганына: кол берип амандашып, анан тигинтип, кубана күлгөнүнө раис да ыраазы боло жылмайды. «Акылы бар окшойт ко анча-мынча» – деп күңкүлдөп алды жээрде мурутун сылагылап ары баскан Бабакул.

Ал ачык дарбаза оозунан туруп кыйкырчу: «Атты алып келгиле!» – деп. Атканада эки атбагар. Раистин кайсы убакта келерин билген алар биринчи ошонун атын пайынан тартып жалына чейин адегенде тарак менен тазалашып, анан шыпыргы менен жүнүн жалтылдата шыпырышып, токуп, үзөнгүлөрүнө чейин чаң-чуңдан арытышып бүткөн соң тизгинди ээрдин кашына иле атты каңтара байлап күтүшө турган. Кээде аны кыйкыртпай эле өздөрү анын тааныш толо карааны дарбазадан көрүнөрү менен Сары кашканы жетелеп, алдынан утурлап чыгышчу.

Бүгүн да ошентип кыйкырыш үчүн же адатынча ат багардын бирөө атканадан быякка карап турса ага өзүн көрсөтүш үчүн раис дарбазанын астанасынан бир бутун ашыра берип, эмнегедир артына кылчайды. Тиштерин кашкайтып жадыраган бойдон Бейшен карап туруптур, Раистин кол бергенине, бергенде да эң жакын көргөн кишисиндей колун кыса кармаганга бар ыраазылыгын, кубанычын жүзүнөн көрсөтүп туруптур.

Раис кайрадан бериге бурулду. Сынагысы келдиби: «Бейшен, менин атымы алып келчи атканага барып», – деди бөрү кулак, жылан боору камчысын эскибирээк калган хром өтүк кончунан сууруп ала, аны менен а дегенде аткана жакты көрсөтүп. Анан арт жагынан абаны чапкылай берип «чү»-«чү»-«чү»- «чү» деп кошумчалады. Тигинин дудуктугу, келесоолугу эми эсине түшкөндөй бир жагынан жаңсай, бир жагынан сүйлөй берип.

Бейшен ушуну эле күтүп тургандай сыраңдаган бойдон чуркап жөнөдү. Чуркайт экен, акырын болсо да. Анын кубанганы – ушунусунан да көрүнүп турду. Аткананын кире беришиндеги четки акырдын устунуна каңтара байланган аттын чылбырынан алды.

– «Мм,- мм-м» – деп эшик жакты көрсөттү: ат чунаңдай бергенинен тээп жибербесин деп анын жанына эки аттап жеткен узун сакал атбагарга.

– Болуптур, болуптур, жиндим. Мен өзүм алып барам. Түшүндүм, түшүндүм, бара бер эми. Кабар кылганыңа ыракмат, – деди ал да «жиндинин» бул ишине кубангандай жылмайган бойдон чылбырды устундан чече баштап.

Атканадан Бейшен да атбагар менен кошо тытмакташып, чылбырдын бир жеринен кармаган бойдон чыкты. Тиги карматпаганына болбой жатып, кармап чыкканын бериден раис көрүп турду.

– Керимбай аке, коё бериңиз Бейшенге, өзү алып келет, – деди, ал беркини кантээр экен деген кыязда. Бир жагынан анын аракетине боору ооруп чыккан эле. – Коюңузчу, аксакал, жинди немеге да ат берип болобу?

Атбагар нарыдан ушинтип күңк этти да, чылбырды силкип жиберди эле, Бейшендин колунан чыгып кетти. Аңырайып оозун ачкан бойдон умсунган ал ордунан жылбай туруп калды. Арык узун мойну ого бетер узарып чыккансыды.

Раис карап турду. Андан ырайым, жардам күткөнсүп аңкайды тиги.

– Жок, Керимбай аке, ал жинди эмес, берип коюңуз, ошол жетелеп келсин, – деди раис эми өктөм үн катып.

Буга нааразы болгон атбагар ысык атканада түн бою туруп бук болуп калгангабы, Сары-Кашка муздак абага чыгаары менен таноолорун кере «бур-р-бур-р» эттире тышка көк буу үйлөп, анан күмүш жүгөндүү башын ары-бери чулгуй берип, ойногусу келди окшойт, анысын билген атбагар ооздук тушунан чылбыр менен тизгинди бириктире бурдап кармаган калыбында аттын башын эки-үч мерте төмөн карай ныгырып-ныгырып койду.

Билектей жалын дүңкүйтө Сары-Кашка өзүнө эртели-кеч жем-чөп берип, убактында беридеги обуздан суу ичирип, такасынан тартып жал-куйругуна чейин тарап-шыпырып, акырында көкүлүнөн тутамдай кармап, анын түбүндөгү аяктын жаракасынан аккан сүттөй созулган тунук кашкасынан өөп койчу атбагардын эркине багынып тим болду. Тизгин менен чылбырды коштой кармап төмөн ныгыргандан баарып түшүндү. «Жөө бас, күн бою талааны кыдырасың, байкушум. Бугуң ошондо чыгып кетээр» дегени. Ошону кантип түшүнбөсүн, Сары-Кашка. Башын серпип, чылбыр-тизгинди жула качып чоң коргон ичине дан, салып, тайрактап ойноп кетсе деле болмок. Антпеди. Жок, ат багар Керимбай анттирбеди.

Азынап-кишинеп жиберчүдөй таноолорун кере «дуу-дуу» эттире көк буу үйлөп тим болду. Жагымсыз жытынанбы же булганыч апти-башарасынан жийиркендиби, тиги бир буту менен бир колу эпке келбей олдоксон басып, олдоксон кармаган баланы жактырбай Сары-Кашка ар убак тикчийип турчу кулактарын азыраак жапырып да койду. Керимбай атбагар жактырбай сунду ат чылбырын Бейшенге.

Күрөң чийбаркут көрпөчөнүн үстүнөн тоголоруна күмүш жаптырылган быштаң, күмүш куюшкан салынып, суук түшкөндөн бери үстүнө жаңы тердик жабылган семиз, сулуу, ошол жасалгага мактангандай, кубангандай мойнун койкойто көтөрүп, көкүрөгүн дагдайта наз менен баскан ат өз колуна тийгенге Бейшендин сүйүнгөнүн айтпа. Чылбыр толук колуна тийгенде раис колун сыга кармап койгондогудан бетер эки бүктөлүп атып каткыра күлдү. Жетелеп келди. Атты тиктейт, үстүндөгү жабдыгын тиктейт. Ошондой атты ишенип мунун колуна карматып койгонго жетине албай жатты.

Бериден раис жылмайып карап турду, Сары-Кашка болсо, жактырбагандай кулактарын дагы эле болор-болбос жапыра берип, баскысы келбегендей, кежигелене тартынгандай анда-санда бут коёт. Бери жактан кожоюну көрүнүп, үн катып турбаса, бу көрөңдөнгөн немеге ошол жетелетип атканын түшүнбөсө, Сары-Кашка тумшугу менен бир серпсе чылбыр, тизгинин жулуп алып, куйругун чамгарактата көтөргөн бойдон бошонуп дан салып кете бермек. Жанашып көрсүнчү анан. Артынан келсе тээп, астынан келсе тиштеп жолотмок эмес. Ээсинин буйругу болуп атпайбы тыяктан. Сары-Кашка түшүнүп турду муну.

Раис ошентип, ал күнү биринчи жолу эл арасында «Жинди» атанган баланын жардамы менен аттанды. Бейшен да биринчи жолу киши атказды. Болгондо да бир айылдын аксакалын атказды. Колхоз уюшулгандан бери башкарма болуп келаткан кадыр-барктуу кишиге кызмат өтөп койгонсуп дердейип, төбөсү көккө жете түшкөнсүдү. Раистин карааны кыштак четинен көрүнбөй кеткенге чейин узатып карап, ансыз деле ачылып турчу оозу ого бетер алжайып, күлкүгө толуп турду.

Раистен кийин бу сарай жакка келгендин баарына колу менен раис кеткен жакты көрсөтө, бирде сарайды көрсөтө («мен атын ошерден алып келип, атказдым» – дегени го) шилекейин агызып, булдуруктап, анын чечекейи чеч боло берди ошол күнү. Болор-болбос тамагын нары-бери жей коюп эле кейкейип көчөгө чыкчу.

Бейшен ал күнү күүгүм киргенде чоң дарбазанын оозунан сары тон жакасына, түлкү тебетейине, атынын жалына, кулак учтарына чейин агарып бубак турган раисти тосуп да алды. Чоң дарбазадан күн бою кирип-чыккандардын изи суучу эмес. Эң керектүү нерселер ушул капкалуу коргон ичинде эмеспи – кампа, анан аткана.

Кышында кампанын кары күрөлүп, ошондуктан даңгырап кургап калган аянтчасында катын-калач жемге үйүлгөн таранчылардай чуру-чуу болушуп отуруп, үрөн тазалашат. Жаз алды менен өгүзгө, төөгө, арабага, атка жүктөшүп, талаага себиш үчүн мындан урук ташышат. Аттар болсо андагы негизги күч. Активдердин мингени ошол аттар. Кош тарткандар – ошол аттар. Арабага чегилген ошол аттар.

Аларды керектеп бу коргонго алиги кош канат дарбазалар аркылуу кирип-чыккандар таң азандан эл жатканга чейин тыйылчу эмес. Ошондуктан, быйыл кеч күздө бу колхозго ушул эле сельсоветтен, бирок башка колхоздон келген Бейшенге биердегилердин көбүнүн өңү-түсү тааныш болуп калды. Айрыкча колхоз активдерин, ошолордун ичинен баарынан жакшы кийинген, баарынан толороок, ак саргыл раисти, аты да, анын үстүндөгү жабдыгы да башкалардыкынан өзгөчөрөөк раисти жакшы билип калган эле.

Кишилердин жасаган мамилесинен улам, ал биердин чоңу экенин да кирди-чыкты акылы менен баамдап келген эле. Эрте менен кол берип учурашып, анан ага атын алдырганга Бейшендин жетине албай калганы да ошол себептен эле. «Дагы ушуга бериптир мусулман. Нары турчу, сасыбай, адам түгөнүп жалгыз сен калсаң да бу кыштакта» – деп раистин келер тушун билген ат багарлардын бири көң жыттанган, аттардын тери жыттанган аткана оозунан аны тосуп алып, ал кармаган жерден эмес, чылбыр, тизгинди башка жеринен чап кармады да Бейшенди көкүрөктөн ары түртүп жиберди.

Бейшен кетенчиктеп барып токтоду. Жыгылып кете жаздады. Ал коюу каштарын үрпөйтүп, дайыма тердеп жүрчү кара тору иреңи да түктөйүр ачуулуу келди, камчысын бүктөй өтүк кончуна салып жаткан раистин жанына. Шакмарланган жеңи менен шилекейин бир сүртүп таштап, аткана тарапты соо колу менен сая көрсөтүп, бир нерселерди булдуруктады. Ат багарга нааразылыгын билдирип жатты, Раис. Бирок аны өзүнчө түшүндү. «Жеткирдим атыңызды. Тиги атбагардын өзүнө карматтым» – дегендей мактанып атат ко деп түшүндү.

«Азаматсың! Азамат экенсиң, Бейшен! Бар эми, үйүңө бар, суукка үшүп кетипсиң», – деди көгөргөн эриндерин, жулугунан басып, апкытын кыйшайтып таштаган эски өтүгүнүн кончуна чапкан суусун көрүп.

…Ошол-ошол болду, Бейшен раиске үйүр алды да калды. Эрте менен атын атканадан жетелеп келип, дарбазадан ага мингизген, кечинде аерден тосуп алып аттан түшүргөн, атканага атты кайра жеткирген ошол Бейшен болуп калды. «Раис бала болуп кеткен бейм, ушуну каадалы адам кылып жумшап. Мындай жинди түгүл, катын-калачка карматпай жүрсөк бу аттын тизгинин, муну жигит кылып алганы эмнеси» – деп адегенде Бейшенди жанагинтип, түртүп-нетип, кагып-силкип жаман көргөн атбагарлар да акыры көнүп кетишти.

Ошентип, бара-бара Бейшен ишке аралаша баштады. Раистин жумшаганын көрүшүп, өздөрүнө карап: «бир нерсеге жумшаса экен, ушунун да бир ишине жарап берсем экен» – дегенчелик кылып, дарбаза жанынан, же контордун эшигинен жолукканда ыкласман тиктеген, анан бир нерселерди булдуруктай сүйлөгөн (саламдашканы, анан: «менин керегим барбы?» – деп сураганы го деп божомолдошчу болду кийинчерээк анысын) түрү суук немени кийинчерээк башка активдер да жумшай турган болушту. Көбүнчө: «Атты атканага алып бар, же менин атымды атканадан алып кел» – дегенди үйрөтүштү.

Бара-бара Бейшен мындагы ар бир активдин минип жүрчү атын да таанып алды. Илеби ысык көгүш буу эшик оозуна барары менен «лап» этип жүзүнө урчу атканага кирип барып эле тиги дарбаза жанында туруп, өзүн жумшаган бригадирдин, же ферма башчысынын, же орун басардын атын чылбырдан алат. Эми ага көнүп кеткен атбагарлар токулган болсо, чечип беришет, жайдак турса дароо токуп жиберишип, тизгинди ээр кашына илип туруп, чылбырды ага узата берише турган болду.

Кышы менен активдердин көпчүлүгүнө жанагыдай кызмат өтөп чыккан Бейшенге жаз алды менен жаңы милдет жүктөлдү. Кыштактын жака белиндеги кош айдоого эшек менен үрөн жеткирүүгө коюшту аны. Бир жолу кампачы өзү бирөө менен ичкериден килейген капты колдошуп чыгып, кампанын алдындагы чоң таразага тарткан соң, боз эшекке жаймалаганда анын бели ийилип барып түзөлгөнүнө чейин шилекейин чуурта оозун аңырайтып ачкан Бейшен карап турбайбы.

Бу чоң коргондун ичинде, сыртында кандай иш болсо да, ага эрте мененки тамагынан кийин эле чокураңдай басып келчү, ал кийлигише бере турган болгон да. Анан алиги капты ичкериден колдошуп чыккан киши эшектин эки капталында салаңдап калган капты арчындап жип менен бекем байлаган соң Бейшенге: «Сен да мени менен жүр» – дегендей жаңсаса, ээрчип жөнөйт. Капкара болуп, каңтарылып жаткан айдоого жеткенде алиги киши жанагы капты түшүрүп алып, чыбыкты анын колуна карматат да: «Кампага айдап бар. Сен келгиче муну сээп бүтөбүз. Капты бошотуп коёбуз. Тыяктан кап алып келип, муну алып кайра барасың. Түшүндүңбү?» – дейт, соо неме менен сүйлөшүп жаткансып.

Анан тигинин келесоолугу эсине түшө калгандай чыбык менен эшекти акырын сайып туруп, анан кампа жакты көрсөтөт. Аяктан быякты көздөй жаңсайт. «Кайра келесиң» дегенди билдиргени. Шилекей каптаган ээгин ийкеңдетет Бейшен. Бир нерселерди күңкүлдөйт. «Түшүндүм. Көп эзбечи. Жөнөй берейинби?» – дегени го. Эшек жалгыз өзүнө тийип, атпайбы. Буга кубанган неме кир буттарын тепең-тепең эттире эшекти капталга темине жүрүп кеткенге шашып атпайбы.

Ошондон тартып, Бейшен унаа менен үрөн ташыганга да көмөктөшүп калат. Ат жетелеп айдоодо жүргөн өзүндөй балдарды көргөндө көзү кызарып кеттиби, биринин жанына барып: «Мен жетелейин» – дегенсип, жаңсап, булдуруктайт. Кош айдоочунун боору оорудубу же аңтарылган айдоого чалынып-чулунуп, эртеден кечке ат башын жетелеп энтеңдеген он эки жашар баласын аяп, эс алып алсын дегениби, ага карап:

– Кана, уулум, берип көрчү, кантээр экен? – дейт сокосун жерге ныгыра басуу менен аттарды токтотуп.

Бир аттын тизгинин сенек колунун каруусуна илип Бейшен сүйүнгөн бойдон жөнөдү алдыга карай. Жетелеп кетчүдөй экен. Бирок буту жарабайт тура. Жанагы согончогу көтөрүлүп жүрчү буту кыскалык кылып, соконун тиши оодарып таштаган борпоң топуракты басканда бата түшкөн анысы ого бетер кыскарып, биротоло чокураңдап калды. Бир жолу айдоонун башына барып келгиче көл-шал терге түшүп кетти. «Ох!» – деп айдоонун четине отура калды аттардын башын коюп жиберип. Маңдайынан, жаагынан ылдый салаалап тер агып турду. Чеке-башын тырыштырып, кайра-кайра үшкүрүндү. Чабалдыгын, майыптыгын биринчи жолу сезип жаткандай кабак чытып анан жер чукуп отуруп, сүйлөнүп кирди.

Эмне дегенин ким билсин, кабак-кашына караганда тиги өзүнөн кичине тепейген баланын аткарып жаткан жумушун аткара албаганына өкүнгөнсүдү, кейигенсиди. Ошондон кийин кош башын жетелегенден үмүт да үздү окшойт, башка жолободу. Бара-бара Бейшен айылдын адамдарын сырткы белгилери боюнча ажыратканга үйрөндү. Сакалдуу кишини чакыртыш үчүн ага эки колу менен ээгинен ылдый сылагылап, чоң мурундуунун мурдун, кылый көздүүнү чакыртыш үчүн көзүн кылыйтып, майрык болсо, аны да ошондой туурап көрсөтүшчү болду.

Аңырайып карап турган Бейшен анан «түшүндүм» дегендей көрсөткөн жакка чокураңдай басып, шаша жөнөйт. Барып эле колдон ала жетелейт. Соо колу менен контор жакты же сарай жакты көрсөтүп, күңкүлдөй берет. Мунусуна да көнүп кетишти. Аны ээрчип жөнөшөт. Ким чакырмак эле, колхоздун чоңдору да. Күч унааларга деп жай бою колхоздун даярдаган жем-чөбү да анда тартыш. Коргон ичиндеги жадыга кыркылган, кээде боолуктарын гана чечип, бүкүлү бойдон аттардын, өгүздөрдүн алдына таштап коюшчу чөптү, паяны, саманга ашталган теитти колхозчулардын күндүз агытып коё беришчү бирин-экин уйларынан, аттарынан коруп отуруу милдетин да кийинчерээк ушул Бейшенге тапшырышат кышкысын.

Колуна узун чыбык кармап ал коргон оозундагы супага отуруп алчу болгон. Мал келип көрсүнчү, аны бир бутун сырактаткан бойдон алда кайда кууп жеткирет. Бейшендин бул «ишмердүүлүгүнүн» баары раистин көз алдында өтүп жатты.

Бир күнү контордун эшигине келип аттан түшсө, биринчи алдынан чыгып жагымсыз күлүп ыржактаган (Бейшен сүйүнгөндө ошентип күлчү) ага чылбырды узата берип, өз кабинетине кирбей түз эле бухгалтерлер отурчу бөлмөгө кирип, мындай деп буйрук берет: «Бейшенге да иштегендердин катарында мындан ары жарымдан эмгек күн жазып жүргүлө. Колхозчуларга эмгеги үчүн эмне берилсе, ага да эмгегине жараша ошондон берилсин. Ведомостко киргизип жүргүлө мындан ары».

Ошондон тартып, анын ысмы колхоз китебине жазылат да, бул колхоздогу адамдардын саны бир кишиге артат. Мындагы элдин ичин жылытып койгон Бейшендин дагы бир жоругу бу: жумасына болбосо да айына, сөзсүз, эки-үч үйгө кара кагаз келип ызы-чуу түшчү. Андай жерге аксаңдап Бейшен да жетчү. Көпчүлүктүн бир четинде туруп алып, ал да ыйлачу. Шилекейин сүрткөндөй эле кир жеңи менен көздөрүн аарчып коюп, кабак-башын чытый бир нерселерди кобурай берчү. Анан колу-коңшулардыкына кирип, андагы али суук кабарды укпаган катын-калачты, бала-бакыраны деле, көчөгө чыгып, өтүп бараткан жолоочуну деле жеңинен, колунан кармай алиги башына чоң кайгы түшкөн үйдү көздөй жетелей берчү. «Жүр, ыйла тиерге барып. Сен да кайгысын бөлүш анын», – деп түшүнчү болду анысын биердегилер.

Кан майдандан майып болгондор колун, же көзүн таңынып, же балдак таянып келгенде чоңдор гана эмес, балдарга чейин дарбышып, түп көтөрүлө жөнөшчү эмес беле. Андайдан да калбайт Бейшен. Андайда да көчөгө чыгып алып көрүнгөндү-жолукканды жетелеп алиги үйгө, жоокер баласы аман-эсен кайтып келген үйгө алып келе бере турган. Мунусун айылдагылар: «Кубанычын бөлүш» дегени го деп жорушкан. Үч-төрт күнгө чейин андай үйгө каттап турар эле. Жоокердин колунан кармап, анан жонунан таптап коюп, арсылдап күлө берчү. Мүнөт сайын далай адамдардын өмүрү кыйылганын өздөрү көрүп жүрүп, адам атына сыйынганга купуя ант кылган жоокерлер анын кебетесинен чоочуркап же жийиркенип боюн жыйрышкан жок.

Тигинин жоругуна жылмая карашып, жылуу жүз менен тосуп, жылуу жүз менен узатып коюп жүрүшчү. Куру чыгарышпастан, үйдөн колуна нан же боорсок, кээде эт карматып чыгарышчу. Бейшен андайда ого бетер жайдары, ого бетер курсант. Арсылдап көчөгө чыкканда деле күлө берчү. Кубанычы койнуна батпай жатканы ошол.

…Бейшендин шорун эжеси өзү кайнатты. Үч айдын ичинде ал эки кара кагаз алат: инисинен, анан уулунан. Аз жерден жиндеп кете жаздайт, күйүттүн күчүнөн. Көңүл айтууга келген эл кеткенден кийин улага жакта отуруп (ошол жерде отурчу да демейде деле) бирде көздөрүндөгү жашын сүртүп, бирде төр жакта улуп-уңшуп ыйлап отурган эжесин жалдырап тиктеп, эмне айла табарын билбегендей көмөкөйүнөн бир нерселерди күңгүрөп өзүнчө сүйлөнүп аткан Бейшенге ызырынат: «Жогол, көзүмө көрүнбөй, өлүгүңү көрөйүн жинди! Жогол, дейм, касиетсиз жинди! Жогол!»… – деп келип, акыректен ары тээп жиберет.

Көмөлөнүп кеткен бала байпастап тура келип, астанага чалынып-мулунуп тышка чыга качат. Кемегеде быкшып жаткан бир чычаланы кармаган бойдон артынан удаа чыккан эжеси: «Кебетеси суук өлүгүңдү көрөйүн, жогол көзүмө көрүнбөй! Жогол, дейм, кейпи суук желмогуз! Экөөн бирдей жедиң желмогуз! Сени эми башыма тартайынбы! Жогол, көзүмө көрүнбөй! Сага окшогон жинди-кындыны баксам кудайдын боору ооруп, кеткендеримди аман-эсен келтирет дебедим беле? (Кана, келгени?) Кана, кудайдын боору ооруганы? У-У-У кебетең көрдө соолусун! Жогол! Экинчи бутуң аттабасын бу үйдүн босогосун! Соолоруман ажырап деле минтип өлбөй отурбаймынбы, сенден ажыраганда өлмөк белем! Жогол, көзүмө көрүнбөй», – деп алиги башындагы кызарган оту өчүп көмүргө айланган чычала менен Бейшенди желкелеп жатып, коргондон тышкары чыгарып келет.

Түндүн бир оокумунда кеч күздүн түнкү муздак шапатасына ичиркенип, нары курсагы ачкан Бейшен кайра келип, эшикти түрткүлөп, анан тарсылдатып уруп да көрөт… Бирок ичкериден эч добуш, кыймыл угулбайт. Ээсинен таяк жеген иттей кыңшылап, ийнин кыса ары-бери басып, буттары талганда кайра тамдын дубалында жонун такай тумшугун жакасына каткан бойдон отуруп таң аттырат да, эрте менен адатынча сарайдын эшигине барып турат. Кебетесинен ого бетер кетип, бир түндө эле арыктап кеткен Бейшен демейдегисиндей раис салмактуу басып дарбазага жакындарында аткананы көздөй сороктоп жөнөбөстөн, аны күтүп туруп, жакындашканда колдон алат.

«Бүгүн адегенде учурашайын деген экен го», – деп дагы жылмая колун суна берген раисти тиги колунан кармаган бойдон бериге тартат. Үйү жакты көрсөтөт. «Эмне болуп кетти» – деген ой менен мунун ар бир жоругуна кызыга мамиле кылчу раис анын жетеги менен ошол жакка басат. Кабак-кашын чытыган бойдон жол катар бир нерселерди кызуу «сүйлөп» барат Бейшен. Бирок раис түшүнбөйт. Көздөрүн да эки-үч курдай ушалап алат. Ыйлаганы. Бу түрүнөн бир жамандык болгонун боолготот раис.

Бабакул тигинин жетегинде астананы аттаары менен кемегенин күлүн чыгарып жаткан Зейне тура келет. «Оо кокуй, сизди да убара кылдыбы бу желмогуз? Коё бер бу кишинин колун, мунун тең ата болуп алганын карасаң, кол кармашып», – деп Бейшендин колун кагып жиберет.

Зейне дагы ыйлап кирет: «Билем, сиз боорукер кишисиз, раис. Баарыбыздын башыбыздан сылагыңыз эле келип турат. Билем. Бирок бу жинди аныңызды түшүнмөк беле. Бир жагынан караан деп, экинчи жагынан жаратканга жагынам деп алып келдим эле муну. Болбосо, нечен-нечен мен-мен деген жигиттер тыякта кырылып атканда, мындайлар талаада тентип жүрүп ачкадан өлсө, эмне болмок эле? Карыпка, жетим-жесирге жакшылык кылсаң, мээнетиң алардан кайтпаса, кудайдын өзүнөн кайтат дешчү эмес беле. Жакшы тилек, илгери үмүт менен муну алып келип, багып жүрбөдүм беле. Мындай кара жолтойлугун билгенде мунун төбөсүнө таяк менен бир чаап, өзүм эле өлтүрүп койбойт белем эчак. Көргүм келбейт, бу кара жолтойду эми. Коё бериңиз кайда барса-барсын. Өлөбү-тирилеби эми ишим жок. Кудайдын өзүнүн боору оорубаганга пендесиники ооруп кайда бармак эле. Жоголсун көзүмө көрүнбөй кара жолтой желмогуз» – деп эчкирди.

Раис Зейненин бу түрүнөн акыл-кеңештин азыр бейпайда экенине көзү жеттиби, оозун аңырайта ачып, кабагын түйө эжесинин эмне деп жатканын түшүнүүгө тырышкандай андан көз албай кеңкейген Бейшенди колдон эми өзү ала артына кайтты. Ошол бойдон жетелеп жанагы чоң коргондун ооз жак бурчундагы жалгыз бөлмөлүү, морусунан күнү-түнү көк түтүн үзүлбөгөн (анткени арык-торук аттарга, өгүздөргө биердин суусу алыс болгондуктан, кышында ушул үйдө чоң казанга кар эритип берише турган), ичи ар убак ыш жыттанып түтүнгө толуп турчу үйдөгү «кароол» деп аталган чал-кемпирдин үстүнө алып келет.

Алардын уулдары жок, эки кызы эрде эле. Кемпир-чал согуш башталгандан үч-төрт жыл мурда талаа жумушу колдорунан келбей калганга ушул кызматка маакул болушкан.

– Эсен аке, Күмүш жеңе, – кемегеде быкшып күйгөн чирик самандын отуна курсактарын тосо, колдорун кактап отурушкан кемпир-чалга раис тең кайрылат: – Ушул бала бүгүндөн баштап силердикинде турат. Күндүз өзүңөр көрүп жүрөсүңөр, бу үйүңөрдү тарытпайт. Сыртта иш менен алек. Оокатын маалында берип койсоңор болду. Түндө улагаңарга жай салып бересиңер. Төшөнчү-орунду кампачы берет. Мунун тамак-ашы да мындан ары кампадан болот. Закирге (кампачыны айтып атат), бухгалтырга дайындап коём. Маакулбу? – деди тигилердин чоочулай тиктегенинен шектенген раис аларга сөз кезегин бербей эле.

Бейшенге бурулуп, нарыдагы текчеден идишти, көк булоосу чыгып турган кемегедеги казанды, анан оозун көрсөтүп: «Бүгүндөн баштап ушерден тамактанасың» – дегенди түшүндүрдү. Анан башын кыйшайта, бир жак жаагына алаканын төшөй калып: «Ушерде уктайсың» – дегенди да билдирди. Бейшен эми аржалактап күлдү. Сүйүнгөнү эмеспи бу. Көчөдө калдым го деп коркуп кеткен го. Кайрадан баш калкаларга жай, кайрадан тамак болоруна көзү жетти окшойт, аппак тиштерин көрсөтүп, шилекейин агыза соо колу менен сол тизесин «шап» эттире бир чаап ырсаңдады. Сүйүнгөндөгү белгиси ушу эмеспи.

Биердегилердин баарынан да раис мунусун жакшы түшүнүп калган. Кийинки кезде экөөнүн ымаласы ого бетер ысык болуп кеткен. Жанагыдай жоокери аман-эсен кайтып келген үйдө азыркыдай агылып-төгүлбөсө да, той өткөрүлчү. Улак болсо да союлуп, аш демделчү. Бир жагынан өлүмдөн келгенди көрүүгө кызыгышса, экинчи жагынан эт-аштан мукап, жоогансыраган эл, айрыкча, бала-бакыра ошол тамагы үчүн да аерге опур-топур болуп алда кайдан жетип барыша турган. Той ээлери да муну эске алышчу. Майы, эти азыраак болсо да, күрүчүн, сабизин мол кылышып, «маараке казан» деп аталчу чоң-чоң казандарга аш бастырышчу.

Арпа, жүгөрү унунан аралаштырып болсо да нанды да көп жаптырышаар эле. Тандыр-тандыр нандардан, казан-казан палоодон эч нерсе калчу эмес. Жешип, артып калса, коюн-кончуна катышып кете турган. Чалдар белиндеги курларына кошо ороп алышса, жаштары идиштери менен эле алып кетише берчү. «Тойдон шыбага» – деп үйлөрүндө калгандарга алып барышпайбы. «Жакшылыктын ашынан татсын – деп алып келдим» – дешип, ошондо да сыр беришчү эмес кээлери.

Андай жерде Бейшен да болчу эмес беле. Аңырайып ар кимисинин көзүн бир тиктеп, бирөө казан жанына чакырмайын четте тура бере турган. Мейли той, мейли аш болсун, аерге биринчилерден болуп раис келиш керек да. Эл башчысы эмеспи. Андай жерде раистин карааны көрүнөрү менен Бейшен каткыра күлүп, соо колу менен соо бутунун санын «шак» эттире бир чаап, алыстан эле сүйүнө берчү. Анткени, раис ага тамак бердирет. Узун саптуу чоң кепкур менен чоң казандагы булоолонгон палоону үстүнөн сылап-сыйпап, анан четинен кертип, тосулган катар-катар табактарга (андайда келгендерге тамак тартыш үчүн атайын кишилер, айрыкча жаштардан бөлүнөт эмеспи) күрүч салчу ашпозчу андай немени оңою менен казан жанына жолотпойт да. Раис аны билет. «Тиги Бейшенди унуткан жоксуңарбы? Ошондойго бериш керек аштын астын» – деп койгону жетиштүү.

Бирөөлөр тигини колдон ала жетелеп, идишти өзү кармап, казан жанына келип: «Көбүрөөк сал, раис өзү айтып жатпайбы», – дешип аны «мейманчылап» кире турган болушкан. Андай бака-шака түшүп элдин кабагында күлкү, шаттык ойноп турган тойлордо Бейшен идишин казан башына көтөрүп барып, дагы сурай турган болгон. Кандайдыр бир себеп менен андай жерге эжеси барбай калса ошентчү. Идишке эки-үч кепкир палоо салып берсе, аны көтөрүп эч кимге карабай үйүнө жөнөр эле. Мунусуна да көнүп кетишкен биердегилер. Ай, бул жинди эмес. Жинди неме жакынына жан тартканды билмек беле» – дешип, ал жоругун баары жактыргандай үндөбөстөн тоскон кесесине же табагына аш же эт салышып бере турган болушкан.

Ал эми «кара кагаз» келип ый, өкүрүк чыккан жерден башкалар дасторконго отурушкан топ кишилердин бири кантээр экен дегендей ымдап чакырса, колун шилтеп коюп («силер натуура иш кылып атасыңар» – дегендей эле туюлчу мунусу) сырак-сырак эте тескери карап басып кетер эле. Тынбай ыйлаган ичкеридеги аялдардын үнүнө кулак төшөгөндөй оозун ачкан бойдон кууш маңдай терисин тырыштыра бир орунда отура берчү. Кенет-кенет алиги калдайган кир жең учу менен бетинен ылдый жылжыган жашын шилекейи менен кошо сүртүп коёр эле. Эл тараганда кошо тарачу. Эч ким карачу эмес аны.

Жалгыз өзү башын шылкыйта жер карап, сорок-сорок этип келе берет. Андай жер алысыраак болуп, кээлер колхоздун бош арабаларына түшүп барганын көрсө, раис анда да Бейшенге жардам кылууну унутчу эмес. «Тигини да түшүрүп алгыла кетериңерде. Айтпаса, өзүңөр көрбөйсүңөрбү майып немени», – деп бир жолу араба айдап барган кишини элдин көзүнчө Бабакул жекирип койду эле, ошондон бери Бейшен арабага да түшүп калчу болду.

Башкалардын жийиркенгенин өзү да сезеби, андайда арабанын чанагынын кырына окчун отуруп, соо колу менен бекем карманып алат. Эртели-кеч раисти сарай алдынан аттандырып, кайра тосуп алган ошо болуп калгандан бери аны биердегилер «Раистин атбагары» деген атка кондурушту. Куудулдары «Раистин жигити» деп да коюшчу болду.

Алдынкы колхозчуларга октябрь майрамына карата сыйлык бергенде раис ага да сыйлык бердирет. Бутуна керзовый өтүк, үстүнө фуфайка, пахталуу шым, башына коён тумак кийгизип коюшат. Сыйлык алган ар бир колхозчунун ишине кыскача мүнөздөмө берүү менен (алардын көбү согуш маалында аялдар, анан улгайгандар эле) куттуктап, аягында сөз сүйлөгөн Бабакул Бейшенди да унуткан жок ошондо. «Жолдоштор, билгиңиздер келсе, Бейшендин эмгеги да зор. Кан майданга кетип орду толбой жаткан эр жигиттерибиздин биринин ордун толук болбосо да жарым-жартылай басып калдыбы деп жүрөм аны. Эртеден кечке, байкайсыңарбы, аягы менен тик турат. Колунан келгендин баарын иштеп келатат. Колхозчулардын китебинен атайын бет ачтырып койгонмун Бейшенге да. Башкача айтканда, бу да эми ушу колхоздун мүчөлөрүнүн бири. Азаматтарыбыздан. Силер менен кошо ыйлаган жерде ыйлап, күлгөн жерде кошо күлүп жүрбөйбү. Адамдыгы мына ошол. «Жинди» деп жээригенди койгула мындан ары. Катарыңардан калтырбагыла», – деп өзү азыр биердегилер менен коштошуп, бир жакка кетип аткансып, ошондуктан тиги байкушту буларга табыштап жаткандай сүйлөгөн эле раис ошондо.

Жанагы кийимдерди (алар жоолукка түйүлгөн эле), сенек колунун каруусуна илип алган калыбында Бейшен ошондо да эки бүктөлө берип, соо колу менен соо бутунун санын чаба катуу күлгөн. Кубанычы көөдөнүнө батпай баратканда ошентчү эмес беле.

…Кыш түшөөрү менен быйыл Бейшенге жаңы жумуш тапшырышты. Катуу суукта биердин обуздагы суулары тоңуп калгандыктан, күч аттарды береги коңшу өзбек кыштагындагы кышы менен көк буусу көккө көтөрүлүп жатчу кара суудан бир маал сугарып келүүнү ушуга ишенип беришти. Ат багарлар кезек-кезеги менен эки-үч күн Бейшенди ала барып жүрүштү. Анан өзүнө коюшту. Жоош бир атты токуп беришти. Жылуу сууга кынык алып калган аттар чылбырларын мойнуна ороп, атканадан айдап чыгышканда эле эки жагында тизеден өйдө мелтиреп жаткан кардан өздөрү салган бир тамак чыйыр менен биерден төрт-беш чакырым жердеги үстү боз чаңгыл тартып мунарыктап жатчу кыштакты көздөй жөнөшчү.

Алардын эң артында атбагарларды туурап: «чу-чу-чу-чулаган» Бейшен. Суу ичип курсактары кампайып чыккан аттар анан жылуу аткананы сагынып кетишеби, желеге байланган кулундардай жанагы катарын бузбастан бери кайтышат. Эң артында булардын жай кыймылына эч кандай таасир этпеген «чу-чу-чусу» менен Бейшен. Анын кандай неме экенин аттар да билип калганбы, такыр тоотушчу эмес. Басыктарын жазбай бир калыпта каалгып келе берише турган.

…Айлананы боз чалып, бүгүн өзгөчө суук эле. Бейшендин үстүндө күздөгү майрамда сыйлыкка алган: фуфайка, шымы, ошондогу тумак, өтүк. Баары кир, бирок жылуусу кете элек. Ысык булактан аттар суу ичип бери кайтып, кыштактын четине кирип келгенде улуу шашке болуп калган. Өкүрүк чыгып калды аңгыча. Бейшен ормоңдоп башын көтөрдү. Тумагынын шалпаңдаган эки кулагын да өйдө көтөрдү. Ат тизгинин тарта туруп, тыңшап калды. Аңгыча бир топ катын-калач сүрдүккөндөй дуулдап жолдон обочорооктогу коргон дарбазасынан кирип баратканын көрдү. Раистин коргону. Өкүрүк баягыдан көбөйүп, даанараак угулду. Бейшенге тааныш коргон. Тааныш дарбаза. Бир нече жолу келип-кеткен аерге. Раис өзү ээрчитип келип, оокат-ашка курсагын тойгузуп, балдарынын эски-нуску кийим-кечесинен кийгизип, узатып койгону эсинде…

Ошол коргондон чыгыптыр алиги өкүрүк. Бейшен аттан боюн таштап жиберди, бир аз аңырайып алиги эл кирип чыгып жаткан дарбазаны карап турган соң. Тизесинен кар малтап араң жеткен Бейшен ызы-чууга толуп кеткен коргон ичине киргенден кийин да бир орунда туруп калды. Бейтааныш адамдардын арасына келип калгандай ыйлап жаткан, ыйлап басылып, аер-биерде үңкүйүп дубалга жөлөнө чочоюп отуруп калышкан кишилерди кыдырата тиктей берди. Ар бирине назар токтотуп, аңдый карап жатты. Бирөөнү издеген түрү бар.

…Бабакул жүрөк оорулу эле. Түн жарымында ал оорусу кармап, таңга жуук сол көкүрөгүн оң колу менен мыкчый кармаган бойдон бети-башын тырыштырып жатып жан берген. Колу-коңшулары, жакындары Бейшен делдейип, бир таман чыйыр кыштын ызгаарынан чыйрыккансып, жүндөрү үрпөйө түшкөн аттардын эң артында «Ысык-булакка» баратканда эле раистин үйүнө топтолуп калышкан эле. Бирок айылдын аксакалы «чурр!» этип бир жолу тамды башына көтөрүп алган Бабакулдун бала-чакасынын, жакындарынын улам бирин кучактай калып, жалынып кирет. Чилденин чыкыраган таңкы суугунда ачылган эшик турумунун кычыраганы алда кайда угулат эмеспи, ал эми өкүрүк чыкса, кыштактын баш-аягына бир маалда жетип, баарынын башын төшөктөн көтөрбөйбү. Анан бул жакка агылып жөнөшпөйбү.

Ошону билген аксакал тигилердин ар биринин башынан сылай кармап, бетин бооруна баса калып, жалына берди: «Кагылайын келин, – деп бирде раистин зайыбына, «кагылайын, уулум, кагылайын кызым», – деп бирде балдарын баса калып жатты.

– Чуу чыгара көрбөгүлө, эл каптап келип калат. Азырынча үн чыгарбай ыйлап тургула. Аяк-быягыбызды ырастап алалы. Эшик-элик да күрөлгөн эмес. Отун даярдаш керек. Алыстагы урук-тууганга ат чаптырыш керек. Боз үй таап, тигиш керек. Нан-пан жаптырып, союш-моюшун камдап дегендей – али иш көп, кагылайындарым. Ыйлабагыла деп кантип айтайын, ыйлагыла, бирок үнүңөр тышка угулбасын. Жаман болду, баарыбызга эле. Кантели? Кудайдын кылганы бу да. Пендесинин колунан эмне келмек эле. Тыякта өлүп аткандар аз келгенсип, муну карабайсыңарбы? – деп улам биринин үстүнө түшө калып, сооротумуш болгон аксакалдын өзүнүн да буурул тартып калган сакалына тырыштуу бетинен ылдый жылжыган жашы сиңип жатты.

Ыйды укпаганы менен соо киши раистин чоң жолго жакын коргонуна таң заарда кирип-чыккандардын шашкан кыймылынан, бир жамандыктын болгонун сезмек. Бейшен деле көргөн аларды, бирок кирди-чыкты акылы менен баамдаган эмес. Жок… булардын ичинде ал издеген өңү тааныш, кийими тааныш киши жок эле. Аңгыча башындагы кулактары делдейип, кыры аппак кыроолонгон тумагын алып, күрөлгөн, бирок зыңылдап тоңуп турган жерге чапты да, бакырган бойдон үйдү көздөй жөнөдү. Астанадан бир буту аша бергенде арыдан чыгып келаткан киши аны көкүрөгүнөн түртө токтотту.

— Ой, муногу жинди каякка жулунат? – деди алсыз нары майып немени катуу түртүп.

Бейшен жыгылып калды. Араң ордунан турган ал дагы жулунду ичкериге. Далиске кирип катын-калач, бала-бакыра бирин-бири кучактай ызы-чуу түшкөн төркү бөлмөгө бурула берген жерден аны дагы бир катын ийинден апчый кармап, артка тартты.

— Өлүгүңдү көрөйүн муногу жиндиге эмне жок, жулунуп. Кебетесин карасаң, жерде куурагырдын, – деп тили заар неме беле же арстандай киши тигинтип төрдө керилип жатканга жаны кейигендиктенби, тигини астанага чейин желкелей келип, анан түртүп жиберди.

Тумшугу менен жер сайып жыгылды. Бейшен ого бетер баркырап ыйлады. Бирок аны ордунан тургузган да, соороткон да киши болгон жок. «Жаңылышып атамбы» – дегенсип, Бейшен анан муздак жерге отуруп алып дагы бир сыйра мында опур-топур болуп жүргөндөрдү назарынан өткөрдү. Жок, дагы эле издегени көрүнбөдү. Дагы ыйлады. Дагы эки-үч курдай үйгө кирүүгө, издегенин ошол жактан табууга аракет кылып көрдү.

Ар жолкусунда Бейшен эркектен же катындан түрткү жеп, чалынып, кайра тура келип жатты. Ошентип, аны раис жаткан үйгө кийиришкен жок. Түшкө барып кары күрөлгөн коргон ичине боз үй тигилди. Үстүнө кымкап жабылган раистин өлүгүн замбилге салып, төрт кишилеп ичкериден көтөрүп чыгышканда – сууктан жаагы карышкан күчүктөй эми кыңшылап нарыдагы эски дубалга жөлөнгөндөрдүн бир четинде шилекейин аарчый албастан, тиштери гана кашкайып ар кимисинен түрткү жегенге алдан кетип акырын кыңылдап ыйлап отурган Бейшен «дүрр» этип коргондогу эл жарыла бергенде өлүктү көрүп калат. Аксап жөнөйт. Бар үнү менен өкүрүп кирет. Бирок сөөктү ээрчиген эл менен кошо эшиги түрүлгөн боз үйгө жете бергенде дагы бирөө аны каруудан ала арыга силкип жиберди:

— Ары турсаңчы, жинди. Сенсиз деле жетишет мындагылар, – деп үтүрөйөт муздак жерди таяна төрт буттап калган немеге.

Бейшен боз үйгө кайра-кайра жулуна берип, улам тумагын жерге чапкылай берип, биердегилерди тажатып жиберди. «Тиги жиндини аркы атканага камап койгулачы. Кебетесин көргөндөр эмне дейт? Башка колхоздордон да эл келет эмеспи бүгүн. Жоготкулачы көзгө көрсөтпөй», – деп буйрук берди раистин чокчо сакал ачуулу орун басары ушердеги аркы-берки жумуштарды башкарып жүргөнүнө ошол гана жолтоо болуп жаткансып.

Эки буту менен жерди тең тээп кетенчиктегенине карабай бирөө аны желкеден аткый кармаган бойдон отунканага түртүп жиберип, тышынан чынжырын илип салды. Тепкилеп, муштагылап, бакырып-өкүрүп жатып, акыры чарчады окшойт же үнү бүтүп калдыбы, Бейшен бир саатчадан кийин күчүкчө кыңшылап калды. Өлүк чыгаарда гана «Ой, тиги Бейшенди да чыгарып койгула. Эл менен барып, топурак салып калсын. Көрүстөн жакын эмеспи. Анын шору куруп калды эми. Аны «жинди» дебей, биринчи атынан атап, адам катарына кошкон ушул киши эмес беле. Эми ким антет аны? Чыгарып койгула, барсын», – деп буюрду раистин тигиге болгон мамилесин жактырып жүргөн карыялардын бири.

Көрүстөндө да Бейшен эки-үч ирет тумшугу менен кар сүзүп жыгылды. Көр ичине эки киши түшүп, анан бериден кепиндеги раистин денесин аңырайган оозу ачык көрдү көздөй суна беришкенде кишилердин бут арасынан аларга жете түшкөн Бейшен колдорун тытып кирет. Көрдөн бери колдорун узаткандарды урат. Ошентип, дагы таяк жеп, кар ашайт. Сөөк көмүлүп, кайрадан куран окулуп, эл бери тартканда күрөң топурак додолонгон жаңы мүрзөнүн жанында жалгыз Бейшен шүмүрөйүп отуруп кала берет. «Тиги жинди кала берген турбайбы көрүстөндө, кечки суукка тоңуп калбасын түндө», – деп артына кылчая берген бир киши жанындагыларга күңк этти эле, эч ким унчуккан жок.

«Арстандай раисибиз деле өлүп калбадыбы. Бир жинди өлсө, өлүп калар», – деди бир топтон кийин башын жерге салып салаңдаган кишилердин бири.

Эл көрүнбөй кетээри менен Бейшен көр үстүндөгү мупмуздак топуракты туш келди чачып кирди. Куйрук улаш кууп келаткан түлкүсү ийинге кире качкан иттей ал эки колдоп ыргыта баштады адегенде. Бир колу сенек экени деле билинбей кетти. Бирде тизелеп отура калса, бирде тура калып, кош колдоп ыргытып жатты кечки закымга ого бетер муздап, нары тоңууга жакындап катуулана баштаган топурактарды.

«Бейшен! Бейшен, азаматсың!» – деп адатынча мунун жанталаша иштеп кирген ишине ичинен ыраазы боло жээрде мурутун кыбыңдата жылмайып турганы элестеп кеттиби же «Бейшен, тезирээк ач! Ава жетпей баратат! Тезирээк! Тезирээк кыймылда, Бейшен!» – деп раис көрдүн ичинен үн салып, жардам сураганы кулагына угулуп жаттыбы, айтор ал бар күчү менен топуракты мыкчый кармап ыргытып жатты. Ыйлап да жатты, бир нерселерди күбүрөп «сүйлөп» да жатты.

Шилекейи ого бетер көбөйүп, бирок демейдегидей көкүрөгүнө эмес, башын көтөрбөй иштеп аткандыктан жерге таамп атты анысы. Бир маалда, тумагын жерге чапты, өскүлөң чачынын астынан булоо көтөрүлдү. Кырдач мурдунун учунда мөлтүрөп тер тамчысы турду. Бети суу-тер, мойну суу-тер. Бүткөн бою чылпылдап сууга айланды – тер. Фуфайкасынын шакмар жеңи менен оозун сүрөт – шилекейи кайра эле куюлат. Маңдайын сүртөт – бирок тери кайра эле куюла берди.

Сенек колу оорудубу, анысын бир маалда, соо колунун колтугуна кыса калып, кыңшылап жата калды. Кайра турду. Ого бетер тер куюлду денесинен. Эми алсыраганынан, ачкалыгынан куюлду. Барган сайын кыймылы акырындап жай тарта берди. Бирок токтоп, отуруп калган жок. Тыткылай берди топуракты. Тигини ачып алгысы келдиби же анын жанына түшүп жаткысы келдиби, аны эч ким билген жок.

…Эртеси эрте менен раис Бабакулдун – жаңы эле отуз төрткө чыккан зайыбы (өзү кырк бирге караганда өлдү) баш болгон он чакты катын анын башына келгенде бир жагы үңүрөйүп ачылып калган мүрзөнүн капталында кар басып, эки бүктөлүп жаткан бойдон тоңуп калган Бейшенди көрүштү…

Нарыда калдайып, кар астында фуфайкасы, тумагы да жаткан эле. Ысып кеткенде чечип таштаган го. А балким, күйүттүн күчүнөн ансыз деле жарым акыл неме биротоло акылынан ажырап, кийимди ыргытып жиберип, аязга өзүн тосуп бергендир, ким билет!..

1969

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.