«Азаттык» элге эмне үчүн керек?

Тазбайматтар тайраңдап турган кезде; Кемчонтойлор сайрандап турган кезде; «Азаттыктай» бир булак керек дайым Акүй элге терс көңүл бурган кезде. Абыкедей, Көбөштөй эл бузарды Алла-таала төбөдөн урган кезде; Коомдун түбүн чиритип жүргөндөргө Кошоматчы жайдаңтап турган кезде; Канды соргон митедей чоңдорубуз Кансарайды жайнатып курган кезде; Билимдүүнү барк албай бийлик бүгүн Билимсизге көңүлдү бурган кезде; Кеменгерлер эмгеги унутулуп, Кемчонтойлор сыйлыкка тунган кезде; Алдуу-күчтүү зулумдар ырыскысын – Алсыздардын колунан жулган кезде; Зордукчулар көбөйүп кадам сайын, Зомбучулдар жулмалап урган кезде; Эсирген муун аркада зөөкүр чыгып, […]

Бахтияр Шаматов: Чыныгы патриоттор унчукпай иштеп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандар

<<<<<<<<<<< Башы (1-маек) – Журналистикага кайсы мезгилден тарта аралашып баштадыңыз? – Негизи мурда эле жазып жүрчүмүн. Союз маалында университетке журналистика факультетине окууга өтүү карапайым балдарга абдан кыйын эле. Менимче, жаңылышпасам, эки жылдык эмгек стажы да болууга тийиш эле. Ошондуктан журналистикага башка жол менен барууну чечтим. Армиядан келерим менен 1981-жылы жаңыдан уюшулган Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институтуна тапшырып, өттүп кеттим. Бизди орус тилге Е.К.Озмитель, В.Янцен, В.Д.Скирдов, М.Кульчицкий, Н.Варич, А.Н.Сыдыков, Ж.Ч.Жүдөмүшов жана башка көптөгөн тилчи дөө-шаалар окуткан. Азыр ойлосом, жаңы […]

Роза Айтматова: Бүгүн аталарды эскере турган күн

XX кылымдын 30-жылдарында Советтер Союзунун бардык республикаларында, анын ичинде биздин Кыргызстанда да мамлекеттик жана партиялык кызматкерлерге карата репрессиялар жүргүзүлгөн. Калкынын саны бир миллионго жетпеген Кыргызстанда 20 миңден ашык адам репрессиялардын жазыксыз курмандыктарына айланган.Алардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов, Кожокан Шоруков ж.б. сыяктуу элдин башына келген лидерлер эле. Алардын арасында биздин атабыз Төрөкул Айтматов да бар эле. Ал 1934-35-ж.ж. Кыргыз Обкомунун II катчысы болуп иштегенден кийин, 1935-жылы Москвага Кызыл Профессура институтуна окууга өтүп, үйбүлөсүн чогуу […]