Тазбайматтар тайраңдап турган кезде;
Кемчонтойлор сайрандап турган кезде;
«Азаттыктай» бир булак керек дайым
Акүй элге терс көңүл бурган кезде.
Абыкедей, Көбөштөй эл бузарды
Алла-таала төбөдөн урган кезде;
Коомдун түбүн чиритип жүргөндөргө
Кошоматчы жайдаңтап турган кезде;
Канды соргон митедей чоңдорубуз
Кансарайды жайнатып курган кезде;
Билимдүүнү барк албай бийлик бүгүн
Билимсизге көңүлдү бурган кезде;
Кеменгерлер эмгеги унутулуп,
Кемчонтойлор сыйлыкка тунган кезде;
Алдуу-күчтүү зулумдар ырыскысын –
Алсыздардын колунан жулган кезде;
Зордукчулар көбөйүп кадам сайын,
Зомбучулдар жулмалап урган кезде;
Эсирген муун аркада зөөкүр чыгып,
Эне-атага бычагын сунган кезде;
Калкты каптап оо бүгүн караңгы доор,
Карып-мискин кайгыга муңган кезде;
Добулбассың «Азаттык» добулбассың,
Коом да сенин адилет жолуң бассын!
Олжобай ШАКИР

«Азаттык» радиосунун ОшМУда белгиленген 65 жылдык иш-чарасы

Ош мамлекеттик университетинде кечээ, 6-ноябрда “Азаттык — ОшМУ” деп аталган медиафорум өттү. Иш-чара “Азаттык” радиосунун 65 жылдыгына арналды. “Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайын бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашты. Суроо-жооп, талкуу форматындагы форум эки тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Ош мамлекеттик университети — Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жайларынын бири.

Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү 65 жыл мурда обого чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого алып чыккан.

Чет жерде кыргыз тилинде жаңырган “Азаттык” радиосун «кансыз согуш» маалында кыргызстандык угармандар кыска толкундар аркылуу гана уга алышкан.

“Азаттык” жергиликтүү жана эл аралык окуяларды эркин чагылдыруу укугуна Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ээ болгон. Мындай макулдашууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттиги Мюнхен шаарында 1992-жылы июнь айында кол коюшкан.

Учурда радиоберүүлөрдөн тышкары www.azattyk.org, www.rus.azattyk.org сайттары, “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+”, “Каректе Евразия”, “Данисте”, “Биз жана дүйнө”, “Эже-сиңдилер” өңдүү теледолбоорлор угармандардын, окурмандардын жана көрөрмандардын кеңири катмарына белгилүү.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматын Венера Жуматаева, “Азаттык Медиа мекемесин” Айзада Касмалиева жетектейт.

Амирбек Азам уулу ОшМУнун ардактуу профессору болду

Амирбек Азам уулу (Усманов)

Иш-чаранын жүрүшүндө «Азаттык» радиосунун журналисти Амирбек Азам уулу Ош мамлекеттик университетинин профессору наамына татыктуу болду. Аны 6-ноябрда аталган окуу жайында «Азаттык» — ОшМУ медиа-форумунда ректор Каныбек Исаков тапшырды.

Амирбек Азам уулу «Эркин Европа\Азаттык» радиосунун ардагер кызматкерлеринин бири. 1994-жылдан бери аталган радионун Мүнхендеги, Прагадагы баш кеңселеринде эмгектенип келатат. Учурда илим, маданият жаатындагы темаларда кызыктуу баяндарды даярдайт. Арийне, «РухЭш» сайтынын туруктуу авторлорунун бири жана аталган сайттын алдында түзүлгөн интеллектуалдар альянсынан турган «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү Амирбек Азам уулун Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылганына биз да сыймыктанабыз жана куттуктайбыз!

«Азаттык» — ОшМУ медиа-форуму эки тараптын демилгеси менен уюштурулду. “Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайын бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашты.

Биз да «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты «Азаттык» медиа уюмунун 65 жылдык мааракеси менен бирге аталган медиа уюмунун жалпы жамаатын кесиптик майрамдары менен куттуктайбыз!

«Азаттык» — ОшМУ медиа-форуму>>>>>>>>>

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.