<<<<<<<<<<< Башы (1-маек)

Журналистикага кайсы мезгилден тарта аралашып баштадыңыз?

– Негизи мурда эле жазып жүрчүмүн. Союз маалында университетке журналистика факультетине окууга өтүү карапайым балдарга абдан кыйын эле. Менимче, жаңылышпасам, эки жылдык эмгек стажы да болууга тийиш эле. Ошондуктан журналистикага башка жол менен барууну чечтим. Армиядан келерим менен 1981-жылы жаңыдан уюшулган Фрунзе орус тили жана адабияты педагогикалык институтуна тапшырып, өттүп кеттим. Бизди орус тилге Е.К.Озмитель, В.Янцен, В.Д.Скирдов, М.Кульчицкий, Н.Варич, А.Н.Сыдыков, Ж.Ч.Жүдөмүшов жана башка көптөгөн тилчи дөө-шаалар окуткан. Азыр ойлосом, жаңы окуу жайына Кыргызстандын мен-мен деген мыкты окумуштуу тилчилери, лингвисттери тартылган экен ошондо. Бул инсандар нравалык маданияты абдан бийик, билими терең, чыныгы устаттар эле. Агайларым менен дайыма сыймыктанам.

Журналистикага 1987-жылдан аралаштым. Райондук гезитке тынымсыз макалаларым чыгып турчу, жадатма, супсак нерселерден атайын качып, жаңы нерсеге, жаңы темаларга ыктап турган жалбырттаган жаш кезибиз эле. Бишкекке келип темир жолдо иштеп жүргөндө деле макалаларды жазып турдум, «В нашей политике не осталось мужиков» деген макалам «Дело» гезитине чыкты, анан кыргызча гезит бар эле, «Караван» беле жаңылбасам, ошого чыгып турду.

Кийин темир жолдон кеткенден соң эми журналистканы чындап багындырайын дедим. Ошо кезде «Асаба» гезити катуу чыгып аткан маал, мен да Мартин Иденге окшоп, авторлордун жазганын окуйм, бирок өзүмүн жазгандарым деле алардыкынан түк кем эмес экенин билчүмүн. Бир күнү жарыя чыгып калды, гезит кабарчыларды тандап алат деп. Барсам, эл толтура, акыры өчүрөт жеткенде кирсем, талапкерлер менен «беседа» кылып аткан кадимки эле Баратпай акем болуп чыкты. А кишини «Кадырман карыларым» деген теледеги берүүсүнөн улам билчүмүн. Көрсөтүүнүн өзүнүн мага түк кызыгы жок эле, мени өзүнө тартканы Баратпай акенин так эле Высоцкийдикиндей кырылдаган үнү болор эле. Ошентип маңдайында кудум экзамен тапшырып аткансып отурам. Жазып ала барганыма бир сыйра көз чаптырып чыкты да: «Сеники жарайт», — деди. Башка кеп болбоду, чыгып кете бердим. Ошондон көп узабай «Асабаны» жаап тынышты да, анын ордуна Ак үйдүн клон — «Асабасы» жарыкка чыга баштады. Арманда калган жаным клонуна болсо да кирем деп орношуп, бир жылдай иштеген соң күнү бүттү да, тарап кеттик. Кийинчерек «Бишкек –таймс» гезитине барып иштеп калдым. Мен абдан сыйлаган агам Нуралы Капаров мыкты адис редактор эмеспи, гезиттин нускасы саналуу эле айларда кескин жогорулап, элге алынып кетти. Анын да «түбүнө» жетишкенде мен Россияга, Сахалинге кетип калдым.

– Ооба, «Сахалин сапары» деген мыкты көркөм очеркиңизди окуган элек. Угушума караганда, көптөр аны кадимки эле нускама-инструкциядай кылып, керектүү жерлерин кыркып алып да окушкан экен. А эмнеге сиз бул турган Москвага эмес, тээ жердин түбү Сахалинге кеттиңиз? Эмне кесипте иштедиңиз ал жерде?

– Армияда мен көптөр мурдун чүйүргөн «стройбатта» кызмат өтөп, бир топ керектүү курулуш адистиктерин үйрөнүп келген элем. Таздын көөнү куруйт тилейт болуп, мен да десантка кызмат кылсам деп кыялданчумун. Бирок кайдан, боюң араң эле 1,65 болсо, сени ал жакка ким алмак. Агезде патриоттук сезим деген абдан күч эле, согуш башталып аткан Афганистан романтика көрүнүп, эрдик жаратууга шыктанган жаным райондук аскер комиссариатына кирип, ошол жакка өз ыктыярым менен барам дедим. Аскер комиссары Хитько деген жинди чалыш майор болчу, угуп укпай, орустун үч кабат маты менен ашата сөгүп, дыргаяктата кууп чыкканы эсимде. Эч кайда барбай эле, Москванын чок ортосундагы № 000212 курулуш батальонуна барып түштүм да, эки жыл кызматымды өтөп кайттым. Эми ойлосом, курулуш иштерин үйрөткөнү жакшы болгон экен, керек учурда жардамы абдан тийип атат.

Москва мага көп эле жага бербейт чынында. Аскерде ошол жакта жүрдүм, анан №17 Бишкек-Москва поездинде иштегенде да ошол жакка каттадым. Андыктан мага башка жагы кызык эле, ошентип жүргөн күндөрдүн биринде ал жакта иштеп аткан бажам шашылыш чакырды да, ит куугундай тездик менен Сахалинге учуп кеттим. Адегенде Сахалин – 2 деген эл аралык долбоордо карапа кыноочу (плиточник), анан ошол эле долбоордогу «Кентек» деген канадалык электр компаниясында монтаждоочу болуп иштедим. Аскерден алган кесиптердин пайдасы ушул жерден дагы тийди. Аз-маз англисче да билип калдым эле, кайра келгенден кийин унутулуп кала берди.

Дем алыш күндөрү жыйырма мүнөттө жетчү Корсаковск деген чакан шаарча бар эле, ошол жакка барчубуз кыдырып. Балдар пийва ичип эс алса, мен паркта отуруп алып, жергиликтүү гезиттердин ар бир санын окуп, талдоо жүргүзөм. Анан бир күнү эртең менен редакциясына барып, орун басар редактору менен таанышып, сүйлөшө кеттим. Жанагы талдоо жүргүзүп, жазып жүргөндөрүмдү көрсөтүп, гезиттин ишин жакшыртуу боюнча бир топ сунуш-пикиримди айтсам, абдан жанданып, кубанып кетти. Башта бул кайдагы неме деп жаман көзү менен караган эле, аңгеменин жүрүшүндө дароо өзгөрүлүп, кадимки кесиптештей сүйлөшө кеттик. Кыргыздарды жаман көрүшөрүн билип эле турам.  Биздикилер жөн жүрбөйт да, аракка тоюп алышып сөгүнүп-сагынып, ары-бери сүйрөшүп жүрө беришет, какырынып-түкүрүнүп, кечке эле угуза чимкире беришет, анан ким жакшы көрсүн. Замредактор да кыргызмын десем таң кала чочуй түшкөнү ошондон. «Первый раз вижу нормального, образованного киргиза» дейт кайра-кайра таңданганын айтып.

Экөөбүз бабыраша берип, ал ортодо убакыт түш болуп кетиптир. Кой, буга чай алып берип, жакшылап таанышып алайын дедим да кафеге алып бардым. Кокусунан эле тамактын алдынан бирдеме сеп этпейсиңби деп сурай салсам, кым дей түштү. Анан менин айтаар оюмду айттырбай туруп эле өзү айтып койду, бизге келип иштебейсиңби деп. Макул болмокмун, бирок айлыгы аз, анан да жатакана жагы кымбатыраак түшөт экен. Эки киши эмес, жыйырма эки киши болуп жашасаң, ошондо арзан жашайт экенсиң. Бирок бир жылда бир материкке курортко жибергени абдан жакты. Анткени аралда өмүр бою жашап келатканы деле материкке кетем деп дегдей берет экен. Адегенде таң калып жүрдүм, көрсө, булар бир замандарда Сахалинге сүргүнгө айдалып келгендердин тукумдары тура, материкке жетпей, сөөгү ушул жерде калган ата-энелеринин арманы, үмүт-кыялдары көнүмүш болуп, эми буларга өткөн окшобойбу.

Кыскасы, гезитке иштегенге шарты туура келбеди. Андан көрө сайтта (биз жашаган шаарчаны ушинтип коюшат) иштегениң жакшы эмеспи. Эң заманбап жатакана, даамдуу тамак-ашы, спортзалы, кинозалы, китепканасы бүт бар, айлыгыңды ыйманы ысык элпек япондор конвертке салып, иштеген жериңе жеткирип беришет, жөн бербей, кайра-кайра жүгүнүп, ыракматын айтып кетишет. Эмнеси жаман…

— Баса, ошол Сахалинде же башка чет жерде жүргөн биздин кыргыздын балдары деги кимдер, мындай бир билими, адистиги барларбы?

— Абдан талуу маселени козгодуң, Олжобай. Азыр кандай болуп калды билбейм, бирок ошол маалда мен билимдүү, маданияттуу, адистиги бар балдарды дээрлик көргөн жокмун жанымда иштегендердин арасынан. Алардын көпчүлүгү өмүрү айылдан эки кадам алыс чыкпаган, эч бир адистиги жок же тилди билбеген карапайым балдар болчу.

Мынчалык болду, сага бир кызык окуяны айтып берейин. Бир жолу Корсаковскидеги поликлиникага кирсем, ал жерде жапжаш кыргыз бала отуруптур. Бутунда кытайдын илме тапичкеси, кийими да жүдөө, спорт шымчан. Кыргыздын мындай балдарын азыр Россиянын ар бир шаарынан көрөсүң. Отургучтун четине отуруп алып, колундагы бир барак кагаздан бирдемени күбүрөп окуп атты жанагы бала. Кудум ыр жаттап аткандай. Жанына акырын отурдум. Эмне болду экен окуп атканы деп кызыгып, байкатпай мойнумду созо акырын карадым да… аз жерден отургучтан кулап кете жаздадым!  Баракта бирөөнүн ийрийген-тыйрыйган колу менен минтип жазылыптыр (ошол баракты сактап койсомбу деп алып да алдым эле, бирок кийин таппай калдым):

«Ыздрасти дохтур. Мине пылох. Тимпаратура балшой. Галава гарит кожа гарит висё гарячый как печка. Дай мине табылетка дай мине үкөл. Ыспасиба. Дасвидания».

Анан аягына: «Денга мала, очин мала» деп кошуп коюптур. Мени байкай коюп, шак эле ары бурулду жигитче. Боорум эзилип күлүп жибере жаздап, араң чыдадым да, далысынан акырын таптап, кыргызча сурадым:

— Э досум, кызыктуу бирдеме окуп аткансың го, ырбы?

Байкуш бала уга калып, тимеле атасын көргөндөй кубанып кетсе болобу.

— А?! Байке, кыргызсызбы?! Мен сизди кареес (корей) экен десе… Ооруп калып, доктурга келдим эле, ысытма чыгып атат, катуу суук тийген окшойт…

— Кагаздагың эмне?

— А-а, булбу?  — уялып кетип, кагазды чөнтөгүнө сала койду. – Жөн эле, бир бала жазып берген. Орусча билбейм да, досум болсо жакшы билет. Врачка барганда кантип айтам десем, ушуну жазып берди. Врачка эптеп окуп берсең, өзү билет деген.

— Токточу, мектепте окудуң беле??

— Окугам, жети класс бүтүргөнмүн, — мактангансып койду.

— Орус тилин эмнеге үйрөнгөн жоксуң анан?

— Мугалим жок эле. Деректирдин тууганы окуткан бир аз, трактирчи болчу өзү. Бирок сөгүнгөндөн башканы билчү эмес, кечке эле жаптваймат деп бакыра берчү. Анан кетип калды. Ошол бойдон көрбөдүк.

— Тилди билбей кантип иштеп жүрөсүң анан?

— Менби? Иштеп атам да. Бирок орустар менен сүйлөшпөйм. Абдималик деген досум түшүндүрүп берет. Тилдин не кереги бар, байке?

— Кандай не кереги бар? – жиним келип кетти. – Мына догдурга келип, тил билбей отурасың мисалы? Эмнеге келдиң анан Россияга?

— Баары эле келип атат ко, акча керек да, байке…

Врачка экөөбүз кирдик. Кагазды бердим. Окуду да боорун тырмап күлүп калды. «Ну, ребята, вы подняли мне настроение! Высокая температура, плохо себя чувствуем, все тело горит, нужны таблетки, в общем, все понятно. Написано вполне прилично, — деди тамашкөй врач, бет аарчысы менен көзүнөн аккан жашын сүрүп. – Только вот это слово (үкөл) не могу понять. Что это? А-а, так это наше слово укол? Ничего себе, вот чудеса языка!  Для жителя из нашей довольно средней Азии очень даже неплохо! Спросите его, а зачем он в конце написал, что денег мало? Я что, похож на вымогателя? – деп бабырай берди көңүлү куунак дарыгер. – Пардон, понял, видимо, для страховки, на всякий случай…».

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ошол окуяны эстеп, дагы кыжырым кайнап чыкты да, айылдардагы мектептерде орус тилин окутуунун абалы туурасында кеп баштап келип, жанагы окуяны мисал келтирдим. Министрдин да дарегине анча-мынча сын айтылып кетти. Макала «Замандаш» журналына басылып чыккан соң, мени министр тез кабылыма келсин деп чакыртыптыр. Министр айым менен маселени бир сыйра талкуулаган болдук, бирок азыр эсимде калбаптыр, эмне жыйынтыкка келгенибиз. Бирок өзүнө чейин иштеп кеткен министрди бир топко дейре терисин тескери сыйрып жамандаганы гана эсимде калыптыр.

Сахалинде жүргөндө балдарды орус тилине үйрөтүүнүн камын көрүп, мындай ыкма ойлоп тапкан элем: жалаң орусча сүйлөшөбүз, ким кыргызча кетсе, ошол замат айлыгынан беш жүз рубль айыпка жыгылат. Оюндай сезилгени менен бул ыкма абдан натыйжа берген.

Ошентип айтаарым, журналисттин бир жерде отуруп алып быкшый бербестен, анча-мынчада тышка, алыс жактарга чыгып, «шамалдап» келип турганы өзүнө пайдалуу. Баардык нерсе салыштыруудан көрүнөт эмеспи. Жазуучу болом деген кишиге ого бетер керек бул. Турмушту көрбөгөн адамдан жыргаткан жазуучу чыкпайт. Жылуу-жумшак кабинетте отуруп алып, шекер чыланган памил чайдан ууртап коюп, терезени телмире тиктеп ойдон чыгарылып жазылган чыгарманы же мейли азыр модага айланган сериалды эч ким  деле окубайт. Аталышы шумдук болсо эле элдин баары жабыша калып окуп кирет деген жаңылыш ой…

— «Бишкек-таймстан» кийин кайсы гезитке кеттиңиз?

— «Аалам» гезитине бардым. Кабарчы болдум, анан баш редакторлукка жеттим. Ал гезит да токтогон соң кайра келип, Нуралы Капаров байкем экөөбүз жарым жылдай «Кыргызстан маданиятын» чыгардык. 24 бетти экөөбүз эле чыгарып койчубуз.

— Кайрадан котормо жаатындагы сөздү улайлы. Эмне себептен котормочулукка ыктап калдыңыз?

— Котормочулук кесип дайыма барктуу жана эң керектүү кесиптердин катарында болуп келген. Алгачкы котормочулар Байыркы Египетте эле пайда болуп, эң ардактуу адамдардын катарына киришкен экен. Байыркы Руста деле тилмеч монахтар алдыңкы адамдардан болушкан. Албетте, чыгарманын түп нускасын окуганга не жетсин, бирок азыр адамдар окубай деле калды, орусча окугандардын саны да азайды. Ошого карабай, котормочулук кесиптин кедери кете элек, жакшы котормочуларды азыр жумуш өзү издеп таап келип турган чагы. Көп учурда депутаттар «котормодон кеткен» дешип, кайсы бир документтерди талашып-тартышканын угуп калып жүрбөйбүзбү. Чын эле ушундай маселе бар. Билесиң да, 1960-жылы Генсек Никита Хрущев БУУнун трибунасын батиңкеси менен койгулап: «Я вам покажу кузькину мать!» деп кыйкырганын чет элдик котормочу кантип которгонду билбей, «кuz’kina mother» деп сөзмө сөз которуп койгон. Батыштын мамлекет башчылары болсо муну ии, Хрущев бизди жаңы жашыруун ядролук куралы менен коркутуп аткан тура деп ойлоп калышкан. Бүтүндөй Батыш дүрбөлөңгө түшкөн. Бул деген кыргызча айтканда, кадимки эле «акеңди анжияндан көрсөтөм» деген эле опуза эмеспи.

Мен котормочулук иштен чындап ыракат алам, мен үчүн адабий тексттерди которгон тимеле жыргал. Оор иштен кийин котормо жасоо менен эс алам. 2015-жылы болсо керек эле. Абдан жакшы көргөн акын агам Шайлообек Дүйшеев Санкт-Петербургга барып, КМШнын Парламенттер аралык Ассоциациясынын Ч.Айтматов атындагы адабий сыйлыгын алып келбедиби. Сапарга кетер алдынан а киши мага чалып, суранып калды. «Бакыбай, орус туугандарга барганда тоодон түшкөн бирөө келиптир дебесин, мен «Агындылардан» орустарга тиешелүү жерлерин тандап берейин, сен которуп бер. Барганда балким, окуп беришим керек болот чакырган бир жерлер болуп калса», — деди. Айткан жеринен алып, душман көзүнө деп 7-8 барак которуп бердим. Шайлоо байкем наристедей таза киши эмеспи, келгенде тимеле кудуңдап сүйүнүп келди, сыйлыгынан да баягы которуп берген жерлерди орус аудиториясынын алдында окуп бергенине көбүрөк кубанып алыптыр. Которсо эле чыгарма окурманга жетет турбайбы дейт. Абдан ыраазы болгон байкем ошондо.

Мен котормонун эки түрү менен алектенем (адабий жана расмий тексттер), биринчисин жан дүйнөмдүн ыракаты үчүн жасасам, экинчиси – жан багыш керек. Иштешип аткан мекеме-уюмдар бар, алар менен узак жылдардан бери көнүшүп, иштешип келатам. Менин артыкчылыгым – ишти алаарым менен айтылган мөөнөттө бүтүрөм, керек болобу, күнү-түнү отуруп болсо да иштеп берем. Ылдамдыгым, машиненики менен айтканда, саатына 180 километр. Иш урааным: «Сапат жана профессионализм». Мактаныч жок, болгону болгондой. Анан да аз-маз реклама дегендей.

 — Котормочулук иштеги устаттарыңыз кимдер?   

— Дүйнөлүк масштабдагы бир топ чыгаан котормочулардын аттарын атасам болор эле. Бирок алар туурасында кеп кылуу кыргыз окурмандарына анчалык деле кызык болбос дейм. Өзүбүздүн котормочуларды алсак, албетте, Алыкул Осмоновдун «Жолборс терисин жамынган баатырын», Аман Токтогуловдун «Менин Дагстаным» (Р. Гамзатов), С. Бектурсуновдун «Согуш жана тынчтык» (Л.Толстой), Мырзаян Төлөмүшовдун «Спартак» (Рафаэлло Джованольи) котормолорун ж.б. айтсак болот. Булардын ичинен өзгөчө Ашым Жакыпбековду жогору баалайм. Анын котормосундагы Айматовдун «Кыяматы» чыгарманын оригиналынан да ашып түшкөн. Ашым байкенин тил байлыгы укмуш эле. Маалыматтарга караганда, биздин котормочулардын алтын доору 20-кылымдын 70-жылдарына туш келет экен. О. Орозбаев деген агабыз Шолоховдун “Тынч Дон” роман эпопеясын которуп, бул кыргыз котормосундагы абдан көрүнүктүү иш болуп калган экен. Окуп чыгайын деп таппай жүрөм.

— Азыркы заманда компьютер деген автоматтык түрдө которуп атпайбы? Буга кандай дейсиз?

— Туура, бирок мени айтты дей бер, дүйнөдөгү эң кыйын компьютер да адамдай которо албайт. Анткени котормо деген бул –  дал келген сөздү табуу эмес, ойду табуу эмеспи. Ошондуктан машинеге ишене берген болбойт. Машинең Мир, Май, Труд дегенди Тынчтык, Май, Эмгек деп которуп (Москвада болду беле жакында ушундай көрнөк) уят кылып коюшу турган кеп.

— «Мартин Иденден» башка дагы кайсы котормолоруңуз бар?

— Мен абдан көп котордум, бирок алардын баарын жарыкка чыгарган жокмун. Мени убакыттын таңкыстыгы дайыма кыйнап турат. Котормо негизги ишим эмес, бирок ошого жакындап калды. Экс-премьер-министр Турсунбек Чыңгышевдин «Время. События. Люди» деп аталган эскерүүлөрүн котордум. А киши менен сүйлөшкөндө кыргыз тилдүү окурмандар да окуп калса жакшы болмок деген ойду айткан элем. Анткени китепте урунтуу окуялар абдан кызыктуу баяндалат. Бүтүрүп бергенмин, бирок китеп болуп чыктыбы, жокпу, биле албайм. Турсунбек Чыңгышевич өзү китеп кыргызча болуп чыкса, биринчи болуп сен угасың деген. Балким, чыгып калаар. Андан кийин КСДП партиясынын 20 жылдыгына карата «20 лет борьбы за интересы народа» деген юбилейлик китепти, Кыргызстандын белгилүү фото-журналисти Нина Горшкова 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды чагылдырган фото көргөзмө өткөрүп, «Апрель-2010» аттуу фотоальбом чыгарган эле, ошонун текстин кыргызчалатып бергем. Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов акебиздин «Чыңгызхан кыргыз болгон» деген китебин орус тилине котордум.

Которуп баштап коюп, бирок иштен колум бошобой убактылуу токтотуп койгон чыгармалар бар, кудай буюрса, алардын да кезеги келер. Жашырганда эмне, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, котормого тийип-качып мамиле кылып келатам. Эми буюрса, балдарым ирденип калды, бара-бара отуруп алып эле китеп жазганга жана которгонго өтсөмбү деген ниетим бар. Кудай жалгап, кризиске кептелип калган котормочулук иши да азыр жандана баштады.

— Мурдараак макаларыңызды окуп турчу элек. Акыркы жылдары гезиттерге такыр жазбай да калдыңыз го? Эмнеге? Же тажадыңызбы?

— Макаланы убагында километрлеп эле жаздым чынында. Бирок мен жазгандан, же мен бирөөнү сындагандан Кыргызстан укмуш өнүгүп, чиновниктердин баары ишмер болуп кеткен жок. Дегеле кыйынсынып же тапанданып жазып, бирөөгө тийишкенди, жөнү жок асылганды таптакыр токтотком. Жаш курак келип калдыбы, же көз карашым өзгөрдүбү билбейм, бирок бир сап да бирөөнү сындап же жамандап жазгым келбей калды.

Сындап жазбаганым менен бирок адамдардын жакшы жагын жан дилим менен жазгым келет. Мен бул жарыкта адамды кордогондон, кемсинткенден, адамга сын таккандан өткөн жаман нерсе жок экенин түшүндүм. Ушуну убагында түшүнгөнүмө абдан ыраазымын.

Байке, кепти наам, сыйлык алуу деген бир талуу маселеге буралы. Наам, сыйлыктарды берип атышат, бирок нараазы болгон эл көп. Он киши сыйлык же наам алса, алса анын көп болсо экөөсү гана татыктуу деп эсептейт коомчулук. Мына сиз деле өмүр бою иштеп келатасыз, кандайдыр бир наам же сыйлыктарыңыз барбы? Дегеле буга карата кандай ойдосуз?

— Эми ток этер эле жерин айтыш керек. Биринчиден, биз капитализм доорунда жашап атабыз. Бул системада болсо наам, сыйлык деген дээрлик жок. Баарыбыз азыр буржуйга айландык, бирок дагы эле көксөгөнүбүз сыйлык менен наам. Американын маданиятына эмгек сиңирген ишмер же Англиянын эл артиси дегенди уккан эмесмин же барбы?

– Бул ойду Салижан Жигитов да далай жолу какшанды эле…

– Сыйлык, наам деген бизде дайыма орустар айткандай, болезненный маселе болуп келгенин, мындан ары ошондой боло берерин айтпай эле коёюн. Аны элдин баары менден жакшы билет.

Союз учурунда «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген эң бийик наам бар эле, ал эмгектеги ченемсиз ийгиликтерге жетишкен адамдарга ыйгарылчу. Мисалы, биздин Таштанбек Акматов агабыз бул наамды эки жолу алган! Зууракан Кайназарова апабыз чыгаан кызылчачы катары алган. Бул инсандар мындай эң бийик наамды эмгектеги чыныгы каармандыктары үчүн алышкан.

Азыр бизде капитализмби, элдин баары демек, капиталисттер менен эксплуататорлорго иштеп жатат. Ошондуктан капитализм дооруна жараша турган сыйлык-наамдарды беките турган мезгил келди. Сыйлык алгандардын арасында бүтүндөй тармактарды талкалаган адамдар да бар. Мисалы, «Бюджеттин акчаларын эпчилдик менен кескилеп алганы үчүн», «Айыл чарбасын талкалаганы үчүн» же «Билим берүүнү сызга отургузганы үчүн», «Кожоюнга берилгендиги үчүн», ж.б. деген сыйлык-наамдарды берсек кантет. Ошондо элдин баары жапырт сыйлык менен наамдан качмак.

Экономика тармагы эгемендүүлүк алгандан бери кризистен башы чыкпай, өнүкпөй келатат, бирок «Эмгек сиңирген экономисттер» жайнайт. Алардын баарынын наамын кайра алып туруп, чыныгы капиталисттик наамды бериш керек. Туура таптың, «Экономиканы талкалагандыгы үчүн» деген наам жарашмак.

Бир жагынан карасаң, наам, даража алгандар четинен шерменде болуп атышат. Мына маселен, илимдин доктору, кандидаты деген наамдарды алып алышкан чиновник, депутат, саясатчылардын абийири айрандай төгүлүп атпайбы? Бирөөнүкүн уурдап көчүрүп жазып, илимдин доктору болуп эмне кылам? Кебетесин карасаң, илим жактамак тургай, өмүрү тыңыраак китеп окуганы байкалбайт, анан илим жактагандын балекетин алабы булар дейм да ичимен.

Анан азыр коомдук ишмермин дегендер жаандан кийинки козу карындай жайнап, жер-сууга батпай күйгүздү. Шайлоо байкем ырында жазгандай, кайда барсаң дардаңбайлар толуп алган. Жадагалса, дааратканага деле атын ыйгарсам дейт, аргасы жок. Орустар айткандай, мания величия деген бетпак оору менен оңолгус болуп ооруган кыргыз көп. Филармониянын астындагы жертөлөдө эски тааныштардын бирөө жүрөт өзүнө өзү… ыраазычылык кат, грамота даярдап. Кубанып алыптыр тимеле, печетин анан койдуруп алам деп коёт. Эптегендер ала берсин, каршылыгым жок. Бирок наам-сыйлык деген татыктуу адамдарга берилсе жакшы болмок.

Менин наам, сыйлык алганга кушум деле жок, аны мага эч ким бербейт деле. Анткени наам-сыйлык алыш үчүн бизде бирөөлөргө чуркап, жагыныш керек. Антип алган наам-сыйлыктын мага эмне кереги бар, башыма күч келиптирби.

Баса, коомдук ишмер дегенде эстеп кеттим. Чыныгы коомдук ишмер деген менин түшүнүгүмдө кандай киши болушу керек экенин конкреттүү бир адамдын мисалында айтып берейин. Бул окурмандарга да кызык болот.

Биздин Лейлектен Ниймат Жээналиев деген киши чыккан. Көзү кечээ жакында эле өтүп кетти, бирок бул легендарлуу инсанды тааныбаган, укпаган республикада адам жоктур. Өмүр бою жетекчи кызматтарда иштесе да болгону эки эле сыйлыгы бар экен: совет доорунда «Ардак белгиси» деген орден алыптыр, анан эгемен заманда райондо биринчи болуп дыйкан чарбасын уюштуруп, өнүктүргөндүгү үчүн «КРнын Айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери» деген наам алыптыр. Бул киши бирок эч качан кылганын кадыр-колко тутуп, наам сурап, же сыйлыкка умтулбаган, бирок күнү-түнү элдин кызматы дегенде ичкен ашын таштай чуркаган, чыныгы элдик киши эле. Менин деле курагым өйдөлөп калды, өмүрүмдө ушу кишидей эл деп күйүп-жанган адамдарды абдан аз жолуктурдум, санай келсем, он манжам толук бүгүлбөй калат. Азыр бир депутат же министр карылар үйүнө, же интернатка барып, аяктан бур ууч конфет салынган баштык таратып койсо, теледен бир ай түшпөйт. Туурабы?

12 перзентти тарбиялап, баарын өстүргөн Ниймат аке кыйкырып төш какпай эле жардамга муктаж жерлерге барып калганда, жүз миңдеген акчаларын жөн эле таштап кете берчү, андай учурлар толтура. Болгондо да маңдай тери менен тапкан акчасын бөлүшөт. Союз убагында бүтүндөй бир чарбаны шефке алып, жут баскан далай оор кыштардан малдын башын аман-соо алып чыгып турганын мен жакшы билем. Бул кишинин оозунан жетекчи катары «акча жок же муну аткара албайм» деген сөз эзели чыккан эмес. Аткарууга таптакыр мүмкүн болбогон бир ишти Ниймат аке кантип аткарганын айтып берейин.

1986-87-жылдары болсо керек эле. Районго жаңыдан дайындалып келген биринчи катчы А. Сапарбаев аксакал анын жетекчилик дараметин сынап көрсөмбү деген ой көөнүнөн сыдырылып: «Жолдош Жээналиев, райком бюросунун сизге берер өзгөчө тапшырмасы бар, бирок аткара алар бекенсиз?» — дейт сынай тиктеп.

«Айта бериңиз, Абдыкадыр Сапарбаевич, колдон келе турган иш болсо сөзсүз аткарабыз», — деген шар жоопту уккан биринчи катчы: «Райондун тарыхын чагылдырган музейдин курулушу аяктап баратат. Районго кат-кабарларды, гезит-журналдарды жеткирип турган алгачкы унаа деп ушул тарых музейине бир АН-2 самолетун койсок деген ой болуп атат. Сиз ушул самолётту таап келип коё аласызбы?», — деп сурайт. Муну тамаша катары түшүнгөн  залдагы жетекчилер отурган жеринде дуу түшүп күлүп калышат. Анткени бул колдон келбеген иш, мындай килтейген самолётту ме, музейиңерге алып барып койгула деп ким эле бере салат экен… Дуу эткен күлкү басылгандан кийин Сапарбаев кайра сурдана тиктеп: «Жолдош Жээналиев, райкомдун бюросу сизди бул ишти аткарат деген ишеним билдирип жатат, буга не дейсиз?» — деп дагы кысмактап көрөт. Ойлонуп турчу Ниймат ава бекен, шарт эле: «Аткарам, канча убакыт бересиз, болгону ошону точно айтып койсоңуз?!» — деп жооп узатат.

Ниймат Жээналиев чын эле бир жумада Лейлекке АН-2 самолётун айдатып келгени эсимде. Самолёт райкомдун үстүнөн үч жолу тегеренип учуп, анан аэропортко конгонун көргөм. Бул легендарлуу адамдын мындай аткарган иштери толтура, анын баарын китеп кылып жаздык, жакында буйруса, жарыкка чыгып калат. Анын ичинде самолётту кайдан таап келгенин да абдан ширесин чыгара жазганмын.

Лейлекке президентпи, премьер-министрби, депутаттар, министрлер барабы, аяктагы жетекчилерди эстебей, адегенде эле Ниймат аксакалды сурап турушчу, анткени карапайым эл турмушун, көйгөй маселелерин бул кишиден артык эч ким так, даана айтып бере алчу эмес. Чоңдорго тайманбай айтып, маселе койгон да ушул киши эле. Коомдук ишмер деген мына ушундай болуш керек. Анан кечээ эле арактан башы чыкпай жүргөндөр бүгүн молдо болуп чыга келгендей, эптеп-септеп жүргөн бирөөлөр эле коомдук ишмермин десе, күйбөгөн жериң күл болот да, Олжоке…

— Кайсы партиянын мүчөсүсүз, жактырган, колдогон саясатчыларыңыз кимдер?

— Мен КПССке мүчө бойдон калдым. Партбилетим азыр деле сакталуу. КПССтай күчтүү партия эми чыкпайт, чыкса да бир замандарга барып чыгаттыр. Бирок мен ошол партиянын мүчөсү болгонума сыймыктанам. Анткени мени ишке кантип мамиле кылганды, тартиптүүлүктү, жоопкерчиликти сезгенди ошол КПСС үйрөткөн, мындан эч бир уялбайм да, арданбайм. Мунун мага өмүр бою пайдасы гана тийип келатат. Ошондуктан эч бир партияда жокмун, колдогон саясатчым да жок. Алар менин колдоомо муктаж да эмес. Мен колдогон саясатчы, мамлекетке, элге кызмат кылган саясатчы. Кыргызстандагы карапайым адамдар баарыбыздын эле оюбуз ушундай эмеспи.  Азырынча менимче, бизде мындай саясатчы да, падыша да чыга элек.

— КПСС дегениңизге караганда совет доорун дагы эле сагынат болушуңуз керек? Азыркы эркин жашоо, эгемендикти кыртышыңыз сүйбөгөнүбү демек?

— Совет доорунан жамандык көргөн жокпуз. Мен бул жерде кыйынсынып, элге акыл үйрөтөйүн деген түк оюм жок, болгону өз оюмду айтайын. Бир эле мисал: Октябрь революциясына чейин Кыргызстанда болгону конфет чыгарган кустардык типтеги 1 фабрика, 2 пийва чыгарган, 2 тери буюмдарын жасаган завод, шире чыгарган 1 цех, 11 тегирмен болуптур. Булардын баарысы чогулуп келип берген дүң продукциясынын көлөмү 175 миң гана сомду түзчү экен! Болгону 150 адам гана иш менен камсыз болуптур! Мындан тышкары, чийки затты кайра иштеткен (жүн жана пахта) бир нече менчик ишкана, 5 мамлекеттик ГЭС (кубаттулугу 265 кВт.), убактылуу иштеген 6 кыш чыгаруучу завод, 1 акиташ чыгарган завод, 27 шахта, 2 нефти чыгарган ишкана гана болуптур.  Болгон өнөржай ушул.

Октябрь революциясынан кийин Кыргызстан кандай өнүккөнүн баарыбыз билебиз. Азыркы батышка кылчактаган тарыхчылардын көбү муну айткылары келбейт, бирок тарыхый чындык ушул: кыргызды этнос катары сактап калган мына ошол Октябрь революциясы, Лениндин улуттар саясаты болгон!

Эми азыр ар кайсы республика кайсы жагынан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки дегендей, өз тарыхын окутуп атат. Сахалинде иштеп жүрүп, мен өзбекстандык, тажикстандык балдар менен атайын көп сүйлөшчүмүн. Буларда тарыхты кантип окутуп атат болду экен деген кызыгуу күч эле. Өзбек, тажик балдардын айтымында, алардын тарыхы биздикинен да терең болуп чыгат экен!

Тарыхты бурмалагандар бизде деле толуп атпайбы. Мисалы, атын атагым да келбейт, фашисттерге өз ыктыяры менен сатылып, кызмат кылган, чинин алган, алтургай, кожоюндарынын тили келбегендиктен, алар чакырганга оңой болсун деп ата-энеси азан чакырып койгон атына дейре өзгөрткөн Мекен чыккынчысын эми улутка күйгөн азамат эле, диссидент эле деп элдин башын айландырып атышпайбы. Жаштар кадимкидей ишенип атат. Чыккынчы мыкты болсо, анда дзотко көкүрөгүн тоскон Чолпонбай баатыр акыл-эси жок жинди болуп чыгабы? Немистерге төшүн тосуп, Москваны коргоп калган 28 панфиловчу душмандар менен келесоолугунан кашык каны калганча кармашыптырбы? 28 баатыр деле ойдон чыгарылган деп айта башташты баягылар. Анда жер жайнаган душманды ким тоскон? Бирөөлөр тосуп, каршы турганы үчүн өтө алган жок ко Москвага душман?

Эгемендик, эркиндик деген жакшы дечи, бирок советтик Кыргызстанда деле жаман жашаган жокпуз, тартип, жоопкерчилик деген бар эле, мансапкорлор азыркыдай өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илет деген жок эле. Анткени жоопкерчилигин сурап, баарын чычырта кармап турган мамлекеттик бийлик деген күчтүү болчу. Кадрлар азыркыдай тууган-билиш, жек-жаат аркылуу эмес, ылганып, тандалып, өстүрүлүп отуруп анан кызматка келчү. КГБ деген жети атаңдан бери сүрүштүрүп тактап, ошол кызматка татыктуусуңбу жокпу, текшерип турчу. Эми андай система жок, бирөө чоңураак кызматка отурдубу, артынан топураган тааныштары, достору, туугандары кошо келет да, андан кийинки майда кызматтын баарын ээлейт. Бийликтин кадыры кеткени ошондон. Азыр акимиңди мисалы, керек болсо, любой абышка тилдеп туруп, алтургай, орустун үч тамгадан турган ойрон сөзү менен бир жерге айдап салышы турган кеп. Анткени абышка анын ким экенин, кимдин аркасы менен кызматка келгенин көрүп турат, экинчиден, өзү жаш кезинде аким бери турсун, биргатка баш көтөрүп сүйлөгөн жан эмес, эми ошонун да өксөөсүн чыгарып атканы.

Чыгаан инсаныбыз, маркум Салижан Жигитов айтчу эле: бир кезде жоош, тартиптүү эл элек кыргыз. Эми эгемен болгону эч нерседен коркпой калган кыргыз өзү эми коркунучка айланды деп. Кандай так айткан ыя? Ошондой эле болуп атпайбы? Азыр жаштарга тигиндей-мындай деп насаат айтып көрчү, тур ары дейт, менин жашоомо тумшугуңду малба дейт. Десе го бир жөн, зөөкүрлүгүнө алса, энекеңди үч-коргондон көрсөтүп да коёт. Идеология, тартип болбосо, болбойт экен бизге. Улуттук нарктын ордун батыштын наркы ээлеп баратат. Андай эмеспи? Свежий мисал: кыргыздын бир ырчы кызы төшүмдү чоңойттум деп элге ачык эле жар салып атат. Дагы бир кызыбыз элдин алдына эмчек капчан ырдап чыккан уят экенин билбептирмин дейт. Балдар бакчасында иштеген мугалим сөрөй беш жашар кызга тигинисин көрсөтүптүр. Бир жигит мен жашаган жерде кыз жок, ошондуктан… койго барып атам, бул ден-соолугума зыян эмеспи деп элден сурап турат. Мунун баарын эл окуп жатат, жерге түкүрсө да окуп жатат. Шумдугуң кургур ай! Бу кандай? Бул деген Кубан Мамбеталиев байкем айткандай, приехали абышка деген кеп ушу. Жетер жерге жеттик деген кеп.

Ошондуктан ыпыластыктан, зомбулуктан, башаламандыктан тажаган карапайым адамдардын ичинде совет доорун сагынгандар көбөйдү. Сталин келсе экен деп армандагандар көбөйдү. Арга куругандыктан айтылып атат да. Бирок курган үмүт деген бар да, үмүт деген өчпөйт экен, бара-бара оңолорбуз деп коюп жашап атабыз.

— Бахтияр байке, мурда жазуучулар коомдогу негизги идеологиялык күч, абройлуу адамдар эле, азыр алардын орду кандай болуп калды?

Туура айтасың Олжоке, совет доорунда жазуучулардын түү деген түкүрүгү алтын болуп турган. Идеологиянын жоокерлери болушкан. Китептери улам басмадан чыгып, аларга бапыраган калем акы төлөнүп, каалаган курортуна барып дегендей, жазуучулар, азыркы тил менен айтканда, эң «крутой» адамдар болушкан. Айтор, совет мамлекети жазуучуларды бапестеп, эркелетип келген. Анан таланты барбы, жокпу, аны менен иши жок, ток, берекеси ашып ташкан сүт-май жашоого көнүп алган жазуучулар бара-бара ушуга чын эле татыктуу экенбиз, чынында эле укмуш турбайбызбы деп абдан ишенип алышкан. Адам пендесинин кулк-пейили ушундай эмеспи. Мен жазуучулардын баарын айтып атканым жок, бирок басымдуу бөлүгү ушундай болчу. Кыргыз советтик жазуучулардын арасынан китептерин окубай туруп эле от жакканга же башка керектүү тиричилик иштерге пайдаланса боло тургандай чыгармалар арбын эле.

Ошентип кесибин жан багуунун, баюунун куралына айлантып алышкан жазуучулар эгемен эркин доор келгени же жаңы агым менен ага албай, же эскиче жазалбай, иттин башы маң болгон арсар жолдо калышты. Негизи алганда, бул жазуучулар (советтик маалда) чыныгы чыгарма жазам деген, жаратсам деген таланттууларды жолото койбой, жолун тосуп келишти да. Таскагы кыйын чыгып келаткандарды дароо пленумга же чогулушка салып талкалай сындап, кайра келгис кылып акырын сыртка чыгарып коюшчу. Биздин адабияттын тарыхында мындай мисалдардын бир далайын келтирсек болот. Билишимче, улуу жазуучу Айтматовду деле адегенде «ветврач экенсиң» деп көкүрөктөн ары түртүп коюшкан. Айтматовду Айтматов кылган ошол эле орустар, Твардовский, ал жетектеген «Новый мир» журналы болбодубу. Луи Арагон анын “Жамийласын” ошол “Новый мирге” чыккандан кийин окуп, дүйнөдөгү эң мыкты махабат баяны деген баасын берип атпайбы.

Биздеги советтик жазуучулар ошентип эгемен, капитализм доор келгени жылуу-жумшак, ыргактуу келаткан жыргал жашоосунан ажырап, жөн эле кыргыз жазуучуларына айланып калышты, бирок сүрү кетсе да сүлдөрү бар жазуучулар эгемен доордо акчасы жок калганы менен суусар тебетейлерин башынан түшүрбөй, Эшимканов жазгандай, май менен чучукка тайгаланган жаңы заманга кадам коюшту да… ошону менен андан ары аласалып барып, тарыхтын бир бүктөмүнө кыпчылып, биротоло тынчышты окшойт. Эми кез-кезде айрым аксакал жазуучулардын президент бизди карабай койду, кабыл албай койду деп арман таарынычын айтып калышканын угуп жүрөм.

Капитализм доорунда аларды президент  эмнеге кабыл алмак эле, алардын эми бийликке эмне кереги бар, ушуну такыр түшүнбөйм. Бул кишилерди деле айыптап болбойт, анткени булар дагы эле совет доорундагы мамлекет караса, мамлекет кам көрсө деген эски түшүнүк менен келатышат шекилди. Эми жазуучу деген көбөйдү, калем кармай алган, тамга тааныгандын баары жазып атат, сойкулар, милийсалар, уурулар, мугалимдер, чабандар, деги кой, ким болбосун, жазып кирди. Негизи ушундай эле болушу керек, анан кимисиники мыкты, аны окурман өзү ылгап алат да. Шакем (Дүйшеев) айткандай, жазуучулар базарда өтүк ултарып отурган усталардай эле, кимисинин тиккен өтүгү жакшы болсо, кардар ошону алып кетет. Жакшы китеп деле ушундай. Баамдашымча, азыр кыргыздар көркөм адабият дегенди дээрлик окубай эле койду, соода-сатык, бизнес жаатындагы китептерге гана ыктап калышты окшойт, бул деле анчалык чоң эмес катмар. Китеп окуган эски кишилер гана болбосо, жаштар интернеттен эле тийип-качып окуп атышат окшойт. Интернеттен китеп окуган эми… таптакыр бовойт. Кызыгы, алыскы тоолуу айылдарга барып калсаң, китепти казып окуган билимдүү адамдарга жолугасың, сүйлөшө келсең, акылынын тереңдигине тан бересиң. Мисалы, иштеген ишиме байланыштуу тынымсыз Ала-Букага каттап турам, ал жакта райондон 100 чакырым нары жайгашкан эки айыл бар Көк-Таш, Көк-Серек деген. Мына ошол эки айылдан деле далай кыйын кишилер чыкканын угуп, тарых таржымалын билгенге абдан кызыгам. Маселен, Көк-Серекте Иосиф Сталиндин жеке күзөт кызматында он жылдан ашуун иштеген кыргыз болгон! А кишинин көзү өтүп кеткен, бирок жакын туугандары бар экен, ошолордон тактап билдим. Отуз жылдан бери чыкыроон кышта дарыядагы муздак сууга түшүп келаткан көкташтык Касым деген киши менен былтыры тааныштым. Айтор, укмуштун баары айылда деп койсо болот. Мына ушундай кишилер туурасында китептер жок, демек тилекке каршы, аттары бара унутта калат.

Ошондуктан Олжоке, бир үй-бүлөгө бир китеп керек экен деген ойду туура көрүп турам. Мисалы, сенин же менин небере-чөбөрөлөрүбүз бара-бара бизди унутат, сенин атаң же бабаң мындай киши болгон деген куру сөз, аты бат эле унутулат. Ошондуктан мунун баарын үй-бүлөлүк китеп кылып калтырсаң, кийин кимдир бирөөсү окуйт, атың унутулбайт. Үй-бүлөнүн тарыхы сакталып, уланып кетет берет. Ошондуктан ар бир аң-сезимдүү адам китеп калтырып кеткени оң.

– Деле сизге жаңы заманда жакпаган нерсе көп шекилдүү…

— Эч кимге акыл айткым келбейт, бирок мага жакпаган нерселер көп. Кейиштүүсү, жаш курак жогорулаган сайын тегерегиңде көк мээлердин жүргөнүн көбүрөк көрө баштайт экенсиң. Сүйлөшөйүн десең калжырак кепти баштайт же баягы эле көкөйгө көк таштай тийген саясаттан кеп кылат, башка бирөөлөрү тиги менен досмун, бул менен досмун деп атактуулардын аттарын санап мактанып кирет. Качып кеткенче шашасың. Жумуш жок, элдин басымдуу бөлүгү бекерпоз, мен курактуулар ого бетер. Баягыдай элди тегиз кубалап иштеткен совет өкмөтүндөй өкмөт жок. Ошондуктан абдан эле тереңдеп кетпей, үстүртөн көзгө түшүп, кыжырды келтирген нерселерди айта берейин. Мага мисалы, жеке маданияты жок, орой, оргу-баргы сүйлөгөн, бирдеме боло электе эле Чапаевчесинен кылычын шарт сууруп чыккан зөөкүр чалыштар, бабырап кеби бүтпөгөн тантыктар, жаш болуп көрүнгүсү келген карылар, шаарда жалаң спорт шымчан жүргөн кыргыздын жигиттери, элди көзүнө албай чоң көчө боюнда бирине бири клейдей чапташып, өбүшкөн кучакташкан кыргыздын кыздары менен балдары, парктардагы отургучтардын желкесине чыгып отургандар, кадам сайын какырынып-түкүрүнгөндөр, маршрутка айдаган балдардын тынбай телефон менен сүйлөшкөнү, айдап келатып эле каалаган жеринен токтоп туруп калганы, театрга барбай тойлордо текедей бакылдаган чоңдор, чиновниктер, сабатсыз депутаттар, жайнаган обу жок ырчылар, бизге түспөлдөш эл көрсө эле кыргыз кыла берген тарыхчы сөрөйлөр (алтургай, Гитлерди да кыргыз кылып ийишти го чиркин), кыргыздын баарынын эле кыйынсына бергени, мамлекетти башкарып жаткандардын иши, арагын ичпей койсоң таарынгандар, алтыга чакырган жерге саат сегизде баргандар, бир кезде улуттук сахналардын ыйык чыгармалар коюлуп, эми ар кимдин тепсендисинде калганы, борбор калаанын же айыл эмес, же шаардай болбой атканы жакпайт. Ой деген жаман нерсе экен, кай бирде кейпибизге карап туруп ар кандай ойлор келет. Жөөттөрдө мындай бир кызык нерсе бар экен, башкаруучусу элдин кызыкчылыгын коргобой, өтүгүн төргө илип, чектен чыгып баратса, кыйынмын деген раввин-молдолор каран түн жамынып, бир көрүстөнгө келет экен да ошол немеге жапырт дуба окушат экен, анысын «пульса – денура» деп атап коюшат экен.

Элге бетпак көрүнгөн чиновниктерден өч ала албаса да кантип өксөөсүн суутканды япондор жакшы ойлоп табышыптыр. Мисалы, элге жакпаган акими болобу,  мэри болобу, кадимки эле резиңкеден так өзүнө окшоштуруп бет кебин жасап, анан аны бир жерге койкойтуп орнотуп коёт экен. Каалагандар келип, жанагы байкуштун кебин ойда төпөштөп, улам муунтуп, кайра-кайра бетине жаба түкүрүп, иши кылса, абдан парын чыгарып туруп анан акырын кете берет. Ушуну бизге жасап койсо да болчудай экен деп калдым. Бизде непадам кимдир бирөө ушинтип бизнес ачса барбы, бат эле байып кетмек эй Олжоке, сен ачып көрбөйсүңбү, ушундай бир жайды. Эл тимеле күргүштөп келип турмак…

— Бул идеяңыз жакшы экен, эл абдан “ысык сүйгөн” андай персонаждар бизде да жетишерлик эмеспи. Сооп да иш болмок. Эми муну айттыңыз, сизди көбү мына чыныгы патриот киши ушул экен деп чыгат эртең…

— Чыныгы патриоттор так ушу мендей унчукпаган, карапайым, бирок кумурскадай жаны тынбай иштеген адамдар болушат. Мисалы, кыргыз тилинин тагдырына күйүмүш этип кыйкырып аткандар элге патриот көрүнгүлөрү келет же саясый упай алгысы келгендер, чынында кыргыз тилинин буларга кереги деле жок. Кылымдарды карыткан кыргыз тилибиз булардын коргоосуна муктаж деле эмес.  Кыргыз тилин билбесе кызматка алынбайт деген эрежени киргизүү (же кирди беле?) жеткен наадандык, анткени тилди мыкты билсе эле жакшы иштейт деген таптакыр туура эмес деп ойлойм. Айтор, мен үчүн патриот – бул өз ишин майын чыгара иштеп, коомдун, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон Кыргызстандын жараны, ал кыргыз тилин билеби, жокпу,  бул бешинчи, онунчу маселе. Орус тилин билген, сүйлөгөн деле жаман эмес, орус тили бизде расмий тил, экинчиден, элдин баары жапырт англисче сүйлөп кетпеген соң прогресстин алдыңкы жетишкендиктерине терезе болуп орус тили гана калууда. Учурда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны да жарым миллиондон ашып кетти.

Ошол кыргыз тили деп бакыргандардын көбү, карасаң, балдарын орусча окутушат, анткени кыргыз мектептерде билим берүүнүн сапаты кандай экенин көрүп турат. Негизи боло турган балага тилдин таасири деле жок, кандай тилде окуса деле мыкты адам болуп чыгат.

– Бул жерден сиз менен талаша турган кайчы пикирим бар, байке! Талаштын учугун кийинки маекке калтыралы.

(Уландысы бар)

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.