XX кылымдын 30-жылдарында Советтер Союзунун бардык республикаларында, анын ичинде биздин Кыргызстанда да мамлекеттик жана партиялык кызматкерлерге карата репрессиялар жүргүзүлгөн. Калкынын саны бир миллионго жетпеген Кыргызстанда 20 миңден ашык адам репрессиялардын жазыксыз курмандыктарына айланган.Алардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов, Кожокан Шоруков ж.б. сыяктуу элдин башына келген лидерлер эле. Алардын арасында биздин атабыз Төрөкул Айтматов да бар эле. Ал 1934-35-ж.ж. Кыргыз Обкомунун II катчысы болуп иштегенден кийин, 1935-жылы Москвага Кызыл Профессура институтуна окууга өтүп, үйбүлөсүн чогуу алып кетет. Ал кезде биздин үйбүлөдө үч бала болгон: Чыңгыз, Илгиз жана Люция. Мен Москвада 1937-жылы төрөлгөнмүн.

Агам Чыңгыз үйбүлөдө бир туугандардын улуусу эле. Анын жаш бала кезин сүрөттөш үчүн мен бир гана окуяга токтолоюн. Бул 1934-жылы  болгон окуя. Ал кезде азыркы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде Чыңгыз барып жүргөн бала бакча болгон. Азыркы Киев көчөсундө турган Чыңгыздын эстелиги ошол бала бакчанын коросунда турат. Ал кезде “Ленчил жаш” газетасында  Райкан Шүкүрбеков деген жаш журналист  (кийин ал эң мыкты, залкар сатирик-акын болот) жаңы гана иштей баштаган экен.   30-жылдар кыргыздар үчүн көчмөн турмуштан отурукташууга адаптацияланган кези, айрыкча балдарды жаңыча тарбиялоодо, аларды мектепте окутууга  даярдоо кандай болуш керек экендигин көрсөтүү  керек болгон окшойт. Ошол максатта  “Ленинчил жаштын” редакциясы Р.Шүкүрбековго балдарды мектепке кирүүгө карата тарбиялоо жөнүндө тапшырма берген окшойт.

Райкан баягы бала бакчага келип старший топтогу балдарды сурап алып, аларды өз тегерегине жыйнап, ар кандай суроо бере баштайт: бакча жагабы, үйдө эмне кыласыңар, кандай оюнчуктарыңар бар, жомок билесиңерби  ж. б. Балдардын арасынан бир ак жүздүү бала суроолорго батымдуу, кенен, эч бир тайманбастан жооп берип жатты. Анан ошол баладан интервью алайын деп тандап алат да калган балдарды группасына жиберет. Ал баланын аты Чыңгыз Айтматов экен. Интервьюдан белгилүү болгондой анын ата-энеси ага көп көңүл бурушат, анын өзүнүн бурчу бар үйүндө, аны түзгөнгө атасы жардам берген.

Ал бурчта оючуктары бар, китептери, сүрөт тарта турган альбом, калемдери бар. Оюнчуктарынын арасынан машинени жакшы көрөт. Балким чоңойгондо шофер болот. Ири тамга менен жазылган сөздөрдү окуй алат жана тамгаларды жазганды үйрөнүп жатат.  Бала убактысы келгенде уктаганы жатат, бирок уктаарда ага дайыма атасы же апасы жомок окуп берет. Макаланын аты: “Чыңгыз шофер болом дейт” деп аталат.

Жай келгенде  аны дайыма айылга чоң энесине жиберишкен. Чоң энеси   аны жайлоого алып барып,  ал жерде Чыңгыз атка минип, өзү теңдүү балдар менен  жаратылышта ойноп, күлүп, өзүнүн балалыгынын эң бактылуу күндөрүн өткөрөт.

1935-жылы атам Москвага Кызыл профессура институтуна окуганы кеткенде, үйбүлөсүн ала кетет. Москвадан Чыңгыз 1- жана 2-классты окуп бүтөт. Өзүнүн  ”Балалыгым” деген китебинде  Чыңгыз мен үйдөн сабагымды даярдаганда дайыма мага атам жардам берчү дейт…

Бирок 1937-жылы анын бактылуу балалыгы үзгүлтүккө учурайт. Биздин атабыз репрессияга тушугуп, апабыз төрт бала менен  Таластагы   Шекер айылына кайтып келүүгө мажбур болот. Биздин үйбүлө бир жагынан атадан айрылып, экинчи жагынан “эл душманынын” үйбүлөсү, “контурдун” балдары деген атка конуп, көп азапты баштан кечирди.  1937-жылы Москвадан келгенде менин агаларымды “контурдун” балдары  деп мектепке албай койгон, кадимки Чыңгыз Төрөкулович  тарыхын жазган Дүйшөндүн мектебине.

2008-жылы, Чыңгыз аке каза болорунун астында өзү эскерип айтып берди эле: “Эртең менен Байызбек жана Жапарбек (Айымкүл жана Карагыз эжелерибиздин балдары – жээндерибиз) даярданып окууга чыгып жатканда биз Илгиз экөөбүз да кошо чыгабыз. Бирок көпүрөгө жеткенде, мектепке жакын жерден биз калып калабыз. Анан Байызбек менен Жапарбек  окуудан чыгып үйгө жөнөгөндө биз да кошо мектептен келе жаткансып алар менен чогуу үйгө жөнөйбүз. Бир күнү Илгиз экөөбүз  көпүрөнүн жанында ойноп жатсак бир атчан аксакал киши өтүп баратыптыр. Биз аксакал менен учураштык, ал алик алып, токтоп  бизге кайрылды:

— Силер кимдин балдарысыңар?

Биз фамилиябызды айттык. Анда ал:

— А эмне үчүн мектепте эмессиңер? – деп сурады.

— Бизди мектепке кабыл албай коюшту, — дедик биз.

— А силер окугуңар келеби? – деп сурады.

Биз ыйлап жибербейли деп, эриндерибизди тиштегилеп, макулдугубузду билдирип, башыбызды ийкегилеп жаттык.

— Анда окуйсуңар! – деп аксакал бастырып кетти.

Бир жумадан кийин биз мектепте окуй баштадык.”

Биздин айылда кыш өтө суук болот, тоо арасы эмеспи. Чыңгыз Төрөкуловичтин туулган күнү болсо 12-декабрь. Бул белгилүү болгондой кыштын эң суук мезгили. Ошондуктан 1988-жылы Чыңгыздын 60-жылдык мааракесин айылдан  августтун аягы, сентябрдын башында  өткөрөлү деп чечтик.  Эртең менен эрте чакырган  меймандарыбыз  менен бирге Бишкектен бир нече машине болуп  Таласты көздөй Казакстан аркылуу чыктык (ал кезде азыркыдай чек ара, бажыкана жок эле).   Токтой турган  жерибиз Шекер айылындагы  Дүйшөндүн мектебинин ордуна курулган мейманкана эле.

Узак жол жүрүп кеч бешим ченде мейманканага келип жеттик. Машинелерден жаңы түшкөндө эле Чыңгыз аке айтып калды:

— Адегенде мына бул  сайга (мектептин жанында сай, сайдын ичинде булактар бар) түшөлүчү, — деп өзү биринчи болуп сайга түшүп, ал жердеги булактардын бирине келип отуруп, колун чайкап, бетин жууп, суудан ууртады.

Анан мындай окуяны айтып берди: «Үчүнчү класста окуп жүрөм. 1-Май майрамына (совет мезгилиндеги эң чоң, эң негизги майрамдардын бири –  эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү)  карата жакшы окуган балдарды пионерге (совет мезгилиндеги балдар уюмунун  мүчөлүгүнө) алабыз деп даярдык жүрүп калды.”

Ал кезде пионердин катарына  алуу өтө салтанаттуу түрдө уюштурулчу эле. Пионер боло турган окуучу класстын астына чыгып Советтер Союзунунун антын айтат. Ал антта мекенчилдик сезимин туудура турган укмуштай күчтүү сөздөр боло турган: элим, жерим, Ленин, Сталин, чындык, адилеттүүлүк…  Анан пионервожатый окуучунун мойнуна кызыл жагоо тагат. Бул жаш балдар үчүн өтө жагымдуу жана салтанаттуу окуя эле…

— Мен да жакшы окуган балдардын санына кирчү элем, пионерге кирем деп даяданып тургам. Бирок кезек мага жеткенде эжекебиз “сени пионердин катарына алалбайбыз, анткени сенин атаң…” дегенде эле класстан  атып чыктым. Короого чыгып алып атама дагы шек келтирди деп ыйлап атам. Кирерге жер таппайм. Анан ушу сайга түшүп, ушул булакка келип көз жашымды төктүм эле, — деп Чыңгыз Төрөкулович сөзүн улады…

Мен кичине арыраак басып барып булакты карасам, анын формасы ботонун көзүнө окшош экен. Ошондо менин эсиме ушул окуядан көп жыл кийин Чыңгыз аке “Ботокөз булак” деген аңгемесин  жазганы эсиме түштү. Анда ал ушул булакты укмуштай көркөмдөп жазат эмеспи.

Жакында мага Исматилла Парпиев деген баткендик аксакал Чыңгыздын 90 жылдыгына арнап жазган ырларын окуп берди. Ошол ырлардын ичинде “Булактагы көз жаш” деген ыры ушул окуяга арналган экен. Анда мындай сөздөр бар:

“… Булак секин шылдырады, шыбырады,
— Кайраттуу бол, катуу бороон тосолу!
Бала ыйы сызылганы, тыйылганы…
— Дос бололу, кол созолу! Озолу!…”

Анын  сыңарындай булактын кооздугу, тазалыгы, шылдырап акканы баланы алаксытып, көңүлүн көтөргөн болуш керек, ал чын эле булак менен сүйлөшкөн го деп ойлойм.

Кийин согуш башталып, анын кесепеттери кошулду…

Жакында   Чыңгыз акенин 1956-жылы өз колу менен толтурган документтери тиркелген папка менин колума  тийди. Андагы документтер Москвадагы Горький атындагы Адабий институттун алдындагы Жогорку адабий курска  кирүүгө даярлалган экен.

Биринчи эле бетинде – Горький атындагы Адабий институттун директоруна Жогорку адабий курска аны угуучу катары кабыл алуусу жөнүндө жазылган өтүнүчү, андан кийин өмүр баяны, Кыргызстандын жазуучулар Союзунун рекомендациясы, чыгармаларынын тизмеси, ар кандай анкеталар тиркелген.

Анда ал өзү жөнүндө мындай деп жазат: “Мен 1937-жылдан баштап Шекер айылынын, анан Киров районунун №1-мектептеринде  окудум. Согуш башталганда мен 6-классты окуп бүткөн болчумун.  1942-45 ж.ж., согуш учурунда окубай калдым, анда мен  Шекер сельсоветинин секретары, андан кийин Киров Райфосунун салык жыйноочусу болуп иштедим. 1945-жылы согуш аяктап, жеңиш келгенден кийин мен Покровка селосунун мектебине 8-класска кирип окудум. 1946-жылы мени  Жамбул зооветтехникумунун 2-курсуна кабыл алышты. Ал техникумду  мен артыкчылык диплому менен 1948-жылы аяктадым да ошол эле жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтуна окууга өттүм. Аны  1953-жылы бүткөндөн кийин, азыркыга чейин  КирНИИЖдин (Киргизский Научно Исследовательский институт животноводства) эксперименталдык фермасында старший зоотехник болуп иштеп жатам.

Азыр мен кыргыз жана орус  тилдеринде адабий чыгармаларын жазам. Бирок жакшыраак жазыш үчүн  билимимди тереңдетүүгө  муктажмын. Мени Жогорку Адабий курсуна окууга кабыл алууңуз жөнүндө  өтүнөм.”

Демек Чыңгыз аке 7-класста окубай, аттап кетип 8-класска окуган турбайбы. Мен өзүм орус мектебин окуп бүткөм, ошондуктан эсимде 9-10-класстарда окуганда орус адабиятын абдан жакшы окутканы: сабак өтүүнүн  методикасы да, мазмуну да эң мыкты деңгээлде өтүлөр эле. Кызыгып сочинениелерди  ээлигүү  менен жазчу элек. А көрсө,   Чыңгыз аке 9-10-класстарда ала турган билимдерди албай калган экен да. Бул  информацияны окуганга чейин агамдын  мектепте алган билиминин деңгээли, сапаты  жөнүндө такыр ойлобоптурмун. Качан гана ушул  документти окугандан кийин ойлонуп калдым. Демек ал мектепте деле жөндөп окубаптыр да. Болгону өзүнүн мээнеткечтиги, эмгекчилдиги аркасында, өз алдынча адабий китептерди көп окуп, алдына койгон максатына жеткен экен деген ойго келем азыр.

Бул документте дагы бир суроо жараткан маселе бар. Эмне үчүн Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн Москвадан 1-2-класстарда окуп келгендиги жөнүндө эч нерсе айтпайт деген суроо пайда болуп жатат. Сыягы бул 1956-жылы биздин атабыз актала элек экенине байланыштуу болсо керек.  Аны жазса эмне үчүн Москвада окуп жүргөн бала Шекердеги Дүйшөндүн мектебине окуп калган деген шек жараткан суроо пайда болмок. Демек анын атасы “эл душманы” болгон, ошон үчүн аны Жогорку Адабий курска окууга албай коюшу ыктымал эле.

Эсимде, 1957-жылы Чыңгыз Төрөкулович Москвадагы Жогорку Адабий курсунун биринчи курсунан кийин каникулга үйгө келгенде катуу ооруп жатып калганы.  Биз анда Чоң-Арыкта жашачубуз. Апама Төрөкул Айтматов жөнүндө  сураган  экенсиз (ага чейин апам да, Чыңгыз да Төрөкул Айтматов жөнүндө 20 жылдан бери эч кабар албадык деп кайра-кайра кайрылуу жазышкан болчу)  НКВДга баланча адрес менен келип маалымат алып кетиңиз деген чакыруу кагазы келди. Ал кезде менин Илгиз деген агам Москвада аспирантурада окуп, ал эми эжем Люция Кашира ГЭСинде (Москва) практикада жүргөн болчу. Ошон үчүн Чыңгыз аке мени чакырып алып:

— Сен чоңоюп калдың (мен деле анда 20 жашка чыгып калгам, бирок үйбүлөдө кенжеси болгон соң алигече олуттуу иштерге жарабайт болуп эсептелсем керек) апам менен бирге НКВДга барып жанында бол. Мен өзүм барат элем, бирок көрүп турасың, — деди.

Апам экөөбүз Чоң-Арыктан (ал кезде  Чоң-Арык шаардын сырты болуп эсептелчү)  Фрунзеге (азыркы Бишкек) №11 автобус менен чыктык. Логвиненко менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, азыркы Коргоо министрлигинин ордунда, НКВДнын имараты бар эле. Ошого кирдик, кире бериште курал асынган часовой турган экен, апамды сиз баланча кабинетке барыңыз, а сиз бул жерден күтүп туруңуз деп мени токтотуп койду.  Он минутадай күттүм. Анан апам араң басып чыкты, өңү күлдөй бопбоз…  Колуна эки баракча кагаз кармаган. Мага сунду. Биринчи кагазы Төрөкул Айтматов өлгөндөн кийин акталды, реабилитация болду деген документ экен, экинчиси атамдын өлгөндүгү тууралуу  күбөлүгү экен. Ушу күнгө чейин көз алдымда эки пункту:

— Причина смерти – неизвестно,

— Место смерти — неизвестно – деп сыя менен жазылганы.

«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси

Ошентип апам экөөбүз 20 жыл күткөн атабыз жөнүндөгү маалыматты  алдык…  Ал эми биздин үйбүлө үчүн бул каранкүн түшкөн күн болду…

Апам Жусуп Абдрахмановдун, Эркинбек Эсенамановдун, Кожокан Шоруковдун ж.б. аялдары менен катышып, жолугуп турчу эле. Ошолордон уккандарына караганда биздин аталардын баарын бир күндө атып өлтүрүп, баарын бир чуңкурга көмүшкөн имиш. Бирок ал жалпы көрүстөн кай жерде экенин эч ким так билген эмес эле… Армандуусу – ошол апалардын бири да.

1971-жылы апабыз каза болду. 1972-жылы анын мурзөсүнө чоң эмес гранит плитасы түрүндө обелиск  орноттук. Плитанын жогорку, кууш  бурчуна атабыз менен апабыздын жаш кезинде чогуу  түшкөн сүрөтүн чектирдик, алардын жашоо даталарын жаздык, анан“Атабыздын көмүлгөн жерин билбегендиктен энебиздин бейитине кош эстелик орноттук” деген сүйлөмдү коштук.  Ал эстелик али да Ала-Арча көрүстөнүндө турат. Бул атабыздын сөөгү жаткан жерди таба албай койгондуктан, айла кетип жасаган иш эле…

1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиева эженин жана Болот Жумашевич Абдрахмановдун граждандык позициясынын аркасында Ата-Бейит көрүстөнү ачылып, 137 адамдын жалпы мүрзөсү табылды. Кудайдын буйругу экен: биздин атабыздын да сөөгү ошол жерде экени анын атына жазылган айыптоо корутундусу табылып калып далилденди. Бүгүн, 2018-жылдын 8-ноябрында ошол 137 адамды жалпы бир мүрзөгө көмгөн күнүнө  туура 80 жыл толуп отурат.

Бүгүн биз аларды эскерип жатабыз…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.