ПОВЕСТЬ

<<<<<<<<<<< Башы

Үрөй учурган күн күркүрөөнүн жаңырыгы босогого жеткенимде жаңырды, бөлмө нымдуу жердин жытына толуп чыкты. Мен суу болбой качып кетүүгө үлгүрбөдүм. Такси издегенимче, укмуштуудай, шаарга майдан октябрга чейин төгүлчү, анын чаң-тозоңун чыгарчу, дарыяга умтулган, кызыган кумдуу көчөлөрдө жолунан кезиккендин баарын өзү менен алып кеткен бууракандаган агымга айланган нөшөр башталды. Шаарга үч айлык кургакчылыктан кийин жааган ошол өзгөчөлүү сентябрдын жамгыры аны бар кылышы да, жок кылышы да мүмкүн эле.

Эшикти ачаарым менен жалгыз эместигимди жон терим менен туйдум. Болгону дивандан секирип балконго жылт койгон мышыктын элесин гана көрүп калдым. Жайпак табакчада мен салбаган тамактын калдыктары жатты. Зааранын кермек даамы менен жаңы эле ташталган заң баардык нерселерге сиңип үлгүрүптүр. Мен мышыктын заңын качандыр бир латынчаны үйрөнгөндөй изилдей баштадым. Көрсөтмөдөн мышыктар заңын жерге, ал эми короосу жок үйлөрдө менин мышыгым сыяктуу гүл эгилген карапаларга же бир үйдүн бурчтарына көмөөрүн билдим. Баарынан жакшысы – мышыкты заара кылып, заңдоого үйрөтүү үчүн ошол замат эле кум төгүлгөн жашик коюп коюу керек экен, мен да ошондой кылдым. Ошондой эле мышык адегенде жаңы үйдө өз аймагын белгилөө үчүн бардык жерге заара ушатары да айтылыптыр, иштин баары ушунда болуш керек, бирок көрсөтмө бул учурда эмне кылуу керектигин айтпаптыр.

Мышык мени өзүнүн көндүмдөрү менен адаттарына үйрөтүп, өзүнүн саясатын жүргүзүп жатты, бирок да обочо жашыруун бурчтарын, өзү эс алып жатканды жакшы көргөн жашыруун жерлерин, кубулма маанайынын сырларын ачкан жок. Мен мышыкты белгилүү бир сааттарда тамактанууга, айбанчадагы кум төгүлгөн жашикти колдонууга, уктап жатканымда төшөгүмө секирбөөгө жана үстөлдөгү тамакты жыттабоого үйрөткүм келди, бирок да үй анын аскерий олжолорунун мыйзамы менен эмес, жеке менчик укугу боюнча ага таандык экенин түшүндүрө албай койдум. Баары мышыкты жайына коюум менен аяктады.

Кечинде нөшөр төгүлдү, борошолуу шамал үйдү учуруп кетчү баштанат. Мен чүчкүрүп жаттым, башым ооруп, денемдин табы көтөрүлдү, бирок менде эч бир курагымда, эч бир кырдаалдарда болбогон күч жана чечкиндүүлүк пайда болду. Тактайга шыптан тамган тамчылар үчүн дагыра коюп жатып, анда өткөн кыштан бери жаңы жылчыктар пайда болгонун көрдүм. Алардын эң чоңу китепкананын оң тарабын суу кыла баштаптыр. Мен ал жактагы грек жана латынь авторлорун сактап калууга шашылдым, бирок текчелерден китептерди ала баштаганымда, дубалдан суу шорголой баштады, көрсө, түтүк жарылыптыр. Колумдан келишинче жылчыкка убакыттан утуп китептерди сактап калуу үчүн чүпүрөктөрдү тыга баштадым. Суу менен шамал сейилбакта уламдан улам албууттана берди. Капысынан үрөй учурган чагылган менен күндүн күркүрөөсү абаны тең жарып, аны күкүрттүн ачуу жытына толтуруп жиберди, табигаттын толкуну балкондун айнектерин сындырды, деңиздин катуу шамалы кулпуларды жулуп ийип үйгө кирип келди. Бирок арадан он мүнөт өтпөй баары бир мезгилде тынчып калды. Күн жарк этип, сыныктар менен таштандыларга толгон көчөлөрдү кургатты, ысык аба ырайы кайтып келди. Өткүн өтүп кетти, мени болсо дагы деле үйдө жалгыз эместейге окшогон сезим коё бербеди. Буга бир гана түшүндүрмө бар: чынында эле болуп өткөн окуялар унутулат, ал эми эч качан болбогон нерселер эсиңде кудум болуп өткөн сымал кала бериши ыктымал. Ошентип, эсиме ошол нөшөр түшөр замат, мен үйдө жалгыз эмесмин, жанымда дайым Арык кыз болот. Түнкүсүн секелекти жаныма ушунчалык жакын сезгендиктен, анын дем алуусун жана менин жаздыгымда кыздын беттери калтырап жатканын туяр элем.

Ошондо гана биз бул кыска убакыт ичинде канча көп иштерди бүтүрөрүбүздү түшүндүм. Эсимде, китепканада отургучка чыгып жатам, жаңыдан уйкудан ойгонгон гүлдүү көйнөкчөн кыз суу болуп калбасын деп китептерди жыйнап жатат. Мен анын кантип чагылган менен күрөшүп, үй ичинде кантип кызыл ашыгына чейин сууга батып, өтмө катар суу болуп чуркап жүргөнүн көрөм. Андан кийин, таңга маал, кыздын чынында жашоодо болбогон таңкы тамакты жасаганын жана үйдү түнкү селден кийин иреттеп, тактайды сүрүп чыкканымдан кийин дасторкон жайганын эстеймин. Ошондой эле тамактанып жатканыбызда мага үтүрөйө карап: “Эмне үчүн мени менен таптакыр картайып калганда тааныштың?” деп сураганын эч качан унута албаймын. Мен ага чынын айтам: жаш курак – бул сенин канча жыл жашаганыңда эмес, ошол жылдарды кандайча сезгениңде.

Ушул учурдан тартып аны ушунчалык даана эстегенимден улам, кызды өзүм билгендей өзгөртүп коё алчу болдум. Көздөрүнүн түсүн өзүмдүн маанайыма жараша алмаштырам. Кыздын каректери ал ойгонгондо деңиз суусунун түсүндөй эле, күлүп жатканда асел түстөнөт, ачуусу келгенде оттой кызарат. Маанайыма жараша кызды жаш курагына же кырдаалга жараша, жыйырмасында ашык болгон тартынчаак бийкечтей, кырк жашында ак сөөк мырзайым, жетимишинде Вавилон канышасы, жүзгө чыкканда Ыйык энедей кийинтер элем. Экөөбүз Пуччинонун махабат дуеттерин, Агустин Ларанын «Болеросун», Карлос Гарделдин танго бийин бирге ырдадык жана ырдоонун кандай бакыт экенин билбегенибизге ынандык. Азыр так жана даана билгенимдей, бул акыл-эстин тумандоосу эмес, бул мага токсон жашымда келген алгачкы сүйүүнүн керемети эле.

Үйдү иреттеп бүтүп, Роса Кабаркаска коңгуроо кылдым. “Ыйык кудайым!” – деди ал менин үнүмдү угуп, — сени сууга чөгүп кеткен го дептирмин”. Роса менин бийкеч менен түндү бирге өткөрүп, бирок ага тийбегениме ишене албай жатты. “Ал сага жакпай калышы мүмкүн, буга укугуң бар, бирок жок дегенде өзүңдү чоңдордой кармачы”. Мен жагдайды түшүндүрүүгө аракет кылганымда, Роса сөздү кескин башкага бурду: Мейли, менде сага башка бирөө бар, жашы улуураак, сулуу жана кыз бойдон. Атасы кызын үйгө алмаштыргысы келет, бирок соодалашууга болот”. Жүрөгүм муздай тоңду. “Дагы эмне дейсиң, — чочуп кетип каршылык көрсөттүм, — ошол эле кызды каалаймын жана дайым болуп келгендей, бардыгы сүйлөшүлгөндөй, талашсыз жана жагымсыз окуяларсыз болушун каалаймын”. Телефондун ары жагы жымжырт болуп калды, акыры барып баш ийген үн кудум өзүнө сүйлөп жаткандай болду: “Ооба, бул, кыязы доктурлар айткан карылыктын залдары окшойт”.

Мен туптуура саат ондо суроо бергенди билбеген укмуштуудай сылыктыгы үчүн эстеп калган тааныш шоопурум менен келдим. Өзүм менен кошо көтөрүп жүрүүгө ыңгайлуу желдеткич менен сүйүктүү картинам болгон Орландо Ривера-Фигуритинин сүрөтүн, сүрөттү илип коюу үчүн балта менен мык ала келдим. Жолдо тиш щетка, паста, атыр самын, “Агуа де-Флорида” жыттуу суусун жана кызыл мыя кошулган набат ала келдим. Мен дагы кагаз гүлдөр салынган кумураны күйүктүрүү үчүн гүл салынуучу ваза сатып алмакчы элем, бирок баардык дүкөндөр жабылып калыптыр, ошентип кимдир бирөөнүн багында жаңы гана ачылган астромелий гүлдөрүн уурдоого туура келди.

Кожойкенин насааттарын эске алып, бакка чыккан дарбазадан эч ким көрүп калбастыгы үчүн коңшулаш көчөдөн, ноочо тарабынан үйдүн арт жагына келдим. Шоопур мага эскертүү берди: “Абайлаңыз, урматтуум, бул үйдө киши өлтүрүүлөр болот”. Мен ага: “Эгерде бул сүйүүнүн айынан болсо, анда өлтүрө беришсин” деп жооп бердим. Короо караңгы эле, бирок терезелерде тириликтин оту жанат, ал эми алты бөлмөдө болсо музыка жаңырат. Менин бөлмөмдө башка бөлмөлөргө караганда Мигель Матаморостун болеросун аткарып жаткан америкалык тенор Педро Варгастын коңур үнү бир аз катуураак чыгып жатты. Негедир эле мына азыр өлөрүмдү сезгендей болдум. Демим кыстыгып чыкты, эшикти түртүп ийип Дельгадинаны көрдүм, ал мен дайым элестеткендей абалда, жылаңачтанган бойдон жүрөк жайгашкан сол капталы менен жатып, таттуу уйкуда экен.

Жатаардан мурун атыр-самындарды, жыттуу майларды ордуна жайгаштырып, эскирип дат баскан желдеткичтин ордуна жаңысын орнотуп жана Дельгадина төшөктө жатып да көрө алчудай кылып картинаны дубалга илип койдум. Андан кийин кыздын жанына жатып сөөм жерин калтырбай карап чыга баштадым. Бул ошол менин үйүмдө жүргөн кыз эле: караңгыда мени сыйпалап тааныган ошол колдор, басыгынын жумшактыгынан мышык басып баратабы деп ойлогон ошол буттар, менин шейшептеримден жыттанган ошол тердин жыты жана дал ошол оймок тагылган манжалар. Бирок укмуштун баары мында болчу: көз алдымда тирүүлөй көрүп турган кыз акыл-эсимде жашаган кызга караганда азыраак реалдуу эле…

“Маңдайыңдагы дубалда сүрөт турат, — дедим мен ага. – Муну Фигурита тарткан, биз аны абдан жакшы көрөр элек, бул дүйнө боюнча көңүл ачуучу үйлөрдөгү эң мыкты бийчи эле, анын жүрөгү ушунчалык жумшак дейсиң, атүгүл шайтанды да аячу. Сүрөттү болсо, Невада-де-Санта-Мариядагы Сьерра тоолорунда кулаган самолёттон алынган эски болотнайга өзү иттин жүнүнөн жасаган кыл боёгуч менен тартып, кемелерди боёгон түстөр менен сырдаган. Сүрөттөгү аял, сүрөтчү кечилканадан уурдап келип үйлөнгөн кечил аял. Аны маңдайыңа илип койдум, сүрөт көзүңдү ачканда көргөн биринчи нерсең болсун”.

Түнкү саат бирде жарыкты өчүргөнүмдө, кыз дагы деле ошол калыбында уктап жатты, кыздын деми ушунчалык акырын чыкканынан, атүгүл ал тирүү бекен деп кан тамырынын кагышын текшерип көрдүм. Кан кыздын кан тамырлары менен жумшак агып, кыз денесинин түпкүр жерлерине жетип, сүйүү менен тазаланып, кайра жүрөгүнө кайтып келип жатты.

Өткөн жолу, кетип атып, мен кагазга кыздын алакандарынын сызыктарын тартып алып ага карап кыздын жан дүйнөсүн окуп берүүсү үчүн Сахибиге бергемин. Ал мындай деп чечмеледи: Кол эмгектерине абдан жөндөмдүү. Өлгөн адам менен андан жардам күтүп, байланышы да бар, бирок анын мунусу майнапсыз: ал үмүттөнгөн жардам анын жанында. Кыздын мамилелеш адамдары жок, улгайган курагында, турмушка чыгып каза болот. Азыр ал кара чачтуу эркек менен сүйлөшөт, бирок бул ага керектүү адам эмес. Кыздын сегиз баласы болушу ыктымал, бирок үчтү гана төрөөнү чечет. Отуз беш жашында, эгерде акылы эмес, жүрөгү айткан нерсени жасаса, колуна көп акча келип түшөт, ал эми кырк жашында мурастын ээси болот. Абдан көп саякаттайт. Эки кыл жашоосу жана эки кыл тагдыры бар, кыз өзү тагдырына таасир көрсөтө алат. Өзү кызыккан нерселердин баарын жасап көргөндү жактырат, бирок эгерде жүрөгү айтканды укпаса, өкүнүп калат.

Сүйүүдөн башым тумандап, чагылган кыйраткан үйүмдү иретке келтирип жүрдүм, аны менен катар жылдар бою колум жетпей же акча жетпей бир орунда жаткан көп буюмдарды оңдоп, китепканадагы китептерди качандыр бир аларды окуп чыккан убагымдагыдай кылып ырааты менен кайрадан тизип чыктым. Эркимди жыйнап туруп, диний табериктерден, пианинодон жана классикалык музыка жазылган жүздөгөн дисктерди ыргытууга батынып, жаңы эмес, бирок меникинен жакшыраак радио сатып алдым, мындан улам үй дароо салтанаттуу түргө келе түштү. Таптакыр кедейленип калууга аз калдым дечи, бирок мунун баарын бир керемет жууп кетти: токсон бир жашымда али тирүү элем.

Үй күлдөн кайра жаралды, а мен болсо Дельгадинага деген буга чейин сезип-туюп көрбөгөн арзуум менен бактылуу элем. Дельгадина себепкер болуп, токсон жылдык өмүрүмдө биринчи жолу өзүм менен өзүм жолуктум. Ошентип, ар бир буюмдун өз орду, ар бир иштин өз маалы, ар бир сөздүн өзүнүн стили болсун деген өжөрлөнгөн пикирим таптакыр тартипке келтирилген акылдын белгиси эмес, тескерисинче, менин табиятымдын башаламандыгын жашыруу үчүн ойлоп тапкан шылтоом экендигин түшүндүм. Тартиптүүлүгүм таптакыр артыкчылыгым эместигин, болгону өзүмдүн алаңгазардыгыма болгон жообум экенин, майдачылдыгымды жашыруу үчүн жоомарт болуп, жаман ниеттеримди жашыруу үчүн этият киши болуп көрүнөрүмдү, тынчтыкты сүйгөнүм табиятымдан эмес, болгону жаалданып ээ-жаа бербей албууттанган мүнөзүмдү ооздуктоо үчүн экенин, жоопкерчиликтүүлүгүм, башкалардын убактысын канчалык аз бааларымды жашыруу үчүн экенин билдим.

Мен башка адам болуп калдым. Өспүрүм чагымда окуп чыккан классиктерди кайра окуп чыгууга аракет кылдым, бирок анте албадым. Апам өзүнүн кайраттуу мүнөзү менен мага окуп чык деп өжөрлөнгөн, бирок мен окубаган романтикалык адабиятка чөмүлдүм, мен эми гана дүйнөнү кыймылга келтирип турган зор күч таптакыр бактылуу сүйүү эместигин, ал күч бактысыз сүйүүдө экендигин түшүндүм. Бул сезим менин музыкалык табитимди да чарпып өткөндө өзүмдү картаң, артта калган адам сездим жана жүрөгүмдү күттүрбөй келген бакытка ачык деп жарыяладым.

Өзүмдөн өзүм ушунчалык корккон жана келип чыгышына өзүм себепкер болгон бул акылдан ажыроого кантип багынып бердим деп сурадым. Алдамчы булуттардын арасында калкып учуп, күзгү алдында туруп алып бейүмүт аргасыздык менен өзүмдүн ким экенимди түшүнгүм келип, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жаттым. Кудум жөөлүгөн сымал абалда элем, бир жолу таштарды ыргытып, бөтөлкөлөрдү сындырып жатышкан студенттердин жөө жүрүшүн көрүп, өзүмдү араң колго алдым, аз болгондо мен алардын биринчи катарында колума менин азыркы чындыгымды чагылдырган “Мен сүйүүнүн айынан акылдан ажырадым” деген сөз жазылган кагазды көтөрүп алып басар элем.

Уктап жаткан Дельгадинанын өңү көз алдымдан кетпей койду, ошентип эч кандай терс ойлору жок эле жекшемби күнкү макалаларымдын мүнөзүн теңирден тескериге өзгөрттүм. Мен эми эмне жөнүндө гана жазбайын, кыз үчүн жазып жаттым, кыз үчүн ыйлап, кыз үчүн күлөр элем жана ар бир жазган сөзүм менен кошо өмүрүмдүн бир үзүмү кетип жатты. Дайымкы жазып келген гезиттик ыкмамдын ордуна, сүйүү каттары түрүндө жаза баштадым, андыктан ар бир адам аны өзүнүкү сымал окуй ала турган. Редакцияга текстимди басма ариби менен тербестен, өзүмдүн каллиграфиялык сулуу кол тамгамды өзгөртпөй берүүлөрүн сунуш кылдым. Редакциянын бөлүм башчысы албетте, менин бул сунушумду картайган чактагы алжып калууга жоруду, бирок генералдык директорубуз редакцияда ошол замат учкул сөзгө айланган бир сөзү менен гана аны макул болууга аргасыз кылды:

— Адашпаңыз: тымызын алжыгандар келечекти жакындатышат.

Окурмандар буга ошол замат суктанган каттарын жаза башташты. Мага келген кээ бир каттарды атүгүл, олуттуу жаңылыктар сымал радиодон берип жатышты, ар түркүн кол жазмаларды көбөйтүп чыгаруучу машинелерден же көчүрүп чыгаруучу кагаздардан көбөйтүшүп, Сан Блас көчөсүндөгү аткезчилик чылымдар сыяктуу сата башташты. Бул жазуулар адегенде эле өзүн чагылдыруунун ашепке каалоосу менен жазылган болчу жана аларды мен абышка сыяктуу ойлонууну үйрөнө албай койгон токсон жаштагы адамдын атынан жазып жаттым. Интеллектуалдык чөйрө албетте, эски адаты боюнча такыбасынып калышты. Атүгүл, алардан муну таптакыр күтпөсөк да, менин каллиграфиялык жазууларыма байланышкан жаңылыш ойлорго негизденишип, карама-каршылыктуу ойлорго жем ташташты. Дал ошолор ойлор менен маанайлардын чыр-чатактуу ойлоруна учкун таштап, кусалык модасынын чыйырын түптөштү.

Роса Кабаркас экөөбүз жылдын аягына чейин бөлмөдө электр желдеткич, атыр-самындар жана мен жашоодо керек болот деп эсептеген нерселеримдин баары турушу керек деп келиштик. Саат ондо келип дайым бийкечке же экөөбүзгө тең керектүү бирдемелерди ала келер элем жана бир канча убакыт бою биздин түндөрүбүздү жасалгалоо менен алектенчүмүн. Кетээр алдында болсо, мен дайым таңкы саат бештен калбай кетчүмүн, кайрадан баарын кулптап салчумун. Ошентип уктоочу бөлмө кайрадан туруктуу кардарларынын суз тарткан сүйүү баяндарына даяр турган баштапкы кейпине келип калар эле. Ажайып таңдардын биринде радиодогу эң атактуу үндүн ээси болгон Марко Перестин өзү менин жекшембилик жазууларымды өзүнүн жаңылыктар берүүсүндө окууну чечкенин уктум. Жийиркенүүм менен чочулоомду тыйып, мындай дедим: “Билесиңби, Дельгадина, атак – бул сени менен бир төшөккө жатпаган  семиз мырзайым, бирок көзүңдү ачканыңда, ал төшөгүңдүн башында сени карап турган болот”.

Кайсы бир таңда мага эми аза тартып жатканына жана кашына түшүрүп кийген кара шляпасына карабастан анчалык картаң көрүнбөй калган Роса Кабаркас менен нанүштө кылууга калдым. Анын таңкы тамактары мыктылыгы жана көзүмдөн жаш агызган ачуу калемпири менен атагы чыккан. Тирүү оттон бир тиштеп көрөр замат эле көзүмдөн жаш куюлду, Росага карап мындай дедим: “Бүгүн түнү ай толбосо деле арт жагым жалындап күйө турган болду”. – “Арызчылдыгыңды ташта, — деди ал. – Эгерде арт жагың жалындап аткан болсо, демек сенде али ошол арт жагың бар, кудайга шүгүр де”.

Дельгадинаны атынан атап чакырганымда Роса таң калды. “Кыздын аты андай эмес, — деди ортомчу аял. “Кантип атоону үйрөтпөй эле кой, — деп анын сөзүн бөлдүм, мен үчүн ал Дельгадина-Арык кыз”. Ал ийинин куушурду: “Макул, айырмасы кайсы, кыз – сеники, жөн гана бул ат мага кандайдыр жагымсыз сезилет”. Мен ага кыз күзгүгө жазган жолборс тууралуу сөздү айтып бердим. “Мындай болушу мүмкүн эмес, — аял таңыркады, — бийкеч окуй да, жаза да албайт”. – “Анда бул ким болушу мүмкүн?”. Роса ийинин куушурду: “Балким, бул бөлмөдө кимдир бирөө жан берген болушу керек”.

Мен бул таңкы тамактанууларды Роса Кабаркаска ичимдегини айтып жеңилдеп алуу үчүн жана Дельгадинанын жашоо шартын бир аз жакшыртып, кийим-кечесин да бир аз оңдоп коюу үчүн пайдаландым. Роса кудум мектеп окуучусу сыяктуу кылтыя шаңданып, баарына макул болуп жатты. “Күлкү келерлик! – деди мага Роса бир жолу. – Мага сен кудум анын колун сурагың келгендей сезилип жатат. Баса, — капысынан анын башына бир ой келе калды, — эмне үчүн ага үйлөнүп албайсың?”. Мен катып калдым. “Чын эле, — деп ал айтканын бербей жатты, — бул атүгүл сага арзан да түшмөк. Кандай болгон күндө да, сенин курагыңда кептин баары сенин жараганыңда же жарабаганыңда, а сен мага сенде бул жагынан баары жайында экенин айткансың”. Мен анын сөзүн оозунан жулуп алдым: “Сүйүүсү жок кумар – али сүйүү эмнелигин биле электер үчүн өзүн өзү сооротуу”.

Роса каткырып күлдү: “Акылманым менин, сенин чыныгы эркек экениңди дайым билер элем, сен дайым ушундай элең, душмандарың тынып жок болгон кезде да ушундай бойдон калганыңа кубанам. Сен жөнүндө бекеринен мынча кеп-сөз болбоптур. Сен Маркос Перести уктуңбу?” “Аны кимдер укпады дейсиң, — дедим сөздү башкага бурууга аракеттенип. Бирок ал айтканын берген жок: “Ал эми профессор Камачо менен Кано кечээ “Бардыгынан аз-аздан” берүүсүндө дүйнө сен сыяктуулар аз калганынан улам да мурдагыдай эмес деп айтышты”.

Ошол жуманын аягында Дельгадинанын жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп чыкканын байкадым. Роса Кабаркасты ойготтум, ал бөлмөмө биринчи жардам көрсөтүүчү дарылар салынган кутусун алып келди. Эки күндөн кийин да секелегим али алсыз эле жана өзүнүн топчу кадамай ишине бара алган жок. Догдур ага бир жумада өтүп кетүүчү гриппте пайдаланчу үй шартында даярдалуучу дарыларды жазып бериптир, бирок догдур ошентсе да анын арыктап, өңдөн азган абалына тынчсызданганын айтты. Мен Дельгадинаны көргөн жокмун, аны сагынганымды туйдум, азырынча учурдан пайдаланып, бөлмөмдү өзүм каалагандай жасагым келди.

Мен куштун бир тал жүнү менен тартылган Сесилия Поррастын Альваро Сепеддин “Биз баарыбыз күткөнбүз” деген китебине тарткан сүрөтүн алып келдим. Ошондой эле уйкусуз түндөрүмдү кооздоо үчүн Жан Кристоф менен Ромен Ролландын алты томдугун алып келдим. Бир сөз менен айтчу болсом, Дельгадина быяка кайтып киргенде, бөлмө жагымдуу абалга келип, андагы бактылуу мүнөттөргө татыктуу болушу шарт. Булар жыты буркураган курт-кумурскаларды жоготуучу дарылар менен тазаланган аба, кызгылтым өңдөгү дубалдар, жылтыры жок чүмбөтшамдар, вазалардагы жаңы үзүлгөн гүлдөр, сүйүктүү китептерим, энекемдин бүгүнкү табитке ылайыктап илинген картиналары эле.

Эски радиокабылдагычты жаңысына, кыска толкундуусуна алмаштырдым жана Дельгадина Моцарттын музыкасы астында уктаганды үйрөнүшү үчүн классикалык музыка берүүсүн койдум, бирок жомоктогудай кечтердин биринде музыканын модалуу болеро толкунуна алмашылып калганын байкадым. Кыздын табити ушундай эле жана мен муну өкүнүчсүз кабыл алдым, себеби мен да бир кездери ушундай музыка угар элем. Эртеси күнү үйүмө кетердин алдында, күзгүгө эрин боёгуч менен мындай деп жазып койдум: “Секелегим менин, биз бул дүйнөдө жалгызбыз”.

Ошол күндөрү кыз убагынан мурда чоңоюп жаткандай сезим пайда болду. Бул таасирлеримди Роса Кабаркаска айттым, ага бул табигыйдай туюлду. Дельгадина он бешинчи декабрда он бешке толот. Ал жылдыз белгиси боюнча Жаачы. Мен чочуп кеттим, кыздын реалдуулугу ушунчалык дейсиң, жыл сайын анын жашына бир жыл кошулат. Ага эмне белек кылсам экен? “Шайтан араба, — деди Роса Кабаркас. – Ал бечара топчуларына жетүү үчүн күнүнө эки жолу шаарды бир айланып келет”. Роса мага кампадагы кыздын шайтан арабасын көрсөттү, мен ичимден ушунчалык сүйүктүү аялзаты үчүн мындай мискей сымал арабада жүрүү жарабаган иш деп ойлодум. Ошентсе да Дельгадинанын чыныгы турмушта жашаганынын анык далили болгон бул шайтан арабага жүрөк-боорум ззилди.

Ошентип ага эң мыкты шайтан араба сатып берүү үчүн жөнөдүм, дүкөндө арабаны минип алып кандайлыгын текшерүүдөн өзүмдү тыя албадым. Жашым канчада экендигине кызыккан сатуучуга карылыктын жароокер ырайы менен жакында токсон бирге чыгамын деп жооп кайтардым. Дүкөнчү дал мен каалаган сөздү айтты: “Жыйырма жашка кичүү көрүнөт экенсиз”. Мектептеги тентектигим кантип дале мени менен жүргөнүнө акылым жетпейт, бирок кубаныч денемден суудай оргуп атылганын сездим. Ырдап жибердим. Адегенде кыңылдап, андан кийин үнүмдүн барынча, кудум даңктуу Карузо сыяктуу толгон дүкөндөр менен күрү-гүү түшкөн элдин арасында кыйкырып ырдап бараттым. Адамдар артымдан карашып, жылмайып жатышты. Ырдаганымды токтотпостон, аларга кол булгаладым. Ошол эле жумада “Токсон жашта кантип шайтан арабачан бактылуу болуу керек” деп аталган дагы бир ышкыбоз макаламды жаздым.

Туулган күнүндө Дельгадинага бир ырды башынан аягына чейин ырдап берип, секелектин денесин кыз өбүүдөн деми чыкпай калганчалык кылып өпкүлөп чыктым, омурткасынын ар бир муунун, апарык жамбаштарын, меңи бар капталын жана анын уйку билбеген жүрөгү кагып жаткан көкүрөк тушун өпкүлөдүм. Мен өпкүлөп жаттым, ал эми кыздын денеси улам барган сайын кызып, жылып, жапайы бир жыпар жыт чыгара баштады. Кыз денесинин ар бир укуму мага назик калтыроо менен жооп берип, ар бир өпкүлөөм башкача бир жылуулук, өзгөчө бир даамды жана жаңы онтоолорду кезиктирип жатты, кыз да мага каухардай дилинин тереңинен үндөшүп, мамактары ага тийбеген колдорума кезиккиси келгендей…

(Уландысы бар)

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.