«РухЭш» сайтын негиздөөчү Олжобай Шакирдин коом агартуу аракетин колдоп, өрнөктүү көркөм чыгармаларды тандап элге окутуп, окурмандардын көркөм эстетикасын тарбиялоо менен бирге келечек муунга жомок окутууга жасаган талыкпас аракети үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын «РухЭш» сайтын колдоого чакырам!

Анын эң жөнөкөй жолу: «РухЭштин» 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине жума сайын ар бир депутат 3000 (үч миң) сомдон которуп туруу жөрөлгөсүн баштайлы. Мен адабият, маданиятыбыздын өнүгүүсүнө багытталган «РухЭш» сайтынын иш аракеттерине тилектештигимди билдирип, аталган сайттын ЭЛСОМ эсебине үч миң сом жөнөттүм, жана эмики эстафетаны илим-билим, адабият, маданияттын күйөрманы болуп келген кесиптешим Абдывахап Нурбаевге жолдойм.

P.S. Буга чейин мындай демилгени Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз көтөрүп чыккан эле. Ал өз демилгесин мындай негизде жарыялаган: «РухЭш» сайты электрондук адабиятты негиздөөдө – окурмандардын көркөм табитин өстүрөр дүйнө адабиятынан тартып кыргыз адабиятынын тандалма чыгармаларынан баштап балдар үчүн жомокторду күнүгө кечинде жарыялап келет. Ушул аракетин колдоо үчүн коомчулукта жаңы бир жөрөлгө баштасак кантет болду экен деп, өзүм баш болуп «РухЭш» сайтын колдой турган акция уюштурсак» деген эл өкүлү: «РухЭш» сайты мындан ары да өз ишмердигин уланта беришине тилектештигин билдирип, улуттук рухий мурас казынасын түптөөнү каалаган эл өкүлдөрүн эстафетаны улантып кетүүгө чакырган.

Садык Шер-Нияз демилгени эң биринчи баштап берип, бул саамалыкты «Ата Мекен» фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго узатканы белгилүү. Арийне, бул демилгени А.Шыкмаматовдон кийинки улаган депутаттар: Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев жана Искендер Гаипкулов болуп, бирок Гаипкуловдон Акылбек Жапаровго өткөн бойдон токтоп калган эле…

Андыктан, изги тилеги менен «РухЭш» сайтынын ишмердигин колдоо максатында эстафета жөрөлгөсүн кайрадан баштап бергендиги үчүн ЖК депутаты Жанар Акаевге чыгармачыл тобубуздун атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.