Дилазык: Бакыттын ачкычын издегендер жөнүндө уламыш

The Beatles ансамблинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Леннон кичинекей кезинде, анын апасы ага дайыма кайталап айтар эле, жашоодогу негизги нерсе — бул бакыт. Баштапкы мектептин мугалими балдардан чоңойгондо ким болгулары келишери тууралуу дилбаян жаздырды. Жон “Мен бактылуу” болгум келет деп жазыптыр. Мугалим дилбаянды окуп: “Сен тапшырманы түшүнбөйт экенсиң”, —десе, келечектеги улуу музыкант: “Сиз турмушту түшүнбөйт экенсиз”, — деп жооп бериптир. Аныкы туура болучу. Ар бир адамдын таттуу кыялы — бул бактылуу болуш. Бирок ал кандай сезим, аны кантип туюп, кантип сактап […]

Аман Саспаев: Кезектүү дүйнө

АҢГЕМЕ Калий деген кишинин алты жашар уулу көчөдөгү барып турган тентек бала деп аталды. Өзү теңдүү балдарды оюнга чакырат да, аягында келип ыйлатып жолго салат. Ыйлаган баланын ата-энеси балдардын ишине киришип, бир-эки ооз сөз айтуудан кээде уялышат Анткени, бирде балдар жакшы ойносо, бирде бирин-бири ыйлатат. Ушул бир кичинекей кишилердин турмушу ар качан да ушундай эмеспи. Булардын арасына түшкөн чоң кишилер аз учурайт. Керексиз темир, дөңгөлөк, оюнчук, жада калса чыбык талашып да алар чоңдордон үйрөнгөн жаман тилдерин айтышып, аягында келип чаңырып […]

Айжамал Түгөлбай кызы: Билимге эмес, аш-тойго кеткен миллиарддар

Ош облустук адмнистрациясынын маалыматына таянсак, 2017-жылы бир жыл ичинде эле Ош облусунун тургундары аш-той ѳткѳрүү үчүн жалпысынан 4 млрд. сомдон ашуун каражат сарпташкан. Ал эми болжолдуу эсеп менен жалпысынан ар бир жылы Кыргызстан аймагында аш-тойлорго 2 млрд. доллардан 3млрд. долларга чейин  каражат жумшалат экен. Бул сумма биздин мамлекеттин бүтүндөй бир жылдык бюджетинин суммасына жана ѳлкѳнүн чет элдик фонддорго болгон учурдагы  4 млрд. доллардан ашкан карызына барабар экенин айтпасак да түшүнүктүү. Кыргызстанда той өткөрүп, элден бата алуу максаты ар бир кыргыздын […]