Ош облустук адмнистрациясынын маалыматына таянсак, 2017-жылы бир жыл ичинде эле Ош облусунун тургундары аш-той ѳткѳрүү үчүн жалпысынан 4 млрд. сомдон ашуун каражат сарпташкан. Ал эми болжолдуу эсеп менен жалпысынан ар бир жылы Кыргызстан аймагында аш-тойлорго 2 млрд. доллардан 3млрд. долларга чейин  каражат жумшалат экен. Бул сумма биздин мамлекеттин бүтүндөй бир жылдык бюджетинин суммасына жана ѳлкѳнүн чет элдик фонддорго болгон учурдагы  4 млрд. доллардан ашкан карызына барабар экенин айтпасак да түшүнүктүү.

Кыргызстанда той өткөрүп, элден бата алуу максаты ар бир кыргыздын өмүрүндөгү башкы максат катары кабыл алынып калгандай. Ошондуктан, кандай болбосун, күтүрөтө элди чакырып, дасторкон жайнатып, ар кандай жөрөлгөлөргө да чыгым жумшап, той өткөрүү моюнга жүктөлгөн милдеттей эле сезилет. Анткен менен, өлкө экономикасы төмөн калкыбыздын реалдуу финансылык абалы көӊүл кубатарлык эмес. Буга Кыргызстандагы орточо айлыктын суммасы эле чоӊ далил. Алсак, улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, өлкѳ боюнча орточо маяна 10-15 миң сомду гана түзөт. Бул сумма менен миллиондорду талап кылган тойду ѳткѳрүү таптакыр мүмкүн эмес. Анда биз  дүӊгүрөгөн тойлорду кантип ѳткѳрүп жатабыз? Кеп учугун ушуга буралы.

Той өткөрүүгө кеткен каражат Кыргызстанда негизинен эки булактан келери айтылып жүрөт. Анын биринчиси – мигранттар, экинчи булак – микрокредиттер. Жан кейитерлиги – кээде той ээси бул эки булакты теӊ колдонгон учурлар да кездешет. Мисалы, Россияда керээли кечке бели түзѳлбѳй, таап келген акчасы тойго жетпей калса, айла жок кредит алгандар чекеден табылат. Микрокредиттер жагдайына кайрылсак, улуттук банктын изилдѳѳлѳрү боюнча дүйнѳдѳ 7 миңден ашуун микро кредиттик компания болсо, анын 360тан ашууну эле биздин ѳлкѳдѳ экен.  Ал эми бүгүнкү күндө үстөк пайызы көп болгон микрокредитти өнүккөн өлкөлөрдүн калкы такыр албайт. Кредиттин эсебинен үйлѳнгѳн жаштардын көбү кайра эле Россияга бармай, эки-үч жыл кредиттен кутулуунун жолун издемейге түшүшөт. Ошентип, миӊдеген тагдырды калчап алган мындай айлампадан чыга албай жылдар өтөт, жаштык менен өмүр өтөт.

Аш-той көп, бирок жумуш жок

Өткөрүлгөн тойлорду карап, ошол эле үйлөнүп жаткан жаштардын арасындагы, алардын ата-энелери арасындагы жумушсуздук маселесин ойлонсоӊ, каӊырык түтөйт. Жумушсуздук маселеси Кыргызстанда курч турган маселе жана анын чечилиши жакынкы арада байкалбайт. Себеби ири же майда өндүрүш дагы деле жолго салынып, калыптанбай келатканы буга далил. Ушундан улам, жумуш издеп, башын кайда урарын билбей жүргөн мекендештерибиздин саны жылдан-жылга арбып барат. Ош шаарынын мэриясынын статистикасына таянсак, 2015-жылы шаардык миграция башкармалыгына 6566 адам кайрылган, анын ичинен 2055и жумушсуз деп катталган. Ал эми ишке орношууга  кеңеш алуу үчүн 1.5 миңден ашуун адам кайрылган. 2015-жылы Ош шаарынан 3.5 миңге жакын адам Кыргызстандан сырткары, Россия Федерациясына, Түркияга жана Түштүк Кореяга чыгып кеткен.

Ар бир кыргызстандык жылына алты бет гана китеп окуйт

Кыргызстандыктар негизги кирешесин той-ашка жумшап жаткан учурда, башка ѳнүккѳн ѳлкѳлѳр кирешесинин басымдуу бѳлүгүн билимге жумшашат экен. Билим дегенде, биз сөзсүз эле жогорку билимди айткан жерибиз жок, а турмушта суроо-талабы бар кесипке үйрөнүү, бир жолу үйрөнүп гана отуруп калбай, квалификациясын улам жогорулатып туруу сыяктуу билимге, өзүн дасыккан, баасы жогору адис катары жетилтүү үчүн, б.а., өзүн тынымсыз өстүрүп турууга акчасын жумшашат. Өлкөнүн ар бир жараны өссө, кесипкөй адистердин саны көбөйсө, албетте, ал иштеген жер да гүлдөйт. Ар бир ишкананын, өндүрүштүн, тармактын иши алдыга жылса, мамлекеттин экономикасы да кубаттанат, элдин да жашоосунун деӊгээли жакшыра берет. Биздин коомдо бул система калыпка түшүп, бекем орной элек.

Ушундан улам, Кыргызстанда дегеле өзүн-өзү өстүрүү баалуулугуна көп маани берилбей жатканы өкүндүрөт. Өзүн өзү өстүрүү бир гана адистик багытта эмес, инсандык багытта да жүргүзүлүшү керек. Совет мезгилинде ар бир үйдө китеп текчеси боло турган. Ал кезде китеп дүкөндөрүнө, китепканаларда улам жаӊы жарыкка чыккан китептерге талап бар эле. Азырчы?.. Азыр китеп кармаган кишини да, китеп текчеде тизилген он чакты китеби бар үйдү да учуратуу кыйын. Айтканыбыз далилдүү болуш үчүн айрым фактыларды мисалга келтирели.

Европа союзунун статистикалык кызматынын (Eurostat) маалыматы боюнча Норвегияда бир жыл ичинде бир киши 18 китеп окуйт. Ал эми  Кыргызстанда  окулган китептердин бетин ар бир адамга бөлгөндө, бир жыл ичинде 6 беттен гана туура келет. Демек, ар бир кыргызстандык бир жыл ичинде алты гана бет китеп окуйт.

Буга китеп дүкѳндѳрүнүн, китепканалардын дарегин билбегенибиз менен, тойканалардын аттарын айттырбай билгенибиз да айкын далил. Кайсыл тойкана кайсыл жерде жайгашканын, кайсыл тойкана азыр заманбап экенин да жакшы билебиз. Тойкананын мартабасын – жогорку, ортоңку, тѳмѳнкү деп бөлүп алганбыз. Күзгѳ чейин тытынып иштеп, күздүн алгачкы күндѳрүн той сезону башталды деп ачып алабыз. Ашыкча ысырапкорчулук менен ѳткѳн тойлор биринен-бири кезек талашат. Ошондуктан, азыр Кыргызстанда бизнесмендер акчасын өндүрүшкө эмес, а тойкана, кафе-ресторанга салат. Себеби, суроо-талап аларга көп.

Баалуулуктарыбызды өзгөртсөк…

Ырас, биз той-ашты таптакыр тыюу салып, өткөрбөй коюу керек деп айтып жаткан жерибиз жок. Ашыкча чыгымга, ысырапкорчулукка бөгөт койсок, пайда гана тапмакпыз деген эле ой. Тойлор өтсүн, жакшылыктар белгиленсин, бирок ал жашообуздагы башкы максат болуп, тапкан каражатыбызды жалмап, алтургай, карызга башыбызды батырбасын!

Учурда аш-тойлордогу ысырапкорчулукка каршы күрөш  коңшу ѳлкѳлѳрдө да жүргүзүлүп келет. Ɵзбекстан менен Тажикстан акыркы убактарда тойлорду ашыкча ысырапкорчулук менен ѳткѳрүүгѳ мамлекеттик деңгээлде тыюу салышты. Ушул сыяктуу эле чектѳѳлѳрдү Ош облусунун айрым бир райондорунда да кабыл алышкан. Ал аймактарда  аш-тойлорго көп сумма жумшалып, ысырапкорчулук боло турган болсо,  25-30 миӊ сом айып пул тѳлѳшүп, аксакалдар сотунун алдында жооп беришкен.

Жыйынтыктап айта турган болсок, маселени ушундай тыюулар менен чечүү керекпи же коомдук аӊ-сезимди, баалуулуктарыбызды, өнүгүү багытыбызды башка нукка өзгөртүшүбүз керекпи – бул бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандыктын өзүнүн жеке маселеси бойдон калууда.

One Reply to “Айжамал Түгөлбай кызы: Билимге эмес, аш-тойго кеткен миллиарддар”

  1. Эн жакшы жазылган , эл эмне дейт деп журуп ушуга келдик. Алыбызга жараша иш кылбай тапкан ташыган керектуу жакка жумшабай билип турсак да ысыраптын устуно ысырап, кесирлик , тогуп ыргытуу бул конумуш адатка айланды аны эч ким танбас. Жесе да жебесе да баары ысырап, эн туура кылат Озбекстан Таджикстан, бизде да жобо менен тыюу салыш керек антпесе кучогондон кучоп бара жатат. Той болсун, чакан болсун да ,осуп онгон турктордон деле коруп атабыз го тойлорду кандай откоруп жатышканын. Ден соолугунан айрылып куну туну жанын аябай иштеп тапканын сапырып ысырап кылып карызга белчеден басылып анан кайра темселеп кетет. Кыргыз эли ойлонуп , жети олчоп бир кесип иш кылалы .Жеп ичкичтерге тенелиштин кереги жок алар кандай жол менен таап атса, ошол жол менен чачат да басып кетишет. Куру намыс баш жарат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.