Улуттук университеттин көмүскө жагдайларын ким териштирет?

Биздин редакцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык факультетинин астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинин мугалими Шарабидинов Мирбек кайрылды. Ал аталган факультеттин деканы Рахат Сулайманова өзү жетектеген «Мугалим» журналын буга чейин студенттер менен мугалимдерди кыйноо жолу менен саттырып келгенин айтып берди. — Мирбек мырза, биздин редакцияга кайрылууңуздун себебин айтып берсеңиз? — Мен, Шарабидинов Мирбек Педагогикалык факультетинин (Буга чейин Педагоикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту болгон — ред.) астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинде мугалим болуп иштейм. Биздин факультеттин деканы Рахат Сулайманова илимий-педагогикалык «Мугалим» журналын […]

Бекташ Шамшиев: «Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк»

Тазагүл эженин поэзиясы тууралуу ушу ирет өзүнчө кеп кылуунун оролу келип туру. Акындын алгачкы ырлары мындан жарым кылым илгерээк жарыялана баштаганы менен, ыр китептери 80-жылдардан тарта чыга баштаган. Ага чейин эле ал акын катары таанылып, жазгандары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандарга белгилүү болуп калган. А кезде адабий турмуш азыркысынан кыйла кызыктуу, бай, анан да турмуш агымы күргүштөп, поэтикалык маанай жогору болчу. Эчен кылымдар азап-тозоктон башы чыкпай келген байыркы калк социализмдин шарапаты менен басма ишине ээ болуп, профессионалдык адабияты өнүгүп, өзүнчө […]

Харуки Мураками: Силерге Берта Бакарэк жагабы?

АҢГЕМЕ Урматтуу досум! Күн өткөн сайын тыш жылымык тартып, күндүн нурлары жаздын билинер билинбес жытын тартуулап жатат. Жашооңуз кандай? Иштериңиз жакшыбы? Сиздин  катыңызды алып кубанычта болдум жана жан дилим менен окуп чыктым. Айрыкча мускат жаңгагы кошулган котлет тууралуу жазганыңыз айрыкча жакты. Укмуш жазыптырсыз! Кадимки турмуштан алынгандай. Окуп жатып өзүм да ашкананын даамдуу жытын сезип, пияз туурап жаткан бычактын такылдаган үнүн уккандай болдум. Катты окуп жатып котлет жегенди көксөп кеттим. Анан ресторанга жөнөп калдым. Алардын менюсунда сегиз котлеттин түрү жазылыптыр —  […]

Азис Несин: Рыфат-бейдин эти эмнеден кычышты?

АҢГЕМЕ – Алло! Алло!.. Рыфат-бей! Салам досум! Көрүнбөй кайда жоголуп жүрөсүң? Канча күндөн бери дайының чыкпайт! – Кемал-бей, бул сенсиңби, кымбаттум! Ах, Кемал-бей… – Мен сени губернатордун кабыл алуусунда көрбөй, аябай тынсыздандым. Кечкисин да дайының чыкпай калды. Сен жок карта ойногондой болбой жатабыз…Ушунча убакыт кантип жашырынып жүрөсүң дейм да… – Айтпа, айтпа… А ден-соолук жөнүндө сурабай эле кой! – Эмне болуп кетти? – Оорулуумун, оорулуумун… – Вах! Дарыланыш керек, кымбаттуу эфендим! Сен мени аябай капалантып койдуң! А эмне болгон оору […]

Өзбек акындарынын Чыңгыз Айтматовду даңктаган ырлары

2018-жылдын 2-апрелинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын кеңири белгилөө тууралуу» жарлыкка кол койду. Ага ылайык кошуна өлкөдө Айтматовго арналган илимий, маданий иштер, телерадио көрсөтүүлөрү жана берүүлөрү жыл бою такай даярдалып келүүдө. Жогорку окуу жайларында, колледж жана лицейлерде, жалпы билим берүүчү мектептерде, аскер бөлүктөрүндө, эмгек жамааттарында, махалаларда жазуучулар, маданий ишмерлер менен жазуучунун 90 жылдыгына арналган жолугушуулар өтүүдө.  Биз төмөндө өзбек акындарынын Чыңгыз Айтматов тууралуу ар кайсыл жылдарда жазылган ырларынын кыргызча котормолорун […]