Тазагүл эженин поэзиясы тууралуу ушу ирет өзүнчө кеп кылуунун оролу келип туру. Акындын алгачкы ырлары мындан жарым кылым илгерээк жарыялана баштаганы менен, ыр китептери 80-жылдардан тарта чыга баштаган. Ага чейин эле ал акын катары таанылып, жазгандары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, окурмандарга белгилүү болуп калган.

А кезде адабий турмуш азыркысынан кыйла кызыктуу, бай, анан да турмуш агымы күргүштөп, поэтикалык маанай жогору болчу. Эчен кылымдар азап-тозоктон башы чыкпай келген байыркы калк социализмдин шарапаты менен басма ишине ээ болуп, профессионалдык адабияты өнүгүп, өзүнчө бир улуттук жаңылануу – ренессанс учурун баштан кечирип жаткан. Адабиятка коюлчу талап, чен-өлчөмдөр жогорулап, баштагы коммунисттик риторика, идеологиялык догмалардын ордун көркөм-эстетикалык баалуулуктар ээлеп, адабий процесс жогорулоо жолунда бараткан.

Тазагүл эже адабиятка аралашууга куштар болуп жүргөн кези 60-жылдар десек, кыргыз совет адабиятынын масштабы бул учурда жалпы союздук, дүйнөлүк деңгээлге чыга баштаган. Негизи эле 60-жылдардын улут адабиятына алып келген жаңылыктарын санап отурса оголе көп убакытты алаар эле. Себеп дегенде, улуттук көркөм сөздүн талабы бийиктеп, чыгармачылык атаандаштык күчөгөн чак эле. Алдыда үлгү болорлук, бийик эстетикалык чен өлчөмдөргө жооп бере алчу көркөм үлгүлөр жаралып калган. Кыргыз поэзиясында Алыкул Осмоновдун адабий мурасын жаңыча аңдоо, Сүйүнбай Эралиев баш болгон “алтымышынчылардын” өзүнчө бир толкуну чыгып калган. Мунун баары, албетте, жаңыдан адабиятка баш багып, чыгармачылыкка жан-оту менен берилип алган жаштарга жакшы таасирин тийгизбей коймок эмес. Акын болом деген кыздын көркөм табитине таасир көрсөтчү улуттук, орус жана дүйнөлүк поэзиянын көркөм салттарын окуп-үйрөнүү, өнөр сырын аңдоо, анан да ырды кандай жазуу керектигин түшүнүүгө жарарлык адабий салт калыптанып калган.

Бул жагынан Тазагүл Закированын муунуна биртоп оңой, ошол эле учурда жооптуу милдет тагылган. Бул жаңы муун 60-жылдарда өзгөчө байкалган мазмундук, формалык жаңыланууну, улут көркөм сөзүнө батыш адабиятынан ооштурулган көркөм эксперименттерди ары улап, поэтикалык сөздүктү дагы кеңейтип, байытышы керек эле. Айтса, мунун баары бир жагынан идеологиялык чектелүүдөн чыгып, мазмун форма жагынан байып, жапырт изденүү аракетине киришкен акындарга чоң милдеттер жүктөсө, экинчи тарабында мурдагыдай катуу болбосо да партиянын көркөм адабиятка илип койгон идеологиялык милдеттери бар болчу, “адам жанынын инженерлери” Ленин, партия, коммунисттин образы, социализм артыкчылыгы, интернационализм сындуу чылгый идеологиялык калыпка салынган теманы ырга салып турушу керек болчу.

Булардын артында жазылгандардын текши баарын калтырбай карап турчу цензура, кылычын кайрап идеялык айыпты жамай салчу адабий сын турчу.

Мына учуру келген экен, түбөлүк турчу делген саясый система “күп” этип урап түштү да, анын ордун базар-нарк мамилелери ээлеп, калемгерлердин түйшүгү көбөйдү, баштагыдай мамлекет эсебинен бапыратып китеп чыгаруу жок, жазгандарын окурмандарга сатып өткөрүү  автордун өзүнө түштү. Өңгөсүнөн да жаңы заман келгени катары калың окурман журтунун азайып кетишин айтпайсызбы. Иши кылып, улут адабиятынын ушу тапта топтолгон проблемалары көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Мунун баары калам кармаган пенде баласын ойлонтпой, улут көркөм сөзүнүн арасат тагдыры акыл-эстүү адамды түйшөлтпөй койбойт.

А бирок ушу кыйын кезеңде деле Тазагүл Закирова каламын таштабай, чыгармачылык ишин улантып келатат. Буга чейин акындын жыйырмадан ашуун поэтикалык жыйнактары чыгып, алардын биртобу чет тилдерге которулуп, кыргыз поэзиясынын таанымал  өкүлдөрүнүн бири болуп калды.

Поэзия анын жашоо-турмушу, дүйнө таанымы, анан да сыр жашырбас жаншериги болуп калганы үчүн болгон дүйнөсүн окурман алдына жайып отурбайбы. Бул сыйкыр дүйнөгө келип калышынын себебин акын көпчүлүк маектеринин биринде минтип белгилептир: Поэзияга бала чагымдагы жашоом аркылуу келип калдым окшойт. Атам менен энем биринчи мугалимдерден болчу. Атам 30-жылдары Тогуз-Торого барып мугалим болуп иштеген киши экен.Комузду мыкты чертчү, Атайдын күүлөрүн келиштирчү, Бектемир Эгинчиевдин ырларын аткарчу. Мен кичинекей кезде биздин үйдө Алымкул Үсөнбаев, Ысмайыл Борончиев, Мыскал Өмүрканова көп келчү. Таң атканча ырдап, комуз чертип отурушар эле. Атам Закир күү чертип, Мыскал эже ырдап таң атканча отурушчу. Ушулардын баары мага жакшы таасир калтырса керек. Кичинекейимде шок болсом керек, атам комуздун кулагын тиштетип койчу. Ошону тиштеп жатып томолонуп уктап калабыз да, эртең менен ойгонсом атам комуз чертип отурган болот.

Тазагүл эженин айылы Жалал-Абад шаарынын чыгыш ныптасында, Серүүн тоосунун Көгарт түзүнө жайыла берген жерде, жапыс боорду этектей жайгашкан. Андан азыраак жүргөндө чыгышынан Узакбай Абдукаимовдун айылы, адыр боорлоп батыш тарапка ат тизгинин бурса айтылуу Барпынын Ачысы турат. Мына ушундай керемет жерде төрөлүп, секелек кезинен ыр-күүгө, көркөм сөзгө жакын өсүп калган жайы бар. Айланасы бийик тоолор менен курчалган Көгарт талаасы жата. Алардын жайлоосу ошол бийик тоолор арасы, дабан ашса Тогуз-Торо, мелтиреп аккан касиеттүү Нарын дайрасы жатат.

Фергана өрөөнүнүн бир өңүрүн ээлеген Көгарт талаасы жазында жашыл жамынып, кышы жылуу, жайы ысык. Серүүндөн соккон жел саратан ысыктын демин кайтарып, бак-шакка чүмкөлгөн айылга салкындыкты алып келет. Бала кездеги жайлоого көчүү, кызыл-тазыл гүлгө оронгон тоо, мөңгү кеткен жерге буралып чыккан кымыздык, шаркырап аккан сай боюндагы бадалдарга аралаш чыккан батыркандар — мунун баары сезимтал кыздын тереңде катылып жаткан шык-жөндөмүн козгоп, кыял сезимин кытыгылаган ой туюмдарын кагаз бетине чүргөшүнө алып келген. Тоо ал кезде керемет болчу, кайберендер көп, тушардан келген чөптөр буруксуп, ачык асман алдындагы керемет жашоо өз нугунда өтө берчүдөй сезилчү.

Кыздын уялчаак дүйнөсүнүн көркөм формага көчүшү акыйкатта да өзгөчө маанилүү, поэзиянын керемет сырларынын бири. Сезимтал кыздын жан дүйнөсүн ээлеп алган ой-туюмдар, балалык, эне, жайлоо, комуз – баары кийин анын учкул поэзиясынын түгөнбөс темасына айланып, жарым кылымга жакын күүгө салынып келатат. А бирок ошол секелек кезиндеги сезимин ичиркенткен оор сезим ушу азырга чейин эсинен чыкпай жүрөт. Кыштын узун түндөрүндө, жайдын салкын кечтеринде өткөндү келиштире сүрөттөп, күндөлүк турмуштун көнүмүшүнөн таап, бирок аны асемдеп, уккан адамды кызыктырчу улуу кепти баштачу апасынан эрте айрылып, эстеген сайын эзилткен бул кайгы эне-бала темасына арналган чыгармаларынын дээрлик баарында кайталанчу мотивге айланып калды. “Седеп” деген ырында бул сезим кыйла ачык берилген:

Апакем седеп түймө кадап берди кемселиме,
Кубанчым батпай үйгө, кызыл жүрдү беттериме.
Өзүмчө чуркап жүрдүм, сүйүнчүм канат болуп,
Кармалап колум менен, күзгүдөн карап коюп.

Сүйүнүч чексиз-чексиз, мезгилдер өттү санак
Кызымды эркелетем, саамайын сылагылап,
А апамдын үйдөгү орду бош.

Арадан канча убакыт өтсө да, седеп тагынган кыз өзү балалуу болсо да эстен чыкпай калган убайым акындын көпчүлүк чыгармаларынан кездешет. Жашоо-турмуш жалаң эле кубаныч менен шаттыктан, балалык деген оюн-күлкүдөн эле турбастыгы, аны деле эрте келген кайгы мүнкүрөтүп салары, жашоо-турмуш ушундай оомал-төкмөл келет тура. Анткен менен, Тазагүл Закированын балалыгы кыйла эле кызыктуу, мазмундуу өткөн. Өмүр бою өкүт катары калчу кайгы келерден мурда үй толо мейман, комуз күүсү, улуу сөздү баштаган карылар дүйнөсү бар эле. Аларды акын көп эстейт,  өмүрүнүн эң бактылуу учурлары ушул экен.

Тазагүл эженин айтуусунда, атасы мугалим, комузга шыктуу киши болгон экен. Классикалык күүлөрдү черткен, өзү да күү чыгарган. Ал эми кызына жакын апасы сөзмөр, элдик уламыш, аңыз кептерди мыкты билген, уккандарын куюлуштура айтып берген өзүнчө эле бир кенч болгон. Бирин экинчиси толуктап, үйүнөн киши үзүлбөгөн жайыл дасторкон, өнөрпоздорду өзгөчө кадырлаган адамдардан кантип анан чоң акын чыкпасын?! Тазагүл Закирова улуу өнөрдүн учугун эне сүтүнөн, ата шыгынан алган, ата-бабасынан келаткан өнөрлүүлөрдүн тукумунан.

Ата-эненин көркөм сөзгө жакындыгы, кыштын узун түндөрүндө үйгө чогулган аксакалдарга “Манас” баш болгон баатырдык дастандарды окуп берүү кийин анын акындык дүйнөсүнө түгөнбөс көркөм кенч болуп кирген. Айылдагылар өзгөчө сый-урмат, бийик туткан дагы бир улуу дастан “Курманбекти” түн-күндөп угуштан айылдын аксакалдары түк тажашчу эмес. Анын үстүнө атасы ат бербей өксүтүп, калмактын колунан жарадар болуп, жарык дүйнө менен коштошкон баатыр тууралуу аңыз кептер айылда көп айтылчу. Курманбек баатыр баарына жакын, баскан изи өчөлек, баарына тааныш адамдай сезилчү. Сузактын Калмак-Кырчын айылына жуук Курманбектин “Кошаңы” дешип эки кылым илгерээк өткөн окуяны кара сөз менен баяндап бергендер, ырга кошуп айтчулар, атадан-балага аңыз кеп кылчулар ал кезде көп болчу.

Кийин Курманбек баатырдын күмбөзүн жаңыртып, баатырга байланышкан эстелик жерлерди көпчүлүк эл келип көрүп кете турган жайга айландырууда Тазагүл Закирова колунан келген аракетин жасады. Бул ишти ал Курманбек десе жүзү жайнап кетчү ата-энесинин, айылдаштарынын урматы үчүн жасады. Анан да Тазагүл эже коммунисттик доордо коомдук иштерге келгенде аябай активдүү болчу, жыйналышы болсо жыйналышында, кат десе каты, болбосо убакты-саатына карабай чуркап көздөгөн ишин аягына чыгармайын тынчу эмес.

Коммунист төбөлдөр ал кезде эжени угушчу, элдин эс сактамында калган баатырдын атын чыгарууну баары колдоп турушчу. Бала кезинен аң-сезимине сиңип калган эл оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрү акынды өмүр бою коштоп, анын кылымдар өтсө да эстетикалык жамалын жоготпой келатканына ушу азырга чейин таң. Айрыкча комуз күүлөрү. Азыр да атасынын комуз чертип отурганы эсине түшөт. Мерчем кылган өнөр секисине жете албай, ыбырсыган түйшүккө алданып, колду байлаган жумуштан бошой албай, залкарлар менен чогуу болбой калышынын эсесин чыгарып, ал киши айылга акындар, өнөрпоздөр келгенде үйүно чакырып, түн бою чер жазып, ошого канимет кылып бул дүйнөдөн өтүп кетти. Атасынын өнөрү Тазагүл эжени азыр да суктантып келет.

“Уктабай эле чертип аткансып, күү менен уктап, күү менен ойгонуп чоңойдум. Апам элдик аңызуламыштарды мыкты билчү. Кыштын узун түндөрүндө биздикине айыл аксакалдары келип, атам аларга “Эр Табылдыны” айтып, айрыкча Табылдынын Карлыгачка куш аркылуу кабар бердиргенин укканда ыйлабаган киши жок, укмуш таасирленип чыгышчу”, — дейт Тазагүл эже.

Айыл аксакалдарынын кызыгуусун арттырган дагы бир керемет булак —  кыргыз баатырдык эпосуна жакын Шота Руставелинин айтылуу “Жолбор терисин жамынган баатырдын” Алыкул Осмонов которгон китеби, кыргыз жазуучу-акындардын белгилүү чыгармалары болчу. Алардын колго тийгенин Закир ата кызына окутуп угуп, карыялар кыштын узун түнүнүн кыйласын өткөрүшчү. Айтса,  ошол сөздөр сезимтал кыздын эсинде калып, баары кийин поэзиясына бүтпөс тема болуп берген. Комуз күүсүн эшитип, китеп окутуп угуудан тажабаган  ошол керемет карылар сезимтал секелектин дүйнөсүнө көркөм сөз өнөрүнүн уругун сээп, бул ишке өмүрүн арнап коюшуна жол ачышкан экен.

Тазагүл эже балалыгын эскергенде үйүнө көп келишчү ошол карылардын “жомогун”  айтууну жакшы көрөт. Азыркыдай маалымат технологиясы айры бут пенде баласын байлап-тушап албаган, оозеки кептин баркы бийик замандын акырындап жок боло баштаган кезинде жашап калышы, өткөн заман жалаң кызыктуу  сөздө сакталып, сөз дүйнөсүнүн кереметин сезип чоңоюу, кийин ойлоп көрсө, капарсыз балалыгы аябай эле кызыктуу өткөн экен. Балалыктан калган элестер, жан дүйнөнүн “седеп” мончогу кийин ырга айланып, айыл, тоо Тазагүл Закированын бүтпөс темасы болуп калды.

Жашоодо мен таянган,
күч-кубат берип турган,
Киндик кан тамган жерим касиеттүү.
Каркайган бийик тоолор,
Түп-тегим жердеп келген.
Арчалуу коюнуна атыр жыт
гүл каптаган
жылгаларын,
булагы жай жатпаган,
тили ширин.
Оо менин Мекеним бар, Атажуртум,
Ошого таянамын!

Тазагүл Закированын поэзиясы жөнөкөй, сырдуу, жан дүйнөсүн жашырбай ачыкка чыгарып койгон кызык дүйнө. “Заман өзгөргөн сайын түшүнүк, көз караштар башкача боло берет экен. Мына эми Интернетти аңдып, «эмне болду экен» деп ушул заманга жетип келип калдык. Үйбүлөдөгү шарт, “уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың болуп поэзияга келип калдым окшойт”,- дейт акын  сыйкырдуу дүйнөгө келген учурун эстеп. Жарым кылым ашуун эч кимге айтпас ички сырын бөлүшүп, ал аркылуу өзүн таап, өзгөлөргө таасир берип келаткан поэзияны Тазагүл Закирова баарынан жогору коёт. Ошон үчүн ал аздек сезимин, өзү айткандай “ууз сезим шооласын” кагаз бетине “чачып” келет.

Чыгармачылыкка делген мындай өжөрдүктү ал атасынан алган болуу керек. Турмуш жолунда поэзияга анча деле коошпогон айрым кызматтарда иштеп, кийинчерээк өмүрүн маданият тармагына арнаганы менен, жан дили поэзия, адабиятка арналып, чыгармачылыктын  түйшүгүнөн ырахат таап келди.

Ырдан көрөм ууз сезим шооласын,
Тунгуч перзент ак маманы эмгендей.
Арып-чарчап улам айтып тообасын,
Чөлдөн тоолук тоосун эңсеп келгендей.

Ырдан көрөм булут челген бийикти,
Жапыстыкты тереңдикке чумкуган.
Махабатты, маанайы пас күйүттү
Санаа торойт, шайырлыкка умтулам.

Ырдан көрөм жылуу, назик сезимди,
Сүйүү отун куйкалачу аптабы.
Ырдап айтам сага арнаган сөзүмдү,
Түндө түрө ырлар жазып жапжаңы!

Тазагүл Закированын поэзиясына мүнөздүү бир өзгөчөлүктү белгилей кетиш зарыл. Акындын мындан жарым кылым мурда жазылган ырыбы же кийинки жазылгандарыбы – баарында анын сыр жашырбас ачыктыгы баамга урунат. Анан да ар бир сабынан кимдиги, жан дүйнөсү, пенделик турум-турпаты көрүнүп турат. Дегеле ал өзү сезген, жан дүйнөсүнөн бекем орун алган сезим-туюмдарын гана кагазга түшүрүп, эчен ирет электен өткөн ички сырын окурманга сунат.

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.

Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.

Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

Бул турмуш бири-экинчисине коошкон-коошпогон каршылыктарга толтура. Тагдырда арзып тапкан сүйүүсүнө жетпей калгандар, качанкы бир аруу сезимин эстеген сайын ичи эңшерилип, ошол мүнөттөрдү кайрадан жашап, ичтеги арманын кайда алып барып катууну билбегендер – мунун баары ушул ырда бар. Бул ыр ириде акындын жүрөгүнөн өткөн, качандыр бир кездеги ой туюмунан, сезим ыргагынан өнүп чыккан. Мүмкүн сулуулугуна манчыркаган кызды таштап кара тору бирөөнү ээрчип кеткен жигитке жолдонгондур.  Акындын сезимтал жүрөгүнө эмнелер гана таасир бербейт.

Ата журтум аксап калган торудай,
Уулуң кетип тириликтин артынан.
Атка минер алаканы жоорубай,
Жерди, кенди бөлүп сатат камчыдан.

Ата журтум санаа тартып калдыңбы?
Бүлүндүрсө бүтүлүүнү уулдарың.
Гулдөй турган, өсө турган өрүшүң,
Жайдакталып жайыт, өзөн куурады.

Илгери заманда граждандык лирика аталчу мына бул ыр эмне себептен кантип жаралып калганын айтпай эле коёлу. Сезимтал окурман ансыз деле акын эмнеге күйүп, эмнеге капа болуп атканын менсиз деле билет. Ал эми толугу менен келтирчү мына бул ырды акындын жана кеп башында белгилеген сыр жашырбас ачыктыгы деп койсок болот.

Армандар жеткирет дейт тилдегине,
Ал менин тамга баска жүрөгүмө.
Ай чырай, үлпүлдөгөн жигит сүйсө
Азоодой тээп, тиштеп из салыпмын,
Бөлтөйгөн балдан ширин илебине.

Чайкабай колуңду да тийгизе албас,
Келмесиз оюңду да билгизе албас,
Наристе бир жутумдук акак сымал,
Апакай сезимине шек келтирип,
Жигиттин сындырганым, шагын ырас!

Ар дайым алыстагы үмүттү ойлоп,
Өзүмдү сактай берип белгисизге,
Алдымда даяр бакка кесир кылып,
Көп тыйып напсимди, улутунуп,
Ооз тийбей жашап келдим ушул күнгө.

Өкүттө өттү күндөр айыбы жок,
Мен күткөн мырза уулдун дайыны жок.
Дагы эле көздөн учкан көк жээкти ойлойм,
Көңүлдө баягы кеч, балдай эрин
Эңсетип убалы анын ойдо жүрөт.

Таштан-ташка урунуп, күз келгиче буркан-шаркан түшкөн тоо суусу кышка тарта алдындагы майда таштары көрүнгөн мөлтүр тунук сууга айланып жай агып калат. Мынабул ыр Тазагүл Закированын жарым кылым жараткан поэтикалык саптарынын эң мыктысы, акындык маданияттын бийик чокусуна жеткенде таап алган табылгасы, көркөмдүгү жагынан теңдешсиз шедеври, кайталангыс керемети. Андан жалгыз акындын гана ички сырын укпайбыз. Пенде баласынын алга умтулган турмуш жолундагы жетишкендигине караганда мүчүлүштүгү арбын, сүйүүсүнө караганда өкүнүчү көп армандуу дүйнөнүн ачуу чындыгы деп кабыл алганыбыз туура болор. Дагы бир ырында акын:

Турмуш басып ийинимден аябай,
Унутканмын эрдик жайын, даңк жайын.
Балапан ооз ини-сиңди, мен да жаш,
Көтөрө алгыс түйшүк тартты жаш чагым.

Сааты келип, чоң энедей үй күтүп,
Тери ултарып, кийиз басып, тытып жүн
жасайт десе үй тирлигин моюндап,
жаштыгымды жөн күйдүрүп бүтүпмүн.

Тазагүл Закирова акындык тагдыр күтүп, бир келген өмүрдү чыныгы акын катары жашап келатат. Анын жашоо-турмушун, сезим дүйнөсүн билгиси келгендер поэзиясына кайрылганы оң. Анда Тазагүл Закирова деген эч кимге окшобогон бирөөрдү туурабаган, акты – ак, караны – кара деп тартынбай айта ала турган чечкиндүү, ошол эле кезде тартынчаак, уяң кыздын өзгөчөлүү дүйнөсүн көрө алабыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.