АҢГЕМЕ

Урматтуу досум!

Күн өткөн сайын тыш жылымык тартып, күндүн нурлары жаздын билинер билинбес жытын тартуулап жатат. Жашооңуз кандай? Иштериңиз жакшыбы?

Сиздин  катыңызды алып кубанычта болдум жана жан дилим менен окуп чыктым. Айрыкча мускат жаңгагы кошулган котлет тууралуу жазганыңыз айрыкча жакты. Укмуш жазыптырсыз! Кадимки турмуштан алынгандай. Окуп жатып өзүм да ашкананын даамдуу жытын сезип, пияз туурап жаткан бычактын такылдаган үнүн уккандай болдум.

Катты окуп жатып котлет жегенди көксөп кеттим. Анан ресторанга жөнөп калдым. Алардын менюсунда сегиз котлеттин түрү жазылыптыр —  техас, калифорния, гавай, япон… Техас котлети  — жөнөкөй, эч нерсе кошулбаган. Болгону абдан чоң. Гавай котлети – ананастын бөлүкчөлөрү кошулган. Калифорня котлети… Эмне кошулганын унутуп жатам. Япон котлети – майдаланган чамгыр менен. Ресторан – модалуу, официанткалар – татынакай, бардыгы мини-юбкачан.

Бирок мен ресторанга анын интерьерин изилдегени же официанткалардын сандарын көргөнү келген эмесмин да. Эч кошулмасы жок, жөнөкөй  котлет жегени келгем. Мен официанткага ошентип эле айттым.

Ал болсо: “Кечиресиз, биздин ресторанда андай – эч нерсе кошулбаган котлет берилбейт”, — дейт.

Эми мында официантканын деле күнөөсү жок деңизчи. Ал менюну түзбөйт, жумушта кандай юбка кийишти да ал чечпейт. Полго түшүп кеткен вилканы алымыш болуп, клиенттин алдында трусиктерин көрсөткөндү ким эле өз эрки менен аткарсын. Ошондуктан мен күлдүм да, гавай котлетин заказ кылдым.

— Ананасты жебей койсоңуз да болот, — деп кеңеш берди официант.

Турмушуң кызык  да. Жөнөкөй эле котлет жегиң келет, анын ордуна ананасы жок гавая котлетин аласың.

Баса. Сиз кадимки, жөнөкөй эле котлет жазагансыз да, туурабы? Мен катыңызды окуп атып: “Ох ата, жеп көрсөм эмне”, — деп ойлодум.

А вокзалдагы билет саткан автоматтар тууралуу жазганыңыз бир аз үстүртөн болуп калыптыр. Чынбы? Таамай байкагансыз, бирок окуп жатканда “сүрөт” көрүнбөйт. Сиз менин сынымды катуу албаңыз. Биз түбөлүктүү нерсе жазып жаткан жерибиз жок да.

Дегинкиси мен Сиздин бул катыңызга “төрт” коём. Сиздин жазганыңыз барган сайын жакшы жазыла баштады. Негизгиси – ачууланбаңыз. Кезектеги катыңызды күтөм. Эртерээк жаз келсе болот эле.

12-март.

P.S. Печеньеңиз үчүн  чоң рахмат. Абдан даамдуу экен. Бирок биздин фирманын эрежеси каттан башка алыш-бериштерге тыюу салат. Башка убара болбоңузчу, суранам.

Дагы бир жолу ыраазылык билдирем.

P.S. Сиз мурдагы катыңызда жазган жолдошуңуз менен Сиздердин ортоңуздардагы “психологиялык көйгөй”  жакшы жагына чечилишин каалайм.

Мына, бир жыл бою мен ушуну менен акча таап жүргөм. Анда мен жыйырма эки жашта элем.

Идебаси шаарчасында “Кат жазуучулар достук коому”, —  деп бир укмуш аталган фирма менен келишим түзүп, айына отуздан ашык ушундай каттарды жазуу милдетин алгам. Ар бир катка эки миң иена төлөнүүчү.

Фирманын “Сиз дагы адамдардын жүрөгүнөн орун табуучу кат жаза аласыз” деген урааны бар эле. “Коомго”  мүчө болуп кирүү үчүн мүчө акы төлөнүүчү. Андан кийин  ай сайын мүчө акы төлөнүп, “Коомдун” дарегине айына төрттөн кат жазуу талап кылынуучу.  Мага окшогон “устаттар” тарабынан алар редакцияланып, жогорудагы котлет тууралуу жазылгандай,  кандай таасир калтыргандыгы тууралуу  пикир жана нускамадан турган жооп жазылчу.

Аялдарга – эркек “устат”, а эркектерге – нускоочу болуп аял дайындалчу. Мага он төрт жаштан элүү үч жашка чейинки  жыйырма төрт “Коомдун” мүчөлөрү бекитилген  эле. Бул топтун өзөгүн жыйырма бештен отуз бешке чейинки аялдар түзүп, башкача айтканда, мен нускоочу болгондор дээрлик менден улуу болчу.

Ошондуктан биринчи айда абдан кыйналдым. Анткени мен кат жазышып жаткан аялдардын көпчүлүгү менден жакшы жазчу жана “кат алышуу” боюнча менден бир кыйла бийик тажрыйбалары бар эле. А мен байкуш буга чейин бирөөгө кат деле жазып көрбөптүрмүн. Ошондуктан биринчи айда  кара тер басып кыйналып жазып  жүрдүм. Бир ай өттү, эч ким деле менин эпистолярдык шыгыма сын айткан жок. Андан да фирмада —  “өзүңүздү абдан жакшы жагынан көрсөттүңүз” дегендей мактап салышты. А үч айдан кийин менин “баалуу кеңештеримдин” аркасында “клиенттер” мурдагыдан жакшы жаза баштады деген пикир орноду. Кызык да!  Алар мага чындап ишенип, мен чынында эле “клиенттерге” кандай жазышты үйрөтө алат деп ишенишкен көрүнөт.

Ал кезде мен түшүнбөптүрмүн, азыр ойлосом кептин баары мен кат алышкан аялдардын бардыгы жалгыздыктан жапа чегип жүргөндүгүндө окшобойбу. Алар жөн эле бирөөлөр менен бирдемелерди жазып, ой бөлүшүп тургусу келген окшойт. Бирөөлөргө колдоо көрсөткүсү келип, өздөрү да бирөөлөрдөн  колдоо көксөп.

Ушул эпистолярдык гаремде жалкоо тюлендей болуп, өзүмдүн жыйырма бир жашымдын кышын жана жыйырма эки жашымдын жазын өткөрдүм.

Мага түрдүү каттар келчү – тажатма, тамашалуу, кейиштү… Ушул жылы  мен өзүмдү эки же үч жашка чоңоё түшкөндөй сездим.

Бир себептер менен бул жумуштан кетүүнү чечкенимде мага бекитилгендердин бардыгы капа болушту. Мен дагы бир аз… бирок, чын-чынына келгенде, бул иш кичине зериктире баштады… ошол эле кезде алар менен кол үзгүм да келбей…  Кийин адамдар мени менен өз ойлорун ушундай ачык бөлүшпөйт деген ойдо болуп…

*     *     *

А жанагы аялдын мага жазган  котлети боюнча — мен аны жеп көрдүм.

Отуз эки жаштагы аял. Балдары жок. Күйөөсү белгилүү соода компаниясында, ушундайлардын  бешөөнүн бири болгон компанияда  иштейт. Мен ал аялга иштен кетип жатканымды, ушул айдын аягына чейин гана иштээримди жазгам. Ал жооп катында жөнөкөй котлет жасап берүүгө убада кылып, мени үйүнө чакырды.  “Кат жазуучулар достук коомунун” эрежесине көз жумуп, барууну чечтим. Жаштарга мүнөздүү болгон кызыгуума берилип кеттим көрүнөт. Болгону, жыйырма эки жашта элем да.

Ал Одакю тилкесинде жашайт экен. Балдары жок түгөйлөргө төп келген, тыпырайган квартира. Эмерек, лампалар, люстра, анын свитери – бардыгы   кымбат баалуу болбогон менен, ыңгайлуу. Аял мен ойлогондон бир топ эле жашыраак көрүнөт экен. Ал дагы мени ушундай жаш экендигиме таң калгандай болду. “Кат жазуучулар достук коому” өздөрүнүн “устаттарынын” жаш өзгөчөлүгүн жарыя кылганды жактырчу эмес.

Бири-бирибиздин жашыбызга болгон адашуу сезимдер айтылып, аны менен кошо биринчи жолукканда пайда болчу ыңгайсыздык да жоюлду. Поездге кечигип калган жүргүнчүлөрдөн бетер, котлет жеп, кофе ичтик. Үчүнчү этаждагы квартиранын терезесинен  өтүп аткан электричкалар көрүнөт. Бул күнү аба ырайы да жакшы, кошуна үйлөрдүн балкондорунда шейшеп, одеалдар  жыш илинип, шамалга делпилдеп үн чыгарат. Алардын үнү да кызык, суусу жок кудук түбүнөн чыгып жаткандай.

Котлет абдан даамдуу экен: мурчу да өз деңгээлинде, жакшы куурулган, чыктуу. Соусу да сонун. Мен бул жөнүндө кожейкеге айтсам, кубанып калды.

Биз кофени бүтүрүп, пластинканын Берта Бакарэктин музыкасынын коштоосунда турмуш тууралуу сүйлөшүп жаттык. Мен өзүм жөнүндө эмне айтмак элем, көбүнчө ал сүйлөп жатты. Студент кезинде жазуучу болгусу келген экен, Франсуаза Сагалды, анын “Сиз Брамсты жактырасызбы?” чыгармасын айрыкча жактырчу экен. Мен деле Франсуаза Сагалга каршы эч нерсе айта албайм.  Дегинкиси, Сагал мен үчүн, кээ бирөөлөр ойлогондой, анча деле тажатма жазуучу сезилчи эмес.

— Мен мындан кийин жазбайм, — дейт аял.

— Дагы кеч эмес,- деп жубатканга аракет кылам.

Ал күлүп:

— Мындан кийин жазбай эле коюшума сиз түрткү болдуңуз, — деди.

Мен кызарып кеттим. Жыйырма эки жашымда кенедей бир нерсе болсо эле кызарып кетчүмүн.

— Бирок сиздин каттарыңызда жүрөктөн чыккан, адамдын жан дүйнөсүн ойготкон кызыктуу окуялар бар эле.

Ал эч нерсе айтпай жылмайып койду. Анын жылмайганы араң эле, билинер билинбес чыкты.

— Сиздин катыңызды окуп котлет көксөп да кеткен элем…

— Сиз ошол кезде  жөн эле ачка болсоңуз керек, —  деди акырын.

Балким, ошондой болушу да мүмкүн.

Тышта рельсаларды такылдатып электричка өттү.

*     *     *

Саат беш болду. Мен кетүүгө кам ура баштадым.

— Мен кетейин. Сиз да күйөөңүзгө кечки тамагын даярдайсыз го.

— Көйөөм абдан кеч келет. Абдан, — жаагын колу менен жөлөп күбүрөйт. – Дайыма түн бир оокум болгондо кайтат.

— Колу бошобойт көрүнбөйбү?

— Ошондой го. Бир аз унчукпай калып: — Ал экөөбүз да анча жакшы мамиледе болбой жүрөбүз. Мен сизге жазбадым беле… —  деп кошуп койду.

Мен эч нерсе дей алган жокмун.

— Жакшы анда, — дейт акырын. Үнү чындап эле бардыгы жакшы болгондой чыкты. – Мага кат жазып турганыңызга рахмат. Сиздин каттарыңызды мен берилүү менен окуучу элем…

— Мен дагы. Котлетиңиз үчүн рахмат.

*     *     *

Ушуга чейин арадан он жылдай өтсө да, Одакю тилкесиндеги аялдын үйүнүн жанынан өтүп баратканда, кыртышы кырчылдата куурулган, даамдуу ошол котлет эсиме түшөт. Анын квартирасынын терезелери эсимде жок, бирок  ал дагы эле жалгыз, өзү менен өзү болуп Берта Бакэректи угуп жаткандай сезиле берет.

Балким ошондо калып,  аны менен болуп койсом да болот беле?…

Мына ушул тууралуу эле жазайын дегем.

… Билбейм.

Жылдар өтүп, адамдын эс-акылы толгон менен, көп эле нерселер түшүнүксүз бойдон  кала берет экен.

Орусчадан оодарган Марсел Исаков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.