Биздин редакцияга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык факультетинин астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинин мугалими Шарабидинов Мирбек кайрылды. Ал аталган факультеттин деканы Рахат Сулайманова өзү жетектеген «Мугалим» журналын буга чейин студенттер менен мугалимдерди кыйноо жолу менен саттырып келгенин айтып берди.

Мирбек мырза, биздин редакцияга кайрылууңуздун себебин айтып берсеңиз?

— Мен, Шарабидинов Мирбек Педагогикалык факультетинин (Буга чейин Педагоикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту болгон ред.) астындагы Кесиптик педагогикалык колледжинде мугалим болуп иштейм. Биздин факультеттин деканы Рахат Сулайманова илимий-педагогикалык «Мугалим» журналын жетектейт.

«Мугалим» журналы жеке менчикпи же университетке караштуубу?

— Журнал учурда Рахат Токтогуловнанын жеке менчиги болуп эсептелет. Буга чейин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтуна караштуу болчу. Журналга байланыштуу Р. Сулайманованын өзүм-билемдиги көп катталган, ал боюнча биз өзүнө дагы кайрылганбыз. Кандай өзүм билемдик деген суроо туулат, Сулайманова студенттер менен мугалимдерди журналды сатып алууга мажбурлачу. Мисалы, бир студент сабакты көп калтырса, ага 40-50 журнал саткан күндөрү болгон.

Андан сырткары, Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун айрым техникаларын чыгарып кеткен. Мисалы, бизде интерактивдүү доска бар эле, аны чыгарып кеткен. Андан сырткары баасы 50 000 сомдук фотоаппаратты алып кеткен. Ал биздин факультеттин иш-чараларына колдонулбай эле «Мугалим» журналынын ишмердүүлүгү үчүн колдонулуп жатат.

Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту болуп турган кезинде бүтүрүүчүлөрдөн 500 миң сомго жакын акчаны ремонт иштери үчүн деп чогултуп алган. Кийин биз ошол акча тууралуу сураганыбызда «Ал акча сакталуу, биз аны керектүү учурда жумшайбыз»,- деп айткан. Бирок акыркы убактарда ал акчаны албагандыгын айтып жатат.

Ал акчаны качан чогултуп алды эле?

— Акчаны 2012-2013-жылкы бүтүрүүчүлөрдөн институттун ремонт иштерине деп чогулткан. Бирок акыркы учурларда ал акчаны албагандыгын айтып танып жатат. Күч органдарына кайрылуу үчүн ошол кездеги бүтүрүүчүлөр арыз жазышы керек экен, биз ошол бүтүрүүчүлөрдү таппай жатабыз. Ошол себептен биздин суроо-талабыбыз алсыз болуп жатат.

Ремонт иштери үчүн университеттин бюджетинен атайын акча бөлүнөт ко?

— Ооба, ремонт үчүн атайын акча бөлүнөт, бирок аны шылтоо кылып мыйзамсыз чогултуп алган да. Экинчиден, биздин инженер-программист бала «Мугалим» журналында дизайнер болуп иштейт, айтымында, ал жактан айлык албай, бизден 1,5 ставка менен иштейт. Университеттин көпчүлүк корпустарында инженерлер 1 ставка менен иштейт, биздин инженер толук жумуш убактысын бизде өткөрбөй, көбүнчө ошол жакта иштейт. Кайсыл жерде иштеп, кайсыл жерден айлык алуу ар кимдин өз иши, бирок бизде мыйзам бузуу болуп жатат да.

Андан сырткары, «Мугалим» журналынын ар кандай иш-чараларында студенттерди алып барат. Студенттин өз алдынча иши деген болот, ошонун ордуна ар кандай иш-чараларына билет саткан учурлар болгон. Мен ага кирип, «Эже, бул кылганыңыз туура эмес, студенттерге билет сатканды токтотуңуз»,- десем, «Студенттер өз алдынча ишти 70-80 сомго баары бир интернеттен чыгарып келишет да, андан көрө ошол жакка барып келишкени жакшы»,- деп кайдыгер карап койгон. Туура эмес иштерин ачык айтып чыкканым үчүн мени өзүнө душман катары көрөт.

Сиз айтып жаткан маселелер боюнча университеттин жетекчилигине кайрылдыңызбы?

— Мен аларга кайрылган жокмун, кайрылуунун кажети жок деп эсептейм. Анткени, бизде эмне болуп жатканын өздөрү көрүп турушат. Жетекчилик «Мугалим» журналын университеттин профсоюзунун кээ бир иш-чараларына демөөрчү катары киргизип коюптур, демек, жетекчилик тарабынан эч кандай жыйынтык болбойт деп ойлойм.

Мен муну менен декан иштен кетсин деген жайым жок, болгону — бул жакта болуп жаткан иштерди коомчулук билсин деген ой.

Азыр декан менен мамилеңиз кандай?

— Анын туура эмес иштерин ачык айтып чыккандан бери экөөбүздүн мамилебиз солгундап кеткен. Р. Сулайманова өзүнүн журналын мугалимдер аркылуу студенттерге да саттырган күндөрү болгон, ошонун баарына каршы чыккандыгым үчүн мени өзүнө душман катары көрөт.

Студенттер бул боюнча нааразылыгын айтып чыгышпадыбы?

— Эгерде, жөнөкөй мугалим мындай ишти кылса, жетекчилик тарабынан катуу кысым болуп, ал иштер токтоп калат. Студенттер нааразылыгын билдиришкен, бирок иштин башында жетекчилик тургандан кийин маселе чечилбейт экен да.

Кээде, студенттер үй-бүлөлүк шартына байланыштуу окууга келе албай калышат. Ошол студенттерге 20-30дан журналды саткан учурлар болгон. Бир студент бала окууга келбей калган экен, 30 журналды карматып коюптур, студент ал журналдарды таштандыга ыргытып салганын өз көзүм менен көргөм.

«Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунун өткөргөн сурамжылоосуна Р. Сулайманова катышып, студенттерди кыйнап өзүнө добуш бердирген, ал боюнча менде фактылар бар.

Бул боюнча аталган факультеттин деканына кайрылып, айтылып жаткан дооматтар канчалык негиздүү экендигин сурадык. Декан Рахат Сулайманова коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке какты.

Сиз студенттерден ремонт иштерине деп 500 000 сом чогултканыңыз чынбы?

— Биринчиден, менин наамыма айтылып жаткан кептердин баары жалган. Мен студенттерден эч убакта акча чогулткан эмесмин, ремонттук иштер институттун эсепбинен жасалат.

«Мугалим» журналын студенттер менен мугалимдерге кыйнап сатасызбы?

— Жок, эгер студенттер же мугалимдер ошол журналга өздөрү чыгып, же ушул журнал мага керек деп өздөрү кааласа алат. Эч качан кыйнап, мажбурлап саттырмай жок.

Мурда студенттерге мажбурлап билет саттыргансызбы?

— Эч качан студенттерди кыйнаган эмесмин.

«Элим барсыңбы?» фондунун сурамжылоосуна студенттерди кыйнап өзүңүзгө добуш бердиргенсизби?

— Жок, студенттер кааласа добуш берет, каалабаса бербейт. Биз эч кимди кыйнай албайбыз.

Булак: racurs.kg

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.