Дилазык: Бакыт жана кырсык

Көп жашаган кытай дыйкан бүт өмүрүн ак эмгек кылуу менен өткөрдү. Ал узак өмүрүндө байлык топтогон жок, бирок акылмандуулукка ээ болду. Ал уулу менен эртеден кечке талаада иштечү. Бир күнү уулу атасына келип мындай деди: – Ата, кырсык болду, атыбыз жоголуп кетти. – Сен ага кайгырба, ат жоголгону кырсык деле эместир, аны убакыт көргөзөт, — деди атасы. Бир нече күндөн кийин уулу кубанып чуркап келди: – Ата, кандай бакыт, биздин ат дагы бир атты ээрчитип келип калыптыр! – Аны сен […]

Назгүл Осмонова: Пастернак кыргыз тилинде – мүмкүн эместиктердин мүмкүндүгү

«Вероятно, ни один человек не может быть поэтом, не может даже любить поэзию, если он, хотя бы в малой степени, не душевнобольной» (Томас Бабингтон Макелей – британский госдеятель, поэт, историк). Киришүү Акындар мага мезгилдер менен доорлорду туташтырып, байланыштырып, өздөрү жашаган учурдун асылдыктарын кийинки кылымдарга жеткирип турган үзүлбөгөн алтын жип сыяктуу сезилет. Алардын ар бири өз заманын ырга салат. Ошол кылымдын кайгы-кубанычын, ак-карасын, чындыгы менен жалганын жалындуу жүрөгүнөн, ыпысык кан тамырынан өткөрүп, ырга айлантып, жан дүйнөсүнүн ыпысык толкундарын кошуп окурманга сунат… […]

Болотбек Таштаналиев: «Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес

Акыркы жылдарда Интернет желесиндеги социалдык түйүндөр таасирдүү күчкө айланып, коомдук аң-сезимдин көңүлүн өзүнө бурган, коомдук ой-пикир жараткан да социалдык кубулушка айланып баратат. Мына ошол социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында жазуучу-драматург С.Раевдин айрым ырларын социалдык түйүндөргө жүктөп: «Пай-пай, Султан палвандын ырларын түшүнүү үчүн бир кылым керек окшойт» деп, ары тамшанып, ары баш чайкап, комментарий жазгандар арбын. Антип комментарий бергендердин аты-жөнү тааныштарынын айрымдары адабияттын күңгөй-тескейин түшүнгөндөр болсо, колуна жаңыдан калем кармаган ыр ышкыбоздору да аз эмес. Жазуучу-драматург Султан Раевдин минтип акын катары өз […]

Касым Кушубеков: Тоолорго таң эрте атат

(Айыл аңгемелери) Атам Кедейбай уулу Кушубекке арнаймын. КИРИШ СӨЗ ОРДУНА Тоонун үстү шоолаланып, ааламды чүмбөттөгөн караңгылык уурданып, түрүлүп баратты, бир чети сүрдүү, бир чети ажайып көрүнгөн бул шоокум али уйкуда ныксыраган тиричиликке жан киргизип жаткансыйт. — Тоолорго таң атты,— деди тоо тарапты карап турган уулу. — А-а, баракелде… Мунусуна да шүгүрчүлүк. — Атасы мелтиреп бир калыпта. — Таңкы ырыскыдан «куру калбай эрте туруп жүр, уулум. — Таңкы ырыскы деген эмне, ата? — Таңкы ырыскыбы?..— Асиз чал аса-муса таягына сүйөнүп ойлуу. […]