Акыркы жылдарда Интернет желесиндеги социалдык түйүндөр таасирдүү күчкө айланып, коомдук аң-сезимдин көңүлүн өзүнө бурган, коомдук ой-пикир жараткан да социалдык кубулушка айланып баратат. Мына ошол социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында жазуучу-драматург С.Раевдин айрым ырларын социалдык түйүндөргө жүктөп: «Пай-пай, Султан палвандын ырларын түшүнүү үчүн бир кылым керек окшойт» деп, ары тамшанып, ары баш чайкап, комментарий жазгандар арбын.

Антип комментарий бергендердин аты-жөнү тааныштарынын айрымдары адабияттын күңгөй-тескейин түшүнгөндөр болсо, колуна жаңыдан калем кармаган ыр ышкыбоздору да аз эмес. Жазуучу-драматург Султан Раевдин минтип акын катары өз окурмандарын таап, таап гана тим болбой, таңгалдырып, «дагы канча кылымда түшүнөбүз» дедиртип таңдандырып турганы бизге «интрига» жаратты. «Миң уккандан бир көргөн» деп, акын-драматургдун «Антистандартын» барактап көрүп, тамшандыра турган, таңгалтыра турган эч нерсе таба албай, аябай бушайман болдук. Китепке жазылган баш сөздү окуп, «чыныгы поэзияны түшүнө албайбызбы» деген күдүк ой да жаралды.

Анда, С.Раевдин ырларын окурман менен чогуу окуп көрөлү. Ыр жыйнак «…Анти ойлор огубу чагылгандын?» деген ыр менен ачылат. Батыш адабиятында 1920-жылдары пайда болуп, 1920-60-жылдарда бүтүндөй Европага, Түндүк жана Түштүк Америкага, Африка, Азияга, 1980-жылдарда Австралияга тараган сюрреализм деген багыт бар. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү болгону менен, адабиятка кеңири сиңип, тамыр жая алган эмес. 1960-жылдарда верлибир менен бирге бул агым бизге да келген. Анын серпиндилери бизде да, айталы акын Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Таалайбек Шаршеналиев ж.б.да кездешет. Бирок Ракең ыр генийи эмеспи, аны кыргыз кыртышына тууралап, шырымал чапан, ак калпак кийгизип койгон. Ошондон улам, окурман Ракенин – Ыр акенин ырларын өгөйлөбөй кабыл алат, дароо сиңирет.

Т.Муканов да аны кыргыз кыртышына чебер отургузган. Т.Шаршеналиевдин ырларынын да кызылы кызыл, агы ак болуп, кыргыздын духу сезилип турат. А С.Раевде Батыштын сюрреалисттик духу ошол бойдон кала бериптир. Батышка көп каттап, падыша айымдарга кол берген жазуучу-драматург Батыш духун кыргыз ыр кыртышына жакындатканга аракет кылбаптыр:

«Куруган анти сезим, каршылык, анти ойлоо,
Анти дүйнө, анти сөз, анти жашоо,
Түгөндү анти амал… Антейдин таманында.
………………………………………………………………………
Чыркыраган чындыкты чаңда калган,
Чыйкан сымал денемден сыккым келет.
Чечекейди чеч кылган чечим менде:
Өзүмдөн өзүм ойлорду тангым келди,
Дүйнөнүн түзүлүшүн чангым келди,.
Өзүмө өзүм бетме-бет анти чыгып!..» («…Анти ойлор огубу чагылгандын?» 6-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«Антистандарт», «анти», «Антей» ж.б. түшүнүктөрдүн баары окурман үчүн түшүнүктүү эле, түшүнүксүз эмес. Бирок ырды «анти» деген сөзгө шыкап салса эле, башаламан, чачкын, кунарсыз, кыргыздын аң-сезимине жат, чоочун ой бүркүндүлөрү антистандарт ыр болуп калбайт эмеспи. Бул ырды окуган окурман автор эмнени айткысы келгенин таба албасы бышык, автор деле өз оюна өзү чалынып, айтайын деген оюнан адашып калгандай. Ким билет, антистандарт деген ойдун тузу ошондо катылып жүрбөсүн!??

Автордун кийинки ыры «Кыргыз дух» аталат да, ыр саптары жаа жана жаага кере тартылган жебенин көрүнүшүндөй жайгаштырылган. С.Раев кыргыз духун жаа менен жебеге салыштыргысы келгенин «Жебенин огундабы?..», «Атылган көк жебе» ыр саптарынан боолголоп түшүнсөк болот. Эгер андай болсо, талаш жок, дурус. Минтип символдор аркылуу жазуу сюрреализм багытынын символизм агымынын өкүлдөрүнө мүнөздүү көрүнүш.

Адатта, кыргыз духун бүркүткө, күнгө, тоого, дарыяга да салыштырабыз. Эгер, автор кыргыз духун жебеге эмес, бүркүткө салыштырса, анда ырдын сырткы көрүнүшүн кандай тартаар эле? Бул ыр деле антистандартка жатпайт. Муну Батыш духундагы, кыргыз ыр кыртышына чоочун сюрреализм десек болот.

Кийинки бир ыры «Асимметрия» аталат. «Симметрия» геометрия, физикага, кыскасы илимге, ал эми «асимметрия» поэзияга эмес, искусствого тиешелүү түшүнүк. Ырдын акыркы саптарындагы

«………………………………………………..чылык,
Койнуңа бир кумалак кирип алган», — дегенди албаганда, бул сегиз сап ырдын алдыңкы алты сабынын ар бир сабы чылгый «кыргыз» деген төрт сөздөн куралган. Антистандарт акындын бул асимметриясы чылгый символика, дадаизм. Жаңылбасак, биерде эч кандай асимметрия жок. («Асимметрия», 12-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

Андан арылап барганда, С.Раевдин «абстрАКЦИЯ» ыры бизди айран таңгалдырды. Тамшана турган керемет ыр, чыныгы поэзия болгону үчүн эмес, медициналык, ветеринардык, саясый түшүнүктөргө поэтикалык түшүндүрмө бергени жана поэзияга эч кандай тиешеси жок түшүнүктөрдү зордоп апкелип эле ырга айландырганы үчүн.

«Эртели-кеч,
Жыйырма төрт саат,
Жаагын жанып,
ТВнын баары
Рекламалайт,
Какшанат, кебин жанат,
Дүйнөнүн катындарын каптагансып,
Топон суудай аккансып,
Этек кири
М е н с т р у а ц и я.» («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

С.Раевдин антистандарт акын болгусу келгенине кызганыч жок. Болсун. Бирок антистандарт ыр жазыш үчүн «менструациядан» башка сөз таба албай калдыбы? Жер баарын көтөргөндөй, ыр да көтөрүмдүү, сөз да көтөрүмдүү, эмнени жазсаң, айтсаң көтөрө берет. Арийне, бирок бир талашсыз чындык бар: ПОЭЗИЯ — порнография эмес. ПОЭЗИЯ менен порнографияны чаташтырбаш керек.

«абстрАКЦИЯда» андан ары иллюстрация, люстрация деген сөздөргө түшүндүрмө берилет, анысына болуптур дейли, андан ары С.Раев:

«Сезимдер сенек,
Инплотан чиновниктер,
Оозунан чаңы чыгып,
Какшытып саясатты,
Тилинин сөөгү сынган,
Импотент өздөрү да,
Сүйлөгөн сөздөрү да,
Эчтеке өспөй калды,
…Измине…
Изине да,
Саясат анонизм,
Кутурган,
Кургак учук,
Куру чөп ооз арчытып,
Кургап калган.
Саясат метастазын,
Мээсине үйүп алган,
Жашоонун экстазын,
Унуткан катын да,
Үмүт үзүп,
Көнүп алган,
М а с т р у б а ц и я», — («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет) деп, «маструбация» деген медициналык түшүнүккө түшүндүрмө берип жатпайбы, кашайгырдыкы десе. Анан аны менен тим болуп калбай:

«Тукумун кырабыз,
Туюк кылып салабыз,
Баскан жолун,
Кырка чаап балта менен,
Кекиртегин сыгабыз.
Кертмегин да,
Аябайбыз, койбойбуз,
…быз
быз,
быз…
пыс… көчүктү кыс!..
(Не сүйлөйсүң ызылдап,
Көмөкөйдө көрүнүп,
Турса баары!..)
Коррупционер, ии сени!
Кылыш керек кырка чаап
К а с т р а ц и я», — («абстрАКЦИЯ», 19-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет) деп бул жолу ветеринардык түшүнүктүн поэтикалык чечмеленмесин жазат да, поэзияга «революция» жасагысы келген антистандарт акын:

«Ты дурак!»
«Сам дурак!», — деп окурмандын ким экенин көзгө сая көргөзө келип, ырын «тегерек туштун баары» «менструация, иллюстрация, маструбация, люстрация, кастрация» деп аяктайт. Көрсө, биерде антистандарт деле эч нерсе жок экен, болгону С.Раев «абстрАКЦИЯсы» аркылуу окурманга ушуну айткысы келиптир. Жугумсуз сөздөрдү сындырып, тепкич-тепкич кылып, ыр сыпатын жасап, келегей, чолок ойлорду айтып койсо эле ыр болуп калабы? Автор жалгыз өзүн ыр генийи, калган окурмандарды ырды түшүнбөгөн кемпай ойлойбу?

Бул ырга ким кандай комментарий берсе, ал өз эрки, биз башкаларга өз оюбузду таңуулагыбыз да келбейт, бирок бул ырда «менструация, иллюстрация, маструбация, люстрация, кастрация» деген интимдик, медициналык, ветеринардык поэзияга жат түшүнүктөрдөн башка эч кандай баалуулук жок, бул талашкыс чындык. С.Раев адабиятка жаңыдан аралашып, телчигип, өз жолун таппай жүргөн жаш талапкер, болбосо адабий чөйрөдөн куугунтук жеген, коомдон куулган диссидент болсо, анан ушундай ыр жазса бир жөн эле.

Ал Кыргыз эл жазуучусу, ал мамлекеттик наам аздык болсо, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Министр болгон, мамлекеттик кызматтарда иштеген. Анан, ал пайгамбар жашына келип калганда, мамлекеттик мартабалуу сыйлыктардын ээси болуп туруп, этек кирдин деңгээлине түшүп калганы кечиримсиз нерсе. Же жазганга башка тема табылбай калдыбы?

Мамлекеттик кызматка аралашкандардан ыр жазгандар аз эмес. Экс-премьер-министр Амангелди Муралиев орусча жазса, дили кыргыз жыттанып, тоо жыттанып, дарыянын шоокуму угулуп турат. Жакшы адамдын жан дүйнөсүнөн жаралган адекваттуу ырларды жазат.

С.Раевге келсек, аны социалдык түйүндөрдө «акыркы пайгамбар» эсептегендер, алтургай Кудай туткан жаш акындар бар. Алар анын баскан ар бир изине сыйынып, ар бир жазганына тамшанып, «биз да күндөрдүн биринде С.Раевдин курагына жетип, ал жазгандай «антистандарт» ырларды жазган деңгээлге жетсек» деген кыял менен жашап жатат. Ошол С.Раевге суктанган муун жетилсе, С.Раевдин жол салып кеткен тематиканы кеңейтсе, кыргыз поэзиясында кандай маанидеги ырлар жаралышы мүмкүн!?? Кыргыз эл жазуучусу жаш муунга кандай үлгү көрсөтүп жатат?!!

Ооба, качандыр бир кезде кыргыз жазуучулары Чыңгыз Айтматовдун «Жамиласын» түшүнө алган эмес. Күйөөсү фронтто эл-жер үчүн салгылашып жүрсө, тылда шуркуялык кылып жүргөн бир келинди жазды деген. Биз, анда башкалар тамшанган С.Раевди түшүнө албай жатабызбы? Арийне, «менструация» менен «Жамиланын» айырмасы асман менен жердей. Дегеле салыштырып мүмкүн эмес. Бул бири-бирине таптакыр карама-каршы нерселер. «Жамилада» залкар жазуучу сүйүүнү даңазалап жатат, анын каарманы этек кирдин деңгээлинде ойлонбойт, аны Даниярдын обону өзүнө оп тартып алып, керемети күч махабатка багынган келин.

Батышта күйөөсү Садык душмандар менен кармашып, өмүр менен өлүмдүн чеңгелинде жүрсө, бул жакта Жамила махабаттын туткунунда калган. Сүйүү убакыт тандабайт, мезгил тандабайт, булар качан согушуп бүтөт деп күтпөйт, махабат жер тандабайт, улут тандабайт, тылда эмес, кан күйгөн согуштарда да сүйүшкөн. Бири-бири менен бет карашкыс душмандар да бири-бирин сүйүп калышкан. Анүстүнө, Жамила душмандын солдатын эмес,  фронтовикти сүйүп жатпайбы, демек кечиримдүү. А Кыргыз эл жазуучусу С.Раев сүйүүнүн улуулугу тууралуу эмес, менструация, маструбация, кастрация жаатында сөз кылып жатпайбы. Ветеринарлар залкар жазуучунун деңгээлине көтөрүлүшкөн, качан поэзия ветеринариянын деңгээлине, акын ветеринардын деңгээлине түштү эле.

Эч ким С.Раевге «ыр жазба» дебейт, эмнени кааласа, ошону жаза берсин. Болуптур, поэзия медициналык, ветеринардык түшүнүктөрдү жазганга, поэтикалык түшүндүрмө бергенге жол берет дейли, автор поэзия жоопкерлигин четке какса да, коом алдындагы, мамлекеттик наам-сыйлыктарды берген мамлекет алдындагы этикалык-моралдык жоопкерчилигин ойлошу керек эле. Ал адабият астанасын жаңыдан аттаган бирөө-жарым эмес. Ал кыргыз адабиятынын жүзү катары жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге байма-бай каттап, китептери чет тилдерге көп которулуп жаткан жазуучу.  Анын мамлекеттик наам, сыйлыктары жок, «башы бош», ооздугу жок эркин жазмакер болсо да, «менструация» тууралуу ыр жазабы, же «маструбация» тууралуу жазабы, же көчөгө чыгып бийлеп кетеби, анда маселе жок эле. Азыр анын мойнунда Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген чоң жоопкерчилик — «каргы» илинүү.

Бүгүн коом:

«Аңыраят катындын
Шалбарындай,
Чек ара
чатын жырган,
агылат,
агындылар бизге карап,
Дүйнөлүк мусоркана,
бизде бардай…
Христи да, антиси да,
Католиги, куу чирен чокунганы,
Сакалчаны,
Таз башы,
Миң ирет окунганы,
Шакмары да,
Какмары да,
Кудай дейт,
Солу, оңу
Кудайдан жөө качканга
Толуп кетти…
Ишеним полигону» («Пофигизм». С.Раев. «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет), — деп автор өзү жазгандай, башы маң болуп турат. Улуттук мамлекеттик идеологиянын жоктугунан ал боштукту диндер ээлеп жатат. А диндин экстремисттик агымдары кирген жерде сөзсүз экстремисттик уюмдар түзүлүп, мите курттай «кан» соро берет. Жаштар кимди ээрчирин билбей, эки айрылыш жолдо туру. Эмгек миграциясында жүргөн миңдеген жаштар акын Н.Гургубаева «Груз-200дө» жазган улуттук трагедияны көрүп, жаны жанчылып турса, коомдогу карама-каршылыктардан улам, психикасы бузулган жаштар арасында өзүн аял катары эсептеген эркектер, өзүн эркек сезген кыздардын чөйрөсү жаралды.

Коом карама-каршылыктардын, парадокстардын доорун баштан кечирип жатат. С.Раевдин эле телегейи тегиз болбосо, чечекейибиз чеч болуп, кубанычтан маңдайыбыз жарылып турган жок. Айрымдар ак нанды малга, чочкого берип, фирмалар бир күн ичилбей калган максымды атала кылып, малды бордоп семиртип жаткан заманда бирөөлөр нанга жетпей жашап жатат. Бир миллион кыргыз чет өлкөдө жүрү. Үйгө жетпей жүргөн канча жаш үй-бүлөлөр бар? Ушундай кыйчалыш мезгилде этек кирдин деңгээлиндеги ырлардын кереги барбы? Акындык дебейли, адамдык жарандык позициябыз кайда?

Адабияттагы, искусстводогу, дегеле турмуштагы сюрреализмди туу туткан Батыш эмне болду? Абстрактуулукка азгырылып, сюрреализмге суктанып, тамшанып, акыл-эстин өзгөчө туундусу катары караган Батышта бүгүн эркек менен эркек, аял менен аял үйлөнүп жатат. Ал коркунуч биздин да босогодо туру. Алтургай андай көрүнүштөр пайда боло баштады. Эми сөзсүз эле ошол ыпластыктын баарын поэзияга алып келиш керекпи?!!

Ырды жалаң гана атак-даңк же эксперимент үчүн жазбайт. Ырды адамдын жан дүйнөсүндөгү аңылдаган боштукту толтуруш үчүн, эсеңгиреп, эс-учун жыя албай турган жан дүйнөгө жарык чачыш үчүн жазат. Ырдын касиети, акындын эл алдындагы озуйпасы ошондо. Аңкилдек атып, адам катары, улут катары жоголуп бараткан, ааламдашкан заманда улут катары сакталып калабыз десек, анда ырдын философиясы «баарынан эң кыйыны күн сайын адам болуу» деген айныгыс логикага келип такалыш керек. Поэзияны зомби окурмандар үчүн жазыштын кереги жок.

Ушул ачуу чындыкты жазып жатып, эсибизге Мидин Алыбаевдин Алыкулдун «Махабат» ырлар жыйнагына жазган «Мааниси жок махабат» деген сын макаласы эске түшөт. Ыр генийи делип, бүгүн макталып, биз тамшанган акындын айрым ырларына карата Мидин ошол жылдарда аябай катуу сын жазган. Бирөө жаздырган эмес, өзү жазган. Биз деле өзүбүз жазып жатабыз. Жазып жатып, биз эле жаңылып калсак эмне деп өзүбүздү сооротобуз. Түш болуп калса эмне?

Эмне үчүн С.Раевге дарегине ачуу сын сөздөрдү айтып жатабыз, анткени ал өзүн улуттук деңгээлдеги жазуучумун деп эсептеген жазмакер, анүстүнө чет жерге көп чыгып, кыргыздын жүзүн дүйнөгө таанытып келет. Каалайбызбы же жокпу, талашкыс чындык ушул. Мына ошондой эл аралык жолугушууда казак элинин улуу акыны Олжас Сулейманов «Аз и Я»сын окуп жатса, С.Раев анын жанында туруп, «Антистандартын» ачып, «…менструацияны…» окуйбу, бул акылга сыярлык нерсе эмес. Башка бир казак акыны Мухтар Шаханов качан да болсо, өз элин даңазалап, тарыхты жазат.

Биз поэзия ышкыбоздоруна С.Раевдин «Антистандартын» окуганда өтө астейдил мамиле кылгыла, ветеринардык, медициналык терминдер, түшүнүктөр жолукса эле, элейип, «буга биздин акылыбыз жеткенче бир кылым керек турбайбы» деп, аны пир тутпагыла, эң башкысы – аны туурап жазбагыла деп айтмакчыбыз. Поэзия — ыйык, кир кол менен кармагыс нерсе. XXI кылымдын поэзиясы интеллектуалдык жактан терең, эстетикалык жактан бийик болушу кажет. Ыр жазганда ашкере «акылдуу» көрүнүү үчүн же өзүнүн талант дараметинин чектелүү экенин жаап-жашыруу үчүн обу жок ойкуштанып, татаал термин, түшүнүктөрдүн артына жашынып, окурмандардын башын чаташтыра берүүнү эч кажети жок.

Таланты таасын акын — Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевге окшоп:

«Өзгөлөргө теңечү эмес Турарды,
Өзү дагы Турарга окшоп жыгылды.
Жүрөгүндө карасы жок эр эле,
Жүгөнү жок жөөлөп турган кылымды.
Стакеңдей баштап алып чыгышчу,
Стамовду “найза” кылып сунушчу.
Ал танк болчу, сүйлөгөндө тарыхтан,
Асанбекти баары муюп угушчу.
Арт жагында Мелис, Сейит, Төлөгөн,
Жалил, Майраш ж.б.лары турушчу.
Ак Үйдү ал каалагандай “кеччү” эле,
Анатайга там алперген дешчү эле.
Акаевди сагыз кылып чойгулап,
Бакиевди сары майдай эзчү эле.
Жайыл тургай, Жазуучулар союздун,
Жалгыз “өзү” маселесин чеччү эле,
Керек кезде селин тостуң тосоттун,
Керек кезде отун кечтиң тозоктун.
“Жарым пааша” Киселевго тиш салып,
“Москвалык десанттарды” мокоттуң.
“Жайыл” атап орус атын, Чүйдү сен,
Калмактардан бошоткондой бошоттуң». (Шайлообек Дүйшеев, акын. «Жалгыз канат кушу бар, жалганда жалгыз ушу бар», «Багыт» гезити), — деп карапайым дыйканга да, чабанга да, академикке, бизнесменге түшүнүктүү, эң жөнөкөй тил менен жеткиликтүү кылып жазат. Чеберчилик деп ошону айтат.

Эми С.Раевдин «Рамис» деген ырын окуйлу.

«Антистандарт ойлору да, ырлары,
Антисанитария… жүргөнү да, күлгөнү,
Антидүйнө Антейине айланып,
Чыгып кетпей Жер огунан калжаңдап,
Акын келет Фараоны ырлардын,
Бүт ааламдын сезимдерин букеттеп,
Кыялында “кыты-кыты” тийишет,
Афинанын кыздарына кылактап.
Кызык дүйнө, кызык адам, кызык бир,
Балч-балч чайнап булочканы балжаңдап,
Куунак жашоо ычкырларын бошотуп,
Ыр заманы, ыр акеси, олда – “Бис!”
Көчө толо, көчө менен бир болуп,
Жайдаңдаган акын келет О, Рамис!

Шилекейи ыр чачыла, энөө кыял, ыр аалам,
Чачы тармал. Дүйнө шамал. Эмоция бийлеген.
Чечотканы чертип турат бут менен. Чулу салам,
Чукоткадан келгендей, Абрамович, Адам – ович,
Алмазынан бергендей.

“Биги-биги” жер чиет буттун учу,
Сүлкүлдөп денебою. Бийленет сезим бийи,
Рамис экспрессия, а дүйнө депрессия,
Ырлары ооздукталбай, тепкилейт көкүрөктү,
Регги. Блюз. Кантри. Хип-Хоп. Рок. Поп.
Бийлейт Рамис, Ааламды бийлеп алган.
Ырлары дүлөй дүйнө. Ритмика сезбей калган.
Тогузунчу валындай океандын. Көөдөн бороон.
Верлибир ойлоруна Берлиндин туусун сайган,
Түшүнүп бу ааламды. Түшүнбөй бу Адамды,
Түркөйлөр дивизиясы түрүлүп турат ана.
Түркүн ой баккан адам, оозунда Пайгамбар түкүрүгү,
Ырлары жан сезимдин урабас хан түркүгү,
Жашоосу нота кыял: до, ре, ми, фа, соль, ля, си,
Жашасын Ырдын – Асы. Кылымдын Ра-ми-си!» (“Рамис”, 86-бет, С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет).

Антистандарт акын болсо «антидүйнө», «антистандарт», «антисанитария…» деп, антисөздөрдү ойлоп таап, «анти» катышкан сөздөргө басым жасай келип, фараон, Афина, “Бис!”, эмоция, чечотка, экспрессия, депрессия, регги, блюз, кантри, хип-хоп, рок, поп, ритмика, тогузунчу вал, нота, до, ре, ми, фа, соль, ля, си, ас, верлибир деген сыяктуу бөтөн сөз, чоочун түшүнүктөр менен акын Рамис Рыскуловдун бейнесин ачкысы келген. Арийне, ал канчалык антистандарт ойлонгусу келбесин, антистандарт акын бөтөн сөз, чоочун түшүнүктөр менен «стандарт» Ыр-акенин бейнесин ача алган эмес. «Калжаңдап», «балжаңдап», «Шилекейи ыр чачыла», «Ырлары дүлөй дүйнө» деген сыяктуу салыштыруулардан, сөз айкаштыктардан омоктуу ой табуу кыйын.

«Антистандартта» арбын кездешкен арноо ырларынын баары мына ошондой, бир деңгээлде, чоочун сөздөр, жат түшүнүктөр көп кошулуп жазылган. Өкүнүчтүүсү, автордун өз каармандарынын адамдык жана чыгармачылык бейнесин ачып берүүгө жасаган далалаты сая кеткен, эч кандай деле табылга, жаңылык же көркөм образ жок.

Антсе да, антистандарт акындын сүйүү лирикалары, сүйүү ырларында дурус табылгалар бар. Анткени, ал ырларда антидух жок, автордун чыныгы сезими, адамдын жан дүйнөсүн аруулаган махабатка толо жүрөктөн чыккан сөздөр камтылган.

«Кат жаздым сага, акыреттин сыясына көз малып,
Жооптун да. Жооп жазуунун кереги жок. Адресим
Көз жетпеген, кыйыры жок ээн боштук,
Аалам мага үңүрөйгөн кең суздук…» («Кат жаздым сага», 68-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«Мен күйөөгө чыккан атам…
Турмуш сага айттырдыбы бу сөздү?
Көзүңдө нур отуң жок,
Көз тамыр кургап калган.
………………………………………….
Арга жок. Амал да жок…
Отуздун ары жагы.
Жалгыз гана аргасыздык шыбырады:
«Мен күйөөгө чыккан атам…»  («Мен күйөөгө чыккан атам…», 70-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«Көзүңдө жети материк, бүт аалам уюлгуйт,
Сезимде сценасы сүйүүнүн ойнолот.
Бир гана мен жокмун сызылган ролдой,
Алкымга такалат айтылбай монолог». («Көзүңдө жети материк…», 76-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

Жүрөктөн чыккан сөз жүрөккө жетет дегендей, бул ырлар окурмандын кайсы катмары болбосун түшүнүктүү тилде, жөнөкөй жазылган.

«Ага деген сөзүңү агып кетти,
Көзүмдүн ядросу…
Кылыгыңа кырк мүчөм
Чылк чыдабай, жыртып ийди сезимдин
Тигиштерин,
Сыртта суук. Ичкериде буу кайнайт,
Булоо батпай…
Кучагымда казак кызы, азап кызы,
Сүйүүнүн аалам кызы…» («Ал – Алматы…», 80-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет),

Же

«Эриниң суусу жок, кумсарган улуу чөл…
Кучагың суздук, ууртуң жоголгон кумсарган жүзүңдө,
Чыйрыккан денеңдин ысыгы кеткенби?
Ысытар сөздөрүң какшатты көз караш
…………………………………………………
Зумбалдай тешилген бу дүйнө маңызы,
Жыртылды жүрөктө» («Көзүңдү умачтай ачылган бир саамга жума тур», 78-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет)

«- Жолукпайт, турмушта ушундай эркектер,
Үшкүрдү көк түтүн. Жалгыздык жан бирге.
Аялдын көзүндө аялдык алсыздык» («Күтүүсүз кездешүү…», 76-бет С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет.)

«Өмүр үтүр…, көп чекит…
«…Сүйүүгө жетпей калган…» (Уучуна аалам батпай…, 74-бет. С.Раев, «Антистандарт», Б. «Турар», 2016-ж. 176-бет).

Антистандарт акындын мындай стандарт табылгаларын дээрлик бардык сүйүү лирикаларынан тапса болот. Эмне үчүн автордун лирикалары жүрөккө жакын, эмне үчүн жарк эткен табылгаларга бай? Анын себеби, жогоруда айткандай, бул ырлар жөнөкөй жазылгандыгында эле эмес, автордун акыл-эсинде күн сайын кайталана берип, жедеп бышып, анан акырында жазбай коюуга мүмкүн болбой калганда, шуу эткен үшкүрүккө окшоп, жүрөктөн сызылып чыккан. С.Раев башка ырларында чындыктан качса да, бул ырларында көкүрөгүндө сызылган чындыктан кача алган эмес. Ошентип, бул ырлар чындыгында да шедевр ырларга айланган. Демек, сүйүү ырларында калп айта албаган С.Раевге «бали» деп кол чабабыз.

Антистандарт акындын сүйүү лирикаларын жыргап окуп, андан арылаганда кайрадан чайналабыз:

«Кыймыл мээде чийилет,
Мегаполис,
Бу чоң аалам,
Мээсинде кайнап турат,
Жашоонун ритми
Ырга окшобой,
Ыпыр-сыпыр сезимдерди,
Ыргытып бюстгалтерди,
Бюсту бука тумшук,
Кыздары чучук шымчан,
Чучугуна кирип кеткен,
Шаар пейили.
……………………….
Сексуал мүнөз күтүп,
Чекчейип барат заман.
………………………………….
Подвалда, паркта да,
Барда, бакта да
Эзилип эриндери,
Өбүшөт бу шаардын
Энөөсүз сезимдери.
…………………………
Таңыркап карап турат,
Согуштун ветераны
Балкондо баш кылайтып.
…………………………………….
Миномет үнү келет,
Ми…тен жаны жыргап… («Шаар», 111-114-беттер).

Мындан эмнени түшүнсө болот? Ызы-чуусу көп шаар турмушунбу? Болуптур, түшүнгөнгө аракет кылалы, анда шаар турмушуна бюстгалтердин кандай тиешеси бар. «Сезимдерди» «бюстгалтерди» уйкаштырыш үчүнбү? Же «миномет» «ми..тен» деген түшүнүктөрдү алалы. Мейли, сөз согуштун ветераны тууралуу болуп жаткан соң, антистандарт акын «миномет» тууралуу жазганы логикага сыят дейли, а «ми…тен жаны жыргап» деп, согуштун ветеранын кордогону эмнеси? Кайран ветерандар, кайран аталар кан күйгөн Батышта «ми…» үчүн согушуп, ошол үчүн бизге Улуу Жеңишти апкелишти беле? Арабызда ансыз да саналуу калган согуш ветерандары бул ырды окуса кандай абалда калат? Албетте, өлбөгөн төрт шыйрагы калат.

Дагынкысын дагы бар дегендей, башка ырларын деле талдай келсек, орой, осол салыштыруулар, одоно ойлор көп табылат. Анын баарын айтып, көңүлүбүздү кирдеткибиз келбейт.

Элде «атанын арты менен кыз өтөт, соодагердин арты менен бөз өтөт» деген кеп бар. Поэзия дүйнөсү — базар эмес. Эгер С.Раев мамлекеттик наам, сыйлыктарынын арты менен жазган «анти ырлары» өтүп кетет десе чоң жаңылышат. Ырды ыр кылган касиет, поэзияны поэзияны кылып көкөлөткөн нерсе – бул анын салттуулугунда, нарктуулугунда. Жазмакер өзүн «акыркы пайгамбар» ойлоп, окурманды эч нерсе түшүнбөгөн, зомби катары караса, анда айта турган сөзүбүз кыска. Ырлар антистандарт же стандарт болуп жазылабы, поэзияга тиешелүү салттуулук, нарктуулук касиетинен кемип калганда, ал ыр катары баалуулугунан ажырайт. Баары өз ченем-өлчөмү менен болбосо, анда ал поэзия болуу касиетинен калат. Бир сөз менен айтканда, жазуучу-драматургдун «Антистандарты» сүйүү лирикаларын жана айрым ырларын айтпаганда, эксперимент деңгээлиндеги, болгондо да үйрөнчүк деңгээлиндеги ыр саптардан куралган. Бул албетте, эл жазуучусуна аброй апкелбейт.

Эми келгиле, эмне үчүн С.Раев поэзияга кайрылды, эмне үчүн ыр жазып калды деген суроого жооп издеп көрөлү. Ал жазуучу катары, драматург катары көп жылдар өзүнүн күчүн сынап көрдү, далай-далай мактоо укту, сыйлыктарды алды, бирок биздин оюбузча, өзү эңсеген бийиктикти багынта алган эмес, ошол себептүүү өз күчүн поэзиядан да сынап көрөйүн десе керек.

Кубатбек Жусубалиев да бир кезде ырга өтүп кеткен. Ооба, ал деле авангард стилинде жазат. Арийне, анын ырларында ашөпкө эч нерсе жок, баары өз ордунда. Башка жазуучулар деле прозадан ташыркаганда ырга өтүшкөнүн көрүп жүрөбүз, бирок поэзия дүйнөсүнөн өз ордун тапкандары аз. Эптеп уйкаштырганды үйрөнүп алса эле, ыр жазат деген ушу экен деп ойлогондор көп. Мейли, ыр жаза беришсин, эч ким жазба дебейт, кеп ырды кемелине жеткире, окуган адам улам тамшанып окуй тургандай жазыш керек эмеспи. Кыздын сулуулугу – кыз жамалы агы ак, кызылы кызыл болуп, ажары адам тамшанткандай, ырда да уйкаштыктары, ички ыргактары, ырдын логикасы баары өз ордунда турбаса, ал чыныгы поэзия болбойт. А поэзия чоң чеберчиликти, устаттыкты талап кылат.

С.Раев муну жакшы түшүнгөн, мурда-кийин ыр жазбаган соң, ал акын катары кыл чебер эместигин сюрреалисттик ыкма аркылуу символдорго жаап-жашыргысы келген. «Антистандартта» андай деле антистандарт ойлор жок, сюрреализм сүртүмдөрү бар. Бирок автор батыш кыртышына өнгөн сюрреализмди кыргыз ыр кыртышына жуурулуштуруп кете алган эмес.

Билебиз, С.Раевди мактай турган, мактаганда мактап түгөтө албай тургандар четтен табылат. Кызганыч жок, мейли мактай беришсин, макташса С.Раевдин көңүлүн кыя албай макташар, анын ырларын түшүнүү үчүн эки-үч кылым керектигин айтышар, бирок Манасты жараткан эл – поэзия эмне экенин билет. Улуу сөздү улуу кылган касиет менен сөздү булгаган ойлорду ажырата алат.

Алыкул Осмонов дегенде, анын «Ата Журт» деген ыр саптары эске түшөт. Турар Кожомбердиев дегенде оту өчпөгөн коломтону, отту, энени эстейбиз. Сүйүнбай Эралиев бизге ар дайым кыштак кечтерин эске салат. Байдылда Сарногоев дегенде «чокудай бол кыргыздын жигиттери» деген асыл тилеги эске келет. Айтматов дегенде, Танабай, Толгонай, Эдигей, Казангаптын тагдырлары бир сыйра көз алдыдан сыдырылып өтөт. «Антистандарттан» кийин эсте эмне калат? «…Менструация…», «…кастрация…», «…маструбация…» же «ми…тен жаны жыргаппы»? «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, «Антистандартты» төмөн тартып, беделин түшүрүп турган алты «кумалак» ушул. Акыл-эсти алай-дүлөй түшүргөн доордогу адам баласынын жан дүйнөсүндөгү пастыкты, эссиздикти салыштыруу үчүн, С.Раевге ушул алты сөздөн башка сөз табылбай калдыбы? Ким билет, жазуучу-драматургдун акындык дүйнө тааным концепциясы, «антистандартынын» бардык маңызы, философиясы мына ушунда болсо, анда С.Раев акын катары өз максатына жеткен.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өткөн кылымдын 60-жылдарында «Замандаштарым менен сыймыктанам» аттуу макаласында «…дүйнөлүк адабий майданга чыгууну чындап эле каалай турган болсок, анда Пастернактын эмес, Горький менен Маяковскийдин жолун жолдойлу» («Замандаштарым менен сыймыктанам», 8-том. Ч.Айтматов, Чыгармаларынын 10 томдук толук жыйнагы, 484-бет) деп жазганы бар. Эгер, кыргыз улуттук поэзиясы дүйнөлүк адабий майданга чыккысы келсе, анда этек кирден башка деле темаларды жазса, айтса, эч жаңылышпайт.

2 Replies to “Болотбек Таштаналиев: «Антистандарттагы» алты «кумалак»: Поэзия — порнография эмес”

  1. Ишенген молдом сен болсон…—дегендей азыркы бийлик кенешчи кылып кармаган жазуучубуз ушул болсо -жыргаган экенбиз …

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.