Көп жашаган кытай дыйкан бүт өмүрүн ак эмгек кылуу менен өткөрдү. Ал узак өмүрүндө байлык топтогон жок, бирок акылмандуулукка ээ болду. Ал уулу менен эртеден кечке талаада иштечү. Бир күнү уулу атасына келип мындай деди:

– Ата, кырсык болду, атыбыз жоголуп кетти.

– Сен ага кайгырба, ат жоголгону кырсык деле эместир, аны убакыт көргөзөт, — деди атасы.

Бир нече күндөн кийин уулу кубанып чуркап келди:

– Ата, кандай бакыт, биздин ат дагы бир атты ээрчитип келип калыптыр!

– Аны сен бакыт дебей коё тур, убакыт көргөзөт, – дейт атасы.

Бир нече убакыттан кийин уулу баягы ээрчип келген атты токуп минмек болот, азоо неме  так секирип, жигит жыгылып, буту сыныптыр.

– Ата, кандай бактысызмын, бутумду сындырып алдым!

– Эмне үчүн бактысызмын дейсиң? – дейт камырабаган атасы – Аны убакыт көргөзөт.

Атасынын философиясына көп ынана бербеген уулу, сороңдоп барып керебетине барып жатып калды. Бир нече күндөн кийин айылга императордун желдеттери келип, согушка жарактуу жигиттерди жыйнап кетип атышты. Алар дыйкандын уулунун буту сынып жатканын көрүшүп, аны жайына коюшту. Ошондон кийин дыйкандын уулу эч качан болгон окуяны алдын ала кырсык же бакыт деп эсептөө болбосун, ар дайым убакыттын өтүшү менен баа берүү туура экенин түшүндү.

Жашоо ушундай түзүлгөн: бүгүнкү жаман нерсе, эртеңки жакшы нерсенин башаты же бүгүнкү жакшы нерсе эртеңки кайгынын булагына айланат. Дароо жыйынтык чыгаруу туура эмес, ошондуктан жок дегенде бир күн күтө туруу керек. Эмнеси болсо да башыңдан өткөндүн бардыгы жакшы турмуштук тажырыйба берет.

Бакыт — бул сапар

Биз дайыма күтүү менен жашайбыз, бат эле чоңоюп бой жетсем, үйлөнүп, жакшы кызматка иштесем, балалуу болсом деп ойлойсуң… Анан чарчай баштайбыз, балдар жай чоңоюп, ошолор кол арага жарап калса эле бактылуу болом дейсиң, алардын жетилүү кургындагы кыйынчылыктарды башыңан өткөзөсүң, ошол мезгил өтсө жеңилдеп калчудай сезесиң. Андан кийин чоң үй салсам, машине алсам, балдарды үйлөнтүп жайлантсам, отпуска алып алыс жактарга эс алып келсем, пенсияга чыгып бара албай жүргөн тууган-туушкандарды кыдырып чыксам деп ойлойсуң, ал эми бакыт улам арылап карматпай кете берет…

Чындыгы ушу — бактылуу болуп, бир жерде туруу мүмкүн эмес. Эгерде азыр болбосо, ага качан жетесиң? Мына-мына бактылуу жашоо башталчудай сезилет! Бирок кайра эле бир көйгөй астыңдан чыгат; бүтпөй калган иштериң, кутула элек карызың, эң биринчи кезекте бүткөрбөсө болбой турган кечиктирилгис иштериң. Ушуларды бүтүрсөң эле жаңы турмуш башталчудай. Карап көрсөк, көйгөйлөр эч качан бүтпөйт. Жашоо өзү көйгөйлөрдөн турат. Бакытка алып барчу жол жок, бакыт — бул өзү сапар.

Ошондуктан убакыттын ар бир көз ирмемин баалай билип, бирөөлөр менен эң кымбат нерселериң менен бөлүшөрдө убакыттын учкулдугун унутпаш керек. Качан мектепти бүтөм, колледжке качан кирем, качан 5 килге арыктайм, качан балалуу болом, алар качан чоңоюшуп, үйлөнүп-жайланышат, качан жаңы жылды, жуманы, ишемби, жекшембини же эми өлсөм бактылуу болом деп ажалды күтпөгүлө.

Бакыт – бул сапар, ал тагдыр эмес.

Акчага муктаж эмес адамдай иштегиле, эч качан жүрөгүңөр жараланбагандай сүйгүлө, эч ким карап турбагандай бийлегиле.

Бакыт издөө жөнүндө уламыш

Бул окуя Кудай-таала жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды жана адамдарды жаңы жараткан кезде болуптур. Адам бардык нерсеге кожоюн болуп турган учурда, бейиштен куулуп бактысыз болуп калды. Ал жаныбарлардан ага бакыт таап келип берүүлөрүн суранды.

— Куп болот, — дешти аны угуп көнүп калган жаныбарлар. Ошентип алар адамдын бактысын издеп дүйнө кыдырып чыгышты. Алар көпкө издешти, бирок адамдын бактысын таба алышкан жок, анкени анын кандай болорун элестете алышчу да эмес. Ошондуктан, ар кимиси эмнеден бактылуу болсо ошону алып келип берип жатышты. Балык өзүнүн канатчаларын, бакалоорун, куйругун жана сыртын каптаган жалтырак, катуу кабыкчаларын алып келди. Арстан — күчтүү билегин, курч тырмактарын, аркайган азууларын тартуу кылды. Бүркүт— канаттарын, курч тумшугу менен алысты көргөн курч көздөрдү сунуш кылды. Бирок мунун бири да адамды бактылуу кыла алган жок. Жаныбарлар андан өз бакытын өзү издешин сунуш кылышты да, тарап кетишти.

Ошондон бери карай, адам өз бактысын өзү издеп жүрөт, бирок бакыт өз ичинде катылганын билген жан аз.

Бакыт жана күчүк жөнүндө уламыш

Дөбөт өз куйругун тиштейм деп убараланып жаткан күчүктү токтотуп сурады:

— Ой, эмне эле куйругуңду кубалап калгансың?

— Мен философияны окуп аткам, — дейт күчүк, — мен, дүйнө таануунун бир дагы ит билбеген сырын ачтым; ит үчүн бактылуу болуу эң жакшы нерсе экен, ал эми иттин бактысы өз куйругунда катылыптыр. Мен өз бактымды кармай албай жатам. Куйругумду кармап алсам эле бактылуу болом.

— Уулум, — деди анда дөбөт, — мен дагы дүйнөлүк көйгөйлөрдү изилдеп көргөм жана ал жөнүндө жеке ойлорум бар. Мен дагы ит үчүн бактылуу болуш өтө маанилүү экенин түшүнөм жана ал менин куйругумда экенин да жакшы билем. Бирок менин байкаганым – мен кайда барбайын, эмне кылбайын – ал менин артымдан калбай ээрчип жүрөт.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.