(Айыл аңгемелери)

Атам Кедейбай уулу Кушубекке арнаймын.

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Тоонун үстү шоолаланып, ааламды чүмбөттөгөн караңгылык уурданып, түрүлүп баратты, бир чети сүрдүү, бир чети ажайып көрүнгөн бул шоокум али уйкуда ныксыраган тиричиликке жан киргизип жаткансыйт.

— Тоолорго таң атты,— деди тоо тарапты карап турган уулу.

— А-а, баракелде… Мунусуна да шүгүрчүлүк. — Атасы мелтиреп бир калыпта. — Таңкы ырыскыдан «куру калбай эрте туруп жүр, уулум.

— Таңкы ырыскы деген эмне, ата?

— Таңкы ырыскыбы?..— Асиз чал аса-муса таягына сүйөнүп ойлуу. — Тоо көрүндүбү, карачы?

— Көрүндү, ата.

— А чалкып жаткан талаачы?

— Ал да.

— Эми мунарыктаган асманды көрдүңбү?

— Көрдүм.

— Чаңдак көчөлүү биздин айылдычы?

— Көрдүм, ата. Көчө ээн.

— А баракелде, эми тиги Кум-Арыктагы Момбектин талы көрүнөбү, карачы?

— Жок, көрүнбөйт ата.

— Жакшылап кара, балам, тамдын үстүнө чык.

Бала тамдын үстүнө чыкты. Таңкы шоокум ак кагаздай жайылып баратты закымга. Ана жалгыз тал. Тоо түбүнө барып такалган ээн талаадагы жалгыз тал. Аны бул айыл Момбоктин талы деп аташат (Учурунда ал киши алгачкы парторг болгон дешет, айылга биринчи талды да ошол киши тигиптир). Аңгыраган ошол ээн жерде бир учурда мүлкөй бир айыл болгон десең азыр эч ким ишенбес эле. Кантип ишенсин. Ал айылдын бир да жышааны калган жок. Болгону Момбектин талы, ээн талаадагы жалгыз тал.

— Турат, ата! — деди бала жоготкон нерсесин тапкансып.

— Ылайым тура берсин. Киндик кан ошол жерде тамган. — Атасы токпейил тартты. — Таңкы ырыскы дегениң мына ушулар, уулум. Түбөлүктүү нерсенин баары ырыскы. Адам пендесине алардан өткөн даберик жок. Булар өмүр уландысы эгер билсең, тиричиликтин куту, балам. Ата-бабаң таңды тосуп, ырыскы тилегени да ошондон.

Түнөргөн тоо, чалкыган талаа, ачык асман, таңдын сүрдүү атышы, анан көчкөн журттун ордунда калган эрбейген тал. Ошондо булар күндө кайталануучу тиричиликтин кадимки бир көрүнүшү сыяктуу сезилди балага. Кыялында сезимин эреркетип дегдеткен, кулагы угуп, көз көрө элек башка бир тиричилик бар деди, ошону издеди, ошону көксөдү.

Мына эми, канча мезгил өттү. Көксөткөн түбү жок ошол тиричилик аны дагы эле азыткыдай азгырып келет. Канчага чейин азгырат ал? Өмүрү өткөнчөбү, же…

Бүгүн ал эрте турду, атайы эрте турду. Ошондогу таңды, азиз атасы экөө тоскон ажайып таңды көргүсү келди, таңкы ырыскымды издейм деди.

Сырт караңгы, шаар али уйкуда. Тоо кабат-кабат үйлөрдүн далдасында калыптыр… Ошондо бир сезим ээликтирди; кыялында жашап, азоо аттай моюн бербеген ошол алдамчы тиричиликке кол шилтеп, көз жарып тиричиликтин ыйык добушун биринчи туйган, там-туң этип кадамын таштаган улуу ааламдагы бир тутам жерге сапар тарткысы келди. Күтүүсүздөн тоо тараптан жел жүргөнсүдү, мына эми бутак жайып бакжайган Момбектин талынын шуулдаган добушу угулду кулагына: шуу-шуу-шуу-шуу-шуу… Ал сакалын ак буурул басып, көзүнүн кычыгына чылпак уюган, бирок али чымыр, али демдүү, бирөөнү күтүп жол караган азиз чалдай сезилди ага, кол булгап чакырып жаткансыды негедир.

Ана, ал дагы чакырды, дагы шуулдады. Үлбүлдөгөн шам чырактай тээ, алыстан жылт-жулт эткен айыл элестеринин портретин тартууга киришти.

АЛИШЕР

«Биринчи автопортрет. «Мен — адаммын».
(Э. Межелайтис «Контрапункт»)

Эски тамда түшүнүксүз ыр ырдалып жатты. Күндө кайталануучу ыр, сөзү да, обону да жок белгисиз ыр.

— Я, балам, эшикке чыкчы. Бирөө келди окшойт. — Босогодо куркуйган узун тизесине башын жөлөп, кыңылдап ырдап олтурган баласына үн катты кемпир. Уулу укчудай эмес.

— Алишер, эшикке чык дейм, бирөө келди.

— Эч ким жок, шамал эле.

Кемпир кайра башын жаздыкка койду.

Кыйч-кыйч-кыйч… Желаргы сымал шамалга туруштук бере албай эски каалга термелет.

Түшүнүксүз ыр кайра башталды. Кемпирге тааныш ыр. Сөзү да, обону да жок белгисиз ыр. Өзүн жүдөткөн оорудан аз да болсо ушул ыр алаксыткансыйт. Негедир ал ырда көксөө, кусалануу бардай. Кайдан үйрөнгөн ал ырды – кемпирге белгисиз.

Кемпир экинчи капталына кыйналып жатып оодарылды. Эми кичине жеңилдей түшкөнсүдү.

— Апа, эмне үчүн мени жинди дешет?

Кемпир чочуп кетти. Уулунан мындай суроону биринчи угушу. Баласы кичине экестүү экенин, кол аякка жарап, эс тартууга курагы келип калса да ошол кемчилигинен бешенесине жазган ырыскыдан куру калып жүргөнүн жакшы билчү. Бирок мындай суроону күткөн эмес.

— Ким айтат аны! — Кемпир буулугуп алды.

— Элдин баары, жада калса балдар дагы.

— Жиндерине тийип койгонсуң го.

Уулунун экестүү болгону менен бирөөгө залакасы жок, койдон жоош, маңыроо экенин билсе да негедир ал кичине шекшинип алды. Ким билет, уулунун мындай мүнөзү, итиркей келтирген кебете-кешпири болбогондо аны эч ким «жинди» деп атабас беле.

— Эми мени ким жинди десе атасын таанытам! — Алишердин тиштери кычырай түштү.

— Ок, антпе! Антип кимди жеңесиң! Сенин аныңа тиги ойноок балдар түшүнөбү?

Алишерден жооп болбоду. Түшүнүксүз ыр кайра башталды.

Кыйч-кыйч-кыйч… Каалга ал ырга үндөшкөнсүп желаргыга термелет.

Кемпирдин бул сыркоодон сакаярына көзү жетпечү. Өмүрүнүн саналуу күнү калганын да сезе турган. «Айла канча, андан ким качып кутулуптур. Күнү бүткөн ар ким ага баш ийет. Тирүүлүктүн эң акыркы күрөшү ошол» — деп бүтүм чыгарчу өзүнчө. Кээде, оорусу катуу кармаганда аны тунжурап куткөн күндөрү да болду. Бирок ал күттүрбөй келет, пендечилик турмушта эмнени бүткөрө албай калдың — ошого шашуу керек деп ойлочу кайра.

Бул сапар ал ойлордун бири да келбеди. Азыр ага соңку күндөрү уйку бербеген Алишердин тагдыры тынчын ала баштады. Кокус көзү өтүп кетсе ага ким баш-көз болот? Эптеп турмуштан ордун таба алар бекен? Же кургур кор болуп калабы?.. Кемпирдин жүрөгү мыкчыла түштү. Ал корккон нерсе өлүм эмес, мына ушул — Алишердин тагдыры.

Түшүнүксүз ыр токтоду. Кыйч-кыйч-кыйч… Каалга үнү басылчудай эмес. Дубал боорунда илинген сынык күзгүдөн Алишердин жүзү көрүндү. Үрпөйгөн чачын улам-улам суу алаканы менен сыламыш болот.

Ыр кайра башталды.

— Апа, мен кеттим. — Эски каалганын карс этип жабылган үнү угулду. Бирок ыр басылган жок, Алишер дагы эле ырдап бараткан окшойт.

— Кечикпей бар устаканага! — Эне үнү ага жеткен жок. — Мектепке кетти, мейли бара берсин, элге аралашсын.

Кемпир экинчи капталына оодарылды.

*     *     *

Алишер жардамчы мектепте окуу менен бирге, ошол тегеректе жүрө берчү. Сырты айрылган, эски китеп колтугунан түшчү эмес. Класстардын терезелерин шыкаалайт, доскада бир нерселерди жазып жаткан окуучуларды суктана карайт. Анан мугалимдин байкап калганын көрсө ууру кылган адамдай лөкүлдөп качып жөнөчү.

Ага өзгөчө жакканы — балдардын качма топ оюну. Кээде алар киши жетпей калса аны кошуп алышчу. Мындайда анын сүйүнгөнүн айтпа. Кара терге түшкөнчө топ артынан тынбай жүгүрө берет… Ал канчалык жүгүрбөсүн дайыма ал тараптагылар жеңилип калышчу. Ошондонбу, аны оюнга кошконун коюшту, ошондо деле ага иш табылды. Эми ал топ ташыгыч болду.

Ал талааны кыдырганды жакшы көрчү. Бул сапар да борпоң чачтуу жолду бойлоп талааны көздөй баратты.

Түшүнүксүз ыр күч алды. Сөзү да, обону да жок белгисиз ыр. Али эч ким уга элек ыр.

Жакындан эле пырр-рр этип торгой учуп чыкты. Анан түшүнүксүз ырга удаа сайрап кирди. Аны ыр тоотуп да койгон жок, ого бетер бийик, ого бетер өкүм, ого бетер шаңдуу. Талаа мемирейт. Ыр ээси өзүн мынчалык эркин сезген эмес.

Алишер тизелеп алып, таманын кытыгылаган ысык топуракка бир нерселерди чиймелей баштады. Тамга түспөлдөш жазуулар, түшүнүксүз оймо-чиймелер. Ишине катуу берилгендиктен буту менен аларды кайра өчүрүп баратканын да байкаган жок. Класстагы окуучуну туурап, кээде топурак болгон сөөмөйүн жамбашына сүртүп алат. Күтүүсүздөн ал адам сөлөкөтүнө окшошо түштү: таяк кармаган кемпир, сүрөт тарткан бала, жок, алар түшүнүксүз гана бир нерселер болучу. Бирок алар Алишерге ошондой көрүнүп жатты: көөрүк үйлөткөн бала, суу көтөргөн кыз, дөшүнү чыкылдаткан уста, бозого тойгон каардуу адам. Түшүнүксүз сүрөттөр көбөйө берди…

— Эй, жинди!

Алишер селт этти чочуп. Обочороокто тезек терип келатышкан бир топ балдар турушкан экен.

— Ким жинди?

— Сен.

Алишер унчукпады.

— Эмне кылып жүрөсүң?

Жооп болгон жок. Анын камырабаганы балдардын жинине тийди белем, тезек салынган каптарын таштап, таш терише башташты. Эми зыркырата ыргытылган таштар анын туш тарабына түшүп жатты. Аны тоотпогон адамдай ал өз иши менен алек. Бул тоотпостук балдардын ызасын келтирди окшойт.

— Мына сага жинди! — үн менен кошо чүкөдөй таш анын куймулчагына тийди.

Балдар селдейе калышты, бирок орундарынан жылышкан жок. Денелери чыйралып, көздөрү гана тигилет. Алишер ордунан атып турганда, алар чилдей тарап, туш-тушка чачыла берди.

— Жинди, жинди, жинди! — Жаңыртып чуулдаган балдар үнү. Жабыр тарткан узун шыйрак Алишер алардын соңунда. Тезек салынган каптар тээ алыста калды.

Балдарга «Жинди» оюндун ушу жери кызык. Карматкан бала запкы жейт. Ошондуктан, кандай да болбосун «Жиндиге» карматпаш керек.

Алишер топтон бөлүнө качкан баланын соңунда. Кубалашкан экөө антип-минткенче айыл ичине кирип келишти. Кармоо кыйындыкка турган жок. Бүркүттүн чеңгелинен жанталашкан айбан өңдүү күйүккөн бала колу менен жүзүн далдалап жерге жата калды.

— Экинчи жинди дебейм! Экинчи айтпайм! Болду. А-аа-аа-аа!..

Чаңга оонап тоголоно баштады ал бала. Анын ачуу каткырыгы ат сарайга кире качышкан балдарга угулуп турду. Алишер баланын эки колун карыштыра кармап, далылуу жерин кытыгылап жаткан эле. Көзүнөн жаш чыккан бала ыйлап ийди:

— Байке, Алишер байке! Экинчи жинди дебейм. — Ага ушул сөз гана керек. «Жинди» деп качкан балдарды кармаганда «байке» демейинче кытыгылай берчү. Айрымдары кармаары менен «байке» деп ийип кутулчу, айрымдары көктүгүнөн көпкө чейии эрип жатчу. Бул айыл балдарына «Жинди» оюну аталып, тарап кеткен эле.

Боз ала чаңга оонаган бала ый аралаш улутунуп алды да, өзүн келекелеп, талаада калган тезектерине бараткан балдардын соңунан түштү.

Алишер өз ишине өзү ыраазы. Жерде жаткан шапкесине эңкейди. Ушул учурда күтүүсүздөн оор өтүк жамбашына күрс этти. Эт-бетинен кетип, чаң сүздү ал.

— Тырмактай балдарга айгыр болгон экенсиң ээ! — Жол четинде Бошкой арабакеч турган эле. Алишер сөз кайрыган жок. Сыйрылган чекесин жең учу менен сүртүп алды.

— Жиндини жинди десе өлгүсү келет. Ага эмне намыстанасың… — Мурун өрдөгөн кычкыл кекирик сөзүн жулуп кетти. Бозого бети чымырап, ала-күү.

— Муну кара, тырмактай баланын боорун эзип, өлтүрүп коё жаздады. Өлсө анын доосу бар. Сенинчи, сенин кимге керегиң бар? Ушундан көрө өлсөңчү!

Алишер сөз катпады. Сыйрылган чекесин сыйпалап, жолго түштү. Анан лөкүлдөп жүгүрүп жөнөдү.

— Шапкең калды. Ала кет! Ме, Жинди. — Чаңга ооналган шапкени күү менен тебем деп баштан учкан калпактай чалкасынан түштү Бошкой. Алишер шапкесине карап койгон жок. Мынчалык ызага өмүрүндө баткан эмес. Ал ыйлап баратты.

*     *     *

Балканын чыкылдаган үнү алыстан угулат. Устакананын жанында бир дөңгөлөгү алынган шаты араба. Четкерээктеги казыкка байланган тору ат ириңдүү көзүнө жабыша калып жаткан көк чымындан коргонуп, башын чулгуп-чулгуп коёт. Күйгөн көмүрдүн кычкыл жыты мурун өрдөйт.

Акжолтой сол колундагы кыпчуурдагы кызыл темирди чыпылдата ургулап, така түспөлдөштүрүп жатты. «Ур» деген белги качан болот деп барсканын белендеген бригадир Эсенбай анын бет маңдайында.

— Акжолтой, тезирээк. Арабанын дөңгөлөгүн сала койбосок иш калды. Аялдар күтүп олтурушат талаада. Бол, эрте.

Акжолтой даяр болгон таканы чоң чакадагы сууга салып алды да, анан четке ыргытты.

— Кана, баштадык.

Эми экөө дөңгөлөк оңдоого киришти.

— Арабакечиң кайда?

— Бошкойбу?

— Ооба, — Бул жерин карма дегенсип, Алжолтой кычкач менен жаңсады. — Жерге кирсин ошол. Дайыны жок. Араба сынды деп эшигинин алдына таштаптыр да көздөн кайым жоголуптур. Бозо кубалап жүрсө керек.

— Анан, арабаңды өзүң чектиңби? — Эми бу жерин карма дегенсип Акжолтой дагы белги берди.

— Анан кантейин. Иш калып жатат. Ал макоону күтүп олтуруп иш бүтөбү? — Бригадирдин ачуусу катуу келген окшойт сөгүнүп ийди. — Ушу Бошкойго күйүп бүттүм. Сенин жардамчыңдан өткөн дейди. Ал го экестүү, жинди чалыш экен. Бошкойго эмне жок, ал да жиндиби?

Акжолтой ишин токтотуп, Эсенбайга алырая карады. Ал аны сезген жок. Ачуусун төгүп, сөгүнө берди. Акжолтойдун муштуму түйүлүп, майланышкан булчуңдары чыңала түштү. Сол колу кычкачтан ажырап, Эсенбайдын майланышкан жакасын муундура кочуштаганын өзү да сезген жок.

— Угуп ал, Эсенбай! Кимде-ким эми Алишерди жинди десе мына муну менен,— колундагы балканы анын мурдуна такады,— айгырды такалагандай такалайм! Уктуңбу, эсиңде болсун!

Бригадирдин эси оой түштү. Мындай жорукту күткөн эмес. Эл башкарып өкүм сүйлөп көнгөн ал сүйлөөргө сөз таба албай бүйшөлдү. Катуу запкы жеген адамдай салбыраган Акжолтойду гана далыга чапкыламыш болуп, жоошутуу менен убара. Бригадирдин бул кыймылында өзүн-өзү күнөөлөө бар эле.

Акжолтой четте жаткап кычкачын алды да Эсенбайдын катарына отурду.

— Бир байкуштар. Эч кимге зыяны жок. Жинди деп басынтыштын кереги не? — Акжолтойдун ачуусу тарай түшкөн эле.

Бир топко үнсүз отурушту.

— Деги кимдер алар? Эл-жери барбы? — Эсенбай Акжолтойго суроолуу карады.

— Ким билет? Эл-жери жок адам болобу. Өткөндө базарга барсам жүрүшүптүр. Кемпир оорукчан экен. Боорум ооруду. Сураштырсам үй-жайыбыз алыс дешет. Чечилбей коюшту. Анан ээрчитип баса бердим.

— Туура кылгансың.

— Эмне? — Акжолтой Эсенбайдын сөзүн укпай калды.

— Туура кылгансың деп атам. Устаканага жарайт бекен?

— Ким?

— Тиги… — Эсенбай «Жинди» деп айтып ийе жаздап токтолду. Ушул күнгө чейин атын билбегенине өзүнө-өзү нааразы.

— Алишерби. Жакшы иштейт. Турмуш запкысын көп жегенби, жалтак. Эч кимге кошулбайт. Бирөө менен сөздүн ыгын таап сүйлөгөндү да билбейт шордуу. Чочуйт да турат.

— Канчада.

— Сурабаптырмын.

Убакыт шашке чамалап баратты. Күн чекени куйкалайт. Демейде чалды-куйду шашып жүрчү Эсенбай азыр шашпады. Дөңгөлөк оңдолуп, арабага салынып даяр болсо да ордунан турган жок. Төмөндө Алишердин карааны көрүндү. Экөө тең анын сыйрылган чекесине маани берген жок. Олдоксон шордуу бир нерсени сүзүп алган го деп ойлошсо керек. Сөз учугун улай беришти.

— Кемпир оорукчан бекен? — дагы суроо узатты Эсенбай.

— Ошондой окшойт. Катуу көрүнөт оорусу. Адам болчудай эмес.

Үчөө тең үнсүз отурушту бир азга. Эсенбай боору ооругансып: Алишер тарапты карап койду. Анан этегии кагынып, арабасына бет алды.

— Акжолтой, аларга жардам керек болсо айт. Кемпирди догдурга салып көрбөйлүбү? Сүйлөшүп көрчү. Чү! —

Ысыкка салбыраган аттар бош арабаны ыкшоо тартып сүйрөй жөнөдү.

— Ал байкушту Сарыбайдын дары чөбү гана айыктырбаса…

Акжолтойдун өзүнчө сүйлөгөн сөзүн Эсенбай уккан жок. Шалдыраган арабанын үнү басып кетти.

Устаканада иш башталды кайрадан. Балканын шыңгыраган үнү. Күшүлдөгөн көөрүк. Барскан чок болгон темирди күрсүлдөтүп сабап жатты. Быш-быш эткен Алишердин добушу угула калат. Акжолтой көз кыры менен уурданып улам-улам Алишерди карап коёт. Сыйрылган чекесин көрсө да көрмөксөн. Суроого оозу даабады. Алишер да үнсүз. Сөзгө тартмайын андан сөз чыкпайт. Акжолтой аны жакшы билет.

«Атаңдын көрү дүнүйө. Балага зар кылдың го! Жок дегегенде ушул «Жиндидей» бир уул берсечи» — Акжолтой уурданып Алишерди дагы карап койду. Ал эч нерсе менен иши жок, өз иши менен алек.

Сыртынан сыр бербегендери менен аялы экөө туяксыз жүрүшкөнүнө ичтери сыздачу. Бала күтүп ушунча жылды артка ташташты, бирок буйрук болбоду. Ошондо деле моюн сунушкан жок. Үмүт чиркин кыйын го, дагы эле ал үлбүлдөп үзүлө элек.

«Оорукчан кемпир көз жумса бул шордууга ким тирек болот?» — Акжолтой кайрадан ой артында: «Мага ык тарта алар бекен? Ким билет, мүмкүн, булардын да издеп алар адамдары бардыр. Кантип эле жок болсун». Өз оюнан өзү чочуп кетти: «Ой, тобо, кемпирдин өлүмүн тилеген адамдай болуп… Койчу!» — денеси ток ургандай дүр дей түштү. Кокус келген ойдон алаксыгысы келди. «Бүгүн алардын караар-коёру бар жогун сурайын. Мүмкүн барып келиш керектир» — бул Акжолтойдун кемпирден көптөн бери оозу барып, сурай албай жүргөндөрүнүн бири эле.

«Бошкой калп айтат». Алишер күш-күш этип көөрүктү үйлөтүп кирди.. «Мени жинди деп коёт дагы. Бошкойдун өзү жинди. Акылдуу адам баш кийимди теппейт деп апам айтпады беле. Чын эле менин эч кимге керегим жокпу?».. Жооп күткөнсүп Алжолтойду карады. Жооп жок. Чыкылдаган балканын үнү. «Мен устаканага керекмин. Балдардын эч кими минтип барскан ура албайт. Карачы!» — Алишер кызыл чоктуу темирди Бошкойду жаткырып алып уруп жаткансып сабап кирди. Күрс-күрс-күрс.

«Токтот» дегенсип дөшүнү чыкылдатып белги берди Акжолтой. Алишер аны сезген жок. Күрс-күрс-күрс. Былчыйган темир кайкалай түштү. Күрс-күрс-күрс. Былчыйган темир эки бөлүнүп жерде жатты. Күрс-күрс-күрс. Барскан жылаңач темирди сабап кирди… «Өлгөнүң жакшы дейт. Эр болсо Бошкой мага окшоп, балдар менен «Жинди» оюнун ойносунчу! Колунан келбейт. Мен апама керекмин!» Акжолтой жана эле ишин токтотуп, четте турган. Алишердин жайдак дөшүнү күрсүлдөтүп сабап жатканына анча маани берген жок.

— Чарчадыңбы? — Алишердин ою чарт үзүлдү.

— Эс ал, бүгүн болот. — Акжолтой майланышкан кайыш көкүрөкчөсүн алды да, аны устундагы мыкка илди. Анан майланышкан колун, бетин чакадагы таза сууга жууп кирди.

— Кел, жуунуп ал. Үйүңө чогуу барабыз. Иш бар.

*     *     *

Жол бир топ узак эле. Батыштан салкын жел сокту. Көңүл сергиткен жел. Алар үнсүз-сөзсүз. Күн кылкылдап уясына батып баратты.

Акжолтой эки кадам алдыда. Соңунда Алишер.

— Акжолтой аке?

Акжолтой унчукпай кете берди.

— Акжолтой аке дейм?

— Угуп атам.

Күтпөгөн суроо берилди:

— Эмне үчүн мени «жинди» дешет?

Тамагына оор нерсе тыгылгандай боло түштү Акжолтойго. Жооп табуу кыйын эле. Алишерге эмес, кээде, ал өзүнө өзү ушундай суроо берчү. Бирок жооп таба албачу. Бу сапар да өзүн, анан Алишерди ишендире алчу жооп таба албай кыйналды. Ошондонбу, унчуккан жок.

— Акжолтой аке?

— Угуп баратам. Айта бер.

— Менин өлгөнүм жакшыбы?

Акжолтой токтой калды. Бирок артына кайрылган жок. Ошо калыбында гана бурк этти.

— Угуп ал Алишер, экинчи мындай сөздөрдү сүйлөчү болсоң устаканага жолотпойм, уктуңбу?

Алар кайрадан жолдо. «Көрдүңбү! Мен Акжолтой акеме керекмин. Бошкой калп айтат».

Негедир ырдагысы келди Алишердин. Сапырылган боз топуракка Акжолтойдун сүрөтүн тартууну самады.

— Акжолтой аке, Сарыбайдын дары чөбү деп эл эмнени айтышат?

«Жинди» дешет дагы муну. Суроо берип жатканын карачы» — Акжолтой Алишерден мындай сөздөрдү биринчи угушу. Чечилип сүйлөгөнүн биринчи көрүшү.

— Оо, ал узак сөз, угасыңбы? Алишердин угар-коёруна ишене бербегендей токтоп калды Акжолтой уста. «Угам» дегенсип башын ийкеп койду Алишер. Анан чогуу жолун улантышты.

— Илгери-илгери ушул аймакта Сарыбай деген мерген жигит мекендеген экен. Өзү албеттүү келип, көзгө атар мерген гана болбостон, намыска жараган балбан, ат жалында ойногон шамдагай жигит болгон дешет. Ушул жерди мекендеген уруусун аң эти менен багып турчу экен.

Күндөрдүн биринде ошол Сарыбай мерген аң ууга, Беш-Таш тоосуна жөнөйт. — Мына бул тоолорго дегенсип Акжолтой токтой калып, түштүк тарапты жаңсап көрсөтүп койду. — Суу бойлоп жүрүп олтурат. Канча жүргөнүн ким билет, Итагардын оозуна келгенде токтоп, атын тушайын деп эңкейе бергенде жогорку белден шыпырылып түшүп келаткан жалгыз эликти көрөт. Ал тегеректе эликтин көп болбосун жакшы билген мерген бир чети таңгалып, бир чети өзү келаткан оңой олжого сүйүнүп бөгүп калат. Анан ээрге илинген мылтыгын алып, жыт алдырбай тосуп чыгат. Далдаалуу коңулга бөгүп, мылтыгын мээлерде бут койгон ташы тайып, сай ылдый кош жаңырык салып кулап жөнөгөн экен. Көзгө атар мергендин өмүрүндө мындай болгон эмес. Таш кулатмак түгүл куурайдын башын сындырбаган этиет мергендин бул олдоксондугу өзүн эмес, бет маңдай келаткан эликти селт эттирди. Мергенге ошол гана жетиштүү болчу. Бараңдын «тарс» деген үнү аска жаңыртат. Үн менен кошо элик ылдый кулап жөнөйт. Бирок мергендин огу жаза тийген эле. Жарадар болгон элик арткы бутун сүйрөп суу жээктей качып жөнөйт. Дагы атышка пайда жок эле. Элик алыстап кеткен. Ок жетмек эмес. Жанбашы талкаланган элик көп узабайт, бат эле кансырашы мүмкүн.

Мерген эликтин соңунан түшөт. Бирок ал ойлогондой болбоду. Анын соңунан көпкө жүрүүгө туура келди. Итагар белин ашып, Кетмен-Төбөгө кантип өткөнүн да сезген жок.

Акыры булак жээгинде кансырап, качууга алы келбеген элик көрүндү. Аны ок коротуп дагы атыштын кереги жок эле. Элик качууга эмес, турууга дармансыз. Акыры олжосуна жеткен Сарыбай мерген атынан түшүп, кыйналып өлүм алдында жаткан эликти көздөй жөнөдү. Ошондогу эликтин жан далбасын айтпа. Адам өңдүү соо жамбашын сүйрөп, алсыз буттары менен тырмалап, мергенден кача баштаган экен шордуу жаныбар. Булактын суусу кыпкызыл канга боёлгон дешет ошондо. Боору ооруган мерген «шордуу жаныбар көп кыйналбасын, мууздап жиберейин» деп шамшарын алганча кансыраган элик булак жээгиндеги жапыс өскөн бетеге өңдүү, тыйын түспөлдөш жалбырактагы бар чөптү түп-түбү менен далбастап, бурдап жеп жаткан экен. Кансырап, өлгөнү жаткан эликтин бул сугалактыгы мергендин жинин келтирет. Ушул учурда күтүлбөгөн окуянын күбөсү болот Сарыбай. Эми эле өлүм алдында жаткан элик ордунан козголуп, анан кичине аксаңдап, булактан алыстай баштайт. Бир аз узабай баш көтөрүп, куландан соо элик так түйүлүп, кыр ашып көздөн кайым болгон имиш.

Булак жанында эми элеки көргөндөрүнө ишене албай аң-таң болот Сарыбай мерген. Ал бир чети таң калса, бир чети колдо турган олжосунан айрылганына капа. Капалангандан эмне. Бул жерден болбогон олжо башка жерден болор. Бирок адам ишенбес мындай окуянын күбөсү дагы болор бекен. Ким билет?..

Бул окуяга таң калган Сарыбай эч нерсеге түшүнө албай башы маң. Анан булак жээгинде өскөн бетеге өңдүү чөптүн калдыгын издей баштайт. Бирок элик аны түп-тамыры менен жулуп кеткен экен. Омкорулган нымдуу топурак, башка эч нерсе жок. Демек, эликке жан, кубат берген ошол чөп. Сарыбай мерген ошол тегеректен ал чөптү издей баштайт. Күтүлбөгөн жерден тыйын түспөлдөш, кичинекей жалбырактары бар чөптүн бир үзүм талына көзү чалдыгат. Ал куурайдын бутагында илинип турган экен. Эмелеки кансыраган элик ушул чөптү жебеди беле. Демек, бул — ошол чөптүн жалбырагы. Табылгасын жүзаарчысынын бир учуна түйүп коёт мерген.

Айылына куру кол келип, көргөндөрүн айтса эли ага ишенбей койгон дешет. Ал турмак ага «Учурма» деген ат коюп алган имиш. Ким билет, тээтиги «Учурма» коосу да ошонун атынан калса керек. — Акжолтой эми алды жакта созулуп жаткан коону жаңсады Алишерге.

— Кызык бекен? Бир нерсеге түшүнүп жатасыңбы? — Күнөмдөр адам өңдүү Алишерге карады.

— Кызык экен.

— Эмесе, андан ары ук. Ошентип,— Акжолтой токтой калып оозундагы насыбайын узун сөөмөйү менен илип алды да, четке чертип ийди,— бир элди аң эти менен баккан адис мерген «Учурма» атка конуптур. Бул сөз жигиттин намысына тийген белем, элден четтеп, топко көп аралашпай, аңчылыкка барганын токтотот. Журт маани бербей, бара-бара унута башташат мергенди. Ошондой күндөрдүн биринде эч нерседен бейкапар, эч кимге залалы жок бейкут жаткан журтка канкор жоо кол салыптыр. Жоонун иши жоо, чакан журттун катын-калачы, бала-чакасына карабай курал кармап, таш ыргытууга жарактуулардын бардыгы жоого каршы түп көтөрүлүп чыккан дешет.

Ошондо «Учурма» атка конгон Сарыбай мергендин аты кайра дүңгүрөптүр. Жоого каршы туруп, Сарыбай кол башында жүргөн экен. «Учурма баатыр» деген атка конуптур.

Көрдүңбү, сени «Жинди» десе чычалайсың. Сарыбайга окшоп учуру келгенде өзүңдү бир көрсөтүп кой, ошондо көрөйүн «жинди» дегендерди. — Акжолтой өз сөзүнө өзү ыраазы болгонсуп, борсулдап күлүп койду.

Алишер унчуккан жок.

Иңир кирип келатты. Батыш тарап кызарат. Эртең күн ачык болчудай. Ысыктын табы кеткен менен айлана үп.

Негедир Акжолтой шашкан жок. Арык боюна келип отурду. Арыктагы суу небак соолгон. Чакчасын алып чыкты да насыбай атты кайрадан.

— Ошентип, Сарыбайдын аты кайра дүңгүрөптүр. Кол салган жоо жыгылыштуу болуп өлгөндөрдүн кунун төлөгөн дешет. Ошондо кунун алган Сарыбай баштаган жети жигит барган экен. Сыйын көрүп, алаарын алып, кайра журтуна кайтып келе жаткан сегиз жигитке буктурмада күтүп турушкан жүздөй душман кол салыптыр. Көрсө, бул бир чети жеңилүүгө аргасыз кылган Сарыбайды жок кылууга, экинчиден, бекер кетип бараткан малды кайтарып алышка жасаган душмандын айла-амалы көрүнөт.

Күч жагынан тең эмес бул урушта Сарыбай гана аман чыгыптыр. Бир адамдын кутулушу кыргын чабыштын кайра башталышы болмок. Аны түшүнгөн душман качып чыкканы болсо аман куткарбасын деп жол боюна бир көзгө атарын буктурмага отургузган дешет.

Куугундан кутулуп, бейкапар келаткан Сарыбайга көзгө атар мергендин огу жаңылат. Заматта дүйнө асты-үстү болуп, баштан учкан калпактай аттан ооп түшкөнүн сезбейт байкуш Сарыбай. Өз максатына жеткен душмандын мергени атын жай бастырып келип, чала өлүк Сарыбайды дагы мээлейт. Бирок эс-учун билбей сулк жаткан Сарыбайдын өпкөсүнүн тушунан агып жаткан канды көрүп, адам болбосуна көзү жеткен душман жайдак турган атты олжого жетелеп жүрүп кете берген экен.

Акжолтой сөзүн токтотуп, оозундагы насыбайын сөөмөйү менен дагы алып, четке чертип койду. Аңгемеге биротоло кызыккан Алишер анын оозун аңдыйт. Аны Акжолтой сезип турду: «А баракелде, бир нерсеге түшүнөт окшойсуң. Дилиң бар, тилиң жок, оюң бар, сөзүң жок. Эч нерсе эмес, түшүнсөң, байкасаң болду». — Ичинен өзүнчө ыраазы. «Сөзгө кызыккан менен учук улап сураганды, аралашканды билбейт чунак. Мейли, сөзгө кызыгып, укканына шүгүр».

— Ошентип, байкуш Сарыбай канча жатканын ким билет, оо, бир мезгилде ирең-бараң эс акылына келет. Кыймылдашка каруу жок. Канга чыланган. Ээн талаа. Жыбыраган жылдыз. Ажал менен алпурушкан жалгыз караан — Сарыбай. Кансырап баратканын сезет. Кандай болбосун канды токтотуш керек. Кантип?.. Эсине төш чөнтөгүндөгү бет аарчы түшүптүр ошондо. Энеси белек кылган чоң бетаарчы ар качан аны менен кошо жүрчү. Көйнөк айрып олтургандан көрө ошо менен таңуу керек. Ооба! Алдан-күчтөн кетип бараткан Сарыбай эптеп жаралуу, кан аккан жерин таңа баштайт. Ошондо күтүүсүздөн бет аарчы учундагы түйүндүккө колу урунуптур. Ал бир кезде «Учурма» атка кондурган, кансыраган эликти айыктырган дары чөптүн бир бутагы эле.

Сарыбайды ошол чөп өлүмдөн алып калган дешет, уулум. Кийин карылыкка баш ийип, аң уулашка кудурети жетпей калган учурда Сарыбай мерген ошол чөптү жыйнап, дарыгер болуп кеткен дешет. Ал дары-чөптөн далай-далай оорукчан айыгыптыр. Сарыбайдын дары чөбү дегеним ушул. Эми аны кантип, кай жерде өсөрүн эч ким билбейт. Ушул айыл арасындагы бир топ киши издеп көрдү, бирок таба алышпады. Жайнаган чөптүн кайсы бири экенин билесиң.

Арык кырында отурушкан эки караан орундарынан турушту да, үлбүлдөп жарыгы күйгөн боз тамды карай бет алышты.

— Атаңдын көрү десе, ошол Сарыбайдын дары чөбү болсо энеңди айыктырышка болор эле. — Акжолтой оорукчан кемпирдин тагдыры ошол чөпкө байланышкандай оор күрсүнүп койду. Алишер үнсүз.

Үй жактан күрс-күрс жөтөлгөн үн чыкты. Кемпир эшиктен кирген уулу менен Акжолтойду да элес алган жок. Эртең менентен бери эч нерсе ичкен эмес окшойт, коюлган аяк ошол бойдон турат.

— Кандайсыңар, жакшысыңарбы? — Эңкейе берип үн катты Акжолтой.

— А-а, Акжолтойсуңбу… Эптеп жатам. Жарыкты зорго күйгүздүм. Турушка каруу жок.

— Тамакты ичпептирсиңер, кайдан каруу болсун.

— Көңүлүм чаппай койду. Суусайм да турам. — Кемпир дагы күрс-күрс жөтөлүп кирди. Алжолтой анын башын сүйөп, жаздыгын бийиктеди.

— Силерди догдурга салалы деп жатабыз.

— Догдургабы?..

— Ийи.

Кемпир унчукпай калды. Жооп күткөнсүп Акжолтой да үнсүз.

— Тим эле койсоңорчу? — Жалооруй карады кемпир.

— Эмнеге, айыгып кетесиңер.

— Ким билет? Эми догдурдун өзү да жардам бере албайт ко. Көзүм жетип турат. Бир гана… — Кемпир Алишерди карады да кайра жөтөлүп кирди. — Чай койчу кулунум, үйдө суу да жок.

Алишер чака алып сыртка чыкты. Түн кирип калган эле. Алыста суунун шары угулат. Ай али чыга элек. Жымыңдаган жылдыздардын жарыгы алсыз. Айлана көзгө сайса көрүнгүс. Жалгыз аяк жолдо Алишер баратты. Суунун шары улам жакындоодо.

…Сууга толгон чакасын жээкке койду да Алишер отура кетти. Суунун шары кулак жарат. Сөзү жок, обону да жок белгисиз ыр башталды. Алишердин кадимки ыры.

Түн көзгө сайса корүнгүс. Суунун албууттанган шары. Суу боюнда эрбейген караан. Сөзү да, обону да жок белгисиз ыр.

Оюна Сарыбай мерген түштү. Ал азыр ошол тегеректе жүргөндөй сезилди ага. Азыр келип калчудай эки жагын элеңдеп карап койду Алишер.

— Эй, Сарыбай мерген?

— Эй, Учурма баатыр?

Үлбүлдөгөн бүдөмүк караандар аны көздөй келе жаткансыйт. Бирок үн-сөз жок. Бир гана добуш — суунун шары.

Сезиминде кыял учкуну көкөлөдү. Заматта кулактын кужурун алган суунун шары басылып, башка бир дүйнөгө туш болгондой сезди өзүн Алишер. «Жинди» деп таш ыргытчу балдары жок, Бошкойдой эмес, таптакыр башка адамдары бар дүйнөдө жашап жатты ал кыялында.

— Эй, сен кимсиң?

Алишер чочуп кетти. Суунун шары кайра «шау-шау» дей түштү кулагына. Наркы жээкте боз ат минген адам турган эле. «Сарыбай!» — Жүрөгү тарсылдап сого баштады.

— Эй, сен кимсиң дейм! — Бейтааныш атын теминип, дагы жакындады.

— Оо, мурдуңду урайын. Ким десе Алишер жинди белең! Тур, үйүңө жөнө. — Мамбет корукчу экен. Атынын тизгинин тартып, караңгыга сиңип кетти.

Бу сапар Алишер анын сөзүнө териккен жок. «Мейли, «Жинди» дей берсин. Мен эмес Сарыбай мергенди деле «Учурма» атка кондурушкан». Чакасын алды да жолго түштү. Демейде жинди десе намыстанчу ал азыр ага кайра ичинен ыраазы. Кош чакадагы суу чайпалат. Багалек суу… Кыялында өзүн Сарыбай мерген менен салыштырып алды. Өзүнүн тагдыры анын тагдырына окшоштой сезилди ага.

…Кемпир менен Акжолтой дагы эле сүйлөшүп жатышкан эле.

— Атасынын абалын түшүндүң, Акжолтой. Ал шордууну менин көзүм өтсө издеп келер киши жок. Сага ык тартып калды, баш көз бол. Көзүм барда суранарым ушул сенден. — Кемпирдин сөзүн жөтөл жулуп кетти.

— Койсоңузчу, кайдагы сөздү айтпай.

— Жоо-ок, Акжолтой. Ишенген кишим сенсиң. Өлүмдөн коркпойм, ошол шордуунун тагдырынан корком. Өнөрүңдү үйрөтүп койсоң ачка калбас, жөндөп кетер. Экестүү өңдөнгөн байкушумду кор кыла көрбөгүлө!..

Алишер кирип келгенде Акжолтой жөтөлгө ыкшыган кемпирдин башын жөлөп, муздак чай ууртатып жаткан эле. Чай ууртаган кемпир кичине тынчый түштү.

— Эртең устанакага барбай эле кой. Үйдө бол, уктуңбу! Эртең менен сүт алып келип берем,— деди да Акжолтой ордунан турду.

— Азыр чай коюп бер. Эртең бригадир менен сүйлөшүп районго догдурга алып барабыз. Сен биздикине жүрө турасың.

Акжолтой Алишерди далыга чапкылап койду да, анан сыртка чыкты.

Күндөгүдөн бүгүн кемпирдин абалы оор. Жаздыктан башын көтөрүшкө каруусу жок. Ысык чайга да табити тартпай жүүнү бош. Сунулган пияланы четке коюп, Алишерди өзүнө тартып жакын отургузду.

— Эртеби, кечпи көз жумсам Акжолтойду бел тут. Ошол сени адам кылат, уктуңбу кулунум?

Алишер башын ийкеп койду.

— Түшүнүп жатасыңбы менин сөзүмө?

— Ийи.

«Байкушум десе, жоготуу, өлүм дегенди кайдан түшүнмөк элең. Каадалуу адамдай башын ийкеп коёт дагы. Түшүнүшкө кудуретиң жетер бекен?..» — Кемпир ичинен өзүнчө күңгүрөнсө да, сыртынан уулунун «ийи» деп баш ийкегенине ток пейил.

Алишер ыйлап жатты. Кемпирди кучактагысы, бетинен өпкүсү келди. Өмүрүндө ал анткен эмес, бу сапар да эрки жеткен жок.

*     *     *

Аны мөөрөгөн уйлардын үнү ойготту. Күн кылкылдап көтөрүлүп келе жаткан экен. Кайра үйүнө баш бакты. Түнү менен онтоп, кыйналып чыккан кемпирдин эми эле көзү илинген окшойт. Түкүргүчүнө салынган күл ным бойдон турат.

Алишер төшөгүнүн баш жагында жаткан кемселин алды да кайра сырткы чыкты.

Кечээ, бригадирден катуу тил уккан Бошкой бүгүн эртелеп арабасына аттарын чегип жүрөт. Бададан калган торпокторун кубалашкан үч-төрт айыл балдарынын үнү угулат. Ырсаалы бадачы балдар менен иши жок, кыңылдап тоо таянып баратты.

Күн көтөрүлүп калса да аба салкын. Алишер кичине чыйрыга түштү. Босогодо жаткан таар капты алды да тоо тарапка кеткен жолго бет алды. Ийри-буйру араба жолдун учу көрүнбөйт. Бирок тоо жакын, кол тийчүдөй.

— Эй, жинди, кузгун заарда каякка? — Бошкой жанынан өтүп бараткан Алишерге кайрылды. Жооп болгон жок.

— Апей, тилиң барбы? Каякка деп сурап жатам.

— Тоого.

— Суутуп коюптурбу?

— Дары чөп алып келем.

— Ха-ха… Эй, жинди, дары чөп мына. Убара болуп тоого эмнеге барасың. Ме, ал! — Бошкой уйдун чала каткан тезегин Алишердин алдына ыргытты. — Сен издеген чөптү уйлар небак эле жеп кеткен. Ал, ошол сен издегени бараткан дары чөп.

«Бошкой калп айтат. Сарыбай мерген ал чөптү уйлар бара албас бийиктеги булак жээгинен алып келген. Бошкой дайыма калп айтат».

Алишер айылдан бир топ узап кетти. Суу жээгине келип, кайрылып артын карады. Энеси жаткан боз тамдын каалгасы али ачыла элек эле. Төмөнүрөөктө Акжолтойдун карааны көрүндү. Колунда кармаган бир нерсеси бар. Сүт болсо керек. Үйгө кирип кайра чыкты. Эки жагын каранды. Болжолу Алишерди издеп жаткан окшойт. Анан Бошкойдон бир нерсе сурагандай болду. Алардын сүйлөшкөнү Алишерге угулган жок. Бошкой жооп иретинде тоо тарапты жаңсап жатты. «Мени издебегиле. Мен дары чөпкө кеттим, Акжолтой аке!» — Акыркы сөзүн үн чыгара сүйлөдү Алишер.

Мелмилдеп агып жаткан сууга «чулп» этип бир нерсе түшкөндөй болду. Ага удаа бир нече зуулдаган таш суу бетин чалды-куйду кылды. Чачыраган муздак суу селт эткизди аны.

Обочороокто торпокторун бадага кошуп келе жатышкан айыл балдары турушкан эле. Колдорунда чүкөдөй таштар бар.

— Жинди, жинди, жинди! — Таш ыргыткан бала айылды карай дыр койду. Артынан калгандары жапырт сапырылды. Арт жагын карашкан жок. Биринен-бири өтүп, араба жолдун чаңын уюлтуп, чымын-куюн болуп баратышты алар.

— Жинди, жинди, жинди!..—Чурулдап чыккан алардын үнү айылга киргенче басылбады.

Алишер адатынча аларды кууган жок. Ордунан турду да, тоо тарапка бет алды.

Ийри-буйру араба жолдун учу көрүнбөйт. Бирок тоо жакын, кол тийчүдөй. Күн улам жогорулоодо. Айылдан Бошкойдун арабасы суурулуп чыкты да шаар тарапка бет алды. Ичинде оорукчан кемпир жана Акжолтой уста. «Эрте кел Алишер» дегенсип этектеги чакан айылдын карааны үлбүлдөн улам алыста калып жатты.

Бирок ал кайрылып келген жок. Балким алыска кеткендир. Ата Журт кенен эмеспи. Айылдагылар муну жаманчылыкка жорушка оозу барбай «өз элине, атасына кеткен» деп тим болушту. Бирок айылда анын тууган-туушканы, атасы бар экенине көзү жеткен бир да адам жок эле. Акжолтой устадан башкага ал сөзү да, обону да жок ырдай табышмак бойдон калды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.