Польша эл жомогу: Кой менен карышкыр

Бир кезде карышкыр жаныбарлардын эң күч-кубаттуусу болуптур. Ага эч кимдин алы жетпептир. Бир жылдары карышкыр укмуштуудай күчөп, жаныбарларды опсуз кырып жиберет. Ошондо айбанаттардын Кудайга үнү жетип, арызданышат. Жараткан карышкырдын күчүн азайтканы аз келгенсип, мойнун да бурулууга ийкемсиз кылып салат. Ошентсе да ал ашынган жырткыч, опсуз соргок бойдон калат. Катуу жабыркаган жаныбарлар бир күнү чогулуп, жазаламай болушуп, күчү азайтылып, мойну араң бурулган аны арстанга карматып келишип, сот алдына коюшат. Баардыгы бул жырткычтын өлүм жазасына тартылышын талап кылышат, бирок абдан таң калычтуу […]

«Өлгөндөн калган адабият»: Уучу куру эмес улуттук поэзия (конкурска)

№16 Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын. Маданият министрлигин адабият тууралуу […]

Абдиламит Матисаков: «Атамды көргөн өлбөсүн…» (шедевр)

АҢГЕМЕ Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айлыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: «О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың» дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту «катырып» коюшат. — Ысыгында ушу жерден түшүп калсаңарчы! — Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби! — Көтөр чыптаңды, […]

Амантай Кутманалиев: Тырмакчанын ичиндеги «калмак» досумдун ишине мен да тилектешмин

Манасчылыр макал эле билет десек, макала жазганды да катырат турбайбы, молодец Самат! Бүгүн толук окуп бүттүм. Сөзүңдүн теги түшүнүктүү: Бул албетте, руханий маданиятка эш болсок деп «РухЭш» сайтын ачып алып, эки жылдан бери энтигип, көжөлүп, көгөрүп келаткан жалгыз эле Олжобайды колдоо эмес. Кийинки муун китеп карабай калган заманда өздөрүнө ыңгайлуу заманбап жол менен алардын назар-капарына илинсек деген аракет эле да… Мен көп эле жерде байкап жүрөм, бул сайтты теңине албамыш болуп үстүнөн карап, жогорку материядан сүйлөп жүргөн далай эле кишилер […]

Эсенбай Нурушев: Маңкурт-сапиенс

“Айтматов жана адамдан кийинки доор” аттуу адабий-философиялык этюддардан. Этюддарда “Кассандранын эн тамгасы” романындагы философиялык, футурологиялык жана прогностикалык экметтер  сөз болот. Албетте, романдагы жарык дүйнөгө келгиси келбеген кассандра-түйүлдүктөрү – жазуучунун аллегориясы, метафорасы деңизчи. Бирок биздин күндөрдө мунун башкача варианттагы реалдуу жүйөөсү, олуттуу себеби пайда болду. Атап айтканда, балдардын көп төрөлүшү дүйнөлүк элитанын кадимкидей куйкасын куруштура баштады. Алардын үрөй учурган айрым пикирлерин келтире кетели: “Аялдарды бир бала төрөгөндөн кийин узак мезгилге тукумсуздандыруу  (стерилизация) үчүн атайын капсулаларды даярдап, теринин алдына тигип коюш керек. […]