АҢГЕМЕ

Үйүбүз жогорку көчөнүн эң башында. А автобус үч көчө ылдый, дүкөндүн оозуна токтойт. Айлыбыз чоң, узун-узун алты көчө, а автобус бир жерге (дүкөндүн оозуна дебедикпи) токтоп өтөт. Биздин көчөнүн аксакалдары үмүт кылышабы, кээде: «О шопур бала, карыганда кыйраңдатпай жогорку көчөгө бир токтоп кой, кемип калбайсың» дешип калат. Анда автобус менен бир болуп келаткан кары-картаң жаалап, шопурдун ордуна өздөрү эле жоопту «катырып» коюшат.

— Ысыгында ушу жерден түшүп калсаңарчы!

— Же Папанга кошулуп барып, тамаша кылып келесиңерби!

— Көтөр чыптаңды, кадам сайын сага токтоп жүрөлүбү!..

«Об-бо закүнчүлөр ай, өкмөттүкүн өзүнүкүндөй көргөн ушулардыкы жаман өттү» дешип, мукураган коңшуларына оор чыпталарын көтөртүп, дүкөндүн оозунан түшүп калышат. Биздин айылдын өзүнө өмүрү автобус жүрбөптүр. Илгери жүрбөгөндөн кийин азыр да жүрбөйт да. Ноокатка, базар-учарга келип алышат да, жогору өткөн үч автобустун оң келгенине отуруп кете беришет. Дүкөндүн оозуна токтогондо үндөбөй (үндөсө эле эмне угарын эшиттиңиздер го) түшүп, алты көчөгө тарап кетишет.

Автобустан түштүм. Дүкөндүн маңдайындагы чоң талдын түбүндө биздин чалдар (ооба, биздин чалдар) күнөстөп отурушат. Бир жылдан бери былк этишпептир. Баягы айылга келип, кайра кетпартканымда да ушул картаң талдын түбүндө күн чубактап отурушкан, жарыктыктар. Ошондо да ата-бабалардын эрдик-уламыштарда калган тарых-баянын эрмектеп, бири айтса бири тыңшап отурушкан болчу. Азыр да ошол кепти, нечен-нечен өмүр аттап, тилден-тилге оошуп, кунары кетпеген зирелүү сөздүн аягына чыгыша элек, моокумдары кана элек… Эңилип, бир чекеден кол бердим.

— Оо кимдин уулусуң?— деди Артык абам сунган колумду коё бербей. Өткөн жылы да колумду коё бербей ушинтип сураган. Мени эмес, биринчи ушинтип атамды сураган.

— Мурзанын,— дедим да, өңүмдөн тааныбай жатабы, көз курчу мокоп калганбы деп ылдый эңкейем. Эңкейем да, атамдын атын бир жылдан бери биринчи сапар бирөөнүн сураганына, биринчи сапар атамдын атын адамдарга угуза атаганыма жетине албай, карынын, атамдын теңтушунун шадылуу колун билинер-билинбес кысып коём.

— Кимдин дейт?— Артык абам жака-белинен жана сурады.

— Оо Мурзанын уулумун дейт, комузчу Мурзачы, жогорку көчөдөгү!

— Аа, Мурза сопунунбу… Бечаранын балдары ишке жарап калган экен. Пурунзада жүргөнүсүң го?

Баш ийкейм. Күлөм. Бир жагынан ичим ачышат. Атамды көптөн бери азыр эстеп жатпаймынбы. Колумду коё берсе, калгандар менен да учурашсамбы дейм, колумду коё бербейт, жарыктык. Көрсө, колумду кармаганы, атамды эстегени экен.

— Атаңдын көрбөгөнү калдыбы, силер деп жүрүп… Силерди итче тиштеп чоңойтту, эр жеткизди эле… Уулумдун окуусу жакшы, куда кааласа, бүтсө чоң болот деп калчу, бечара. Ошонусу сен турбайсыңбы. Өмүргө там бересиң, ыргыткан таш экен зуулдап… Баягы эсиңдеби, Нурмат (сол ныптасында отурган Момун абаны мүрүсү менен секин түртүп койду), ушу баласынын бир иерсеси газитке чыгат. Ошону сен жаздың беле? (Баш ийкейм, колумду коё бербейт). Ону бу жогорку көчөдөгү Исматтин балдары көрүп, окуп бергенби же бир жерден өзү укканбы, өйүздөн бирөөнүкү той берип калат. Ошерде отурсак, Исмат кырчаңгы жөндөн-жөн эле сөз чыгарбадыбы. О, арбак урган эмне дейт десең: «бу Мурза, уулум чоң болот окуусун бүтсө деп, оозуңдан түшүрчү эмес элең. Онуң сени «далдалчы», «комуз чертип, талкан чогулткан», «бирөөнүн кезүүсүн кайтарган, дагы имне балаа, кимдин дубалын урган» деп газитке таза келекелеп жазыптыр го. Бала деген дагы ушундай болобу?! О күндөрдү да көрдүң, тана белең. Жакшылыгыңдан ошенттиңби, жокчулук кыстап, ушу балдарым деп жүрдүң, көргүлүктү көрдүң. Жаза турган нерсеси түгөнүп калса да, атасын жазып имне кылат, кысталак. Андай баланын барынан жогу» дебедиби элдин ортосунда. Атаң сөзгө чыйрак эле бечара, бош келбеди. «Исмат, бала жазса атасын жазыптыр, же о күндөрдү көргөнүбүз жалганбы? Ого көп жиниң келбесин, саткайыма сары деп коюп жүрө бер» деди жумшак гана. Биз, ошерде отургандар «жазма ишинде жүргөн бала экен, жазса атасынын кадыры, ушунчабыздын ичинен жалгыз Мурза газитке чыгыптыр. Сан миң адам окуйт экен. Баланыкы туура. Атам бизди ушинтип баккан экен деп жигари эзилип, мээнетти билип жазып атпайбы» дедик. Ошол уулу сен турбайсыңбы. Жаза бер, балам! Колуңдан келсе атаң жөнүндө дагы жаз, анын көрбөгөнү калган эмес. Башкалар жөнүндө, эл жөнүндө жаз! Шу ишти кыласың деп, бешенеңе жазган да…— деп туруп колумду коё берди. Чалдарга тегиз кол берип учураштым.

— Атаң жакшы киши эле. Орозо айында үзүлдү,— деди Нурмат аба.

— Базардан калчу эмес. Көчөт эле сатып келе берчү, бечара. Ошолору болдубу?— деп сурады Максыт кары.

— Өткөн жылы бирин-серин гүлдөгөн экен. Быйыл өрүктөрү мөмөгө кирди дешти, өзүм көрө элекмин,— дедим.

— Атаңдын турагына астайдил көз салгыла, балам. Эртеби-кечпи келип отурар жериңер ошо жер. Ата жайы деген ыйык келет…— деди Төрөкан аба.

— Газитка канча нерселерди жазып жүрөт, ошону кантип билбесин…

— Билеби-билбейби, айтып коюш биздин моюндагы иш. Атасы менен бир өстүк, бир жүрдүк…— деди Төрөкан аба.

— Атаң экөөбүз ашына элек. Жакшылыгын көп көрдүм. Бирин эле айтып берейин, угуп тур. Бизди дагы көрөсүңбү, жокпу айтыш кыйын…— деди Рахман аяш атам.— Согуштан кийинки жылдар… Сыртта он бешке жакын киши орокто жүрөбүз. Күздүн күнү. Күн жаныбар куйкалайт. Оокат тартыш. Бирткеден загра нан берет. Күн алыс ысык оокат. Ал да — болсо, болбосо жок. Айлап жатып-туруп, эгин оробуз, боолайбыз. Катын, бала-чака алыс. Жүдөгөндү айтпа. Иштен ким жүдөйт эле, айылда калган бала-чаканы ойлоп, санаа тынчыбайт. Күндө норма деп коёт. Нормасын бизге окшогон алдуу-күчтүүлөр эле толтурбаса. Бир күнү кечкурун чоң казанга күрүч шөөла жасадык. Күрүчтү өчүбүз бардай салган экенбиз, канча от жаксак дагы күрүч «тирик» туруп алды. Акыйры болгон суубузду куйдук дагы, отту ичкертпей баягыны кайната бердик, кайната бердик. Кийин күрүч кичине жумшарып оокатка окшоду. Казанды оттон чыгарып ортого койдук. Түн. Ай чыга элек. Казанды тегеректеп, он бешибиз тең кыпчылышып отурабыз. Жолборс аба ыраматылык, силер дагы көрүп калдыңар окшойт, кечээ жакында эле өттү. Жүда зор киши эле, ат ордуна арабага кошо турган. Ошо бечара «ха!» дейт, дегенде эле колдор казанга чап жабышат. Жеткенибиз күрүч чеңгелдейбиз. Жетпегени үлгүрбөгөнү кийинки «ха!» дегенди пайлап турат. Жана «ха!» дегенде экинчи катар кол салат. Ысык казан, күрүч анан ысык. Кол менен ооздун күйгөнүнө карайсыңбы. Кайра курсакка бир нерсе түшүп калса экен деп ынтыласың. Тобба, эми ошондо түртүшүп, таламай менен жеген шөөланын даамы аңгизгече таңдайымда турат. Жеп бүтүп, жатып калдык. Баягы туздуу күрүчтүн суусатканын эми көрүп ал. Уйку качты. Каныбыз катып атса, кимдин көзү илинет. Кургак илабин[1] жалаган эле адам. «Суу эле, суу» дешет. Суунун болушун казанга куюп салбадык беле. Ээн адыр. Ал кезде карышкыр да күч алып кеткен. Калп айтпасам, он беш чакырымдай жерден Коччан дайрасы агып өтөт. Кулак төшөсөң, шаркыраган шоокуму угулуп турчу. Амалыбыз түгөнгөндө отуруп бердик. Бир маалда, жаны жанатты болгур, ушу сенин атаң келиптир. Анда бой жүргөн маалы. Жолборс аба менин жанымда жатчу. Ошого келиптир. Бечара, имне дейт десең. «Жолборс аба, ушу адамдардан бир дуба алып бериң, сууга өзүм барып келейин» дейт. Көзгө сайса көрүнгүс ээн адырда ушундай деп турат. «Кой, кырсыкка кириптер болуп жүрбө! Өлбөйбүз таңга чейин чыдасак, бир амалы табылар» деген адам чыкпады. Тилибиз оозубузга батпай, көзүбүздөн бир ууртам суу учуп турат… Суунун азабы кыйын болот экен. Жолборс аба ордунан турду дагы: «Кана эмесе, ушу кембагалга бир дуба берели, ушу бечара дагы агарсын, көгөрсүн! Кудай максат-талабын берсин, кимге сүйлөсө, жылдызы оттон ысык учурасын! Сууга кетпартат, өмүрү суудай тунук болсун ылайым, оомин!» дегенде тургандар чуркурап бата тартышты. Барбалаңдап сүйүнгөн атаң, азыр дагы көз алдымда турат, эки пайчасын түрүп, эки челекти колуна алып түн жарымында жыңайлак, дикилдеген боюнча бечара жүрүп кетти. Таңга жуук, жерге жарык түшүп-түше электе сууну апкирип келди. Ташка бутун уруп тамтыгы жок, суй жыгылыптыр. Сууну баса калдык. Ошондой жакшылыгын көргөнбүз атаңдын. Көзү өтөр-өткүчө ар кайсыл жерде ошону кеп кылып жүрүштү. Кем болбоду, силерди көрдү, азамат чыктыңар. Тарбиясы да бейчеки кетпептир. Келгениңде учурап тур, атаң тууралуу сөз түгөнбөйт…

— Жолунан калбасын, кой барсын,— деди Сатыбалды абам,— агаң жүрөт эл катары, бала-чакасы менен. Кечээ магазинге ун түшкөн. Бир чыпта ун өңөрүп кетти. Каякта жүрсөңөр да эсенчилик болсун, ошонун өзү зор дөөлөт…

— Мурзанын өзүн тартыптыр. Куюп койгондой…— Максыт карыны ээрчий отургандар баш көтөрдү. Атам жөнүндөгү сөзгө териме батпай сүйүнүп тургам, чекемен тер чыпылдап. Эсимден чыга түшкөн, унут калган аялуу сезим козголуп, жүрөгүмдү утуру кысып коёт. «Атаңа окшош экенсиң» деп шуга чейин мага бирөө айткан эмес. Сүлпөт-сүрүмөн атамды көрүшүп, акыл кеби менен далымдан таптап, бешенемден сылап узаткан карыяларга улам-улам кылчактайм. Ар кимиси эңкейген калыбында эзели түшөнбөс урпактардан урпактарга уланчу адамдын адамдыгы тууралуу, жакшылыкка жакшылык менен жооп бер деген санжырага (ошо менен өмүр кыскартышып отурганын билишээр бекен…) баш-оту менен кирип кетишкендей… «Атамды көргөн өлбөсүн…» деп ичимден алардын тагдырына жалынып кетпараттым.

*     *     *

Өзүмө өзүм түшүнбөйм. Өзүмчө эле кусаланып, үйдө туралбай, эртеси эле күн чыга электе эч кимге көрүнбөй айыл четиндеги көрүстөнгө келдим. Издеп апамдын бейитин таптым. Төбөсү бастап, өткөн күздөн калган куураган чөптүн арасынан, жашыл майсаң көгөрөт. Шүүдүрүм жылтылдап, чыгып келаткан күндөн көзү уялат… Сага бир сыр айткансып, сенден сыр сурагансып (көзү өткөндөр ичинде кеткен арманын ушу сагызгандарга айтат имиш деп жүрүшөт) көрүстөндү бойлоп өскөн талдарда шакылыктап сагызган жүрдү. Атамдыкын оңой таптым. Бейитине бирин-серин какым чыгыптыр. Кыбыла беттеп турдум эле, атам колун арткансып, апам ийинимден таянгансып көтөрүлүп келаткан күндүн табы желкемди чымыратып келатты.

Жарыкчылыкка бине кылып, сага өмүр энчилеген адамдардын мүрзөсү жаныңда өзүң менен өзүң калганда демейде эч нерсе капарга келбеген текебер, иленди көңүлүң чыйралып, каяктарга сабалабайт… Сен жашаган шаардын шашма турмушу алдына салып кубалап, бири бүтсө, бири калган көр тирилик көк желкеден басканда, туулган жер эмес, айылдаштарыңды, урук-тууганыңды эстегенге чолоң жок жүргөнүңдө, болор-болбос кыжы-кужуга, саалчалык чекилик үчүн кан кызытып, бири-бириңе үрпөңдөшүп, араздашканың менен апталап жүз үйрүшпөй жүргөнүңдө, сенден тээ алыста, сенин киндик кан тамган жериңде калган эки бейиттин ортосунан куюн көтөрүлүп, саратан жайдын айлуу түнүндө чегиртке чырылдап, күзүндө жамгыр, кар чапкындап, кышы борошологон карга көмүлүп, көктөмдө, арасынан тирүүлөр күткөн жаздын жели ойноорун, а тегерегинде жашоонун кыскалыгын, кымбаттыгын кабарлап, жүрөк сезгенткен каргалардын каркылдагы жаңырып тураарын, а садагасы кетейин мезгил дегениң чым жаздангандардын үстүнөн да, сен күнүн көрүп жүргөн калың журттуу калаанын үстүнөн да тең арымдап, жүрүшүн арбыта берээрин жан-териң менен туят экенсиң… Туят экенсиң да, көөдөнүңдү арман, кусалык аймалайт. Жүксүз кетирген убактыңа, тириликтин «чү» деген жагына жүрүп берген көңүлчөөктүгүңө, азга топук кылып, азга гана алымсынган ала-көөдөндүгүң үчүн өзүңдү өзүң жекиресиң, жек көрөсүң…

…Апамды бул жерге алып келген күндүн эртесин, атамды ээрчип көрүстөнгө келгенибизди эстейм. Ошондо атам да мага окшоп жерден башын көтөрбөй кыбыла беттеп турган эле. Ошондо өмүр сапарын бирге карыткан адамын жерге берип, канаты кайрылганда чөгүңкү көңүлү каяктарга чабыттады экен! Саналуу жылдардан кийин ушул жердин укумдай жери өзүнө энчиленээрин жүрөгүнүн башында туйду бекен? Мүмкүн, атасын, чоң атасын, балдарын ойлоп, ошондо желкесин тиктеп отурган балдары да кийин муштумдай бейитине чөк түшүп, көздөрү каканактап, ата мээримин, ата кадырын, ата карызын эстешээрин ойлоду бекен? Сураган эмеспиз. Сураган күндө дагы ооз ачмак эмес…

Көрүстөндүн кыйчылдаган эшигин жаап, зымын чырмайын деп калганымда «эй бала, жаппай тур!» деди бирөө аркаман. Карасам, кышылдап бирөө дөбөгө чыгып келатат. Айти абаны тааныдым. Айти багбан! Чөнтөгүнөн кызыл алмалар үзүлчү эмес. Жоош-момунун кылдап, жактырган балдарга берчү. Мен өңдүү кутурган, таманы жеңил балдар колунан бир дагы кызыл алма жебеди. Жаман көрчү. «Алма уурулар» деп эки-үчөөбүздү тим эле көрөйүн деген көзү жок болчу. Этек-этек кызыл алма уурдаганыбыз менен баары биригип, багбандын колунан алган бир алмага татыбайт эле. Чоңоюп, эр жеткиче анын колунан алма алып жебей, өз-өз жолубуз менен кете бердик…

«Азыр деле бербейт» деген ой кылт этти. Төбөсүндө үрпөйгөн кашын баскан илгерки, көзгө тааныш, чыйбаркыт тебетей. Насвай саргайткан маңдайкы жалгыз тиши дагы эле алдыңкы ээрдин аттап, арсайып чыгып жүрөт.

— Кимдин уулусуң, тааныбайтам?— Айти багбан көрүстөндүн оозунда туруп сурады. Сүйлөсөм өзүмдүн үнүмдү өзүм тааныбайм. Доошум каргылданат.

— Атаңа келдиңби?..— деди. Баш ийкейм. Илгери той берген адамдын эшигинде атамдын эшегине учкашып кетем деп күтүп турсам, сыртта кызмат кылып жүргөндөр «атаңа келдиңби?» деп сурай беришчү.

— Уюм жок, аркандаган жеринен казыгын сууруп кетиптир. Көрүстөнгө кирчү эле, көрүнбөйбү?

— Жоок, аба, уй-пуй көрө албадым, — дедим. Үнүм өзгөрүп калыптыр, өпкөм көөп калыптыр… Ылдый жүгүрүп түшүп кеттим.

«Оо-ов, Оо-ов!» деп Айти аба уюн көрүстөндөн издеп жүрдү… «Жок» дегениме ишенбей, тээ бүлбүлдөгөн балалыктын көз күйгүзгөн кызыл алмасын кызыгында алалбай, турмуш деген чоң дүйнөнү көрөм деп кете берген боз баланын айтканына (азыр дагы!) ишенбей, жарыктык, уюн издеп көрүстөндө жүрдү… «Ов-ов! Оов-ов!»

Баягы сагызган дагы шакылыктады…

 

[1] Илаби – ээрди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.