Манасчылыр макал эле билет десек, макала жазганды да катырат турбайбы, молодец Самат! Бүгүн толук окуп бүттүм. Сөзүңдүн теги түшүнүктүү: Бул албетте, руханий маданиятка эш болсок деп «РухЭш» сайтын ачып алып, эки жылдан бери энтигип, көжөлүп, көгөрүп келаткан жалгыз эле Олжобайды колдоо эмес.

Кийинки муун китеп карабай калган заманда өздөрүнө ыңгайлуу заманбап жол менен алардын назар-капарына илинсек деген аракет эле да…

Мен көп эле жерде байкап жүрөм, бул сайтты теңине албамыш болуп үстүнөн карап, жогорку материядан сүйлөп жүргөн далай эле кишилер муну жылуу үйлөрүндө жата калып, баса калып эле окушат экен. Эми бүджетниктерге айла жок, бирок «бүт жейтниктердин» бирөө кайрылып койсо кана. Же эл атуулдары Сакем (С.Шер-Нияз) Какемдин (К.Иманалиев) эле боору барбы?

Мейли эми, тырмакчанын ичиндеги «калмактын» тытынып, жалаң төш баатыр болуп, көкбеттигине салып жасап келаткан көрөсөн-көрөңгөлүү көчүнүн кыйшайган жерин жөлөп кете турган атуул-инсандар дагы да болсо БАР деп ойлойм. Кейибе досум, саздан чыгабыз!

Баса, үй-бүлөмдүн атынан ырымым бар… «РухЭш» сайтынын ЭЛСОМ 0558 08 08 60 деген эсеп-кассасына мен да өз салымым болсун деп, эки миң сом котордум. Учур адабиятынын тунук булагынын көзүн ачкан кежир досум Олжобайдын коом агартуу аракетине тилектештигимди билдирип, эмики кезекти Жамалбек Ырсалиев иниме узаттым, кабыл ал үкам! «РухЭш» сайтын негиздеп, элге адабият-маданияттан рухий азык камдап жүргөн Олжокемдин же бир туруктуу финансылык булагы жок экен, куру дегенде эл үчүн рухий дөөлөт түптөөгө чакырык таштап жүргөн үзөңгүлөшүмө Жамалбек иним, сен да тилектештигиңди билдирип коёрсуң деген ишенимдемин…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.