“Айтматов жана адамдан кийинки доор” аттуу адабий-философиялык этюддардан.

Этюддарда “Кассандранын эн тамгасы” романындагы философиялык, футурологиялык жана прогностикалык экметтер  сөз болот.

Албетте, романдагы жарык дүйнөгө келгиси келбеген кассандра-түйүлдүктөрү – жазуучунун аллегориясы, метафорасы деңизчи. Бирок биздин күндөрдө мунун башкача варианттагы реалдуу жүйөөсү, олуттуу себеби пайда болду. Атап айтканда, балдардын көп төрөлүшү дүйнөлүк элитанын кадимкидей куйкасын куруштура баштады. Алардын үрөй учурган айрым пикирлерин келтире кетели:

“Аялдарды бир бала төрөгөндөн кийин узак мезгилге тукумсуздандыруу  (стерилизация) үчүн атайын капсулаларды даярдап, теринин алдына тигип коюш керек. Муну менен калктын көбөйүшүн мажбурлап кыскартууга мүмкүнчүлүк ачылмак”. – Жон Пи. Холдрен (John P. Holdren),  Президент Барак Обаманын илим боюнча кеңешчиси.

“Ымыркай балдарынын бирин өлтүрсө – бул үй-бүлөнүн ага көрсөткөн эң жогорку боорукерлиги болмок”. – Маргарет Сэнджер (Margaret Sanger), балдардын төрөлүшүн контролдоо  лигасынын негиздөөчүсү — American Birth Control League).

“Балдардын төрөлүшүн кыскартуу акыркы жыйынтыгында таза расанын түзүлүшүнө алып келүүгө тийиш”. – Ошол эле Маргарет Сэнджер.

“Өкмөттүн лицензиясы жок балалуу болгон ата-энелерди коомго каршы кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартуу керек”. — Дэвид Брауэр (David Brower), “Сьерра” клуб (Sierra Club) табият коргоо уюмунун орунбасар директору.

“Азыр төрөлгөн ар бир ымыркай Жер бетинде тартыш болуп бараткан ресурстарга табакташ болгусу келген артыкбаш ашкеби”.  —  Жон Гвиллебод (John Guillebaud), Лондон университетинин профессору.

Учурунда буларга кайра куруунун “прорабы” аталган Г.Попов да кошулган: “Түйүлдүк маалында эле генетикалык көзөмөл орнотуп, бул аркылуу адамзаттын генофондун такай тазалап туруу – келечектүү иш болуп саналат”.

Былтыр Гарвард университетинин илимпоздору адамдын гениндеги каталыктарды түйүлдүк кезинде оңдоп-түзөп койгонго боло турган ыкма табышты. Ал соңку жылдагы илимий ири ачылыштардын бири деп таанылды. (Десять научных прорывов 2017 года. — Vetenskapssida: 10 största genombrotten 2017. Dagens Nyheter, Швеция. 29.12.2017).

Иши кылып, жакынкы элүү-алтымыш жылдык келечекте, айрыкча биздин кылымдын этегинде  жарык дүйнөгө укум-тукум калтыруу керекпи же жокпу деген маселе чыгат окшоп калды. Эгер калтырсаң, анын тагдыр-таалайы кандай болот?

Балким, ал британ философу Дэвид Пирс убада кылып жаткан кыялый бейиште жашайт чыгар. Анын теориясына ылайык, адам баласы азап-тозок үчүн эмес, бактылуу болуш үчүн жаралган, аны, жалпы эле дүйнөнү жакынкы жана алыскы келечекте генетикалык инженерия, нанотехнология жана биотехнология аркылуу ушул максатка  жеткирсе болот. (“Гедонистический императив – The Hedonistic Imperative. 1995).

Ылайым эле ушундай болсун деп тилейли. Бирок мындан башкача  болуп чыксачы? Маселен, адамдын артында калар тукуму маңкурт-сапиенске айлансачы, же карып-мискин абалында калсачы? “Өнүгүүнүн чектери” деп аталып, 1972-жылы Рим клубу үчүн даярдалган докладдын 2004-жылы жаңыланган вариантында деле адамзатты ушундай келечек күтүп турганы четке кагылган эмес. (Limits to Growth: The 30-Year Update. — Пределы роста: 30 лет спустя. М., Академкнига, 2007).

Биринчи вариантта кийинки тукум жасалма, өнүккөн акыл, интеллект менен жашайт, бирок ата-тек, урук-жураат дегенди унутат, бу жарыкчылык дүйнөнүн лаззат-жыргалын да сезбейт, балким, кара курсактын деле кайгысын тартпас, ал тек гана адам-машина болот.

Экинчи ыкыбал мындан да жаман: төрөлгөндөн тартып тоюнбай, илдет-сыркоого кабылып, илмийип итий болор, болбосо “лицензиясыз” төрөлгөндөрдүн катарына кирер. Анан калса “Кассандранын эн тамгасында” айтылгандай, “жарыкчылыкка келер дүйнөдөгү ар бир жанга бери болгондо жүздөн коргошун ок беленделип, ага күн мурунтан эле бирөөнү өлтүрүү, же өзү ошол октон опот болуу жазмышы жазылып” турсачы?

Мындайда дүйнөгө тукум калтыруунун же жарыкчылыкка келүүнүн кандай кажети калат?

Ушундан соң романдагы кассандра-түйүлдүктөрүн ким фантазия деп айта алат?

♦ ♦ ♦

Өмүрүнүн соңку жылдарында жарыяланбай калган маектеринин биринде (“Труд”, 16 июня 2008) жазуучу өзү ушул романын жогору баалай турганын, бирок азырынча адабий журтчулук аны анчейин кабыл ала албай жатканын айткан экен.

Чынында эле бул роман Айтматовдун анык космикалык масштабын, планетардык ой жорумун, “адамзат жөнүндө сабылып ойлонгонун” (Лев Аниннский) таасын көрсөткөн, классикалык үлгүдөгү реалисттик жана философиялык роман болгон.

Ал ошондой эле улуу жазуучунун адамзатка калтырган аманат кеби да болуп калды.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.