№16

Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын.

Маданият министрлигин адабият тууралуу түшүнүгү жок немелер гана эмес, түшүнүгү бар адамдар деле башкарды, бирок адабиятка өгөй мамиле жасалды, тап душмандай «сүргүнгө» айдалды

Бүгүн сөз ал тууралуу эмес. Мамлекет улуттук адабиятты канчалык өгөйлөбөсүн, далысын салбасын, Кыргыз Улуттук жазуучулар уюму канчалык аты улук, супурасы курук, акын-жазуучулар өздөрү кирип-чыкпаган, айткан сөзү өз мүчөлөрүнө өтпөгөн бирикмеге айланбасын, биздин көңүлүбүздү жубаткан, ары соороткон жагдай адабий процесс өз салтын бузбай уланып жаткандыгы. Ошол соңку чейрек кылымдын соңку 10-15 жыл аралыгын алсак, адабиятка баш-аягы 100гө жакын жаңы ысымдар келиптир. Алтынбек Исмаилов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Самыйкожо, Элдар Аттокуров, Жылдызбек Турсунбаев, Бердибек Жамгырчиев, Тынчтык Алтымышев, Акбар Кубанычбеков, Улугбек Омокеев, Мирлан Алтымыш уулу, Самат Саралаев, Эркинбек Шейшеканов, Урмат Молдосанов, Улан Дөөлөтов, Медербек Кадыров, Токтобек Үсөнов, Келдибек Абдимиталип уулу, Жоомарт Момуналиев, Дыйканбек Шамшидин уулу, Мирлан Аскаров, Замирбек Орозбай уулу, Мелис Мамажанов, Бекболот Сарыбаев, Бегалы Токтогулов, Бекмурат Келдибаев, Дооранбек уулу Акжол, Максат Жангазиев, Чилде уулу Эрмек, Өмүрбек Азимбаев, Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, Алиман Абдыкеримова, Калича Жакыпова, Махабат Касейинова, Лира Камчыбекова, Самара Насырова, Кыял Тажиева Сайра Батыркулова, Назгүл Нышанбаева, Мунара Зарипова, Жылдызкан Токтоналиева, Жыргал Турусбекова, Кенжебү Токтомушева, Рахат Таштемирова, Махабат Темирбек кызы, Момуналиева Айпери, Зарина Урманбетова, Турсунай Калмурат кызы, Перизат Алмаз кызы, Мырзайым Айтимбетова, Рыскүл Изатова, Сезим Толукбаева, Айгерим Токтоналиева, Акжол кызы Роза, Бактыгүл Сексенбекова, Чолпон Орозалиева, Нуркыз Рыскул кызы, Айжана Өскөнбай кызы, Адашгүл Токтоназарова, Калыбекова Гүлайым ж.б.лар баштаган адабий муундун жарык көргөн тунгуч китептери, Интернет желесиндеги “Рухэш”, “literatura.kg», «Кыргыз маданияты борбору» сайттарында, фейсбук, “одноклассники”, инстаграм ж.б социалдык түйүндөрүндө жарыяланган ырлары улуттук поэзиянын уучу кур эместигинен кабарлайт.

Байлыктын, акчанын арааны жүрүп, кара жанын багуу үчүн бөлөк-бөтөндү гана эмес, өз атасынан, өз баласынан кечүүгө даяр мезгилде жан дүйнөнүн жалбырактай дирилдеп, комуздун кылындай күүгө келип, ак жаандай агылып, ыр саптарынын төгүлүп турганы керемет эмей эмне. Материалдык жана материалдык эмес дүйнөнүн ушул карама-каршылыгынын өзү адам рухунун өлбөс-өчпөстүгүн, эч качан жеңилбестигин далилдеп турат. Демек, адам руху – тирүүлүктүн кыймылдаткыч күчү.

Андай болгондо адабиятка жаңы келген муундун арасында Айтматовдун, Алыкулдун ордун баса тургандары барбы, кимисинин көрөңгөсү канчалык деген суроо жаралышы мыйзам ченемдүү. Анткени, улуттук адабияттын өсүп-өнүгүшү үчүн адабиятка келген муундун саны гана эмес, алардын адабий деңгээли, жетишкендиктери жана кемчиликтери, адабиятка апкелген жаңычылдыктары жана калпыстыктары да маанилүү. Эгер адабий процесс бир калыпта жүрүп жаткандай түр көрсөткөн менен, анда тыныгуу болсо, же колго ала турган бир чыгарма жаралбаса, адабиятка түркүк боло турган бир ысым жок болсо, мунун өзү адабияттагы кризисти түшүндүрөт. Ал эми биз «өсүп келаткан муундун арасында калем кармагандар бар экен, ошого да шүгүр» деп, ошого эле каниет кылсак, анда адабиятка карасанатайлык кылган болобуз.

Айталы, дүйнөлүк адабиятта, анын ичинде орус адабиятында 25-35 жаш курагында эле жазчусун жазып, берчүсүн берип койгон, адабият классигине айланган акын-жазуучулар четинен чыгат. Ошол эле Александр Пушкин 30 жаш курагында поэзия генийине айланган. Ю.Лермонтов бу жарык дүйнөдө болгону 27 жыл өмүр сүргөнүнө карабастан, дүйнөлүк адабияттын шедеврлерине айланган чыгармаларды калтырып кетти. Кыргыз адабиятында деле мындай мисалдар аз эмес. Акындар поэзиясынын алптары болушкан алтын жаак, жез таңдай акындар Балыкооз, Эсенаман, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Үмөталы, Сулайман, Чор, Найманбай ырчылар 16-17 жашында кара жаак ырчы катары таанылса, 20-25инде узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына таанымал болуп калышкан.

Эгер жазма адабияттан мисал келтирсек, Алыкул өзүнүн «бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс» ыр саптарын 30 жашында жараткан. Ыр генийи Сүйүнбай Эралиев өзүнүн өлбөс-өчпөс ыр саптарын 25-30 жашынан жарата баштаган жана улам жылдар өткөн сайын жүрүшү арбып, калеми улам курчуй берген. Сүйүү ырларынын генийи Омор Султанов деле «Отузунчу станциясын» отуз жашында жазган. Алардан бери келсек, ушу бүгүн 60тын кырынан ашкан акын Карбалас Бакиров 30 жашында классиктердин катарына кошулбаса да, ошого жакындап барды. Кийинкилерден, 40 жаштан ашкандардан кыйын чыкканы Зайырбек Ажыматов болду.

Ушул өңүттөн алганда, арты 25, алды 35 жашка келип калган курактагы муундун арасында адабий чөйрөдө төбөсү көрүнүп, сөзгө алынып калгандары аз эмес. Алардын эң жашы – «Сүйология» ыр жыйнагынын автору Мирлан Алтымыш уулу. Анын тунгуч ыр жыйнагына «жеңилге кызыкпаш, кыйын жолдон качпаш» керектигин кыйытып, баш сөз жазган сынчы Кадыркул Даутов анын жаштыгын эске алып, «аванс» менен бир топ жылуу сөздөрүн айтса да, «эч качан жамактап ырдаганга үйрөнбө, айтыш жарышы сыяктуу оюндарга убактыңды кетирбе, сенин милдетиң чыныгы профессионал интеллектуал-көркөм асылдык дүйнө жаратуу» деген атан төөдөй кеп-кеңешин айткан экен. Биз чоң сынчынын айткандарына кошулат элек. Ырас, жаш акындын тун жыйнагындагы ырларынан кыйкым издеп, кыйытып сөз кыла турган деле оолуттуу кемчиликтер, каталыктар жок. Анүстүнө анын жаңыдан гана адабияттын астанасын аттаганын эске алсак, Мирландан кыйкым издөөнүн өзү туура эмес.

Ошентсе да, сөз оролу келгенде айтчу нерсе, бүгүн эстетикалык жактан терең, интеллектуалдуулук жактан бийик поэзиянын мезгили келди. Азыр уйкаштык менен эч кимди таң калтыра албайсың. Сөздөр менен ойноп, тапанданып ыр жазып, өзүңдү жана өзүңө окшогон бир-эки окурманды алдаган менен, интеллектуалдуулугу бийик окурман тапан поэзияны кабыл албайт, ырдын башкы төрт сабын окуйт да, китепти нары ыргытып коёт. Жаш акындар, анын ичинде Мирлан Алтымыш уулу да тапан саптардан, куру эле куудулданып, ыр чүргөй бергенден алыс болгону оң. Мирландын ыр кураштыра аларында, «жылт» эткен элпек саптарды кыйналбай табарында, уйкаштыктарды табууда кыйналбай турганында маселе жок, бирок «Көз жеткен жерге, кол жетсе» деген өңдүү ырларды жазуудан качууга чакырат элек. Анткени, ал мындай «куудулдуктун» артынан кубалай берсе, анда ал топон ырынын арасында колго ала турган бир ыры жок улуу муундагы «станок» акындардын катарына кошулуп калары бат эле.

Анын китебине аты уйкаш «Сүйология» ырындагы «Сүйология», «күйөөлог», «аталогия», «неберелог» — бир караганда жакшы табылгадай туюлат. Арийне, «адамдын көркү чүпөрөк» болгону менен, ал адамдын сырткы келбетин гана сулуулайт эмеспи. Адамдын акыл-эси толук, көкүрөгү тунук болмоюн, чүпөрөк эч качан адамдын чыныгы баркын билдирип, наркын көрсөтө албайт. Мындай табылгалар менен бир ыр жазса болот, эки ыр жазса болот, эгер дал ушул жол менен кете берсе, анда жаш акын жаңылышып калышы ыктымал.

Бул 20нын кырында К.Даутовдой кадырлуу сынчынын назарына урунган Мирлан Алтымыш уулуна карата айтылган сын эмес, болгону аны майда-барат темалардан оолак болсо деген ой-тилек. Анткени, Мирлан Алтымыш уулунда акындык көрөңгө жок эмес, бар, буюрса, акындык чабыты кенен болчудай. Кеп, ал өз талантын баптап, таптай алабы, алгачкы жараткан «ийгиликтеринен» башы айланбайбы, канчалык издене алат, кимдерден таалим-тарбия алат, кимге түздөнөт, чыгармачылыктын артынан түшүп, акындык тагдыр күтө алабы, аны убакыт көрсөтөт.

Жаш акындардын тун ырлар жыйнактарына улуу муундагылардын баш сөз жазып, бата берүү салты абалтадан бар. Жаш акын Улан Дөөлөтовдун «Убакыт» ырлар жыйнагына акын Карбалас Бакиров, Акбар Кубанычбековдун «Периштенин канаты» ырлар жыйнагына акын Зайырбек Ажыматов баш сөз жазыптыр. Эл арасына төбөсү көрүнгөн эки акын баш сөз жазган соң, бул эки жыйнакты да астейдил барактап чыктык. Акын К.Бакиров «Автордо чыныгы көрөңгө, талант бар. Бир топ мейкиндиктерди кыдырган турмуштук тажрыйбага ээ. Тематикасы кенен» деп У.Дөөлөтовдун ырларына карата өз баасын бычкан менен, сынчы К.Даутов жаш акын Мирлан Алтымыш уулуна «тапшырма» берген сыяктуу, жаш акынга кеп-кеңешин бербей эле, ак жол каалап тим болуптур.

А чындыгында Уландын ырлары кеп-кеңешке чукак экени жаш акындын «чү» дегендеги бет ачар ырынан эле байкалат. Ырас, анда К.Бакиров белгилегендей «көрөңгө» бар экени көрүнүп турат. Бирок акынга чыныгы «талант» болушу үчүн, айталы «датасын» менен «катасын», «жакындар», «акың бар» менен «акындар», «дебегин», «желегин» менен «керегин», «мени» изде» менен «деңиздени» (У.Дөөлөтов, «Убакыт», Б. 2017-ж. 6-бет. ) уйкаштырган курук «көрөңгө» аздык кылат. Автордун кайсы ырын албайлы, ал үчүн сөздү уйкаштыруу эч кандай оорчулук, кыйынчылык жаратпай турганы дароо көзгө урунат. Бирок ыр жалаң гана шыдыраган уйкаштыктардан турбайт. Уйкаштык ырдын сырткы гана жасалгасы, ыр поэзияга айланып, көккө көтөрүлүп чабытташ үчүн, уйкаштык аздык кылат. Ырды ыр кылган, ага канат бүтүргөн нерсе бул автордун ички сезими жана ой. Сезим менен ой жуурулушуп, сөздөр ырааты менен куюлушуп, уйкашып, кандайдыр бир ыргак пайда болуп, ырга канат бүткөндө гана, ал бир бүтүндүккө, поэзияга айланат.

Жаш акын У.Дөөлөтовдун калеми кадыресе такшалып калганында, ой издеп, сөз кураштырып, ыр жаза ала турганында, ушул жүрүшү менен деле кете берсе, ортодон жогорку «станок» акындардын деңгээлиндеги акын болорунда талаш жок. Биз деле келген мейманды «иттен чыгаргандай» сылап-сыйпап, жылуу пикир деле айтып койсок болмок. Бирок ал жаш акын Улан Дөөлөтов үчүн керекпи? Жок, кереги жок. «Генерал болгусу келбеген солдат да солдатпы» дегендей, ар бир солдат генерал болгусу келет, биз да анын поэзиянын «генералы» болушун каалайт элек. Себеби, жаш акындар өз нугуна батпай ташыган тоо дайрасындай өзүнө өзү сыйбай турган, жүрөгү курч, көкүрөгү тунук, акылы бышып турган куракта мүмкүн болушунча күжүлдөп, күнү-түнү иштеп алышы керек.

Улуу күч Улан Дөөлөтовдун көкүрөгүнө уютку, көрөңгө берген соң, ал «убакытын» текке кетирбей иштесе, анын акыбети кайтарында талаш жок. Илхам дегендин өзү күч-кубат, кийин канчалык жазайын деген менен жаш кездегидей эргип, толкундап жаза албайсың.

«Бала мүнөз акындар эзелтен жер шарын ырга бөлөп жаш баладай жуунтуп тазалыгысы келет. Ыр болгон жерде кир болбойт! Анан калса минтип жигит курагына келип, келбей жатып Ата-Журт жана адамзат түйшүгүн ойлоно турган жаштардын чыгып жатканы жүрөк жылытат», — дейт жаш акын А.Кубанычбековдун «Периштенин канаты» ырлар жыйнагына баш сөз акын З.Ажыматов. «Ыр болгон жерде кир болбогону», бир акынды башка бир акындын ыры жылытканы жакшы көрүнүш. Ырас, А.Кубанычбековдо «жүрөк жылыткан» ыр саптары аз эмес: «Периштенин канаты», «Акбар», «Сагынган көктөм», «Жараланган жүрөк», «Үшкүрүк», «Күйүткө толгон көкүрөк», «Мен айыктым» ж.б. ырлары. Бирок ырдын ыр болушу үчүн ырдын «жүрөк жылытканы» гана аздык кылат. Ыр — окуган сайын окугуңду келтирген, эстеген сайын жоготкон жогуңду тапкандай эңсөөңдү кандырган, чарчаганда чарчоону унуттурган касиетке ээ болушу кажет. Андай болгондо жаш акын А.Кубанычбековдун ырлары кандай касиетке ээ? Анын айрым ырлары: «Кыргыздын экинчи туусу», «Нур Бишкек», «Элдин сүйүүсү», «Кур турмуш», «Кулундун көзү», «Табият жана махабат» ж.б. ырлары (А.Кубанычбеков, «Периштенин канаты», Б. 2012-ж.) окурманды эриктирип-зериктирип жиберери бышык. Андыктан, жаш акынга ырдын санын көбөйтүү үчүн ыр жазбастан, ой менен иштешүүнү, ырды эстетикалык жана интеллектуалдык жактан бийик деңгээлге жеткендей, улам ийлеп, ыр кебетесине келтирип жазууну сунуш кылар элек. Талаш жок, Акбардын ырларынан байкалып тургандай, ал үчүн ыр курап, уйкаш табуу көп кыйынчылык жаратпайт. Буга далил катары «Күйүткө толо көкүрөк» деген ырындагы «үңүлүп» менен «түңүлүптү», «бүгүлүп» менен «күбүлүптү» ушунчалык ийкем, чоң чеберчилик менен уйкаштырып, ойду ойго кынай алганын мисал келтирсек болот. Бир сөз менен айтканда, анын акын катары келечеги кең экенинде талаш жок, бирок чоң таланттын ээси болуш үчүн ага көжөлүп да, көгөрүп да, көк муштум болгуча иштеши керек.

Анча болду, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов «алтын таап алгандай сүйүнүп» баш сөз жазып берген жаш автор Умар Нусубалиевдин «Улуу тилегим» ырлар жыйнагы тууралуу айтсак, «кыргыз поэзиясына өз жолун издеген, өз үнү менен өз оюн айта билген жаш, таланттуу акын келип кошулганын» көрө алган жокпуз:

«Үн катпас эч, жаткан бир үлүл болуп,
Үн чыгара албасам, үнүм болуп.
Кылдай пайдам тийбесе мекен үчүн,
«Кыргызмын» деп не кылам кыйын болуп.

Калк деп кызмат кылбасаң, кылдым дебе,
Калкың алга жылбаса, жылдым дебе.
Улутуңа татыктуу уул болбосоң,
Улуу элге урпакмын, уулмун..

……………………………………………. («Улутташыма». У.Нусубалиев, «Улуу тилегим». Б.2016-ж. Бейне-принт»). Жаш автордун кайсы ырын мисал кылбайлы, китепке жарык көргөн 20-25тей ырынын баары дал ушундай жармач.

Жүрөк жылыткан сап түгүл, айтайын деген ой түгүл, жаш автор ырды дурустап уйкаштырганды үйрөнө электиги, үйрөнчүк куракка да жете электиги көзгө дароо урунат. Муну Кыргыз эл акыны А.Өмүрканов байкаган эмес деп айтканда болбойт, албетте, көргөн-билген, бирок президенттерге чындыкты көзгө сайып айткан баатыр акын жаш авторго анын кемчиликтерин айткан эмес. Анын, албетте, У.Нусубалиевге эч кандай пайдасы жок, ырас анда «Мен Умармын» деген дымак бар экени чын болсо, эгер, ал чыныгы поэзия жараткысы келсе, халтурщик болуп жаманатты болгусу келбесе, анда сынды туура кабыл алышы жана туура жыйынтык чыгарышы абзел.

КР Жаштар иштери боюнча министрлиги, «Жаңы Ала-Тоо» журналы, «Горцы» Кавказ элдеринин адабий гезити, «Новая литература Кыргызстана» (www.literatura.kg) электрондук китепканасы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин «Золотая табуретка» клубу жана «Event Deluxe» компаниясы тарабынан уюштурулган жаш авторлордун 2012-жылдагы «Золотая табуретка» адабий сынагына төрт тилде тапшырылып, «МНОГО ЯЗЫКОВ – ОДИН МИР» адабий альманахына кирген топ авторлордун бирден-экиден ырларын да барактап чыктык.

Анда сынакка катышып, ырлары альманахка кирген кыргызстандык кыргыз тилдүү жаш авторлор саналуу эле жана алардын альманахка жарык көргөн бирин-экин ырлары аркылуу жаш авторлордун жалпы чыгармачылыгы тууралуу сөз кылуу логикага жатпаса да, «…тап жүгүрбөйт, бак жүгүрөт» демекчи, жаш авторлор Жыргал турусбекова,  Медербек Кадыров, Темирбек кызы Махабат, Зарина Урманбетоваларда үмүт байлаткан ыр саптары бар экенин белгилеп коюуга тийишпиз. Маселен, З.Урманбетованын: «Бишкек / Мага дайыма чоочунсуң» деген тирүү ыр саптары анын акындык көрөңгөсүнөн кабар берет. Түркиянын Анкара шаарынан аталган ыр сынагына катышкан Медербек Кадыровдо да окурманды кайдыгер калтырбай турган ыр саптары бар.

«Кароосуз калган тамдын
Тешилген чатырындай,
Дүйнөмдө бүтүн жер жок
Чоң энемин ун элеген калбырындай…
Аз эле өткүн жааса,
Чучукка өтүп кетет
Тып… тып… тамган тамчылардай” (М.Кадыров. “Кароосуз калган тамдагы күтүүwww.literatura.kg) ыр саптарынан ырга керектүү нерсенин баарын тапсак болот. Болгону, башка жаш акындар ойго чукак, эпитеттерге мукак болсо, бул жаш автордо шыдыр уйкаштык жетишпейт, уйкаштыктан аксайт. Бул бардык эле жаш авторлорго мүнөздүү нерсе болгондуктан, аны кемчилик катары кабыл албасак болот, көч бара-бара түзөлгөндөй жаш автордун уйкаштыктары бара-бара түзөлөт деген ой бар.

Ал эми бул жылы сынакка катышкан кыргызстандык башка жаш авторлор орус тилдүү болгондуктан, айрымдары кара сөз менен катышкандыктан, алардын чыгармаларына токтолгон жокпуз.

«МНОГО ЯЗЫКОВ – ОДИН МИР» адабий альманахынын башка жылдардагы басылыштарына жарык көргөн жаш авторлор Самат Саралаев, Жылдызкан Токтоналиеванын калем төшөшү да жаман эмес. Ж.Токтоналиева уйкаштыкты дурус өздөштүргөн, ырларындагы айтайын деген ой да жыйынтыктуу. Ал эми С.Саралаев уйкаштыкты анчейин өздөштүрбөгөнү менен, ойлору идиректүү, тирүү. Эгер ал уйкаштыкты дурустап өздөштүрсө, окурманды кайдыгер калтырбай турган ырларды жарата турганы шексиз. Айталы, жаш автор “Бир кары аппак чачын артка тарап» аттуу ырында “артка тарап” менен “эски дарак», “бульвар менен” менен “шамал менен”, “жалбырак” менен “шамчырак”, “өмүрүнө” менен “чөмүлүүдө” ж.б.ж.б. (Самат САРАЛАЕВ. Жалгыз чырак. http://www.literatura.kg/)  сөздөрдү бири-бирине зордоп эле уйкаштырып койгон. Албетте, өтө деле орой кемчилик тууралуу кабыл алууга болбойт. Бара-бара уйкаштыктар өз ордуна келет. Эң башкысы, С.Саралаев карылыкты, адамдын өмүргө тойбогон кусалыгын жана кары адамдын өз өмүрү менен коштошуусун эски дарак, этек-жеңден кирген күзгү муздак шамал, күзгү сары жалбырак, жалгыз шам чырак, күн кызылы баткан батыш тарап, муздак шамал, күңгүрөнгөн тоолор өңдүү көркөм салыштыруулар аркылуу эң сонун ачып бере алган. Жаш автордун ойго өзгөчө басым жасары башка ырларынан, асыресе “Чоң атама”, “Шаардык досум, каяка сен шашыласың”, “Көңүлүм негедир жайдары” ырларынан байкайбыз.

Эми http://www.literatura.kg/ электрондук китепканасынан ырлары менен таанышкан Эркинбек Шейшенбаев, Урмат Молдосанов, Рахат Таштемирова, Мунара Зарипова, Кенжебүбү Токтомушевалардын ырлары тууралуу эки ооз сөз. Мындан “титулдуусу” Э.Шейшенбаев экен. “Автор Кыргызстандын «2009-жылдын тандоосу» конкурсунун «Мыкты баштапкы китеп» номинациясы боюнча жеңүүчүсү. Жаш акын ырларында өз заманынын көйгөйлүү маселелерин көтөрөт. Анын ырларынын жарыкка чыгарылышына чыгармачыл жаштардын Республикалык «Нурборбор» бирикмесинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматына караштуу интеллектуалдык менчик Мамлекеттик фонду тарабынан колдоо көрсөтүлдү” делет автордун “Башат” китебинин аннотациясында.

Жаш автордун ырларынын тематикасы ар түрдүү, ары кенен, бардык муундагы чыгармачыл адамдарга мүнөздүү болгондой, мекенчилдик темасындагы ырлар да аз эмес (“Улуттук аң-сезим”, “”Теңир кут ирээти”, “Эл мекен”, “Улуу кыргыз”, “Кыргыздарга”, “Атилланын чакырыгы”, “Теңир куту”, “Кыргыз ыры”, “Кыргыз эне кыздары”, “Комуз күүсү”, “Кыргыз ыры”, “Нурдангын”) жана түшүнүктүү болгондой, баягы эле айтыла жүргөн ойлор кайталанып, катардагы көз караштардан өйдө көтөрүлө албаган.Адатта, “халва-халва” дегенден ооз татты болуп кетпейт дейт. Анын сыңарындай, жаш акындарда мекенчилдик сезим болгону жакшы көрүнүш, бирок баары өз ирети, чеги менен болбосо, ал сезим чыныгы поэзияга эмес, куру кыйкырыкка айланып калат. Э.Шейшенбаев мына ушундан этиет болгону оң. Анын ырларында автор уйкаштыктардан да аксаганы байкалат. Маселен, “гүлдөгөн” менен “бүрдөгөн”, “азгырган” менен “жакшырган”, “өмүргө” менен “көңүлгө” (“Нур деми”, Э.Шейшенканов, “Башат”, Б.2009-ж.), “түңүлгөндү” менен “сүйүнгөндү”, “ай-ааламды” менен “санааларды”, “эргүү кенен” менен “Теңир менен” (“Жан сыры”, Э.Шейшенканов, “Башат”, Б.2009-ж.) деп уйкаштыруу автордун уйкаштыкка кайдыгер мамиле жасаганын көрсөтөт. Уйкаштык ырдын көркү. Жакшы ойлорго жамаачы кийим кийгизип койгондо болбойт.

Жаш акын Э.Шейшенкановдой эле Урмат Молдосанов, Рахат Таштемирова, Мунара Зарипова, Кенжебүбү Токтомушеваларда ыр жазууга болгон ынтаа, ырсыз жашай албаган ышкы, аракет, изденүү болгону менен уйкаштыктардан аксайт. Албетте, алардын жаңыдан жаза башташканын, жаш калем экенин эске алсак, анын баары убакыттын өтүшү түздөлүп, өз ордуна келери бышык. Эң башкысы, ырды бир ой келе калганда жаза салып, анан ал кагаздын кайда калганын унутуп калбай, эртеден кечке узанган устадай, тынбай жазуу керек. Калем ошондо гана такшалат. Бул спортчу күн сайын машыгып турбаса, үйрөнгөн көндүмдөрүн унута баштагандай эле кеп.

Залкар акындар Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуевдер күн сайын ыр жазып, китеп окуп, өздөрүн өздөрү бүлөп, кайрап турушчу. Эң башкысы, бул авторлордун баарында көрөңгө жок эмес, бар. Айталы, жогоруда айткандай У.Молдосанов, Р.Таштемирова, М.Зариповаларда изденүү байкалат. Өзгөчө М.Зариповада далалат күчтүү:

“Бак тикти эркеги,
Аялы – гүл,
“Өссө – деп эртеси,
Байласа бүр”.
А бирок кетишти,
Таштап багын,
Аялы – бир жакка,
Издеп багын,
Баш оогон тарапка,
Эркек дагын.
Калышты томсоруп,
Суусуз, күнсүз,
Чыбыктай жаш чырпык,
Сөңгөк гүлсүз” (“Бак тикти эркеги…”, М.Зарипова. “Саркеч сезим”. – Б.: 2013). Жашоону кулпуртуп, гүл бакчага айланта турган да, аны кууратып, жылас кыла турган да адам: эркек менен аялдын ортодогу мамилеси. Эгер бул мамиле ысык болбосо, анда баары жок болот. Табият куурайт, автор бул ойду эч кандай ашык сүртүмдөрсүз эң сонун бере алган, дегеле бул ырга ашыкча комментарий берүүнүн кажети жок.

Жогоруда сөз болгон жаш авторлордон тышкары да, алды тун жыйнактарын чыгарып, арты Интернет сайттарындагы социалдык түйүндөр аркылуу өз окурмандарын таап калган, жашоосун ырсыз элестете албаган Келдибек Абдимиталип уулу, Турсунай Калмурат кызы, Жоомарт Момуналиев, Дыйканбек Шамшидин уулу, Перизат Алмаз кызы, Мирлан Аскаров, Замирбек Орозбай уулу, Мырзайым Айтимбетова, Рыскүл Изатова, Мелис Мамажанов, Бекболот Сарыбаев, Бегалы Токтогулов, Сезим Толукбаева, Бекмурат Келдибаев, Айгерим Токтоналиева, Акжол кызы Роза, Бактыгүл Сексенбекова, Чолпон Орозалиева, Дооранбек уулу Акжол, Нуркыз Рыскул кызы, Максат Жангазиев, Чилде уулу Эрмек, Айжана Өскөнбай кызы, Адашгүл Токтоназарова, Өмүрбек Азимбаев, Калыбекова Гүлайым ж.б. баштаган жашы 20дан өтүп калган муун телчигүү жолунда, үйрөнчүк куракта болсо да, арасында темир канат болуп жетилип, өз үнүн таап калгандары да жок эмес. Ийгиликтери да, ошол эле убакта кемчиликтери да бар. Биз аларга поэзия дүйнөсүндө эч ким багынта албаган бийиктикти багынтуусун каалоо менен, поэзияны сүйүү аздык кылат, ыр менен жашаш, акындык тагдыр күтүш керек деп айтмакчыбыз.

Акыркы 10-15 жылда жигиттерге караганда, акын кыздарыбыз жемиштүү иштеп, мыкты ырларды жазып жатышат. Акын жигиттерибиз таарынса таарынар, буруу-терүүсү жок чындык ушул. Ошол жаш акындардын алдыңкы сабында Нарсулуу Гургубаева, Калича Жакыпова, Махабат Касейинова, Алиман Абдыкеримова, Нуриза Өмүрбаева, Гүлчехра Уучиева, Назгүл  Нышанбаева, Лира Камчыбекова, Самара Насыровага окшогон калеми төшөлгөн, поэзия дүйнөсүнөн капкачан өз орундарын тапкан, ойлуу ырлары окуган адамды кайра-кайра тамшанткан калемгер кыздарыбыз турат. Аларга мүнөздүү нерсе, кыргыз акын кыз-келиндерине салт болуп калган сыр жашырбаган ачык-айрымдык, сезимталдык, аялзатына тиешелүү ыйбаа, нарк, салттуулук. Эң башкысы, алар окурмандарга акылдуу же ашкере таланттуу көрүнгүсү келип, жөнөкөй эле айтчу ойду ыгы жок, зордоп татаалдаштыра бербейт, же обу жок ойкуштанган, экиленген ойлорду айтып, убара тартпайт. Жөнөкөй эле сөздөр, окурмандарга түшүнүктүү көркөм салыштыруулар, элестүү  сөздөр менен жөнөкөй жана бир сырдуу ырларды жазышат.

Бүгүн ошол акын кыздардын арасынан Нарсулуу Нургубаева сөздүүлөрдүн сөзүнө алынып, көздүүлөрдүн көзүнө урунуп калган чагы. Анын “Алыстагы ак жарык” жыйнагы тууралуу агынан жарылып сөз кылган акын Ж.Касаболотов “белгилүү сынчы С.Жигитов эгемендик доорундагы кыргыз адабияты жөнүндө сөз кылып жатып, замандын түп-тамырынан бери өзгөрүшүн таасын чагылдырган көркөм чыгармалардын аздыгына чын дилинен кейип: «Азыр Шекспир жаза турган, Бальзак жаза турган темалар пайда болду. Кана эми ошолор жазылганы?» деп собол таштаганын” эскере келип, “Кыйналган кыргыздын кыйыр кезген эмгек көчү аздыр-көптүр өзүнүн табигый нугуна түшкүчөктү далай кишинин тагдыры талкаланды, нечендеген үй-бүлө көз көрүүнөө чачырады, кандуу жолдор канча бир адамдын башын жеди. Мына ошол ары катаал, ары татаал жолду басып өткөн кыргыз эмгек мигранттарынын көргөн-билгени, тарткан азабы, дүйнө таанымы кыргыз адабиятынын өзүнчө бир жаңы көрүнүшүн пайда кылганын” (Жыргалбек Касаболотов, “Ак жарык издеген акын» «Көк Асаба», 25.05.2016-ж. http://kmb3. 19.11.2016 Кыргыз маданият борбору) айтуу менен, мигрант кыргыздардын жыргалынан кууралы көп турмушу чыгармачылыгындагы негизги темалардын бирине айланган акын кыздагы үч өзгөчөлүктү белгилейт жана өз оюн мисалдар менен эң сонун тастыктай алган.

А С.Жигитов айткан “Шекспир жаза турган, Бальзак жаза турган темалар” өз мезгилинде кыргыз улуттук адабиятында айтыла, жазыла келген. Ы.Шайбековдун “Кайран эл”, А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, К.Баялиновдун “Ажар”, М.Элебаевдин “Узак жол” чыгармаларында эч кандай бурмаланбай, болгону болгондой, ашык-кеми жок баяндалган мындан бир кылым мурдагы, 1916-жылдагы улуттун башына түшкөн улуу трагедия – Үркүндүн жүрөк үшүтүп, акыл-эсти айран калтырган азап-тозогу Шекспир, Бальзак жаза турган темалар эмей эмине?!!

Ар бир кыргыздын эс тутумунда эн тамгадай басылып калган мына ошол трагедиядай улуу кайгы арадан бир кылым өтүп дагы да кайталанды. СССР кулагандан кийин, постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан башынан кечирген саясый-экономикалык, маданий-гуманитардык,  руханий кризис, өлкөнү ажыдаардай оп соргон коррупция жана криминал менен коюн-колтук алышкан мыйзамсыздык, анархия, кара курсакты тойгузуп, кара жанды багуунун айынан улуттук трагедияга айланган  ички жана тышкы эмгек миграциясы жана өз каалоосу менен эл-жеринен безген миңдеген мекендештердин армандуу тагдыры акындарыбыздын чыгармаларында ар кандай өңүттө чагылдырып, айтылып келатат. Бул жагынан алганда, эл тагдырын, өлкө тагдырын акындар жазбай жатат, айтпай жатат деп өпкө таарыныч кыла турганчалык кенемте жок. СССР таркагандан кийинки эл-жеринен көргөн азап-тозок, муң-кайгы,  дээрлик бардык акын-жазуучулардын чыгармаларында чагылдырылгандай, айтылгандай болду.

Н.Гургубаеванын “Алыстагы ак жарыгында” да таттуусунан ачуусу көп, бир күнү миң жылга татыган жылдар, улуттун башына түшкөн оор трагедия тууралуу кенен айтылган. Китептин аталышындагы ак жарык символикалуу жана көп маанини түшүндүргөн түшүнүк. “Ак жарыкты” атажурт деп да, алыстагы эл эңсеген жакшылык деп да, бардык ыйык жана жакшы нерселер менен байланыштырып чечмелесе болот. Айтор, ак жарыкты кандай чечмелебейли, китептин аталышынан эле автор өз мекенине, атажуртуна болгон чексиз сүйүүсүн, сый-урматын, ага жакшылык гана каалай турганын, ансыз өзүн элестете албасын билсек болот.

Акын атажуртунун тагдыры менен, кайгысы менен жашайт. Айталы, Нарсулуу Гургубаеванын “Груз-200” ыры ошол эл башына түшкөн улуу трагедияны чагылдырган чыгарма эмей, атажуртунун кайгысы, атажуртунун тагдыры эмей эмне?!! Бул ыр эгемендүүлүктүн 27 жылындагы бүтүндөй бир улутка гана тиешелүү трагедия эмес, улуттар аралык трагедияны камтыган кошок. Анткени, “Груз-200” бир гана Кыргызстанга эмес, эмгек мигранттарын Улуу Ата Мекендик согушка жөнөткөндөй жөнөтүп жаткан Өзбекстанга да, Тажикстанга да, КМШнын башка өлкөлөрүнө да күн ара келип жатканы жашырын сыр эмес. Ошол улуттук масштабдагы улуу кайгы тууралуу агы ак, карасы кара, эч боёксуз чагылдырылган ырлардын туу чокусу ушул “Груз-200”.

Жаш акындын жүрөк менен жүлүнүн аралап, акыл-эсин алааматка салып жаралган ырдын күчү, касиети жана кайталангыстыгы эмнеде? Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолунда” Толгонай Жер-Эне менен сырдашып, кайгы-капасын, кубанычын бөлүшсө, “Груз-200дө” автор тагдырдын тайгүлүк ташына кабылып, жарык дүйнө менен кош айтышкан мекендеши менен сыр бөлүшүп, ага тирүүлөрдүн атынан кайрылып, кечирим сурап, аны акыркы сапарына узатат:

Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы өзүн чыдатпай?

Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт! (Н.Гургубаева, “Алыстагы ак жарык” Б.2016-ж.).

Акын кыздын бул ыры Алыкул Осмоновдун айтылуу “Ата Журт” ыры менен үндөш. Алыкулдун “Ата Журтун” ар ким ар кандай чечмелеп келет, бирок бул чыгармадагы сыр катылган, терең ойду айтыша элек, “Ата Журт” терең чыгарма. Октябрь революциясынын жана социалисттик идеологияга таянган тап күрөшүнүн, граждандык согуштун, репрессиянын бардык күңгөй-тескейин, Улуу Ата Мекендик согушту башынан кечирген акын ырынын ар бир сабына сыр катып жазган.

“… Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугу
ңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабы
ңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка… жел тийбесин, абайла,
К
өпкө турбас мобул турган сур булут.
Б
үт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!”
 — деген Алыкул тап күрөшүнүн тушунда миңдеген адамдар жазыксыз жазаланып, репрессиянын тушунда миңдеген адамдар күнөөсүз атылып кеткенин ачык айта алган эмес. Акын улут башына, ата журт башына түшкөн трагедияны өз мойнуна алайын деп, өзүнө каргыш алып жатат.

“Груз — 200”де сөз адам тагдыры тууралуу. Арийне, эл-жеринен сыртта жүргөн миңдеген эмгек мигранттарынын тагдыры – атажурттун тагдыры эмей эмине. Ушул өңүттөн алганда, Алыкулдун “Ата Журту” менен Н.Гургубаеванын “Груз – 200ү” үндөш, көтөргөн жүгү бирдей.

Азап менен арманга толгон “Груз-200дө” – анын мазмунун арттырып, идеясын күчөтүүдө каарманды азапка салган күмөндүү суроолордун, ойлордун карама-каршылыгы ыктуу пайдаланылган. Автор өзүн өзү жеген суроолорду берип отуруп, анан үшкүрүнгөн, бар тарабы туюк, жолсуз абалда жыйынтык чыгарат. Адатта, кабыргасы сөгүлүп, кайгы жанына баткан адам кандай ачуу сөз айтса да, анын айтканы кечиримдүү. Бул ырда ырды ыр кылган ыргак, уйкаштыктар баары ордунда. Ыр жөнөкөй тил менен жазылган. Кайгы жанына баткан адам эч качан акыл айтпайт, жогору философия сүйлөбөйт. Кыскасы, баары ыктуу,  ордунда, эч ашык-кемдиги жок.

Айтор, Н.Гургубаеванын кайсы ырын албайлы, улуттук трагедиядан да жогору көтөрүлүп, трансулуттук трагедиянын бүтүндөй бир ачуу чындыгын дүйнөлүк деңгээлге алып чыккан акын кыз улуттук поэзиянын жүгүн көтөргөн деңгээлге жетип калганы талашсыз чындык жана кубанычтуу көрүнүш. Н.Гургубаеваны кыргыз адабиятынын бүгүнкү жүзү жана эртеңки келечеги десек болот. Ага эч коркпостон туруп эле, Кыргыз эл акыны наамын берсе да жарашат.

Акын кыздар К.Жакыпова, М.Касейинова, А.Абдыкеримова, Н.Өмүрбаева, Г.Уучиева, Н.Нышанбаева, Л.Камчыбекова, С.Насыровалар өз тагдырын поэзия дүйнөсү менен байланыштырып, ыр жазуунун ысыгына күйүп, суугуна чыдап келаткан, өз жан дүйнөлөрүнө жакын теманы гана жазган, ыр жазыш үчүн эле өздөрүн зордоп ыр жазбаган, акындык өнөргө чоң жоопкерчилик  менен караган жаштардан.

Баарынын калем төшөгөнү бирдей. Үйрөнчүк деңгээлден капкачан өтүп, чеберчиликтери өсүп, акын катары такшалып калышкан десек эч жаңылышпайбыз. Алсак, К.Жакыпова сыр жашырбаган ыр саптарындагы ар бир сөзгө купуя ой, сыр катып, окуган сайын окугуңду келтирген, ырда катылган жандырмакты издеттирген миң сырдуу сезимтал ырларды жазат. Ал ырларда лирикалык каармандын жан адамга айтпаган, айтууга да мүмкүн болбогон, зарылдыгы да жок кубанычы да, арманы да катылуу тур. Анын ырларындагы уйкаштыктар да эч кадиксиз, жадагалса уйкашпай тургандай көрүнгөн сөз жана сөз айкаштарын чеберчилик менен уйкаштырат. Акын кыз ырды эптеп эле чүргөй салып, калем, кагазын бир бурчка ыргытып салбаганы, миң ойлонуп, миң толгонгону көрүнүп турат. М.Касейинова сүйүү ырларынын чебери.

Анын ырларында аруу махабаттын кирсиз жана жарык дүйнөсү миң кырынан чагылдырылган. Сүйүү ар дайым адамда күдүк жаратат, ишеним берет, канат бүтүрөт, кайгыга да салат, кубанычка бөлөйт.

Нуриза Өмүрбаеванын ырларынын чабыты кенен, тематикасы ар кыл, ою терең. Акын кыз ойчул ырларды жазганга басым жасайт:

“Бир билгеним: ушул жолдон көп каттайм.
Азгырыгы, түйшүгү көп бул жолдун,
Аягына кандай күндү жазды экен?
Мээримсиздик көп ыйлатты… Соорондум.
Мен кылчайбай койгон жандар кантти экен?..” (“Бир ырдын уландысы”).

А.Абдыкеримова, Г.Уучиева, Н.Нышанбаева, Л.Камчыбекова, С.Насыровалардын чыгармачылыктары да узун сабак сөз кылганга арзыйт. Азырынча акын кыздарыбыздын ырларынын жүүнү тирүү экенин жана ар биринин өзүнө гана тиешелүү поэтикалык стилге ээ болуп, калемдери төшөлүп калганын баса белгилеп кеткибиз келет.

Эми Алтынбек Исмаилов, Эрлан Жумагазиев, Мирлан Самыйкожо, Элдар Аттокуров, Жылдызбек Турсунбаев, Бердибек Жамгырчиев ж.б. баштаган 30-40тын тегерегиндеги акын жигиттер тууралуу айтсак, чабыттары чабал, булардын дымагы күчтүү болгону менен калемдери мокогураак экени аябай өкүнүчтүү. Аларды — ыр кандай жазыларын, чыныгы поэзия кандай болушу керектигин билбейт, поэзия алдындагы жоопкерчиликти сезбейт деп айтууга болбойт.

Бир караганда, ырлары да жаман эмес, уйкаштыктары деле, айтайын деген ой, жазайын деген тема баары эле ордунда. Атүгүл жаман да эмес. Арийне, бирок ошол ырлардын баары жансыз, тил-оозсуз, окуган адамдын жүрөгүнө жете бербейт, акылды селт эттирбейт, болгону ыр жазууну өзүнүн милдети эсептеген, ыр уйкаштырганды өздөштүрүп алган кишинин “станогунан” чыккандай таасир калтырат, демек андай “станок” ырларды жетишкендик катары баалап, көтөрө чаап, бул аты аталган акындарды курулай көкөлөтө берсек, алардын өзүнө эле зыян. Анткени, сөз башында айткандай, орус акындары С.Пушкин, Ю.Лермонтов, А.Блок, С.Есенин 25-30 жаштын тегерегинде поэзия генийлери атанган.

Улуттук поэзияда да андай мисалдар аз эмес. А.Осмонов, С.Эралиев, О.Султанов, Т.Муканов, Т.Кожомбердиев 30-35тин айланасында “бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс килем” токуп салышкан. Бул муун да “гений” аталчу куракка келип калышты. Ооба, алардын арасында өздөрүн “гений” сезген азаматтар да бар. Бирок көкүрөк көк тиреген менен, азырынча алардын бири да андай даражага жете элек. Улуу муундагылардан Алик Акималиев 30-35 жашында өзүн ашык-кеми жок “гений” эсептеп, “мен гениймин” деп жар салган. Өз учурунда, аны баалагандар болду, көбү күлүп тим болушту. Бирин-экиндерибиз гана анын гений экенин моюнга албасак, дээрлик эч ким анын генийлигин тааныган жок. Бирок ал чындыгында да гений болчу. “Манассия, же ханда жок байлык”, “Герникадай” керемет чыгармаларды жараткан акын гений эмей ким эле?!!

Булардын арасынан өзгөчө бөлүп көрсөтө турган ысым — Тынчтык Алтымышев. Ал ырга кайдыгер мамиле жасап келет. Эгер ырга дитин койсо, мына ушул жигиттен чыкмак, агасы акын Ш.Дүйшеевди басып өтмөк. Себеби, анда тубаса акындык жөндөм, шык жана өзү курактуу башка жаштарда жок сөз байлыгы бар. А табият мындай шык, жөндөмдү бардык эле кишиге тартуулай бербейт.

Жыйынтыктап айтканда, улуттук адабияттын уучу кур эмес. Мамлекет тараптан, колунда бар коомчулук тараптан колдоо болбосо да өсүп-өнүгүп жатат. Ч.Айтматов, А.Жакыпбеков, А.Стамов, З.Эралиев, С.Жусуев, Ж.Садыков баштаган залкарлардын көзү өтсө эле, улуттук адабиятты көөмп, жаназасын окуп койгон туура эмес. Улуттук адабият жашап келген, жашап жатат жана бизден кийин да жашай берет.

Конкурстук эмгектер топтому

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.