Алтай эл жомогу: Кой менен ит

Тоого кыйын чыгып, дүйүм чөптүн түрүн жеген кой тимеле куйругун көтөрө албай укмуштуудай семирет. Адамдын көзүн кубантат. Ал эми аны көргөн ит арданат: — Ушул койчо жокмун,  кожоюндун жугундусун аңдып, курсакты күнгө кактап жаткандан башканы билбейм, тукумдарым да ушундай болушат, андан көрө койдун башын айландырып, кожоюнга жаман көргөзөйүн, — деп ага кайрылат: — Аа кой курдаш. Сенин козуларың барбы? — Бар, болгондо да экөө, — деп мактана жооп берет кой (баардык эле семиздер мактанчаак келишет). — Жакшы экен. Каалайсыңбы, мен […]

Өскөн Даникеев: Добул өтүп кетти

АҢГЕМЕ — Ырыскул, эми мен үйгө кетейин. Мал, короо-жай эмне болду. Чал каягына жетсин. Жүдөп жаткандыр. Кудаанын дегени экен, эми эс-акылыңды жыйып, оокат-тиричилигиңе кара, — деп Гүлсайра жоолугунун бир учун ийнине арта ыргытып койду. Жапкактанган көгүлтүр көздөрү бетмаңдайында отурган Ырыскулга «Ата байкуш ай күйөт имиш» дегендей жекире карайт. Ырыскул лам дебеди. Көз кыйыгын төрдөгү эч нерседен капарсыз, эриндерин бүлтүйтүп, таттуу уйкуда жаткан перзенти — Айгүлгө жиберет. Ан сайын ичи тызылдап, заманасы куурулат. Анан кантсин, тигинин «кетемин» дегенинде далай сыр жатпайбы. […]

Гүлзада Станалиева: Өлүм аркылуу өмүр маӊызын ачкан чыгарма

Ч.Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести терең философиялык чыгарма. Повестте төрт (үч эркектин жана бир кичине баланын) кишинин улуу деңизге балык ууга чыгышы жана табияттын катаал кырсыгына туш болушу адамдын өмүр сүрүүсүнүн маанисин, нравалык тандоо процессинин маңызын, өлүмгө болгон мамилени иликтөө үчүн трагедиялык жүйөө болуп берген. Жазуучуга калемдеши Владимир Санги айтып берген нивх элинин уламышы повестте ушул маселелердин тегерегинде ой жүгүртүүгө негиз берет. Чыгармада жай турмуштан суурулуп, деңизден олжолуу кайтабыз деген илгери үмүт менен чыккан мергенчилердин биринин да капарына […]

Жамалбек Ырсалиев: Акындын ишеничин актайын!

Атактуу Сарыгашка агам Амантай кежир Олжобай Шакир деген агамдын «РухЭш» деген кыргыз адабиятына кам көрүп келе жаткан сайтын колдоого чакырган экен. Калыстыкты илгертеден акындын оозунан уккан кыргыз уулу катары баарыбыз колдоо көрсөтүп кетсек жакшы болот. Мен Амантай акын агамдын айтканын жерге таштабай: Олжобай Шакирдин 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 5000 сом котором. Айтмакчы, Жанар Акаев үкам дагы өткөндө жазганда, мен да жардам берем деп убада кылган элем. Эстафетаны болсо Кыргызтемир жолуна эмгеги сиңип, поезд минген Улукбек Нусубалиев деген таластык […]

Дайырбек Казакбаев: Жаңырык

АҢГЕМЕ «Чындык, ачуу чындык» — Стендаль I Тыңшачы?! Жер үстүндө сагыныч даң салып жүрөт. Мына, ал улуу көпүрөдөн аттап, кичи көпүрөгө бут койду. Буктуу, кусалуу… — Н-да!— Султан улутуна ордунан турду. Эңгиреген башын силкип, чымыраган кулагын чукулады. Мезгил-мезгили менен капкагын жаба салгансып кулагы бүтө калчу болду. Анда көөнү да караңгылайт. Кайра тамшанып, чукуламайын кулагы да ачылбайт. Ал терезеге келди. Бет алдындагы чынар терек болор-болбос күн нуруна көшүлүп, Султанды туурагансып термелет. Бет маңдайындагы тамдын чатырчасынын үстүндө көгүчкөндөр учуп-конуп жөрмөлөп жүрүшөт. Ал […]