Тоого кыйын чыгып, дүйүм чөптүн түрүн жеген кой тимеле куйругун көтөрө албай укмуштуудай семирет. Адамдын көзүн кубантат. Ал эми аны көргөн ит арданат:

— Ушул койчо жокмун,  кожоюндун жугундусун аңдып, курсакты күнгө кактап жаткандан башканы билбейм, тукумдарым да ушундай болушат, андан көрө койдун башын айландырып, кожоюнга жаман көргөзөйүн, — деп ага кайрылат: — Аа кой курдаш. Сенин козуларың барбы?

— Бар, болгондо да экөө, — деп мактана жооп берет кой (баардык эле семиздер мактанчаак келишет).

— Жакшы экен. Каалайсыңбы, мен аларга курсакты күнгө кактаганды үйрөтөйүн.

“Кыйындар гана курсагын күнгө кактап жата алышат болуш керек. Балдарым тоого чыгып чөптүн гүлүн жешип, анан курсактарын күнгө кактап уктап, кыйындарча өмүр сүрүшсө жаманбы”, — деп ойлонгон кой эгиз козусун итке шакирттикке берет.

Ал бат эле эки козуга курсакты күнгө кактаганды үйрөтөт, бирок алар эми тоого чыккысы келбей, шалбаада чалкадан түшө жатып күн кечире башташат. Ал эми тукумум ачкадан өлбөсүн деп аларга чөп ташыган койдун баягы титиреген куйругу миң бырыш боло шалбырайт, укмуштай арыктыгынан адамдын боору ооругандай болот. Жок боору оорубайт, итче чалкадан түшүп күнгө курсак кактап кечке уктаган, тоого чыгып оттогонду билбеген, энесине чөп ташыткан козуларды кийин өз тукумуна жаман жосун жуктурбасын деп союп салат. Козуларын издеп тоодон маарап түшүп келаткан койго итти айдактайт.

Ошондон кийин кой менен ит бири-бири менен келише албай калыптыр. Ушул окуядан улам койлор да чалкасынан түшүп жатпас болуптур. Же чалкасынан жаткан койду көрдүңөр беле?

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.