АҢГЕМЕ

«Чындык, ачуу чындык» —
Стендаль

I

Тыңшачы?!

Жер үстүндө сагыныч даң салып жүрөт. Мына, ал улуу көпүрөдөн аттап, кичи көпүрөгө бут койду. Буктуу, кусалуу…

— Н-да!— Султан улутуна ордунан турду. Эңгиреген башын силкип, чымыраган кулагын чукулады. Мезгил-мезгили менен капкагын жаба салгансып кулагы бүтө калчу болду. Анда көөнү да караңгылайт. Кайра тамшанып, чукуламайын кулагы да ачылбайт.

Ал терезеге келди. Бет алдындагы чынар терек болор-болбос күн нуруна көшүлүп, Султанды туурагансып термелет.

Бет маңдайындагы тамдын чатырчасынын үстүндө көгүчкөндөр учуп-конуп жөрмөлөп жүрүшөт.

Ал бирдемени издегенсип артына кылчайып, бөлмөнүн ичин караштырды.

Ортодо үстөл. Бурчта фортепьяно. Экинчи бурчта күзгү.

Буюмдардан көзүн тартпай узакка карады.

— Н-да!— деп тамшанды.

Кайрадан терезеге бурулуп, төмөнкү бой тирешип тургансыган төрт катар там менен чынар теректин түбүнө үңүлдү.

Кайра бат эле кашын серпе көтөрүп, катуу-катуу башын чайкап, силкти. Деги уктап жүргөнсүбөй ойгонгусу келди.

Бирок башына эч нерсе түшпөйт. Быйылкы жазгы сасык тумоодон курман болгон чоң энесинин өкүнүчү гана көңүлүнө түйүлүп, өйүйт, өйүйт…

Ал такыр эрибес таш болду.

Бут алдынан жер көчүп, каяккадыр түпсүз туңгуюкка кулап бараткансыйт.

Таң сөгүлө түнөгүнө аттанган күндөй, жолу чексиз узара берет.

— Ай, Султан!— деп кыздын ичке үнү чыканагынан секин түрттү.

Бул — Айгүл.

— Тоотсоң. Шашки ойнойлубу?— деди кыз.

Үстөлгө тактайын жайып, бачым-бачым таштарды эки тарапка тизди.

Биринчи саамды да, экинчи саамды да Султан уттуруп жиберди.

— Ой-ой, кыйын бекеминби. Эми дагы, эмне кылалык?!— Айгүл шахмат ташты жыйнап нары коюп, туш-тушуна кара көздөрүн чимирилтти. Учуп жетип фортепьянону ачты.

— Сен ойночу. Мен бийлейин…

Султан клавишаларды бирден терип Айгүл үйрөткөн бийди ойной баштады.

Кыз манжаларын тарсылдатып, колдорун ийри-буйру кайрып, кең бөлмөнүн ортосунда нары-бери тегеренди.

Султан ага карап шаттанууну каалады. Бирок дале көңүлүнө уюган дарты кабагын салаңдатып, шаттануу ордуна жөн гана улуунун кичүүгө жасаган мамилеси менен эркелете күлүмсүрөдү.

Кыз «бийлеп» бүтүп, ак бантигин сексеңдетип токтой калды. Султандын теңсинбегени ага жаккан жок.

— Эми, кош!— деди ал, оромпой тээп, апасы отурган наркы бөлмөгө сызып. Бир пастан кийин апасына чыкылдап эсеп берип жатканы угулду.

— Мама, мен Султан менен ойноп келдим. Эми, көчөгө чыгайынбы?

— Н-да!— деп улутунду Султан, аны менен ойноп кел деп Айгүлдү апасы атайын жибергенин ойлоп.

Фортепьянодон турган жок.

Бирде жоон үндүү, бирде ичке үндүү клавишаларды ой келди басты. Бүткүл бугун такалбай ойноп; добуштар менен жазгысы келди.

Ал чачын алдына серпип, көзүн жумду, арык манжаларын клавишалардын үстүнө жайып таштап, улуу күүнү аткарып жаткансып бирден-экиден башаламан клавишаларды терди.

II

Түш ооп баратты.

Үңкүйүп, кайсы бир кыялындагы ой менен алпурушуп үйүнө келаткан Мурат, бир паска баш көтөрүп токтоп тыңшады.

Үп болуп турган абаны титиретип, шаардын ошончо кыйма-чийме ызы-чуусу менен бак-дарактардагы чымчыктардын сайрашкан үнүнүн арасынан, кандайдыр аларга окшош эмес, бир шыбыш угулуп калды.

— Музыка!..— деди Мурат, ченем менен алдыга илгерилеп.— Ырас эле, биздин берүүдөнбү?— коопсуна кулак түрдү кайрадан. Ал радиокомитетте иштечү.

Кадик, аксак бугу төкөрөңдөп келаткансып, эч ирээти жок добуштар жакынкы эле Муратты курчаган бийик үйлөрдөн угулуп жатты.

«Пианино экен. Ким болуп кетти?»— деп ойлоду угуучу. Бул теребелде пианино күткөн ким жашарын акылы менен териштирди.

Бирде үзүлөр-үзүлмөксөн басаңдай калып, бирдө дегеле ороң-бураң катуулап, музыка үнү да улам жакындай берди.

Мына, угуучу короого кирди. Аны ээрчигенсип, жогору тараптагы күү да короодон угулду.

Мурат тепкичтер менен чабак ура баштады.

Жанакы күү, эми өз үйүнөн угулуп калды.

— Түшүнүп болбойт. Ким?— деди ал, каалгасынын звоногун шыңгыратып.

Зайыбы эшикти ачты.

— Султан! — деди ал, күйөөсүнүн суроосун уккандай дароо жооп кайтарып. Ашканадан лавр жалбырагы кошулган даам аңкыды.

Мурат үй башмагын кийүүгө эңкейди. Зайыбы Султан ойноп жаткан бөлмө тарапка каш серпип, күйөөсүн минтип тамашалады:

— Дурус-с. Кээ бир радиодон бергендериңерден өйдөрөөк.

— Мага көчөнүн башынан угулду. Бүт тамды шаңдантып жатат.

— Жээнден бирдеме чыкчудай,— деди зайыбы.

Мурат эжесин көмгөнү барып, кайтышында жээнин өзүнө кошуп шаарга ала келген. Антнесе, Султан кыштакта жалгыз калмак.

Зайыбынын сөзүнөн улам Мурат бир ойго кабылды. Толкунданып, бирде ашканага чейин, бирде Султан отурган бөлмөнүн каалгасына чейин нары-бери басып, оюн тактай албай бушайман түштү.

Султан отурган бөлмөгө баш багып, бирок аны чочуткан жок.

Буфеттен жаңгак алып, алаканына ныктап кычыратып чакты.

— Жаман пикир эмес!— деди ал, жүзү ажайып, жаңгактын данегин тамшана чайнап. — Жаман пикир эмес!..

Султандын ойногондорун магнитофондун сызмасына билгизбей туруп туташтырып таштады.

III

Фортепьянодо отурууну Султан адат кылып алды. Керелден күнү кечке бекер жүрүү адамдын башын оорутат, а Султан бирдемеге алаксыш керек болучу. Бирок анын ойногону Муратка жагып калды.

Фортепьянодо ойногондорунун барын магнитофонго жазып, өзү жээнинде катылуу сыр бардыгын, эми аны канткенде колго кармап өнүктүрүү керектигин ойлонду. Ал да жаш чагында Султандай мээнеткеч болчу. Эмненидир көңүлү өйүп көксөп, анысы эмне экенин даана билчү эмес. Бирок кусалуу учурунда кимдир бирөөнүн ырдаганын укса же комуз чертсе, чери тарап кетчү.

«Мага балким, тарбыя жетишпеген чыгар? Өз маалында аракеттенсем, балким, мен да жакшы музыкант болот белем?»— деп ойлонду.

Бир күнү Султандан тамашалуу сүйлөп, кабар ала баштады.

СУРОО:— Айтчы, Султан, сен эмне эле кийинки күндөрү пианинодон кол үзбөй калдың?

Султан эч нерсе капарына илбей, клавишалардан колун тартпай дыңгырата берип, демейдеги үй тамашасындай, минтти:

— Музыка… көңүл сергитет.

СУРОО: — Нота окуй аласыңбы?

Султан күлдү. Нота окуй албасын Мурат жакшы билчү.

— Үйрөнөм,— деди ал, тамашага ыйгарып.

— Албетте, сеники табигый талант. Нота музыканттан мурда жаралбасы жалпыга белгилүү.

Султан чындап уялып кетти. Фортепьянонун капкагын жаба салып, тырс черте өйдө турду, алаканын жая айтты:

— Н-да!.. Эми, кошуңуз!— ал оолак басып кетти.

Мурат токко улануу магнитофонду билгизбей токтотуп: «Азырынча жашыруун кармаш керек. Билип калса чочуп, экинчи фортепьяного жолобой коюшу ыктымал».

IV

Терезеден түшкөн жалбырактардын көлөкөсү үстөл үстүндө таранчыдай секирип ойношот.

— Ал-ло!.. Сапарбексиңби?.. Мага кирчи!— Мурат трубканы ыңырчагына илип, бирок колун телефондон албай кармап турду.

Бат эле каалгадан баш баккан Сапарбек көрүндү. Далисте күндөгүдөй эле плёнкага запис жазуу улантылып жаткан. Тамагы бүткөндөй кирилдеп сүйлөгөн магнитофондун үнү эшик талаша жаңыра калып, кайра каалга жабылар замат жымжырт болду.

Башкы редактордун телефондон колун тартпай кармап отурганын көрүп, бир ишти бүткөрүүнү буюрарын Сапарбек дароо түшүндү. Каалганын туткасын катуу итерип:

— Келдим,— деди.

— Бошсуңбу?

— Түнкү он кыркта берилер классикалык музыканы даярдап жатам.

Шамал жулуп кеткенсип, кабинетке кайрадан магнитофондун үнү угулду.

— Мурат Капарович, чарба бөлүмүнүн кезектеги уктуруусу даяр!?— деди жаш жигит баш багып.

— Ула!— Башкы редактор шыңгыр эттире трубкадан колун тартып, терезенин берки катарында орнотулган дубал магнитофондун кулагын бурады.

Бир нерсе үзүлүп кеткенсип, дубал магнитофон тытырай түштү да, сүйлөй баштады.

Мурат кагазга белгилеп, сол колу менен үстөлүнүн суурмасынан магнитофондун жаңы түрүлүү сызмасын сууруп алды.

— Мындай,— деди ал, магнитофонду да угуп, кагазга чийгенин да уланта берип, Сапарбекке кайрылып. — Бул сызманы толуктап иштеп чыгыш керек. Фортепьянодо ойногон жаш өспүрүмдүн өз чыгармасы.

— Качан?

— Балким, тез даярдасаң, эртең уктурабыз.

— Жетишпейм го.

— Адегенде угуп көргүн. Балким, музыка сага жагып калса, өзүң шашарсың. Керексиз бирин-экин жери болсо, кесип ташта…

Кабинетке жанагы чарба бөлүмүнүн кызматкери кирди.

Башкы редактор өзү сунуш айтып, кеңеш сурап жатканга Сапарбек мактана түштү.

— Байкайын, — деди ал, кирген кызматкерге кудуңдай көз кысып, кетип баратып.

V

Султан Айгүлдү жетелеп аллея менен келатты. Азоолок Айгүл колун булкуп бошотуп, аллеянын четиндеги арыктын ичине секирип түштү, жээктеги кызыл гүлдө конуп отурган көпөлөктү кармоого кол созду. Бирок көпөлөк ошол замат уча качты. Айгүлдүн төбөсүндө куюн өңдүү бир паска айланьш туруп, дарактын бутактарына бөктү.

— Кап. Карматпай кетти!— алаканын тып эттире чаап өкүндү кыз, гүлдү үзүп алып.

Султан кабагын бүркөдү:

— Эми көпөлөк ыйлайт. Гүл көпөлөктүкү да.

— И-ики!— Айгүл гүлдөн ажырагысы келбей, Султанга туйтуңдады. Бирок көп өтпөй, экөө тең бири-биринин сырын билип алышкандай, бырс күлүп жиберишти, кол кармашкан бойдон чуркап жөнөштү.

— Чурка, катуураак чурка!.. Папам үйдө сени күтүп отурат,— деп шаштырды кыз.

Үстөлгө бириндетип жайып таштап, Мурат каттар окуп жатыптыр. Айгүл босогодон аттабай эле, чаңкылдап кыйкырды:

— Папа, биз бактан келдик… Гүл көпөлөктүкүбү?

Мурат ордунан туруп, каттарды Султанга жылдырды:

Мен белгилеген жерлерин окуп чыкчы…

Өзү Айгүлдү алаксытып, башка бөлмөгө кетти.

Биринчи катта мындай деп жазылыптыр: «Кымбаттуу, музыкалык берүүлөрдүн редакциясы! Мен музыкалык мектепте окуйм. Силердин радиодон берген Султан Алиевдин музыкасы мага аябай жакты. Виртуоздуу, шыбыштары тунук, сезимге бай…»

Экинчи катта мындай деп жазылыптыр: «Менимче, Алиевдин музыкасынын артыкчылыгы — кишини толкундатып, турмуштан өз ордуңду издеп табууга түрткү бергендигинде. Алиев таланттуу. Андай болбосо, музыкасы сезимге мынчалык таасир этмек эмес,..»

Султан каттарды сугалактык менен окуп кирди: «Музыка, бул — жүрөктүн кубанычтуу же кайгылуу ыры. Алиевдин музыкасында оюнун тереңдиги, темпераменттүүлүгү мага айрыкча жакты…»

Наркы бөлмөдөн Мурат кайтып келди. Султан аны байкаган жок. Султандын жанына токтоп, ийнинен секин сыймыктана, түрттү:

— Генийим!

Мурат күткөндөй, Султан кубанып ордунан тура калбай, колу менен бетин жапты, нес болгонсуп катып калды.

— Эмне үчүн мындай кылдыңыз?!.

— Акырын…

— Сурап жатам, эмне үчүн минттиңиз?!

Бир оокумда Султан бөлмөдө жалгыз отурганын сезди…

VI

Ал каякадыр жоголуп кетти.

VII

«Табыш керек. Бирок кайдан?»— Мурат үйүнөн тынчы кетип, кызматына жөнөдү. Конторуна жетип, кайра телефон чалды, бирок Султан дагы эле үйгө келбептир. Кечээ бешим ченде сыртка чыккан. Түн бою үйгө кайткан жок.

«Милицияга кабар берсемби? Анда эмне дейм? Султан ким болмокчу, музыкантпы?»— Мурат чочуду. Кокус, Султандын музыкант эместигинин бети ачылса эмне болмокчу? Коом кандайча кабыл алат?

«— Эмне үчүн мындай кылдым? Билбейм. Жооп табуу кыйын. Султан пианинодо жакшы ойноочудай эле да. Нота окубаган менен, ички оюн уккулуктуу берчү. Анын музыкасынын маанилүүлүгүн жеке мен эмес, угуучулар да мактап чыгышпадыбы. Туш-туштан сандап мактоо каттар келди го… Магнитофонго жазып алган күнөөмбү?

— Д-да!— Телефон чалган зайыбы экен. Мурат кийкырып жиберди: — Султандан кат?!. Катты эч кимге көрсөтпөй катып тур. Мен түштө барам… Макул.— Трубканы ыңырчагына илди. Маңдайынан терин сүртүндү. Кабагын чытып, башын чайкады.

— Келесоо… А качып кайда бармак?! Тентип качып кетүү да каршылык көрсөтүүгө жатат… «Таеке, мени издебегиле. Баары бир таппайсыңар. Бүгүндөн тартып менин ысмым да, фамилиям да башка. Мен музыкант эмесмин, үйүңүзгө мейман кылгандыгыңызга рахмат. Чочубай эле коюңуз. Он алтыдан өтпөдүмбү… Султан». Эми эмне кылуу керек?!

Кайрадан телефон шыңгырады.

— Да-а!..— Демейдеги оор басырыгы менен унчукту, Мурат трубкага — Сапарбексиңби?.. Жок. Азырынча токтото тур. Кийин уктурабыз… Ооба! Жакшы.

Терезеден түшкөн жалбырактардын көлөкөсү үстөл үстүндө мурдагысындай эле таранчыдай секирип ойной баштады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.